Асмандагы күзөт. «Аэропорттогу канаттуулар үн тарсылдактарын тоготпой калышкан эле»

1_01

Руслан КУБАТБЕКОВ, мүнүшкөр, «Манас» Эл аралык аэропортунда орнитолог, «Санат-Кумай» федерациясынын мүчөсү

Эл аралык жарандык авиация уюму (ICAO) жыл сайын самолёт жана вертолёттор менен куштардын ортосундагы кагылышуунун дүйнө жүзү боюнча 5 миӊден ашуун учурун санап келишет.  Куштардын кагылышынан улам пайда болгон аварияларды алдын алуу боюнча ар бир аэропортто орнитологдордун тобу иштейт. Алардын максаты – самолёттордун учушуна тоскоол кылган куштарды күнүгө көзөмөлдөө болуп саналат. Бүгүнкү каарманыбыздын кылган кызматы өтө кызык. Ал тирүү куштун жардамы менен темир куштардын учуу коопсуздугун тейлейт.

– Руслан мырза, кесибиңиз орнитолог деп аталган аэропорттогу кызматыӊыз тууралуу сөз баштап берсеӊиз?

– «Манас» Эл аралык аэропортунда иштегениме бир жыл убакыт болуп калды. Буга чейин деле аэропортто орнитологиялык кызмат иштеп келген, бирок алардын иштөө ыкмасы бөлөкчө эле. Башкача айтканда учактардын учушуна тоскоол кылган канаттууларды техникалык каражаттардын жардамы менен кубалап турушчу. Эми болсо, куш салган мүнүшкөрлөргө атайын орнитологиялык кызматтан штат ачып беришкендерине бир жылдан ашып калды. Ошондон бери колдо тапталган куштарыбыз менен аэропорттогу асман мейкиндигинин коопсуздугун сактап келатабыз.

– Демек буга чейин сиз кушчулук өнөр менен алектенгенсиз да?

– Ооба, буга чейин айылда мүнүшкөрлүк менен алектенип, куш таптап келчүмүн. Мүнүшкөрлүк чоӊ тайаталарымдан бери келаткан өнөр экен. Айылда Кутулду деген ак сакалдан убагында куш таптоо боюнча көп нерселерди билип калган элем. Ошондон улам акырындык менен бул өнөрдү үйрөнүп, азыр колдо үч бүркүт таптап келем. Улуусу Каракөз азыр жети жашта. Көбүнесе түлкүгө салабыз.

– Аэропорттун аба мейкиндигинин коопсуздугуна кайсыл куштарды саласыздар?

– Аэропорттун ишине негизи ылаачын туура келет. Анткени, ылаачын учкул келип, шамдагайлык кылат. Ал асмандагы канаттууларды алып, аларга кадимкидей коркунуч жаратып кубалап турат. Негизи, канаттуулардын ичинен каргалар көптүк кылып, ушулардан мейкиндикти бош кармоо боюнча аракетибизди жасап келебиз.

IMG_7619

– Аэропорттун учуу тилкесине куш салынганга дейре бул жердеги орнитологдор кандай жол менен канаттууларды кубалап келишчү эле, аэропорттун жетекчилиги эмне себептен улам кушчулукка басым жасап сиздерге кызмат сунушташты?

– Буга чейин аэропорттун аба мейкиндигинин коопсуздугун америкалык «Ганси» авиабазасынын орнитологдору тейлеп келишкен экен. Алар, жогоруда айтылгандай, негизинен техникалык каражаттардын жардамы менен канаттууларды кубалап турушкан. Техникалык каражат дегенибиз, маселен: ар кандай радиустагы биоакустикалык түзүлүштөр, пиротехникалык каражаттар, пневматикалык куралдар жана башка ар кандай үн чыгаруучу тарсылдактар болуп саналат.

Негизи өнүккөн мамлекеттерде кушчулук өнөр менен аба мейкиндигинин коопсуздугун сактап келишет экен. Бул дүйнөлүк тажрыйба кеӊири колдонулуп, орнитологиялык кызматтын эӊ маанилүү ыкмасы катары каралып келүүдө. Биз билгенден бул жердеги канаттууларды кушчулук  менен тазалоо жумушу эӊ эффективдүү саналып, ал АКШ, Англия, Испания жана Канададагы эӊ чоӊ дүйнөлүк аэропорттордо кеӊери колдонулган ыкма.

Кушчулук ыкма техникалык каражаттарга караганда эмнеси менен айырмаланууда?

– Техникалык каражаттар идеалдуу ыкма катары өзүн көргөзө албаптыр, себеби аларды бир нече жолу колдонгондон кийин канаттуулар ал үндөргө көнүп калышат да, бара-бара тоготушпайт экен. Канаттууларда жырткыч куштарга болгон коркунуч сезими алардын эволюциялык жолунда туруктуу калыптанган, ошондуктан биз коё берген жырткыч куштарды алыстан көргѳндѳ эле  кача башташат. Айрым учурларда жетип барып канаттууларды алган учурлары да болот. Ушундан улам да кушчулук өнөрдүн бул иш үчүн башка ыкмаларга караганда алда канча пайдалуулугу көбүрөѳк болсо керек. Анын үстүнө, бул табигый жол менен жасалып, айлана-чөйрөнүн экологиясына дагы зыян алып келбейт.

IMG_7621

Орнитологиялык коопсуздук кызматында канча адам иштейт?

– Биздин жумуш орнитологиялык кызматка киргени менен, кылган ишибиз кушчулук гана болуп саналат. Анткени, орнитолог – бул канаттуулардын табиятын изилдеп, байкап, аларды кандай ыкма менен качырып турса болот деген сыяктуу маселе менен алектенген зоолог адамдар. Биздин кызматта 4 киши:  бир орнитолог жана 3 кушчу иштейт. Колубуздагы ителги жана ылаачындар менен кезектешип 10 күн иштеп, 20 күн эс алабыз. Жумуш убагында кылдаттык менен иштегенге туура келет. Учак учаар алдында куштарыбызды байкап туруп учурбасак, учактын бортуна урунушу мүмкүн. Айрым татаал кырдаалда инженерден уруксат сурап алып учурууга туура келет.

 – Мүнүшкөрлүктү кайсы убактан бери аркалап келе жатасыз, бул өнөрдүн сизге болгон өзгөчөлүгү кандай?

– Негизи бүркүттөргө 8-классыман бери абдан кызыгып, бирок ал убакта жаш болуп кармай алчу эмесмин. Ошол убакта күйкө багып, андан кийин жаш улам өйдөлөгөн сайын чоӊураак куштарды кармап жүрүп калдык. Бүркүт таптоо кыргыздын байыртадан келе жаткан салты эмеспи, ошону улап келе жатканым мен үчүн сыймык деп эсептейм. Бүркүт таптоо абдан чоӊ иш, ага баладай мамиле кылып турбаса мүнөзү өтө назик келет. Канат-куйругун кылдаттык менен карабаса, сынып калса уча албай калат же асмандагы учушу жакшы болбой калышы мүмкүн. Туура эмес тамак берип койсо ооруп өлүп калышы ыктымал. Кээде этин оорутуп кармап алса, адамга таарынган учурлар дагы болуп турат. Бүркүт канчалык көӊүлүӊдү калтырып жатса да аны уруп-чаппаш керек. Таптап жаткан кушту сылап-сыйпап турса көркүнө чыгат. Эгер бир эле жолу өчөшүп калса, анысын такыр унутпайт, таарынткан адамын таанып да калат. Бүркүт жырткыч куш болгондон кийин аны ууга чыгарып турбаса, таптадым деп айтпаш керек. Буйруса, сентябрь айынын ортосунан баштап мергенчиликтин убагы башталса ууга чыгып түлкү алдырып турабыз.

– Кыргызстанда азыр мүнүшкөрлөрдүн абалы кандай, куш таптоого кызыккандар канчалык?

– Кыргызстанда бүркүтчүлөр аз, саналуу гана. Көп болсо 15-20 киши таптайт. Айрым чет мамлекеттерде куш таптагандардын саны миӊге чейин чыгат экен. Мына, коӊшу эле кытайлык кыргыздардын бир эле айылында угушумча 100гө жакын бүркүтчүлөр бар экен. Ар бир бүркүтчүсүнө өкмөт айлык коюп бериптир. А бизде мамлекеттик колдоо деген кайдан, жок да. Ошол себептен бизде бүркүтчүлөр салыштырмалуу жокко эсе. Бирок, кудайга шүгүр, уучубуз куру эмес, бүркүтчүлүккө өз дили менен кызыккандар бар. Салбуурун фестивалдары да ѳтүлүп жатат. Чет элге чакыруулар боло баштады. Бүркүт таптоо жагынан кыргыздар кыйын келет экен, муну эки жака чыгып салыштырып көргѳндѳ байкадык. Бизде материалдык жактан колдоо болсо эле, куштарды сапаттуу таптоо жагынан буюрса алдырбайбыз.

– Демек, куш таптоо тереӊ билимди талап кылган өзүнчө бир илим десек болот экен да?

– Ооба, буга өзгөчө кылдаттык керек. Бир жаӊылсаӊ эле кушуӊ же учуп кетет же өлүп калат. Жаӊылуу деген болбош керек. Маселен, жылкы таптаганда байгеге чыкпай калса, жылкыӊ качып кетпейт же жок болуп кетпейт да. Ал эми биздин учурда кичине бир нерсе туура эмес болуп калса бүркүт учуп кетип калышы мүмкүн. Аны экинчи ирет такыр көрбөй каласын, келбей коет. Бүркүттү кармап аны адамга көндүрүү, өзүнө жараша ууга салуу чоӊ иш. Ал эми кээ бирөөлөр бар, бүркүттү үйүнө байлап алып, тамак бергенин таптадым деп айткан. Андай бүркүттөр эч нерсе албайт, учканды унутат. Сүрөткө түшүргөнгө багып коюп куштан күнүмдүк пайда тапкандар дагы аз эмес. Андайлар кушту кордогондук эле кылышат. Бүркүт жок дегенде күнүгө бир маал учуп турушу зарыл, канатына кан жүгүрүп. Керели кечке отура берсе бүркүт семирип, куйругунун астына май байлап кетет. Андай бүркүттөр учууда өзүнүн ыкмасын жоготуп, олдоксон кыймылдап калат. Бурулушу оор болуп, түз учкан гана колдон келип калат.  Канчалык кыймыл көп болсо, ошончолук шамдагайлык менен сергектик болуп турат.

– Ушул багытта кандай иштерди ишке ашыралы деген тилегиңер бар?

– Таза кандуу шумкарларды чыгарсакпы деген оюбуз бар. Күчтүү бүркүттөрдү клондоштуруу жолу менен чыгарсакпы деген да максат болуп турат. Эл аралык деӊгээлге чыгуу үчүн бизге ошончолук сапат жана аракет зарыл. Азыр ошого умтулуп жатабыз. Анан албетте эл тараптан дагы колдоо болуп, өнөрүбүзгө кызыгып турушса, ушул дагы биз үчүн чоӊ дем-күч болуп саналат. Айта кетсек, мисалы башка чет өлкөлөрдө куш таптоо боюнча атайын мектептер уюштурулуп, жаштарга кушчулук өнөрүн кадимкидей үйрөтүп келишет. Келечекте бизде да ошондой деӊгээлдеги колдоо көргөзүлсѳ деп үмүттѳнѳбүз.

– Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

Айбек БАЙЫМБЕТОВ

2-сурот                                           Самолеттун канаттуулар урунуп түшчү бөлүктөрү.

Фотолор Бакытбек АБДИВАЛИЕВДИКИ

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *