Болоттой болгон мамлекеттик ишмер Болот Мамбетов

10-Мамбетов1Жамин АКИМАЛИЕВ, академик

Учурунда Болот Мамбетовду билбеген киши жок эле. Бирок, кийинки муундар билбей баратат. Бул киши менен иштешип калганым үчүн атайы эскере кетейин деп жатам. Ал ага татыктуу.

Болот Мамбетов – Кыргызстандын өтө көрүнүктүү мамлекеттик жетекчиси, ири советтик-партиялык ишмери болчу. Жеке пикиримде, анын айтылбай, эскерилбей жүргөнүнүн негизги себеби, ал өтө жөнөкөй, жулунуп-жутунбаган, көрүнүп калайын  дебеген адам эле.

Исхак Раззаковго тартынбай каяша айтчу

Мен кант кызылчасы боюнча тажрыйба станциясынын директору болуп 1963-жылы дайындалган кезде – Болот Мамбетов Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы эле. Ушул жерден Исхак Раззаков жөнүндө бир-эки ооз айта кетейин. Антпесем, Болот Мамбетов анча ачылбайт. Мен Раззаковдун сүйлөгөнүн эки жолу көрүп, ачыгын айтсам ээгим түшүп кала жаздаган. Ошол күндөрдө азыркы өкмөт отурган имаратта кант кызылчасы боюнча республикалык жыйын өтүп, каерде кант кызылчасы жөнүндө кеп болсо, андай жерден калбаган жаным мен да баргамын. Ал учурда анчалык эшик тоскон деле эч ким жок болчу. Документ көргөзүп коюп кире берчүбүз. Ошондо Исхак Раззаков сөз сүйлөгөн. Ага чейин башкалары кагаз тиктеп, эптеп окумуш болуп жатса, Раззаков жаркылдап чыга калып, эч кандай кагаз карабай, толтура маалыматтарды келтирип, 15 мүнөттөй сөз сүйлөп, заматта көзүбүздү ачып салган.

Күнү бүгүнкүдөй эсимде, ошондо Раззаков мындай деген эле. “…Биринчиден, кант кызылчасынын аянтын 40 миң гектарга жеткиргиле. Анан ар бир гектардан 400 центнерден түшүм алгыла. Ошондо 1 млн. 600 миң тонна кызылча аласыңар. Андан 150 миң тонна кумшекер алса болот. Бул Кыргызстандын кумшекерге болгон муктаждыгын толук жабат” деген эле.

Кийинки көргөнүм 1958-жылы болчу. “Кызыл Кыргызстан” газетасы (азыркы “Кыргыз Туусу”) “Эмгек Кызыл Туу” ордени менен сыйланып, сыйлыкты Москвадан БК Секретары, БКнын Президиум мүчөсү (кийин Саясый Бюро болуп калды) Нуритдин Мухитдинов келип тапшырган. Сыйлык тапшыруу аземи опера-балет театрында өткөн. И.Раззаков Н.Мухитдинов менен мурда Өзбекстанда бирге иштешкен, үзөңгүлөш жүргөн адамдар экен. Н.Мухитдинов жанагы белгилүү “Исхак Раззаков эки элдин уулу” деген сөзүн ошондо айткан.

Андагы И.Раззаковдун сөзү эми укмуш. Адатынча бир да кагаз карап койбой идеологияга токтолуп, андагы гезиттин маанисин айтып, “…гезит окубаган киши жуунбаган кишидей. Тазарбайт. Жан-дүйнөсү жаркыбайт. Караңгы бойдон калат” деген эле кайран киши.  Анын кайсы тема болбосун ачып берген чечендигине, бир сөзүн кайталабай чакылдап сүйлөгөнүнө, сөзүнүн таамайлыгына “капырай ушундай да киши болот экен” деп аябай таңгалгам. Анан Н.Мухитдинов экөө чыгыш салтына ылайык төш кагыштыра кучакташып турушканы жадымда. Азыркылардай өбүшүп кетишкен эмес.

Исхак Раззаковдун ошол кезде аброю чоң болуп, андан өткөн салабаттуу, сабаттуу эч ким жок эле. 1950-жылы Сталин өзү тандаган кадр болчу. Ошого карабастан, эл ичинде “буга каяша айтканга жараган же ишин сындап жүргөн бир гана адам бар, ал Болот Мамбетов” деген сөз жүрчү. Болот Мамбетов Раззаковдун тушунда Фрунзе обкомун (1945-1954-жылдар) жетектеп турса, 1954-1961-жылдары Кыргыз ССРинин Суу чарба министри болуп иштеген. Кийин билсем, БКнын пленуму болобу, же партиянын съезди болобу кемчиликтерди Раззаковдун көзүнө айткан жалгыз ушул Болот Мамбетов болгон экен.

1961-жылы Раззаковду “Республиканы жетектөөдө кетирген орчундуу катачылыктары үчүн” кетиришип, ордуна Фрунзе шаарынын биринчи катчысы болуп иштеп турган Турдакун Усубалиев келди. Ал кезде Усубалиевди көп билчү эмесмин. Баягы эле эл ичинде Москвада партиянын Борбордук Комитетинде 10 жыл иштептир деген сөздөр айтылчу. Ал эми Болот Мамбетов Министрлер Советинин төрагасы болуп калды. Болот Мамбетов Турдакун Усубалиевден 12 жаш улуу болчу. Эл арасында “эми экөө ынтымакта иштешсе экен” деген сөздөрдүн жели жүрүп турду. Экөө 7 жыл бирге иштешти, бирок ортолорунда тигиндей-мындай болгонун деле укканым жок.

 

Болот Мамбетовду үйүмө чакырганда

1965-жылдын жай мезгили болчу. Жумушта отурсам Өкмөттүн айыл чарба бөлүмүнөн “Болот Мамбетов силердин жаныңардагы “Дружба” колхозун кыдырып жүрөт, бир-эки сааттан кийин сага барат. “Станцияны угуп жүрөм көрүп кетейин” деп жатат” деп чалып калышты. Мен чынымды айтсам шашып калдым. “Мурда айтып койсоңор болмок экен, даярданып турмакмын” десем, “..эми сен аны эмне кыласың, болгонун көрсөтө бер” деп коюшту.

Саатты карасам түш маалы болуп калыптыр. Кайда алып барып чай берсем деп ошону ойлой баштадым. Бир ашканабыз бар эле, ага чакыргандан тартындым. Анан үйгө чалып, эмнеси болсо да даярданып койгула дедим. Мага чейин Сергей Золотарев деген директор он жылча иштеп, бир там салдырып кетиптир. Тегереги бак-шак. Биз үй-бүлөбүз менен ошондо турчубуз. Ушул үйгө эле чакырайын деп турам.

Аңгыча эле келип калышты. Болот Мамбетов ошо кезде алтымышка жакындап калган, кичине болугураак, токтоо, абдан сүрдүү, бирок, өтө жөнөкөй киши экен. Бир байкаганым, башы анда-санда кылтылдап барып токтоп турат экен. Сыркоодон улам болгон го деп койдум. Жанында Ткачев деген “Дружба” колхозунун башкармасы жүрөт. Башка коштогон 2-3 киши жүрөт.

Ошол кезде Чүй боорундагы чарбалардын чоңдорунун басымдуу көпчүлүгү орус болчу. Чай ичип кет дегенди билишчү эмес. Болот Мамбетовду карасам чарчаганы көрүнүп турат. Анан бакылдап жаткан Ткачевдон “чай бердиңерби” деп шыбырап сурасам, “жок” деп чочуп кетип атпайбы. Мен дароо эле: “Болот Мамбетович, үйгө барып чай ичип кетпейсизби” десем, дароо эле макул болду. Үйгө келдик. Бакты көрүп, “ушул сыртка эле отурбайлыбы” деп калды. Үйдөн үстөлдөрдү ташып чыгып, бактын түбүнө дасторкон жая салдык. Дасторконго, жашылча, бышкан эт коюлду. Болот Мамбетович нандан ооз тийип эле, чайды катыра ичти. Ушу эки чайнек чайды өзү эле ичип койду окшойт. Мен болсо сүрдөп отурам маңдайында. Көрсө, жайдын ысыгында алып жүрүшүп, кур дегенде суу да беришпептир. Болот Мамбетов анда-санда сүйлөп коюп отурду. Чайдан башка эч нерсе ичпеди да, жебеди. Анан айтты: “Жигиттер, мени чайды көп ичет экен деп жатасыңар го. Эсиңерде болсун, түштүктө болобу, түндүктө болобу, ысыкта муздак ичпегиле. Ооруп каласыңар. Ысыкта ысык чай ичиш керек. Көк чай болсо андан жакшы” дебеспи. Андай болсо деп, ал кезде Самаркандан чыккан, деле оңой менен табылбаган көк чай бар эле, ошондон демдей салдык.

Болот Мамбетовдун ушул сөзү эсимде калыптыр. Ал кезде 29 жаштагы кезим. Ичимден “күн кайнап атса, дагы ысык чай ичкени эмнеси” деп койгом. Кийин Болот Мамбетовдун бул айтканынын пайдасын тогуз жыл Сокулук райкомунун биринчи катчысы болуп иштеп турганымда көрбөдүмбү. Чарбаларды кыдырганымда термоско ысык чай куйдуруп алып, Чүйдүн мээ кайнаткан ысыгында чаңкабай жүрө берчүмүн.

Анан, Болот Мамбетов минтти: “Жолдош Акималиев, дагы да бара турган жерибиз көп. Биз жылалы. Чарбаңарды угуп жүрөм. Бирок, кеңири таанышканга убакыт жок. Бизге бир четин эле көрсөтсөң болот эле”. “Макул” деп, чукул эле жердеги кызылчага алып бардым. Мурда Фрунзе обкомунун башчысы болуп жүргөндүктөнбү, кызылчаны жакшы билет экен. Август айы болчу. Кызылча жетиле баштаган. “Кана, бирди алып келчи” деди эле, четинен эле бир кызылчаны сууруп көрсөтө салдым. “О-уу, мунуң Зууракандын кызылчасынан да чоң го. Быйыл гектарына 500 эмес, 600дөн аласың” деди. “600дөн алып жүрөбүз, Болот Мамбетович” дедим. Анан ыраазы болуп, жылуу сөздөрүн айтып аттанып кетти. Кетээринде “кана жигит, эмне жетишпейт, бизден сага эмне жардам керек?” деп сурады. Ичимен жым эле дей түштүм. “Болот Мамбетович! Өзүңүз билесиз, учурда бардык жерде алдыңкы технологияны айыл чарбасына киргизе баштады. Жанагы жерди жамгырлатып сугарган техникадан бирди алып берсеңиз жакшы болот эле. Экинчиден, кызылчаны сугаруу үчүн түтүкчө шлангтар керек болуп жатат. Бул, сууну үнөмдүү пайдаланганга абдан ыңгайлуу”. Болот Мамбетов жардамчысына “жазып кой” деди да, анан “эртең өзүң дагы бизге кат жүзүндө кайрылып кой” деп жөнөп кетти.    

  

Кайназарованын Мамбетовду тилдегени

Атагы алыска кеткен кызылчачы Зууракан Кайназарова менен көзү өткөнчө сыйлашып жүрдүм, далай кеп-кеңешин уктум. Колум бошой калганда эле барып калар элем. Барганда кур барчу эмесмин. Ал киши анча-мынча алып коюп, чечилип сүйлөп берер эле. Мамбетов менен көрүшкөндөн көп өтпөй Зууракан эжеге барганымда «Сиз Болот Мамбетовду билесизби. Ошол киши жакында бизге келип кетти” десем, “Кайсы, жанагы орус катыны бар Болот Мамбетовбу, аны жакшы билемин” деди. Негизи Зууракан апа ошол кездеги жетекчилерден Төрөбай Кулатовду, Күлүйпа Кондучалованы, анан Болот Мамбетовду жакшы көрчү. Жазуучулардан Аалы Токомбаев менен Түгөлбай Сыдыкбековду оозунан түшүрчү эмес. Бул залкарлар байкашымча бири-бирине кадыр-сыйы өтүшкөн, бири-бирин ушунчалык баалаган адамдар эле.

Анан Зууракан апа буларды айтты: “Бир ирет, “Болот көп эле келип жүрөсүң, келсең эле жоо куугандай кайра шашып кетесиң, сага бир жакшылап чай бере албай ыңгайсыз болуп жүрөм, деле үйүңдүн дарегин айтчы, мен өзүм барайын” десем, дарегин бермек тургай, машина жибериптир”.

Эже бир козусун союп алып барыптыр. Жайланышып, сүйлөшүп отургандан кийин кыраакы киши байкаса, Болот Мамбетовдун аялы көрүнбөйт дейт. Анан курч неме “Ой, Болот, сен аялың жок, бойдок турасыңбы?” дебейби. Болот Мамбетов шашып эле “бар-бар” деп калыптыр. “Болсо чакырбайсыңбы, үйүңө киши келип атса”. Барып чакырып келсе, сары чачтуу орус аял экен дейт. Зууракан апа “Ушубу?” дептир. Болот Мамбетовдун аялы айтылуу актер Михаил Жаровдун туугандары Клавдия Жарова деген аял болчу. Мен көрүп калдым. Өзү академияда иштечү. Техникалык илимдердин кандидаты эле. Болот Мамбетов менен Москвада окуп жүргөндө таанышып калышса керек. Анан шаардыктарча жашылчасын, башкасын алып келип, чай бериптир.

Бир маалда аялы сыртка чыгып кеткенде Зууракан апа Болот Мамбетовду карап, түз эле: “Ушундай эркек болгончо өлүп калбайсыңбы” дептир. Болот Мамбетов “Эмне болуп кетти?!” дейт. “Эй, Болот! Маңка болсо да кыргыздан катын албайт белең. Биринчиден, кыргыз аялы тигил катыныңча отуруп албай, наркты-салтты билип, үйүңдүн кутун арттырмак. Экинчиден, сенден туяк калбайт беле?!” дедим дейт. Десе, Болот: “Коюңузчу, азыр улутка бөлүнбөйт, башка заман” десе, “О, заманыңды…Мага айтсаң кыргыздын бир кара көз кызын өзүм алып бербейт белем, сенден туяк калбай калабы…” Аңгыча, аялы кайра келип калып, Зууракан апа унчукпай тим болуптур…

Мен ушуга таң кала беремин. Зууракан апа олуялык менен айткандай, Болот Мамбетовдон эркек бала калган жок. Өзүн 61 жашында эле пенсияга чыгарып жиберишти. Кийин тактасам эки кызы болуптур. Болот Мамбетовдун жерлиги Тоңдон болчу. Мүмкүн эркек баласы болгондо Москвага кетпей ушул эле жерде жашай бермек. Дагы сураштырсам, Болот аганы үй-бүлөсү эле Москвага алып кетиптир. Ошол кеткен боюнча Болот Мамбетов бир кайрылбаптыр. Исхак Раззаков болсо бир келип кетиптир. Турдакун Усубалиевден атайы сурасам, “келген, бардык шартты түзүп бергенбиз, айылына чейин барып, туугандарына учурашып кеткен” деген эле. Ал эми Болот Мамбетов ошол боюнча кайрылбай, сөөгү Москвага коюлуп калды. Туугандары барса да, үй-бүлөсүн кыялбай койсо керек.

Кыргызда Кадыркул Качыкеев деген мыкты өткөн. Кыргызстандын Москвадагы атайын өкүлү болуп көп жыл иштеген, чыгаан инсандарыбыздын бири болчу. Ошол кишинин Москвадагы үйүнө Болот Мамбетов бу жердеги эки кабат үйүн алмашып, Москвада жашап калды. Ал эми Качыкеев Мамбетовдун үйүндө жашап жүрүп элинин ичинде көзү өттү. Бакылдаган жакшы киши болчу. Мына тагдыр… Болот Мамбетов 1990-жылы 83 жашында көз жумуп, Москвадагы Новокунцево аталган көрүстөнүнө коюлду. 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *