May 02

“Жаштарыбыз дүйнөнүн кайсы жеринде жүрсө да, Кыргызстанына кайтып келишсе”

SONY DSCКелечек муундун мекенчил инсан болуп өсүшү үчүн сөзсүз түрдө улуу муундун туура тарбиясы, туура багыты зарыл. Бирок, «Атасынан баласы өтүптүр» деп айтылгандай, азыркы учурда улуу муундарга караганда жаш муундар мекени үчүн күйүп, адилеттик издеп, мекендин өсүп-өнүгүшүнө болгон аракеттерин жасоодо, салымыбызды кошолу деп дилдерин коюуда. Мына ушундай жаштарыбыздын катарын толуктаган, жүрөгү эл-жери үчүн соккон мекенчил жигит – “Мекенчил жаш” коомдук бирикмесинин төрагасы Темирлан БЕКБОТОЕВ менен маек курдук.

Толугу менен

May 02

Даанышман, касиеттүү кеңешчи, тымызын элчи Тилекмат Жылкыайдар уулу (1800-1863)

7828

Кѳл кылаасынан чыккан Тилекмат аке жѳнүндѳ эл ичинде кеңири айтылып келе жаткан санжыралар, тарыхта жазылган окуялар, уламыштар кѳп.  Тилекмат аке из кылып калтырган ойлору, жасаган кыймылы, аткарган иши Түндүк Кыргызстандагы эл арасындагы топтордун, уруктардын, уруулардын, улуттардын кагылыштары учурунда ѳткѳн экен. Анын айтканы, кылганы атаандашкан уруктардын, уруулардын, манап, бий, султан, хандардын арасына табылгыс дары болуп, кансыз жеңишке жетип, чексиз даражага кѳтѳрүлүптүр. Жашаган жерине, журтуна, элине, эгемендүү коопсуздук, салтанаттуу багыт, дѳѳлѳттүү жол, жеңиш алып келиптир.  Толугу менен