Жашоо сабактары

7-фото

Адамдын өмүрү

Адамдын жашоосу үчкө бөлүнөт:

1.Төрөлгөнгө чейинки жашоо.

Төрөлгөнгө чейинки жашоо 2ге бөлүнөт: а) Кудайдын буйругу менен туулчу,  жарала элек учуру (олуя-сынчылар айткан, келечекте төрөлчү балдар); б) Жаралгандан (түйүлдүк болгондон) кийинки жашоосу. 

2. Экинчи жашоо – бул өмүр. Төрөлгөндөн  өлгөнгө чейин жарык дүйнөдөгү жашоо

3.Үчүнчү жашоо – о дүйнөдөгү жашоо

Өмүр – бул адамдын жарык жашоосу. Өмүр өтө баалуу, негиздүү жашоо. Адамдын өмүрү, анын жарыгы – кийинки жашоого негиз болот. Адамдын жарыгы канчалык күчтүү, кубаттуу болсо, адамдын өсүүсү, деңгээли жана кубаты башкаларды таасирлентет.

Эгер адамдын жарыгы аз болсо, бирок ал жарыкты кубаттаганга аракети зор болсо – Кудай ага көп мүмкүнчүлүктү, жарыкты арнай баштайт. Адамда өсүүгө мүмкүнчүлүк зор боло баштайт.

Эгер адамдын жарыгы аз болсо, ал адам ар дайым жетекте калат. Анын кубаты аздыгынан ал жаңы жолду, жаңы ишти өз алдынча баштай албайт. Ал адам – көптүн бири. Мындай адамдар кубаттуу адамга кол.

Аздын бири болгон адамдар элди баштайт, жол чабат, элди бийиктетет, жетектейт.

 Жарыгы күчтүү кубаттуу адамдар 2 түргө бөлүнөт:

1.Кудайдын мээримине бөлөнгөндөр

2.Адашкандар

Кудайдын мээримине бөлөнгөн кубаттуу адамдар – өзгөрүүнү, өсүүнү тартуулагандар. Адашкан адамдар – өзгөрүүнү, өсүүнү, ошол эле учурда кыйроону да кошо тартуулагандар. Кубаттуу адамдар адашканда – аркасындагы эл бүт адашат, жаңылганда -эл бүт жаңылат.

Адамдын өмүрү өтө кыска, бирок бул өмүр өтө баалуу жана асыл. Ушул кыска мөөнөттө адам кийинки жашоосунун баасын жана ордун чечет.

 

Кайдыгерлик

Адам жашоого кайдыгер болгон маалда, анын күч-кубаты, ындыны, жарыгы өчө баштайт.  Мындай учур өтө сейрек болот.Ушуга кабылган адам көп учурда өзүн-өзү өлтүрөт. Кайдыгерликтин эң азаптуу жана күчтүүсү ушул кайдыгерлик. Мындайга кабылган адамды кайдыгерликтин таасиринен сууруп чыгыш өтө чоң күчтү талап кылат. Акыл жана сезим менен кылдат жардам берүү зарыл.

Кайдыгерликке кабылган адамдын жан дүйнөсү өтө татаал адашууга, алданууга жана тагдырдын кыйчалыштыктарына туруштук бере албай, өзүнүн ишенимин, көз карашын майтарып, сындырып, анын баалуулугун аеосуз тебелеп, кемсинтип, акыл менен жол таппай, асыраганын алдырып турган учур болот. Мындайда адам сөздү кабыл албайт, уга албайт, акыл тегерете албайт. Ошол адам акылды угуш үчүн ага жеткиликтүү бир чоң кыймыл, силкинүү болуш керек. Бул кыймыл, силкинүү адамды курчаган чөйрөдөн, же болбосо анын акыл катмарынан болушу зарыл. Ошондо гана адам сөздү уга алат, таасирлене алат.

 Кусалык
Кусалык – адамдын кайгыга тете болгон илдети. Адамдын кыялында эңсөө, тилек, сагынуу күч алганда – анын ой толгоосунда, көкүрөк дартында бир гана ошол тилек, сагынуу, эңсөө калат.

Кусалыктан арылыш үчүн эңсегенине жетүү зарыл. Адам эңсегенине жетпесе көп учурда мерт болот же болбосо жан дүйнөсү же акыл дүйнөсү жабыр тартат. Буга мисалдар жашоодо көп болот. Ошол себептүү кусалыктан арылуу жолдорун таанып иш кылганыңар оң.

 

Көкүрөк дарт

Адамдын жашоосунда кайгы-муң, азаптуу жашоо болуп калышы мүмкүн. Буга чалдыккан адамдын көкүрөк дарты болбой койбойт. Көкүрөк дарты күч болгон кезде адамдын эс тутуму пастайт, көңүл коштугу көбөйөт, акыл сиңбейт, жашоо кызыксыз боло баштайт. Жашоодогу өзгөрүүлөр көп таасирлерин бербейт. Адам күнүмдүк убарасы менен эле алек  боло берет.

Адамдын көкүрөк дарты айыгышы үчүн бир топ аракеттерди кылуу зарыл. Эң оболу адам өзүнө тирек-таяныч табуусу зарыл. Ар бир адамдын өзгөчөлүгүнө жараша тирек-таяныч ар кандай болушу мүмкүн. Бирок, эң негизгиси, бул Кудайдын мээрими. Андан соң жакын адамдын көңүлү жана мээрими, андан кийин жакындардын жана тегеректин ишеничи, мүдөөсү жана талабы. Бийик адам көкүрөк дартынан тез арылат, пас адамдын көкүрөк дартынан чыгуусу татаал жана мөөнөттү көбүрөөк талап кылат. Бийик адам акылга, сөзгө жана айланадагы кыймылга тезирээк таасирленет. Пас адам кубатка тезирээк таасирленет, катуу урушуп коюу керек же жетелеп чыгаруу керек.

 

Алдануу

Адам үч түрдүү алданат:

1.Азгырыкка

2.Бийликке

3.Адамга

Алдануунун эң күчтүүсү жана кубаттуусу бул азгырыкка же жин шайтанга. Ушул чоң алданууга тушукпаш үчүн ар дайым кудайдан тиленип турган зарыл. (Күндө эртең менен турганда азгырыкка алдырбайын деп Кудайдан тилеп туруу керек). Калган алдануулар адамдын акылына жана сезимине байланыштуу.

 Акыл жоргосу

Акылды алган адамдарга

Сапат каалайм ак шурудай

Тизмектелсин ой толгоосу

Иреттелсин ой жоргосу

Кубат болсун ар бир күнү

Салык болсун ар бир үнү

Кызмат кылгын ак маржандай

Акыл топто ак шурудай

Адамда үч түрдүү акыл болот:

1.Тизмектелген акыл

2.Иретсиз акыл

3.Чукул акыл

Тизмектелген акыл:  жашоо-тирдик, убай-санаа, адамдын өмүрүндөгү өйдө-ылдый, өсүү-өнүгүү, кыраат, ирээт, тартип, салт-санаа, зоболо-даңк болгон учурларга тийешелүү акыл. Бул – жашоонун ыргагы менен, акылдын тереңи менен калыптанган, ирээттелген, белгилүү чөйрөдө, мезгилде кабыл алынып (адамдын аң-сезиминен) жашап калган акылдар.

Иретсиз акыл: бул, жагдайга жараша, чукул өтүп кетчү окуяга жараша, ыңгайга жараша жана турмушка жараша, ысымга жана наамга жараша, тууралыкка жана туура эместикке жараша, ылдам өтчү мезгилге жараша (күн, ай, жыл) кабыл алынган чечим, иш-аракет, кыймыл, багыттуу сөз жана ушул сыяктуу өзгөрүлүп турган учурга тийиштүү ыкмалар. Ирээтсиз акыл учурга, наамга тийиштүү өзүнүн өйдө-төмөн ыргагын берет.

Чукул акыл: бул, ойлонбой туруп айтылган сөз, чыгарылган чечим, тереңине жетпей туруп чыгарылган өкүм, иштин көзүн тааныбай, сапатын аныктабай, бышыгын күтпөй берилген аныктама. Чукул акыл көп учурда орду жок болуп калат.

 

Акылдуулардын деңгээли

Көсөмдөр

Даанышмандар

Акылдуулар

Жоон катмарды түзгөн АКЫЛДУУЛАР – илим-билимге толгон адамдар. Бул катмар жөнөкөй илим-билимге толгон адамдардан өзгөчөлөнгөн катмар. Мисалы, жалпы жонунан билимге толгон адамдардын кыраакылары, илимге толгон катмардын жалпы жонунан илимдин тереңине жеткендери.

ДААНЫШМАНДАР – илим-билимге толгон, турмуштан сабак алган адамдар: өткөн чактан – кылымды карыткан акыл, тажырыйба, сереп, иликтөө; учур чактан – бул дүйнөдөгү жетишкендик, чалынуу, адашуу, өзгөртүү, багыт жана башка ушул сыяктуу көрүнүштөрдү тааный билген жана чечкенге аракет кылган адамдар.
КӨСӨМДӨР – бул, кубаттуу иликтөөнү билген, сезими курч, акылы жетик, терең адамдар. Көсөмдөр кубаттуу күчкө ээ. Көсөмдөр өтө аз санда болот. Алардын көсөмдүгү кылымдарды карыткан көсөмдүк.

Көп учурда жашоодо үч бурчтук толук болбойт (көсөмдөр болбой калат). Акылдуулар көсөмү жок болуп, даанышмандар менен чектелип калат. Учурдун көсөмдөрү жок болсо да, мурунку көсөмдөрдүн жетектөөсү боло берет. Көсөм жок болсо деле ошонун акылы, ою, сезими менен жашоо улана берет,  үч бурчтук бузулбайт. Мисалы, Түрктөрдө Мустафа Кемалдын акылы менен жашоолорун улантып атышат. Кыргыздарды алсак, азыркы учурда  мамлекеттин деңгээлинде  Көсөм жок.  Бирок, кыргыздын башка мезгилдеги жашоосун алсак – башы толук болго. Азыркы учурда көсөмдүктү толуктоочу ырыс, кут, береке чоң төгүлүүдө, бирок ал жашоодо алына элек. Себеби: 1)Жашоо билими тамыр ала элек; 2)жашоо билимин алган адамдар билимге толо элек; 3)жашоо билимин алган адамдар билимге толгондон кийин бышыш керек, быша элек.

 

Кыргызга келген ырыс, береке, кут кылымдарды карытат, жаңы нук, жаңы заман тартуулайт. Бул кут мага таандык деген ишеним болсун.

 

Акылы жетик адамдардын иш аракети

Акылдын тунуктугун билгиң келсе

Акылдын бийиктигин сезгиң келсе

Ар дайым жашоо шартты оңдой билгин

Ар дайым көкүрөктү бийиктеткин

Жашоодо өйдө болот, ылдый болот

Жашоодо бийиктикте турган болот

Жашоодо кубат күчкө толгон болот

Жашоодо төгөрөктү туйган болот

Мезгилдин алып учкан сааты болот

Мезгилди туйбай турган учур болот

Мезгилден акыл алган учур болот

Мезгилде мээрим төккөн учур болот

Мында адам бийиктикти таанып турсун

Учурбай бакыт кушун кармап турсун

Акыйкат ак жашоону таанып турсун

Акыйкат тууралыкты сүйүп турсун

Акыйкат тууралыкты баалап турсун

Мезгилдин өтпөй турган күнү болот

Жылдызды адам санап турган болот

Адамдын жашоо-шарты өзгөрүлбөй

Адамда күтүү, санаа көп топтолот

Мезгилден жаңылыкты улам күтүп

Адамда мөөнөт өтпөй турган болот

Жатканда ушул түндөн өтсөм деген

Турганда ушул күнүм өтсө деген

Мезгилдин убак саатын күтө берет

Ансайын мезгил жылбай тура берет

Бул мезгил азап берген мезгил дегин

Бул мезгил кубат кеткен учур дегин

Бул мезгил өтө кыйын учур дегин

Мындайда адам өксүйт, көп кыйналат

Мындайда адам өзү көп буйдалат

Мындайда бакыт кушу качкан учур

Мындайда адам өксүп турган учур

Бакыттын кушу келсин десең кайра

Тиленип Кудай дегин кайра-кайра

Тиленип жардам сура сен Кудайдан

Өксүктөн чыгамын деп ишенгин сен

Азаптуу күндөрүңдү көп эстебей

Жарыкты, жарык нурду эңсегиниң

Акыйкат ак турмушту эңсегиниң

Ак жашоо чоң мээримди эңсегиниң

Буйдалып чыга албадым деп ыйлаба

Буйдалып адаштым деп сен сыздаба

Ишенгин жарык күндү күтө билгин

Ишенгин ак жамгырды сезе билгин

Акылдын тереңине жеткиң келсе

Акылды акыл кылып алгың келсе

Токтоткун сен өзүңдү акыл менен

Башкаргын сен өзүңдү акыл менен

Өстүргүн сен өзүңдү акыл менен.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *