Dec 29

70 жаш!

ТАТТЫБҮБҮ ТУРСУНБАЕВА

3-бет

Актриса менен алгачкы таанышуум                           1967-1975-жылдар аралыгында Таттыбүбү Турсунбаева өзү тартылган көркөм тасмалары аркылуу Кыргызстанга, СССР аймагына кеңири тааныла баштаган. Айрыкча актриса түшкөн “Ак Мөөр” тасмасындагы Ак Мөөрдүн, “Отко таазим” тасмасындагы Уркуянын образдарын керемет боектор менен экранга алып чыккандыктан, жалпы эл, кино сынчылар, коомчулук кызуу талкууга алып, актрисага болуп көрбөгөндөй аброй жана атак-даңк тартуулай баштаган. Актрисанын суйкайган сулуу келбети, жан дүйнөсүнүн ажарын ачып турган ай жаркын күлкүсү кимди болбосун кары-жашына карабай өзүнө оп тартып, ал тартылган тасмалардын ажарын ачып, көрүмдүүлүгүн арттырып турчу. Эгерде жогорудагы тасмалардын баш каармандарын Таттыбүбү эже аткарбаганда, алар калк сүйгөн тасмаларга айланбай калышы толук мүмкүн эле. Мен ал жылдары мектептин окуучусу элем. Таттыбүбү Турсунбаева катышкан ар бир тасманы ынтаа коюу менен көрүп, эжени жакын адамымдай сезип, аманчылык болсо таанышсам деген баео сезим менен жашап жүрчүмүн… Толугу менен