“Жаштарыбыз дүйнөнүн кайсы жеринде жүрсө да, Кыргызстанына кайтып келишсе”

SONY DSCКелечек муундун мекенчил инсан болуп өсүшү үчүн сөзсүз түрдө улуу муундун туура тарбиясы, туура багыты зарыл. Бирок, «Атасынан баласы өтүптүр» деп айтылгандай, азыркы учурда улуу муундарга караганда жаш муундар мекени үчүн күйүп, адилеттик издеп, мекендин өсүп-өнүгүшүнө болгон аракеттерин жасоодо, салымыбызды кошолу деп дилдерин коюуда. Мына ушундай жаштарыбыздын катарын толуктаган, жүрөгү эл-жери үчүн соккон мекенчил жигит – “Мекенчил жаш” коомдук бирикмесинин төрагасы Темирлан БЕКБОТОЕВ менен маек курдук.

 – Ар бир адам таңдын атышы менен сөзсүз бир максат менен ойгонот эмеспи, ошол сыяктуу эле, бүгүн сиз ойгонуп жатканда «Мекенчил жаштын» бул жерде мындай иши бар, ошону бүтүрүшүм керек деп максат коюп таң атырасыз да. Ушундай түйшүкчүл ой менен канча убакыттан бери ойгонуп келесиз?

– 2006-жылы Москва шаарына бардым, ага чейин Политехникалык университетин бүтүрүп, менеджердик багыттагы кесиптин ээси болгом.  2005-жылы окуумду аяктаганда кесибим боюнча Мамлекеттик геологиялык агенттигинде бир жыл иштедим. Анан, маянанын аздыгынан Орусияга кеткенге туура келди. Албетте, бөтөн жер, башка эл демекчи, өзгө жерде мигранттарды жакшы жумушка алышпайт, ошого байланыштуу кара жумуштар менен алектенип жүрдүм. 2007-жылы Москва техникалык институтуна юридикалык багытта сырттан окууга тапшырдым. 2010-жылы окуумду аяктап, ал жактагы кыргыз диаспораларынын жетекчилери менен жолугуп, биз да өз ара мекенчил жаштарды топтоп уюм ачалы деген сунуш киргиздим. Сунушум кабыл алынып, мекенчил жаштардын «Мекенчил жаш» уюмун түздүк. Анан бул уюмду элге жеткирүү максатында коомчулук менен, айрыкча кара жумушта иштеген жаштар менен байланышта болуп иштөөнү чечтик. Алгач, ишибизди гезит чыгаруудан баштап, кыргызчы-орусча тил менен 2010-жылдан 2012-жылдын жаз мезгилине чейин чыгып турдук. Ошону менен бирге, ал жактан көптөгөн коомдук иштерди өткөрдүк, кайрымдуулук иштерин жасадык, бул жактан мигрант болуп барган кыргыздарга өзүбүздүн билген-окуганыбызды айтып, консультацияларыбызды берип, Орусияда окуган студенттерди бириктирип, уюмга коштук. Жалпы кыргыздарга Кыргызстандан барган концерттерди уюштуруп, кыргыз кинолорун көрсөттүк, спорт мелдештерин өткөрүп жүрдүк. 2011-жылы мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ушул убакка чейин Москвадагы архивде сакталып келаткан сүрөттөрүн, күндөлүктөрүн, жазма кагаздарын Бишкектеги Үй-музейине алып келип өткөрдүк. Тарыхый баалуу ал кагаздарды өткөрүп берүү идеясын Раззаковдун кызы Эльмира Раззакова өзү көтөрүп чыккан.  Ошентип, бизди эл таанып-биле баштады.

Анан, мезгилдин өтүп жатышына баам салып артыма кылчайып көрсөм, кыргыз жергесинен кеткенимен бери 6-7 жыл өтүп кетиптир. Ошондо, Ала-Тоо жаштарын да уюштуралы, мыкты уул-кыз болууга үндөйлү деген тилекти көкүрөккө түйүп, эл-жерибизге жылы «Мекенчил жаш» деген атыбыз менен келип, 2012-жылы расмий түрдө катталдык.

 

– Кыргызстандагы ишиңиздерди эмнеден баштадыңыздар?

– Алгач эле региондорго чыгып, Кыргызстандын баардык облустарын кыдырып, өзүбүздүн иш-түзүмдөрдү жайылтып, конкурстарды, мектептер арасында ар кандай мелдештерди өткөрдүк. «Кеменгер» студенттик клубуна демөөрчү болуп, «Акыл таймаш» долбооруна жакындан жардам берип, алдыңкы орунду алган балдарга акчалай сыйлыктарды ыйгардык. Университеттердин ичинен факультет аралык интеллектуалдык оюндар конкурстарына демөөрчү болуп келе жатабыз. Кыскасы, жаштарга стимул берип, дем-шыгын кұчөтүп, алардын туура багытта өнүгүп кетүүлөрүнө салымыбызды кошолу деген аракеттебиз. Азыркы учурда «Жарыш сөз” аттуу дебат теледолбоорун иш жүзүнө ашырдык…

 

– Кечиресиз, ал эми Орусиядагы иштериңиздер, ал жактагы сиздерден шыктанып калган жаштар унутулуп калган жокпу?

– Жок, алар унутулган жок. Орусиядагы филиалыбызда бул жактан барган кыргыз жаштарын колдоп-таяп, жумуш менен камсыз кылуудабыз. Ал жакта биздин 30дан ашуун жумуш берүүчү компаниялар менен түзгөн келишимибиз бар. Биз жумушчуларды жиберсек, алар кабыл алышып, жарандарыбызды ишке жайгаштырышат. Биз Россиядагы «Мегафон” компаниясы менен да тыгыз байланышта иштеп келебиз. Компаниядан симкарталарды сатып алып, ал жактын кыргыздарына бекер таратып беребиз. Муну менен  статистика жүргүзүп, Москвада канча кыргыз жараны бар экенин аныктай баштадык. Биз тараткан симкарталардын кызматы мында – Кыргызстандан барган концерт, КВН, иш-чаралар болуп калса, ошондой эле, кыргыз-орус элчиликтеринен жарандарга пайдалуу ар кандай маалыматтар келсе, биз ар бир симкарта номериндеги адамга билдирип, маалымат жеткирип турабыз. Самолёттун белеттерине акция жүрүп жатса да, мыйзамдар өзгөрүп кетсе да, депортациялар башталса да, дегеле биздин жарандар үчүн пайдасы же зыяны тийе турган кандай иш-чара болбосун, тараткан симкарталарыбызга смс аркылуу билдиребиз. Биз «Мегафон» компаниясынын абоненттерин көтөрүп бергенибиз үчүн, алар биздин симкартаны тараткан валонтёрлорубузга акча төлөп беришет.  Биздин мүчөлөр бул жактан барган жарандарга консультация берип турууну токтоткон жок, Орусияда кантип жүрүп, милициялар кармаган кезде кантип укугун коргоп оңой чыгып, кандай документтерди сөзсүз даярдоо керек экендиги сыяктуу маселелерди чечип берүүдөбүз.

Дагы бир баса белгилеп айта кетчү нерсе – залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгын Москва шаарынан белгилеп өткөрдүк. Уулу Элдар Айтматовдун уруксаты менен жузуучунун «Ак кеме» повесттин орус, кыргыз тилдеринде чыгарып, китептин чыгышын өзүбүздүн «Мекенчил жаш» уюму каржылады. Бул иш-чарага мейман болуп келишкен орус, өзбек, тажик, түрк, казак жана башка көптөгөн улуттардын диаспораларынан келген меймандарга орусча басылып чыкан китептерин таратып бердик.

 

– Сиз мекенден сыртта жүрүп, мекен көйгөйүн сырттан көрүп турдуңуз. Сырттан көргөн менен ичтен көргөндүн чоң айырмасы бар эмеспи. Учурдагы кыргыз жаштарына кандай баа бересиз?

– Азыркы мезгилдеги 30 жашка чейинки жаштарды алып карасак, алар мурунку жаштардай (2000-2009-жылдары борборго келишкен жаштар) эмес. Бул эки муундун айырмасы өтө эле чоң. Биринчилери ал убакта ата-эне салган тыйынды алып коюп, жалаң гана окуу менен алек болуп жүргөнбүз, курсак ток болуп, окуу сабактары жасалса, экзамендер тапшырылса болду. Ал эми азыркы жаштар окууну да окушат, ишти да ишешет, алдыларына койгон максаттары, амбициялары да өзгөчө, өлкөнү өнүктүрөбүз деген дымактары да күчтүү, алдыга болгон кадамды акыл калчап жасашат. Мындай жаштар басыгынан жазбаса, акыл нуктарын бузбаса – алдыларына койгон максаттарына адашуусуз түз жетишерине ишенем.

 

– Сиздин оюңузча мекенчил жаштар кандай болуш керек?

– Мекенчил жаштар эл-жеринин келечегине кайдыгер карабаган, мекен үчүн күйүп, Ата Журтум дегенде алдындагы ашын жерге таштаган, эрки күчтүү, ар-намыстуу, абийирдүү болушу керек.

 

– Алдыда кандай максаттарыңыздар бар?

– Негизи коомдук уюм болобу, фонд болобу, коомдук бирикме болобу – аягы келип саясат менен байланышат. Муну менен мен эртең саясатка кирип кетем деп айткым келбейт. Бирок, жашоонун өзү саясат болуп жатпайбы. Ал эми азыркы алдыга койгон план-максаттарыбыздын  эң орчундуусу – бул, жаштарга тарбия берген чоң иш-чараларды өткөрүп, чыныгы, билимдүү мекенчил жаштардын коомун түзүү. Биздин көпчүлүк билимдүү жаштарыбыз чет жактарга чыгып кетишкен, алар Кыргызстанга күйгөн абдан улутчул болушат. Окуусу, бизнеси ал жактан жакшы жүрүп жатканы менен, жүрөктөрү Кыргызстан деп согуп турат. Алардын да башын бириктирип, баарыбыз чогуу бир күчкө айлансак дейбиз.

 

– Демек, бир күч болуунун жолу баарыбир бийликке барууну көздөйт да…

– Мындай бир чындык бар. Мен жогоруда азыркы жаштардын кандай экенин мүнөздөп кеттим. Дагы кошумчалап кетейин, алар азыркы саясатчылардай болуп “акча берип министр болоюн да, кайра акчамды чыгарып алайын деп ойлошпойт, кресло кучактап ырахатка батсам деген көрсезимде жашашпайт, мындай ой кыргызды оңолсун деген жаштардын акылдарына караандап да койбойт. Тескерисинче, мекенин сүйгөн жаштар мыкты иштерди жасап, өлкөнүн көйгөйлүү маселелерин чечип, таза ысым менен тарыхка из калтыруу максатын көздөшөт. Азыркы мамлекетибизде болуп жаткан көйгөйлөрдү чыныгы мекенчил, эл-жер деген улан-кыздарыбыз гана чече алышаарына ишенем.

 

– Орусияга баргандарды иш менен камсыздайбыз деп жогоруда айтып кеттиңиз. Сыртка кетүү агымы дале токтой элек. Бул маегиңизди окугандардын сизге бере ар кандай суроолору болушу мүмкүн, эртең-бүрсүгүнү Орусияга кетем деген жаштарга, алардын ата-энелерине кандай кеп-кеңешиңизди берет элеңиз?

– Ал жакка кетип жаткандар «мени тайкем чакырды, досум чакырды, тууганым чакырды” деп эле кете бербей, ойлонуп кадам таштап, кандай документтер керек болсо ошолорду даярдап, анан барышса демекмин. Таптакыр эле эч нерсени билбей, каттоо, уруксат, патент, жумушка кандай орношуу жөнүндө түшүнүгү жок барып алышат да, милицияга түшүшөт же депортация болушат. Бул жактан кетип жатканда сөзсүз кеңеш алышса туура болот эле. Эгер биздин кеңсеге келишсе, бекер консультация беребиз.

Ал эми ата-энелер жаш, мектепти бүтө элек кыздарын Орусияга жибербешин өтүнөт элем. Себеби, аялзаты кыргыздын тукумун улоочу асылзат эмеспи. Алар эч нерсени билбей туруп ал жакка барып алышып, ар кандай кырдаалдардын курмандыктары болуп калуу менен бузулуу жолуна кандайча түшүп жаткандарын билбей атышат. Жаш, мөлтүрөгөн кызын жиберип коюп, «Кызым, качан акча саласың?» деп олтурган алты саны аман ата-энелерге кайрылаар элем, кызыңыз тагдырын бузуп албашына жол бербеңиздер. Кыз бала мектепти аяктап, жогорку окуу жайынын дипломуна ээ болгондон кийин гана сыртка чыкса болот. Ошондо ал кыз кимге кандай сүйлөштү, кандай кадам кылса туура болоруна көзү жетип, өзүн-өзү башкара алат.

 

– Жалпы жаштарга айтаар кайрылууңуз?

– Жаштарыбыз кай жакта болсо да мекенчил болуп, улуттун өзөгүн карманган идеологияны туу тутуп, кыргыз экенибизди даңазалап, дүйнөнүн кайсыл жагында жүрүшсө да акыры кайра Кыргызстанына кайтып келишсе дейм. Мекенибизди чогуу өркүндөтүп, чогуу өстүрөлү.

– Маегиңизге чоң ырахмат, тилектериңиздер ишке ашсын!

 

Айпери СЫРАЖИДИН кызы

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *