Айкөл Манас санчылыгы

7-бет 8-Ордодо

Алмаз ЭРКЕБАЙ, санчы

«Көк асаба» гезитинин өткөн санындагы Темирбек Токтогазиевдин макаласында Тыныбек манасчынын башынан  өткөн аян-сырда Манас мындайча сүрөттөлөт:

«Биринчи сапта бешөө бар,
Берендер ошол, көзүң сал.
Бир-бирден айтып берейин
Белгилеп баарын таанып ал.
Оң жагыңда экөө бар,
Сол жагында экөө бар,
Ойроттун ээси ошондо,
Ортосунда бирөө бар:
Аккула сындуу ат минген,
Ак олпок сындуу тон кийген,
Ак келтени асынган,
Сыр найзасы калкылдап,
Кылычы белде жаркылдап,
Калың колду башкарып,
Карап турган баркылдап,
Кабагы бийик, өңү саз,
Жердеген жери кең Талас
Таанып алгын ушуну
Кабылан баатыр эр Манас», – деп, жолуккан адамы Манас атабыздын чоролорун бир-бирден тааныштырган  Тыныбек манасчынын Айкөл Баатырга кез келгени сүрөттөлөт.

Жогорудагы Манасты сүрөттөгөн окуясындагы  катарын бузбай так турган сандардын  табышмагы көпчүлүк окурмандардын назарына деле илинбээр. Ооба, биз калыптанып калган түшүктөрдөн улам, сандарды  ошол окуяларды даана баяндаш үчүн деп кабыл аларыбыз  чын. Бирок, биз ушул айтымдагы байкалбаган сыр жөнүндө санчылык илимин пайдаланып чечмелеп көрбөйлүбү.

Деги эле жашообузда жөндөн-жөн кокустук болбойт. Биз анын артында кандай маалымат жашырынып жатканын аңдай албаганыбыздан  улам, кокустукка шылтап жиберип, оңой кутулабыз.  Ал эми сан багытында иштеген адистердин пикирлеринде, жөн делинген кокустуктардын да түшүндүрүлө турган түйүндөрү бар.

Эмесе, Тыныбек манасчынын айтымындагы сандарды чечмелейли: «Биринчи сапта бешөө бар, Берендер ошол, көзүң сал» деп, эки жагындагы экөө жана алардын ортосундагы Кабылан баатыр эр Манасты таанып ал деп,  Айкөл атабыздын  кадырлуу ордун эң мыкты аныктап, керемет сөздөр аркылуу көркөм саймалап элге жеткирүүдө.  Көчмөн элдин жоокер жүрүшүндөгү математикалык так ойлонулган  аскердик тактикасы сакталып, биринчи саптагы оң, сол жана ортодогу үчүлтик бузулбай,  эки жагында экиден төртөө, бешинчиси Манас. Жакшылап аңдаган адамга, нөл, бир, эки, үч, төрт жана беш сандары жөнүндө кызык ойлор былк этпей табышмакталып турат. Нөл саны кайдан чыга калды деген түшүнүксүздүктөр жаралбасын. Ал ушул аскер жүрүшүндөгү жеңишке жетиш үчүн ойлонулган орошон ой. Нөл саны баарын баштап, жер алдында көрүнбөй бекем кармап турган пайдубалдуу тамыр.

Ойлонулган ойду (нөл) ишке ашырыш үчүн биринчи саптагы беш жоокер бир муштумга түйүлүп, үч багытта алдыга жылуудагы чабуулдарды камсыз кылышууда. Мындай аскердик ыкма азыр да актуалдуулугун жогото элек. Эки жагындагы экиден (оң, сол) төртөөнү бөлбөй,  бирге аракеттерге өткөрүп, бир кылып , ар түрдүү буйруктарды түзүлгөн абалдарга жараша тескеп-теңдеп, жерди астын-үстүн кылган сүрдүү, кубаты зор, кайраты мол жортуулдарды уюштуруп туруучу бешинчиси – Манас. Бул айтылган ой, майдан талаасындагы аскер бөлүгүнүн эң эле бир кичинекей бөлүгүндөгү гана окуя. Эгер Айкөл Баатыр кырк чоросу менен болгондо, дагы эле ушундай жоокердик ыкмалар сакталып, алдыга жылуудагы кулачы гана кеңеймек. Кырк чорону талдасак, беш чоронун бирөө кенже командир. Сегиз сапка бештен тизилгенде кырк чоро. Кырк биринчиси – дагы эле Манас. (40+1=41. 4+1=5) . Кырк бирди кыскарта келгенде,  айланып келип Манас «беш» деген санда жана ал беш тамга. Эмнеге беш деген түпөйүл суроо туулбай койбойт.

Тагдыры «беш» таалайлуу эл

Тибеттиктердин илгерки салттык түшүнүктөрү азыркыга чейин сакталып, адам төрөлгөндөгү энчилүү ат коюуда, беш тамгалуу ысымдарды керектүү жерлерде мыкты пайдаланышат.  Мисалы, Тибет лидери Далай Лама. Тибет, Далай дегени беш тамга, «лама» мугалим дегенди түшүндүрөт. Манас эпосунда да ушул адат уланып жаткандай. Сагымбай манасчынын варианты боюнча Манастын бабаларынын атын атасак: Бабыр хандан Түбөй, Түбөйдөн  Көгөй, андан Ногой, Шыгай, Чыйыр деген үч уул болгон.  Ногойдон Орозду, Усөн,  Бай, Жакып деген төрт уул болгон. Кытай мамлекети буларды бөлүп кетип, Жакыптын Чыйыр деген агасы каза болуп, Чыйырдын Шакан аттуу аялын  Жакыпка никелешкен, аны менен катар, Бөйөн дегендин Бакдөөлөт аттуу кызын алган. Байбичесинин Шакан аты калып, баштагы эринин атын өчүрбөй Чыйырды деп атанып кеткен. Мындан сырткары Бакай, Кошой, Жолой, Чубак…

Эгер нөлдөн тогузга чейин эле бирдик сандар бар, калганы миллиардга кеткен чексиздикке чейин кайталанат деген математикалык логикалык бекем ойго таянсак, анда 5 саны, сандардын  жоон ортосунда  жайгашкан. Кыргыздарда «алдыга чыксаң көз тийет, артта калсаң сөз тийет, жоон ортодон чыкпаган» накыл кеп бар.  Ал бир эле учурда алты тараптуу (оң-сол, өйдө-ылдый, эки кесилишкен диогонал) багытта ишмердүүлүгүн жасай ала турган кайталангыс, касиет карманган сан окшобойбу. Башка бирдик сандар бештей болуп түркүн тараптуу кызмат аткара албайт. Бабаларыбыз сыйынган Теңир деген Жараткандын аты да беш тамга.

Ыйык Журтубуздун  эгемендик жаӊы тарых барактарындагы датасы – 31.08.1991-жыл. Санчылык  илиминде (нумерология) туулган күнү – инсандын,  мамлекеттин ким экендигин айтса, ал эми жалпы (күн, ай, жыл) кошо келгендеги саны, анын тагдыры жөнүндө кабар берет. Кулк-мүнөзү 31, (3+1=4). «Төрт» саны Манасты жандап, сактап жүргөн  төрт жоокердин, жалпылаганда Кырк чоронун (40, 4-0=4) саны менен бирдей чыкты. Мекенибиздин туулган күн, ай, жылдарын кошсок «беш» деген тагдыр саны чыгат. 31.08.1991. 3+1+8+1+9+9+1=32=3+2=5. Манастагы «беш» деген даражалуу кут даарыган сан дагы кайталанып, керемет Кыргызстандын кең келечегин айтууда…

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *