Кесип жана окуу жай тандоодо кандай критерийлерге таянуу керек?

3-билим

Учурда Кыргыз Республикасынын аймагында 60тай жогорку окуу жайлары жана 40ка жакын орто профессионалдык билим берүү мекемелери келечектеги адистерибизди даярдоо ишин жүргүзөт. Учурда бул мекемелер өзүлөрүнүн жаңы илимий, адистик талапкерлерин кабыл алууга катуу кам көрүп турган кези. Абитуриенттерибиз дагы замандын талабына жана жеке каалоо, өзгөчөлүктөрүнө ылайык келген кесипти тандоодо жигердүү аракет кылып жаткан чагы. Кесип тандоо болсо, мектептин бүтүрүүчүсүнө гана эмес, айрым чоң кишилер үчүн да оңойго турбайт. Ошондуктан, абитуриенттерибизге жана жакындарына кесип жана окуу жай тандоодо жардамчы болсун үчүн эже-агаларыбыздан сунуш-пикир алдык. 

3-Айчүрөк ПардабаеваАйчүрөк ПАРДАБАЕВА, “Кыргыз-Түрк Манас” университетинин магистранты, “БТА” банкта кыргыз тилинен котормочу:

– Азыркы заманда кесип тандоо абдан маанилүү иш экендиги талашсыз. Ар бир кесип ардактуу деп коюшат, бирок эгерде адам кесибин өзүнүн жөндөм-шыгына, табиятындагы талантына жараша тандабаса, анда бир нече жылдык эмгегин сарптап, өмүрүн берген кесиби адамдын жеке өзүнө дагы, коомго, демек элине дагы кандайдыр бир пайда алып келери күмөн. Себеби, жан дилден берилип жасалбаган иштен жакшы майнап чыкпайт. Ошондуктан ата-эне баласы мектепти бүтөөрдө гана чыйпылыктабай, балдарынын шык-жөндөмүн, кызыгууларын кичине курагынан эле байкаганга, байкап эле тим болбой, ошол кызыкчылыктарын тереңдеткенге, талантын өстүрүп таптаганга аракет кылып, келечектеги кесибин жаштайынан тандоосуна өбөлгө түзүшү керек деген пикирдемин.

Ал эми окуу жай тандоо маселесине келсек, бул тандоо дагы жаш инсандын келечеги үчүн чоң мааниге ээ деп ойлойм. Окуу жайдын окутуучулук курамы, билим берүү үчүн керектүү материалдык базасынын жетиштүүлүгү, коррупцияга малынбаган тазалыгы – булардын бардыгы окуу жай тандоодогу негизги критерийлерден деп эсептейм.

3-Манас САМАТОВМанас САМАТОВ, айыл чарба инженер-механиги, техника илимдеринин кандидаты:

– Кесип тандоо – тагдыр тандоого тете кадам. Ошондуктан, ар бир адам учурдагы “мода” болуп жаткан романтикалык багыттарга азгырылбастан өзүнүн көңүлүнө, жөндөмүнө, мүнөзүнө жана үй-бүлөлүк кесиптик традицияларына таянып туруп чечим кабыл алганы оң. Кимде-ким кирешелүү өндүрүштүн түрүн туура тандап алса – заман ошонуку. Айылдык жаштарыбыз агробизнестин бир багытын майын чыгара аткара билгендей билим алса, баарын өз колу менен жасай биле турган даражага көтөрүлө алса, анда жеңишке жеткени. Азыркы заман – кесипкөй инсандардын заманы. Кесип үйрөтө турган айылдык окуу жайларын биринчи иретте иликтеп чыккан жакшы. Эгерде кишинин жогорку билим аламын деген ниети болсо, анда өзү тандаган кесип боюнча бакалавр, магистр даражаларына көтөрүлүп, ошол узак жолду толук кыйналбай басып өтүүгө көзү жетсе гана кадам таштаганы дурус. Ар бир киши өзү жөнүндө өзү гана толук билет. Жөндөм-шыгын адам өзүнүн алдында калыс баалай билсе адашпаган болот. Албетте үй-бүлөнүн шартын, ата-эненин ой-пикирлерин, тилектерин да эске туткан туура болот. Биздин агартуу тармагыбызда  мектепти, устатты тандоо мүмкүнчүлүктөрү чектелген. Ошондуктан окуучу дайыма өз алдынча даярдануу жагына басым жасай жүргөнү берекелүү  натыйжа берет. Эгер адам сапаттуу турмуш басууну эңсесе, ата-энесине, бир туугандарына, эли-журтуна кызмат кылууну чын дилинен көздөсө, анда биринчи ирээтте кандай гана кесиптин ээси болбосун, ошол өзү тандаган багытта күчтүү, кесипкөй адис, таза инсан болушу шарт. Азыркы учурда илимге, билимге умтулган жаштарга бүт дүйнөнүн окуу жайларынын эшиги ачык. Эл аралык маанидеги окуу жайларына барып, сапаттуу билим алууну кааласа, анда алгач кыргыз тилин өтө жакшы билиши шарт. Андан кийин эне тилине таянып туруп англис тилин суудай биле тургандай үйрөнүшү керек.

3-Анара МАЙРАМБЕКОВААнара МАЙРАМБЕКОВА, №5 Хуриев атындагы орто мектептин мугалими:

– Кесип тандоо – келечегиңди ошол нукка буруу дегендик. Башкача айтканда, келеркиңди белендөө. Ошол себептүү бул маселе салмактуу, ары чоң аракетти өзүнө камтыйт. Негизинен азыр көпчүлүгү биринчи эле отура турган жерин элестетип, анан кесипти тандашат. Бул туура эмес. Анткени убагы келгенде ал орундукка берилген баа төмөн болуп калышы мүмкүн, а мүмкүн орун жок дагы болуп калат. Ошондуктан мен баардык бүтүрүүчүлөргө айтаарым, биринчиден каалооңор менен коомдогу муктаждыкты так жана туура өлчөй билгенди, анан тандаган кесип менен өмүр бою үзүрүн көрүп жашоону аңдап туйгула.

3-Сулайман КАЙЫПОВСулайман КАЙЫПОВ, тарых илимдеринин доктору, профессор, Европа Ректорлор Клубунун мүчөсү:

– Жүрүп отуруп, коомубуздун өнүгүшүн рыноктук мамилелер аныктап калаарында шек жок. Мунун өзү, билим берүү тармагы баш болуп, баардык нерсе рыноктун талабына жараша пландалышы, аткарылышы, келечек муундар да муну жакшы билиши керек деген сөз. Азыр биздин өлкөбүздө рыноктук мамилелер орноп бүтө элек. Ошентсе да, анын айрым белгилери бар. Мындай шартта, мен билим алууга ынтызар кыргыз жаштарынын бир кесипке ээ болуу, адистик алуу жагына өзгөчө көңүл бурушун каалар элем. Анткени, тилекке каршы, азыр университеттердин факультеттери студенттерин кандайдыр бир кесипке ээ кылуу үчүн даярдабайт, болгону белгилүү бир багыт боюнча бакалавр деген наам гана берүү үчүн төрт жыл окутат. Бакалавр алган кыз-улан бир кесипке ээ болуу үчүн дагы эки жыл магистратурадан окушу керек болот. Бул өзү алты жылдык өмүр деген сөз. Бүтүрүүчүлөрдүн баары жапырт магистратурага өтөт деп да эч ким айта албайт. Анын өзүнүн талаптары бар. Ошондуктан, жаштар билим алууну практика менен айкалыштырып, кесипке ээ кылуучу жогорку мектеп, колледждерден баштаса туура болоор эле. Бакалавр деңгээлинде алынган теориялык билим менен практикалык иш аткарып кетүүгө мүмкүн эмес. Бакалаврлар көп, өз колу менен практикалык иш аткара алган жаштарыбыз аз. Айрыкча, курулуш, энергетика, кызмат секторлорунда өз ишин профессионалдык деңгээлде аткара алган кыргыз жаштары жетишсиз. Кыргызстандын келечеги үчүн туризм секторунун мааниси абдан зор экенин элдин баары билет. Бирок келген конокко татыктуу кызмат көрсөтүү, тамактануучу жайларда, конокторду күтүп алып, аларды жайгаштыруу иштеринде, керектүү кызматты көрсөтүү жагынан мүчүлүштөр көп. Кайталап айтарым, жаштарыбыз кесип тандоодо мурдагы, ата-энелери билим алган системаны унутушу керек. Аларды туурап, жогорку билим алайын деп эле талпына бербей, сөзсүз бир кесипке ээ болуу жагына багыт алышы зарыл. Жаштарыбыз чемоданда сактала турган дипломдор эмес, өзүнө, өлкөсүнө пайда келтире турган кесип, адистик алуу үчүн убакыт коротушу керек. Ал эми университеттер Кыргызстанда бири-биринен көп айырмаланбайт.

3-Лариса АсанбековаЛариса АСАНБЕКОВА, акын, академик, парапсихолог:

– Бардык эле ата-эне балдарын жогорку окуу жайда окутуп, жакшы кызматта иштегенин көргүсү келет эмеспи. Ал эми мектепти бүтүрүп, чоң турмушка кадам коюп жаткан жаштардын көпчүлүгү кесип тандоого келгенде кайсы окууга барып, кандай кесип алууну билбей калат. Аз сандагы гана жаштар алдына максат коюп, мен баланча кесиптин ээси болушум керек дешип окууну өздөрү тандап алышат. Андай жаштар ошол алган кесиби менен иштеп көп ийгиликтерге жетишет. Ал эми ата энеси тандаган окууну же достору барып аткан үчүн жөн эле кошулуп барып тапшырган окууну, же болбосо престиждүү окуу болгондуктан кур намыс үчүн эле тандап алгангандар ал кесибинде баары бир кийин иштешпейт. Мисалы, акыркы жылдары кайсы окууну бүттүң эле деп сурасаң,экономист же юристмин деп жооп берген жаштарыбыз көп. Бирококуган кесиби менен иштегендери аз. Ошондуктан, кесип тандоодо биринчиден баланын жөндөмүнө караш керек. Экинчиден, алган кесип элге, өзүнө пайда алып келеби, кийин кесиби боюнча иш табылабы, ошол жагын да кароого туура келет. Азыр жогорку окуу жайын бүткөн кыз-келиндердин көбү тигүүчү болуп иштеп жатышат. Демек, бул кесип талапка ылайык, жашоого керек, анан да ошол кыздын жөндөмүнө шайкеш, айлыгы да жакшы болгондугу үчүн иштеп жатышат. Негизи ар бир адамдын бир нерсеге шыгы, кызыгуусу болот. Кесип тандаганда биринчи ирээтте ошол жөндөмгө көңүл буруш керек. Жан дүйнөсүнө жаккан кесип адамга ырахат тартуулайт, ырахаттанып иштеген киши байлыкка да, жакшы ийгиликтерге да жетишет. Жан дүйнөгө жакпаган канча чоң кызмат, престиждүү кесип болбосун адамды бактылуу кыла албайт. Эл эмне дейт, жогорку окууну бүтүшүм керек деген максатта эмес, жаккан кесипке ээ болууну максат кылыш керек. Жаккан кесип өзүңө жана коомго пайда алып келет.

“Соболчакты” уюштурган Чолпонбек КАПАРБЕК уулу

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *