“Биз өз тамырыбыздан жана табият күчүнөн, жер, суу, абадан алыстабашыбыз керек… Табият кубулуштарына болгон сүйүүнү үйрөтүү мүмкүн эмес. Аларды жөн гана сезип жана андан күч кубат алып туруу керек».    Даши Намдак 

Байыркыны бул жашоого ѳткѳргѳн – ДАШИ НАМДАК  

8-ДАШИ НАМДАК

Даши Намдак. Эми бул ысымды жакшы биле турган болдук. Биздин дүйнө айтылбай келген жана көрүнбөй турган сырларга, табышмактарга бай экенин ким танат. Бул купуялуу сырлар бир убакта кадыресе көрүнүш катары байыркы ата-бабаларыбыздын күнүмдүк жашоосунда эриш- аркак болуп келген. Биздин бүгүнкү каарман болгону 10 жыл аралыгында ысымын дүйнөгө таанытууга жетишкен бурят мастери – Даши НАМДАК. Ал, ошол биз сезип-туйуудан калып бара жаткан улуу дүйнөгө саякат уюштуруп бермекчи. Сүрөткердин чыгармачыл дүйнөсү кыргыз элинин рух дүйнөсүнөн дагы жаӊырык алып турарын мастердин образдарына тереӊ үӊүлгөн киши сөзсүз түрдө көрөт жана өзүнүн жан дүйнөсүнө чагыла түшкөн учурларды байкабай койбойт. Бул өз кезегинде байыркы жолго байланган алтын жипченин үзүлбөй келе жатканынан кабар берет. Эмесе, биз таанып тайынып келе жаткан табият-теӊир таанымды философиялык категория гана эмес, учурдагы биздин жашоо образыбыздын дагы тереӊине уюган кут деп эсептей турган болсок, Дашинын дүйнөсүн таанууда дагы сөз жок ушуга окшош ийгиликтерге жетишмекчибиз.

Даши Намдак өзүнүн өзгөчөлөнгөн чыгармачылыгы менен дүйнөдөгү бир канча мамлекеттерде аты белгилүү сүрөткер-скульптор.  Анын иштери Лондон жана Нью-Йорк сыяктуу дүйнөлүк шаарларда абдан чоӊ кызыгуу менен тосуп алынган. Айрым иштери жеке коллекцияда сакталууда.

Даши Намдактын чыгармачылыгынын өзгөчөлүгүн мүнөздөй турган болсок, ал азыркы заманбап коомчулуктун аӊ-сезимине оӊой менен жата бербеген мистикалык жана архаикалык духту өзүнө жуурулуштуруп келатканы менен искусство дүйнөсүндө такыр эле айырмаланып турат.   Сүрөткердин айтымына караганда, ал байыркы ата-бабалардын жолун азыркы кылымга искусство образдары аркылуу жеткирүүчү, болгону өткөргүчмүн дейт.

8-logo

«Мен жеткирүүчүмүн, мен жаӊы нерсе ойлоп таппайм. Мен байыркыга ишенем жана аны көӊүлүмдө туу тутам» деп убагында Конфуций айткандай, улуу акылмандын сөздөрү биздин замандышыбыздын дагы чыгармачылыгына толук үндөш.

 Даши Намдак 1967-жылы Забайкальеде төрөлгөн (Россия, Чита облусу, Укурик айылы). Дашинын бала-чагы буряттык көп балалуу, жөнөкөй, бирок белгилүү үй-бүлөдө өткөн. Буряттардын салттуу үй-бүлөсүндө чоӊоюшу кийин анын чыгармачылыгынын өзөгүн түзөт. Себеби ал көчмөн маданият жана Чыгыш философиясын бала кезден таанып, дүйнөгө болгон көз карашын дал ошол универсалдуу баалуулуктарга негиздеген.

Даши Намдактын ысымы тибет тилинен алып которгондо “куттуу күн” деген маанини туюндурат. Ал жети атасын гана эмес, 23 атасын толук билет.

Дашинын ата-теги илгертен белгилүү темир-уста, зергер болушкан экен. “Аккан арыктан суу агат” дейт, байыркынын жолун жаӊы жолго ширеткен Даши замандаштарына сырдуу дүйнөнүн дарбазасын ачып берди. Анын чыгармачылыгы биз үчүн учурдагы заманбап жашоо менен байыркы сак, скифтердин заманына ташталган алтын көпүрө болду. Искусство үчүн убакыт номиналдуу, ошон үчүн Дашинин жоокерлер сериясындагы жаачынын жебеси байыркы даӊазалуу талаа көчмөндөрүнүн маӊыздуу жашоосунан бери карай атылган ок. Аны биз мастердин кайталангыс композицияларынан көрүп, билип, сезимибизде байыркынын илебин туя алабыз. Сүрөткер өзүнүн чыгармачыл дүйнөсүндө этникалык өзгөчөлүктү буддизм, шаманизм, теңир тааным, даосизм жана жаӊы замандын деми менен өтө кылдат жана тереӊ айкалыштырып жууруп койгон. Бул себептүү мастердин колунан жаралган эмгектер жөн гана катып калган тарыхый каармандар эмес, а башкысы ички диалогду жарата турган байыркы үндү жана тирүү жылуулукту берет. Менин түшүнүгүмдө, Даши Намдак салттуу сүрөткерлердин когортасынан кескин айырмаланып, искусствону түшүнүүдө орноп калган стандарттарды бузгандай көрүнөт.

8-ТАБИЯТ КУБУЛУШУ

 Табият кубулушу («Стихия»). 1999-жыл

Автордун алгачкы жумуштарынын бири. Чыгармада космогондук элементтердин бири болгон абанын образы ачылып берилген. Сүрөткердин элесинде бул образ учуп бара жаткан жылкы сыяктуу. Автор ишинде жылкынын образын берүү менен чынында учуунун сезимин бере алганга жетишкен. Бул символдук образ көрүүчүнү өзүнүн кыймылдуулугу менен алып, элесиндеги сулуулукка толгон тирүү кубулушту берет.

9-ЖААЧЫ

Жаачы. 2000-жыл

Согуш талаасындагы Монгол жоокери жаӊы эле жебесин кое берип, артынан кубалай көз карашын узатып, жебе максатына жетер-жетпесин күтүп жаткан кези чагылдырылган. Жоокердин турушу анын канчалык чыдамсыздык менен коё берген жебесинин натыйжасын күтүп турганынан кабар берет. Адам аффект абалына түшүп калганын, анын денеси жер менен жер болуп, буттары эки жакка кеӊ ташталып, ал эми колдору болсо жаачыга мүнөздүү жест менен калганы жана көз карашында аӊчынын элеси катып турганы көрүүчүнү кайдыгер калтырбайт. Жоокердин жоо-жарактарына түшүргөн тарыхый деталдар көчмөн-жоокерге реалдуу образ берет. Ѳтө кылдат иштелип чыккан композиция жоокердин машыккан денесинин хореографиялык пластикасын укмуш кылып ачып берген. Жаачынын мынчалык ачык көргөзүлгөн экспрессиясы көчмөн жашоосунун мейкиндикте тынымсыз кыймылдуу экенин колориттүү көргөзөт.

9-БАЙ КЕЛИНБай келин. 1998-жыл

Жаш чабандес кыз талаада кетип бара жатат. Канжыгада чакан сандык бекитилген – кыздын сыймыгы. Башын артка буруп калыӊына көз салган кыз тал чыбыктай денесин ченелүү ийип өзүнчө назданууда. Кожойкенин маанайын сезген ат кошо башын буруп тил алгандай. Кыздын кыймылында жана жүзүндөгү этникалык чийиндер ага мүнөздүү чыгыш сулуулугун ыйгарып койгон. Балким, бул образ аркылуу келиндин күйөөсүнүн өргөөсүнө карай алган сапары деп түшүнсөк туура болмок. Анткени кыздын лирикалык маанайы дал ушундан кабар бергендей.

9-ЧАБАНДЕС (3)Чабандес. 2000-жыл

Аӊчылык же согуш учурунда чабандес ѳзүнүн курмандыгын көрүп, жана ага ок атуу учуру скульптордун ишинде анын пластикалык жөндөмдүүлүгүнүн өзгөчөлүгүн көргөзгѳн. Автордун стили – композиядагы персонаждын этникалык нюанстарын толук ачып берүүдө ага түшүрүлгөн пластикадагы ѳзгөчөлүктү кѳргѳзүп турат.

9-ТАШ КАРМАГАН КЕНТАВРТаш кармаган Кентавр. 2009-жыл

Грек тарыхчысы жана саякатчы Геродот байыркы скифтердин жерин көрүп келгенден кийин Кентаврлар адамзатка антикалык доордон баштап белгилүү болуп калган. Скифтер – көчмөн жашоо тиричилигин башынан өткөрүп келген байыркы уруу. Алар убагында грек саякатчысына жылкы баласын колго үйрөтүп минип жүрүшкөнүн көргөзүшкөн. Ошондон тартып башы жана тулку бою адам, ал эми денеси жылкы болгон Кентаврдын мифтик образы жаралган. Даши Намдактын образында Кентавр буркан-шаркан түшкөн байыркынын энергиясын жана оригиналдуу фантастикалык атрибуттарды камтыйт. Автордун Кентавры жаӊы заманга кирген «бунтарьдын» образын берип тургандай. Анын Кентавры акыйкаттыкты эӊсеп келген бийик умтулууну жана жеке сыймыкты, ошондой эле боштондукту чагылдырып келет.

8-КАРЫ ЖООКЕР

 Генерал. 2010-жыл

Байыркы көчмөндөрдүн тарыхындагы персонаж. Бул жоокер жаӊы стиль берилген улуттук кийимчен жана ага курал менен бийликтин атрибуттары ыйгарылган. Ал реалдуу, байыркы убактан биздин күндөргө түшүп калган келгин.

9-БАГЫШ

Багыш. 2011-жыл

Бул монументалдык скульптура реалдуу өӊүттө жаратылып чыккан. Биздин алдыбызда тайга жашоосунун жанрдык сценасы: кубаттуу багыш токойдон чыгып келди. Бул кары, а бирок күчкө толгон сулуу жаныбар. Багыштын мүйүзү символдор менен оюлган. Бул аска бетиндеги байыркы аӊчылар калтырып кеткен петроглифтердин аллегориясы. Ал эми багыш жогорку космикалык күчтү чагылдырып келген. Багышка табияттын кубаттуулугунун жана сулуулугунун символу катары өтө аярлап табынышкан. Бул композицияда багыш грациоздуу кыймылда бараандуу жана эпикалык деӊгээлде жаратылган.

9-ЧЫНГЫЗХАН (2)Чынгызхан. 2003-жыл

Бурят маданияты буддизмдин таасири астында куралган. Даши Намдактын чыгармачылыгында буддизмдин көркөм канондоруна таандык таасирлердин (иконографиялык мотивдер) болушу таӊ калыштуу эмес. Маселен, автор Чынгызхан эмгегинде дал ошол таасирлерге таянгандыгын байкасак болот. Мастер улуу аскер башчыны буддизмдин ыйык образына айландырууда ага эпикалыкты жана акылмандыкты берип, ошону менен дүйнөлүк тарыхта белгилүү болгон монголдордун лидерин жаӊыча, жеке өзүнүн трактовкасы менен берүүгө жетишкен. Композицияга салттуу аскер башчынын харизмасынан алда канча тереӊ кеткен сырдуу жана ыйык образ салынгандай.

9-БУКА НОЙОН

Бука-нойон. 2002-жыл

Бул чыгарма анималисттик жанрда жасалып, мастердин табигый жөндөмдүүлүгүнүн өзгөчөлүгүн айкындап, жаныбарлардын табиятын жана сулуулугун тереӊ түшүнгөндүгүн демонстрациялайт. Композициянын сюжети бурят мифологиясына барып такалат. Алардын ишениминде бул ыйык бука терс кара күчтөрдү кубалоочу касиетке эгедер. Дагы бир байыркы уламышта белгиленгендей, буканын образы жаздын келиши жана жердин түшүмдүүлүгү менен элестелинет. Чынында эле Даши Намдактын учуп бараткан букасынан эбегейсиз зор кубаттуулук согуп тургандай сезилет. Чыгарманын жасалыш ыкмасында бүтүмдүүлүк жана толумдуулук көргөзүлүп, буканын образына эпикалык башат салынган. Муну менен биз бул образда байыркы уламыштарга карай жасалган иллюстрацияны эмес, а жаӊы заманда да жашап келе жаткан зор касиет деп түшүнгөнүбүз туура болмок.

9-АЛА КАЧУУАла качуу. 2007-жыл

Скульптуранын сюжети талаа-көчмөндөрүнүн жашоосуна барып такалат. Бала кезден баштап эле көчмөндүн баласын атка отургузуп, өмүрүн дал ошол көчмөндүк тиричиликке байлашкан. Бул көрүнүш көчмөндөргө гана мүнөздүү. Көчмөндүн жашоосу ар дайым кыймылда жана тирүүлүктүн согуп турган деминде шайма-шай. Сүрөткердин элесинде жаралган образ абдан жөнөкөй жана романтикалуу: кыз аттын үстүндө, чоӊ кечүүдө бара жаткан кези. Ал атка ишеним артып, толук бойдон өзүн тапшырды. Ат дагы жоопкерчилигин сезгендей камкордуу көз караш менен башын артка буруп турат. Көркөм образдын күчү жөнөкөй сюжетти символго айландырды. Биздин көз алдыбызда байыркы көчмөн маданияттарында айтылып келинген ала качуу туурасындагы миф жаралууда. Теманын пластикалык чечими кырдаалдын драматикалуу экенинен кабар берип жана каармандын тереӊ ойлуу сезимдерин көрөрмандын элесине бекем орнотот.

Даярдаган Айбек БАЙЫМБЕТОВ

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *