“Кытайлык казактар “Кара жорго” ыр-бийин кытайлык кыргыздардан үйрөнгөн”

1087_g

Болот ДЫЙКАНБАЕВ, жеке ишкер, 10 жылдан бери “Кара жоргону” кыргыз элине сиңирем деп аракеттенип келген мекенчил инсан

 5-март күнү борборубуздагы «Ала-Тоо» аянтында «Ак калпак күнү» өтүп, 3 жылдан бери белгиленип келаткан бул майрамдын быйылкы өзгөчөлүгү – кыргыздын байыркы улуттук бийи «Кара жоргонун» көпчүлүк менен бирге бийлениши болду. Учурда «Кара жорго» бийи кыргыздыкыбы же казактыкыбы деген талаш-тартыш суроолор көп болгондуктан, биз бул бийди Кыргызстанга кеңири жайылтып, таанытып жаткан жеке ишкер Болот Дыйканбаевге кайрылып, “Кара жорго” тууралуу кеңири айтып берүүсүн өтүндүк.

9-Дыйканбаев– Болот агай, сиз «Кара жорго» бийи тууралуу алгач кайдан билдиңиз жана кандай жол менен Кыргызстанга тааныта баштадыңыз?

– Мен кайсы өлкөгө барбайын, сөзсүз ал өлкөнүн тарыхый музейине кирип, ошол элдин тарыхын изилдейм. Музейлеринде кыргыз тууралуу же кыргызга тиешеси бар сүрөт болсо, анын кандай жол менен, ким аркылуу ал жерде илинип калганын билип, авторуна жолугам. Китептеринен кыргыз тууралуу сөз көрүп калсам, сөзсүз түрдө толук окуп чыгам. 2003-жылы Кытайга жеке иштерим менен барган элем. Ал жакта жүрүп, кытайлык казак балдар менен достошуп калдым, алар мага: «Кыргыздын «Кара жорго» деген улуттук бийи бар. Сен аны бийлей аласыңбы?» деп сурашканда, билбейт экем деп айттым. Анан алар өздөрү кыз-жигит болуп бийлеп беришти. Бийлегендери мага абдан жакты. Кандайча бул кыргыздын бийи экенин билдиңер десем, “Кытайдагы Кулжа деген жердеги кыргыздар бийлешет” дешти. “Бул бийди үйрөнүшүм керек экен” деп калсам, кытайлык казактар: «Биз кыргыздардан уруксат алдык, жакында клип тартабыз. Ал клип тартылгандан кийин сага да салып жиберебиз» дешти. Ошентип, алар сөзүндө турушту да, клип тартылып бүткөндөн кийин, 2004-жылы мага  салып жиберишти. Клип колума тийген мезгилде дароо эле Жеңишбек Айтиев деген ырчы балага: «Биздин улуттук «Кара жорго» деген бийибиз бар экен, сен муну үйрөнүп, элге алып чык» десем, ал: «Макул, ырдап-бийлеп чыгам» деп коюп, ырды 3 жыл кармады. Ага берип койгондуктан, бийди  башка бирөөлөргө сунуштай албадым. “Кара жоргонун” чыгышын күтүп жүргөн убакта улуттук оюндардын тоюн өткөрүүнү чечтим. 2007-жылы 52 боз үй тиктирип, Өзгөн суу сактагычынын жанында чоң той жасап, кыргыздын 9 түрлүү улуттук оюндарын ойноттум. Бул, кыргыз оюндарын жайылтуу максатында көздөлгөн эле. Андан кийин 2 жылдай Турцияда жашап келип, 2008-2009-жылдары Өзгөн районундагы Жазы айылынын өкмөтү болуп иштеп, чыгармачыл тарапка көңүл бурганга убакытым болбой калды. Буга чейин кыргыз чыгармачылыгына салымымды кошоюн, кайсы үйгө кирсең эле башка элдердин клиптери жаңырып калыптыр деген ойдо кыргыз эстрадасына жардам берүүнү баштагам. Ошентип, арадан 6-7 жыл өтүп кеткенден кийин 2010-жылдан баштан «Кара жорго» бийин көтөрүү үчүн бүт күчүмдү сарптадым. Ал убакта бий жөнүндө эч ким укпай койгондуктан, өзүм 2 жигитти таап, аларга кара жорго бийин үйрөтүп, ырдатып, ал топту «Санжыра» деп атап, анан бийди жайылтуу максатында чоң тойлорго бекер алып барып бийлетип жүрдүм. Ырды радиолордун баарына жибердим, баары эле конкурстан өтпөй калды деген шылтоо менен албай коюп жатышты. Акырында «Санжыра» радиосуна алып барсам алышты. Ошентип, ырды радиодон уккандан тарта, элге бий жөнүндө түшүнүк келе баштады.

 

– Теле аркылуу кантип чыгып калдыңыздар?

– 2013-жылдын күзүндө КТРКнын журналисти Кубанычбек Эсенбаев: «Биз кыргыз бийлери жөнүндө эфир даярдап жаттык эле, сен да келип «Кара жорго» жөнүндө айтып бер, бийлеген балдарыңды да ала кел» деп чакырды. Ошол көрсөтүүдөн кийин бизди баардык телеканалдар чакыра башташты. Менин өкүнгөнүм, биз, кыргыз эли баардык нерсени кечигип түшүнгөн элге айланып калыптырбыз. Анткени мен 2003-жылдан бери какшасам да эч ким кабыл албай койгон. Качан гана 2012-жылы казактар өздөрүнүн улуттук бийи катары таанытып бийлей башташканда, 2013-жылы биздин радио-телевидениелер мени чакыра башташты.

 

– Айрым адамдар “Кара жоргону” казактар тартып алды дешсе, айрымдар “бул казактардыкы” деп эле айтып жатышат. Жеке өзүңүз кыргызда бул бийдин жашаган-жашабаганына кызыгып көрдүңүзбү?

– Жогоруда мен бул бийди Кытайга барганымда көрдүм, уктум дедим. Бирок, алгачкы маалыматты тээ 1993-жылы, өзүмдүн атам аркылуу “хандын бийи” деген аталышта тааныган элем. Ошол жылы бир тууган эжемдин тоюнда атам: “Силерге хандын бийин бийлеп берейин” деп ортого чыгып, бизге бийлеп берген. Көрсө, ошол бий – “Кара жорго” бийи экен. Анда атамдын жашы 65те эле. Ошол жылдары видеокамералар айылга жаңы эле келе баштаган, атамдын бийлегенин тартып алганбыз. Ал убакта мен 8-класста окучумун, жаштык кылдым окшойт, бийге анча көңүл бөлбөпмүн. Той өткөн бир нече күндөн кийин атам экөөбүз чөп чаап жүргөндө бий тууралуу сурасам, ал мага буларды айтып берген: элибизде 10-12-кылымдарда Караханит хандыгы болгон. Ал учурдагы хан болуп турган Бууракахандын убагында чоң той берилет. Бир өлкөдөн бир өлкөгө баруу үчүн хан да, акылмандары, жансакчылары, жан-жөөкөрлөрү да, баары жалаң кара жорго таптап минишчү экен. Анткени, кара жорго менен жүргөндө барчу жерге тез жетишчү, минип бараткан адамды да  жорго чарчатчу эмес. Ошентип, жанагы чоң тойго чакыртылган Бууракахан өзүнүн адамдары менен баратканда, аларды узактан көргөн жарчылары “ханыбыз келе жатат” деп кыйкыршып, акындар ханды мактап-жактап комуз күүсүнө салып ырдап башташат. Хан жакындап калганда күүчүлөр комузун дагы күчтөп, күүлөп шаңдуу  чертишкенде жорголор күүгө берилип кетип, үстүндө адам олтурганын унута салыша жорго басыгынан адашып, башкача басык менен кете башташкан. Ошол учурда хан баш болгон ат үстүндөгүлөр жыгылып калбаш үчүн коргонушуп, эки жакка ооп, тең салмактуулугун жоготуп алышкан. Бир колунда камчы, бир колунда тизгин болгон хан жана жан-жөкөрлөр эки жакка ооп кыймылдап жаткандарын алыстан көргөндөргө хан тойго бийлеп келе жаткандай көрүнгөн дешет. Ошондо эл “хан тойго бийлеп келе жатат” деп жар салышып, калайык журт ханга ызаат кылып алар да хандын алдынан ал бийлегендей бийлеп чыгышкан дейт. Бул кыймыл ханга да, элге да ошондон кийин жагып, “кара жорго бийи” пайда болгон экен.  Ошол учурдан тарта ар бир той-ашта кара жорго бийлене баштаптыр. Мезгил өтүп, Караханит мамлекети талкалангандан кийин “Кара жорго” бийи унутта кала баштаган. Кокон хандыгы учурунда кыргыздардын эки мамлекети болгон. Бири Анжиян тарапта, экинчиси Кытайдагы Кашкар тарап. Кытайдагы мамлекетибиз 7 шаар хандыгы деп аталып, ал хандык бүгүнкү аталган Үрүмчү, Кашкар жерлерин башкарып турган. Ошол учурда 7 хандыкка барып жашаган кыргыз элибиз “Кара жорго” бийин сактап калышкан экен.

Ошентип, мен он жылдан бери күрөшүп келаткан бий бир эле жолу теле көрсөтүүдөн кетип, 6 айда элге тарап, жалпы журтка жакшы кабыл алынып сиңип кетти. Демек, бул бий биздин каныбызда бар болгону үчүн ушунчалык тез кабылданды. Ал эми казактардын кыргыз “Кара жоргосун” бийлеп жатканына, дегеле кайсы улут бийлебесин, биз ыраазы гана болушубуз керек. Бийди казак да, кыргыз да, уйгур да, моңгол да бийлесин, анткени, баарыбыздын түпкү ата-тегибиз бир. Дүйнөдө кыргыздан тараган баардык улуттардын бийди бийлегенге акысы бар деп эсептейм.

 

– «Кара жоргонун» тексти кимге таандык экенинен кабарыңыз барбы?

– Бул ырды биринчи жолу Кытайдагы «Алтын Адам» деген ресторандан уккам. “Кара жоргону” ырдап-бийлеген кытайлык казак балдардан “ырдын сөзүн ким жазган?” деп сурасам, “сөзү элдики, кыргыздар оозеки ырдап жүрүшөт, аны биз казакчага которуп ырдадык” деди. Мага клипти кытайлык казак достор жибергенден кийин, ырдын маанисин бузулуп кетпеш үчүн  ошол эле текстти кыргызчага котордук.

Бий кыргыздыкы экенине дагы бир мисал келтирейин, 2006-жылы мен Казакстандын Талдыкурган облусуна тойго барып калдым. Ал жерде Кытайдан келген кытайлык казак жубайлар бар экен. Казакстандыктар аларды оролман (келгин казак) деп коюшат. Ошол оролман жубайлар “бул жерде кыргыз тууганыбыз да бар экен, биз кыргыздын бийин бийлеп берели” деп, «Кара жорго» бийин бийлеп беришкен. Кытайлык казактардын минтип айтканынын өзү албетте “Кара жорго” кыргыздыкы экенине чоң далил болуп турат.

Маектешкен Айпери СЫРАЖИДИН кызы

2 thoughts on ““Кытайлык казактар “Кара жорго” ыр-бийин кытайлык кыргыздардан үйрөнгөн”

  1. Айпери менин апам менен иним айтты эски кыргыздын киносу бар дейт. Бир бала комузга кара жорго бийин бийлеп чыккан экен, бир кемпир бийле деп урушканда. Ушул эски кино дагы бул кыргыздын бийи экенин далилдейт. Данияр байкеге айтып койсонуз же сизге балким бул маалымат керек болоттур. Айнура

Leave a Reply to Амина Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *