Кытайда Манастын тарыхый инсан экендигин тастыктаган сүрөттөр бар (уландысы)

Темирбек ТОКТОГАЗИЕВ, журналист, “Манас жаңырыгы” ТРКсынын башкы директору

(Уландысы)

Пекиндин (Чоң Бээжиндин) мамлекеттик музейинен тартып алган картага аябай сүйүндүм. Ушул күнгө чейин мындай картанын бар экендигин билген эмеспиз. Макелек Өмүрбайдын да кубанычы зор болду. Кечинде, жатакка келгенде, картаны “ноутбуктун” экранына чыгарып алып, кыргызчага которуп, ушул Ляо (кидандардын) империясынын убагындагы байыркы картага көпкө үңүлүп тиктеп, өзүбүзгө белгилүү болгон тарыхый маалыматтар боюнча  узакка чейин пикир алмаштык.

Профессор Макелектин пикири боюнча Манастын негизги  жоосу – кидандар. “Кидан” деген сөз “кытан” болуп өзгөрүп, анан “кыта”, “кытай” сөзү келип чыккан. Макелек мырзанын мындай пикирин Пекинде биз жолуккан ханзу улутундагы окумуштуу Дуң Шилин дагы бекемдеди. Бул окумуштуу ушул кидандардын тарыхын тыкыр изилдеп, анын изилдөөлөрүнүн негизинде Мамлекеттик ССТВ каналы беш бөлүктөн турган даректүү тасма тарткан экен. Бул окумуштуунун изилдөөсү боюнча: “Кидандар империясы биздин доордун 907-жылында Тан империясын жеңип, анын ордуна өз бийлигин орнотуп, дээрлик 200 жыл чамасында Орто Азияга чейин өзүнө каратып, күчтүү мамлекет түзүмүн тургузган”, – дейт. Дуң Шилин мырзанын айтымында Ысык-Көлдү, Баласагын шаарын каратып алып, Таласка чейин жортуулдарды жүргүзүп, Фергана ѳрөөнүндөгү Даван мамлекети дагы ага салык төлөп тургандыгын бизге айтып берди.  Кидан – Кытай мамлекетин түптөгөн адамдын аты – Жолой Абоке. Ал өзүнүн төрт биртууганы менен бирдикте тунгус тил группасындагы майда сегиз хандыкты бириктирип, “темирдей бекем” мамлекет түзүп, ханзулардын Тан империясын талкалап, эбегейсиз чоң чөлкөмдү тескеп турган. Баарынан кызыгы, ушул Жолой Абокенин биртуугандары ага каршы төңкөрүш уюштурабыз деп жатканын билип калып, аларды айлана-чөйрөсүндөгү жоро-жолдоштору менен кошо камап, биртуугандарынан башкаларын өлтүрткөн соң, бирбиртууганы ачык каршылашып, салгылаштан кийин качып кетет. Мына ушул сюжет “Манастагы” Алмамбеттин окуясына дал келет экен.

Бээжиндердин улам кийинкисине барганда, ал жердеги музейлерден тартып алып аткан карталардын эң эле көрүнүктүүсү – Чет Бээжиндеги (Лиаояң) чоң карта болду. Баарынан кызыгы, биздин музейге келгендеги окуябыз кудум эпостогу Алмамбет менен Сыргыктын Чет Бээжинге чалгынга келгенине окшоп кеткени таңдандырды.

Лиаояңдагы биз токтогон жатактан бул, атайын Кидандар династиясына арналган музейге чейин 200 км чамасындагы аралыкты автобус менен басып, эч нерсе капарыбызда жок музейдин астына келсек, жабык экен. “Ишемби, жекшемби күндөрү дем алыш” деп эшигиндеги тактага жазып коюптур. Күндүн ишемби болгонун деле эсибизге албаптырбыз. Музейдин үч кабат кооз имаратын сыртынан тартып кетебизби деп кыжалат болуп, “ичинде эмне бар болду экен” дегендей айнектен жасалган эшигин шыкаалап караганыбызда, эшик ачылып, ичинен жыйырма-жыйырма беш жаштардагы жаш кыз чыгып: “Неге шыкаалайсыңар, силерге эмне керек?” деп сурады. “Биз алыскы Кыргызстандан келдик, музейди көрөлү дегенбиз” десек, тигил кытай кызы: “Музей жабык, жетекчибиз текшерүүчүлөр менен келем дегенинен келдим эле” деп, бизди узатып жиберүүгө шашты. Биз ага жок дегенде музейдин кире беришин көрүп алалы деп суранганыбызда киргизди. Музейдин фойесинде Чоң Бээжиндин музейинен биз тартып алган картанын эң эле чоң көчүрмөсү илинип турганын көрүп сүйүнгөнүбүздү байкаган кыз “сүрөткө тартууга болбойт, бирок силер алыстан келипсиңер, тез-тез тартып алгыла, жетекчим келип калса аппараттарыңарды ката калгыла” деп мээримдүү жылмайды. Картаны сүрөткө түшүрүп алган соң музейди көрүп алалы деп өтүндүк. Ханзу кыздын макулдугун алып, экинчи кабатына көтөрүлдүк. Чырактарын өзүбүз жандырып, музейдеги экспонаттар менен таанышып, бизге керектүүлөрүн сүрөткө тартып алдык. Үчүнчү кабатын да көрүүгө үлгүрдүк.

Музей кызматкерине ыраазылыгыбызды билдирип эшикке чыгып, музей имаратын сыртынан сүрөткө тартып жатканыбызда үч машина катарлай келип токтоп, бир топ киши музейди карай басты. Бизге музейдин эшигин ачып берген кыз шыпылдай чыгып, тигилер менен ийиле учурашканын көрүп, Макелек мырзага кайрылдым. “Кудум эле Эсенкан кызы Бурулча Алмамбет, Сыргак аталарга Чет Бээжиндин дарбазасын ачып бергендей окуя болду го” десем, профессор күлүп, “Туура айтасыз, мен да ушуну ойлоп аттым эле” деди. Бул мамлекеттик музейге катарлаш  жеке менчиктеги дагы бир музей бар экен. Кызыгы, бул музейдин сыртындагы көрнөгүндө анын  дагы кидандар тарыхына арналуу музей экени жазылыптыр. Бул музей дагы жабык экен. Кетели деп турганыбызда бир жигит келип, “көрөлү дедиңер беле?” деп сурады. Биздин ниетибизди билген кытай жигит музейдин кызматтык эшигине ээрчитип барып, катуу-катуу каккылаганда чыккан жаш жигитке бир нерселерди кобурап коюп өзү кетип калды. Тигил жигит бизди музейге киргизип, андагы экспонаттар туурасында кеңири айтып берди. Биз музейлерден тартып алган карталардын дээрлик бардыгында (албетте, бул карталар кытай мамлекетинин тарыхындагы Лео доорунун (биздин замандын 907-1125 жылдар) карталары деңизчи) кидандар менен чектеш турган  кыргыз мамлекетинин болгондугун айгинелеген факт кубандырды.

2003-жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгилөөнүн алкагында  Кытай императорлорунун Кыргыз каганына жазган каттары жарыяланган. Ал каттарды кытай тилинен профессорлор Ху Чженху менен Макелек Өмүрбай уулу которуп, ошол кездеги гезиттерде басылып, өзүнчө китеп да болуп чыккан. Эми ушул сапарымда Макелек мырза менен үзөнгү жолдош болуп, ”Манастагы” Беш Бээжиндин чын-төгүнүн билүүгө аракеттенип, сапарлашым менен кенен-кесири пикир алмаштым.

– “Шажаз” – “кыргыз” дегенди билдирет, – дейт профессор Макелек Өмүрбай. – Бул тууралуу кытайдын Тан доорундагы императору Тайзуң Лишимин б.д 630-жылы өзүнүн атайын буйругун дагы чыгарган. Ал буйрукта “Кыргыз Мамлекет атынын жазылышы мурда батыштагы бүтүн улуттардын жазууларынан тыбыштап которуп жазылып келген. Ошол себептүү котормолордо жазылышы ар башка болуп, окшобой келген. Акылдашып көрүп, мындан ары кыргыздардын мамлекет башчысына мансап ыйгарганда, жана башка учурларда алардын мамлекетин “Шажаз” деп үч жазуу менен тыбышталып которулуп жазылсын деп бекитилди” дегенин өзүм көөнө тилден которгонум эсимде. Мына эми, бул карталардан көрүнүп турат, ошол императордун жардыгынын чыныгы ишке ашканы,- деди кытайлык профессор.

Ооба, бул көөнө карта тарыхтагы 907-жылдан 1125-жылга чейинки аралыкты чагылдырган карта экен. Бирок бул карта качан жана кайсыл доордо түзүлгөнүн билүү кыйын. Ал эми, ушул көөнө карталардын негизинде түзүлгөн чоң картада (сүрѳттѳгү) кидандардын мамлекетине караган аймактар толук чийилиптир, жана коңшу мамлекеттердин да жайгашуу абалы так көрсөтүлүптүр. Мына ушул картага ылайык, кыргыздардын 9-11-кылымдар аралыгында Энесай дарыясынын боюнан Чыгыш Сибир чөлкөмүн толук ээлегени көрүнүп турат.

Ал эми, бүгүнкү жашаган жерибиз ошол кездеги Карахандар мамлекетинин аймагында көрсөтүлүптүр. Бул көрүнүш дагы ойлондура турган маселе экен.  Биз окуган тарых (СССР убагындагы) китептеринде кыргыздардын Энесайдан Орто-Азияга көчүп келишин 11-кылымга таандык деп белгилешкен. Ошол эле мезгилде, кыргыздар Тан империясынын түндүк-батыш кошунасы катары да белгиленген китептер бар. Деги Карахан мамлекети кыргыздарга тиешеси бар беле деген жүйөлүү суроо туулат. Бул маалыматтарга катар кыргыз элинин улуу энциклопедиясы болгон “Манас” эпосун алып карасак, Караканды кээ бир манасчылар (Сагымбай Орозбаков, Жакшылык Сарык уулу) Манастын түпкү аталарынын бири катары сүрөттөшсө, айрымдары (Тыныбек Жапый уулу, Молдобасан Мусулманкулов, Саякбай Каралаев) Караканды Манастын чоң атасы катары айтышканын эпостон окуйбуз. Каракан тууралуу мындай маалымат бардык манасчыларда кездешет. Мисалы:

Түп атасы Түгөл кан,

Түбүнөн Кыдыр даарыган,

Башкы атасы баары кан,

Башынан Кыдыр даарыган…

…Атасынан бабасы

Арсландын тукуму

Ичсе канга тойбогон,

Огой кандан Балакан,

Балакандын баатыры,

Канча жерге тараган,

Каяшаяк бергенди

Кармап алып сабаган.

Эңкейип адам албаган,

Бет алып менде барбаган,

Балакандан Каракан,

Кайраттуу, мыктуу, заары күч,

Бу да катылганды кылган түз,

Кыргыздан тарап туулган,

Мунун кайратынан жан чыгып,

Кытайга салган чуулган. (С.Каралаев. Манас. Турар.2010, 18-бет). Же,

Бөйөндөн Чаян төрөлдү,

Чаяндан туулду Каракан,

Каракандан “Кыргездин”,

Бир далайы тараган.

Каракандан Орозду,

Ойротто жок чоң болду. (Ж. Мамай. Манас. Шинжаң эл басмасы, 2004, 7-бет).

Карахандардын мамлекети ушул Каракан атабыздын атынан коюлуп жүрбөсүн деген суроого так жооп табууга аракеттендик. Тилекке каршы, Карахандардын качан пайда болгондугу, бул мамлекетте жашагандардын мусулман динине качан жана кандай абалда өткөндүгү тууралуу маалыматтар жок болгондуктан, алардын мамлекет түзүлүшүн изилдеген илимпоздор негизинен 11-кылымдан кийинки гана мезгилге кайрылышат. Карахан мамлекетин түптөгөн адам катары Буура хан бин Харундун (999-жыл) атын аташат. Бул окумуштуулардын негизги изилдөө объектиси катары Хас хаджип Жүсүп Баласагындын  “Кутадгу билиг” жана барскоондук  Махмуд Кашкардын “Дивани лугат-ат түрк” деген эмгектеринде баяндалган окуяларды, жазылган жер-суу аттарын сыдыргыдан өткөрүүнүн негизинде өз тыянактарын чыгарышат.

Ал эми, германиялык профессор доктор Шолборктун (бул картаны “Көк Асаба” гезити 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 7 санына жарыялаган)  IX кылымга таандык деген картасында да, биз алып келген Кидандардын картасында да Кыргыз мамлекети менен катар Карахандар мамлекети көрсөтүлгөн. Демек, Карахандар мамлекети Х кылымдан мурда эле болгондугунун далили табылып атат. Бул жагдайды биздин окумуштуулар тыкыр изилдей турган маселе экенинде шек жок.

Чоң Бээжиндин Мамлекеттик архивинде болгонубузда шибэ улутундагы бир азамат менен таанышып калдым. Кыргызчаны казакча, уйгурча аралаштыра сүйлөгөн шибэ жигит он жылдан бери ушул архивде байыркы манжу тилиндеги тесттерди которорун айтты. “Кыргыздар туурасында маалымат жолуктура алдыңызбы?” деген суроомо, “Манжулардын убагында силердин бабаларыңарды “бурут” деп аташкан. Буруттар тууралуу маалымат өтө арбын”, деди. Бул шибэ улутундагы жигит менен жакындан таанышып, биздин тарыхыбыз боюнча маалыматтарды топтоп берүүсүнө макулдугун алдык. Бул дагы биздин экспедициябыздын орчундуу иштеринин бири болду.

Музейлердин биринен сатып алган журналда Маозедундун макаласы бар экен. Ал макалада Кытай мамлекетинде колдонулган  карталардын көпчүлүгүн манжур империясынын окумуштуулары түзгөндүгү жазылганын  Макелек Өмүрбай которуп берди. Балким биздин колубузга тийген Кидандар империясынын картасы дагы манжурлар тарабынан түзүлгөндүр.

Кытайдын тарыхын карап көрсөк, Тан империясы биздин доордун 618-жылынан 907-жылга чейин бийлигин жүргүзгөн болсо, аны талкалап мамлекет башкарууну кидандар колуна алып,  Беш Ордосун түптөптүр. Аларды 1125-жылы ташын талкан кылып, кидандарды тыптыйпыл кырып жок кылган жүржүттөрдүн ташы өйдө кулап турган кезде, 13-кылымдын башында Чынгыз хандын ордосу бийликти өз колуна алып, Монгол империясы бүткүл Кытайды 1368-жылга чейин сураган. Өз кезегинде монголдорду Мин империясы алмаштырган (1368-1644-ж.ж.), ал эми аларды  манжурлар саясый аренадан кубалап чыгып, 1644-жылдан 1911-жылга чейин өз бийлигин жүргүзгөн. Тарыхынын өнүгүү жолунда Кытай мамлекетинин ар кайсы династияларынын бийлик жүргүзүү учурларын айрып билүүгө толук мүмкүн экенине ушул экспедициябыз учурунда ынандым.

Жогорудагы империялардын тарыхына үңүлө карасак, анын чың болгон кези – майда хандыктардын мамлекет бийлигин жүргүзүүдө бир императордун тегерегине бириккен мезгилинде экенине ынынасың. Анткени, ошол тапта мамлекет өнүгүп, императордун жеткен жеңиштеринен кийин эл турмушунда тынчтык өкүм сүрүп, бакыбатчылык болуп, анан акырындап бийликтин күчү кете баштаганы байкалат. Бийликтин күчү бошоңдогон кезде эл ичинде бытырандылык, бөлүнүп-жарылуу, араздашуу, майда хандыктардын ич-ара кагылышуулары жалпы элдик толкундоолор менен коштолуп, анан акырындап мурункунун ордуна жаңы империя түптөлүп, өнүгүп-өскөнү мыйзам ченемдүү кубулуштай көрүнөт. Бээжиндердин музейлериндеги экспонаттар менен карталар буга күбө.

Чоң Казатта Манас атабыз баштаган кыргыздын колу эмне үчүн алгач Чет Бээжинге барды деген суроо мени дайыма түйшөлтүп келген суроолордун бири. Бүгүнкү Лиаояң шаары бир кездеги Чет Бээжин шаары турган жерде экен. Учурда мында байыркы шаардан эмне калды, деги эле бир нерсе калды бекен, эмнеси болсо да өз көзүбүз менен көрүп-багалы деген ойдо бул шаарга келгенбиз. Эски шаардын тоому азыркы шаардан бир топ эле алыс экен. Көөнө шаар калдыгын тартып алгандан кийин, интернеттен тапкан, Кидандардан калган “Батыш өңүрдөгү дарбаза” дегенди издеп жөнөдүк. Деги эле аны билген жергиликтүүнү жолуктура албадык. Таксисттердин деле көпчүлүгү биле бербейт экен. Бир канча таксисттин ичинен бирөө гана: “Мен анын кайда экенин билем. Эч ким барбаган жакка эмнеге барасыңар?” деп суроо салды. “Атабыздын башын издеп жүрөбүз” деп тамашага айландыра жооп бердик. Жеңил машина шаардын батыш тарабына бет алып, жарым сааттай жүргөндөн кийин: “Мында асфальт да жок, бут кийимиңер чыла болот”, деп бир кайрылышка бурулду. Заңгыраган таш жол менен келатып эле баткак жолго салганда чыны менен бул жакка эч кимдин келбесине ынандык. Эски имараттын калдыгы 1960-жылы калыбына келтирилгендигин баяндаган таш тактанын бетиндеги жазууну Макелек мырза окуп берди. Кобурашып, сүрөткө тартып жатсак  бир жагы кыйшайган эски дарбазанын ары жагынан улгайган адам чыгып, “көрөлү десеңер ичкери кирүүгө мүмкүн” деп жылмая карады.

Чет Бээжиндин батыш тарабындагы дарбазанын  тоомун өз мезгилиндегидей кылып реставрациялаптыр. Ошол эле кезде, анын мурунку абалынан калган калдыгын көрүнүп турсун дегендей тийбегендери – бул Дарбазанын көөнөдөн калган экендиги байкалат. Мына ушул Батыш дарбазасын кидандар “Теңир колдогон дарбаза” деп аташчу экен. Алмамбет баштап келген Манас атабыздын колу ушул дарбаза аркылуу Чет Бээжинге кирип, хан тагына отругандыгын күбөлөндүргөн көөнө сүрөттөр ушул жердеги музейдин дубалына илингенин көрүп аябай кубандым. Музейдин ичи анча жарык болбогондуктан, фотоаппараттын чырагы (вспышкасы) тарткан сүрөттөрдү жалтыратып салып, көрүнбөй калып атты. Андыктан чырагы жок тартууга туура келди. Канткен күндө да, ушул музейдин дубалына илинген сүрөттөрдүн бирин калтырбай тартып алдым.

5-5

Чет Бээжин шаарындагы музейдеги карта. Мына ушул картадан кыргыздар 9-11-кылымдар аралыгында Энесай дарыясынын боюнан Чыгыш Сибир чөлкөмүн толук ээлегени көрсѳк болот.

 

 

5-3

“Кидандар империясынын учурундагы Чет Бээжиндин Батыш дарбазасы” деген табличканын жанында.

 

 

 

5-2

Батыш дарбазанын үстүндөгү кароолкана. Алмамбет баштап келген Манас атабыздын колу ушул дарбаза аркылуу Чет Бээжинге кирип хан тагына отругандыгын күбөлөндүргөн көөнө сүрөттөр ушул жердеги музейдин дубалына илингенин көрүп аябай кубандым.

 

 

(Уландысы бар)

 

4 thoughts on “Кытайда Манастын тарыхый инсан экендигин тастыктаган сүрөттөр бар (уландысы)

  1. Абдан туура маалыматтарды айтып жатасыз, анан каяктан тенирчил Усупбаев Анарбек байкебиз оз уруусун (кытай уруусун) кидан кылып, калган кыргыздардын баарын монгол кылып салган, айтып жатканыз жоромолго эмес тарыхый чындыкка айлантыш керек,

  2. Сиздин кыргыз элинин тарыхын казып издеп жургонунузду окуп абдан кубанычта болдум, Биздин чиновниктер кыргыз элинин тарыхын изилдеп, далилдеп чыкканга мамлекет тарабынан коптогон каражат болуп берип койсо, кыргыз элинин улуу эл экенин бут дуйно жузуно таратсанар абдан кана сонун болоор эле. Сизди Жаратканым колдосун, “Манас” атабыздын арбагы колдосун, болгон кучунуз менен тарыхты талыкпай изилдеп дуйно жузуно таанытарынызга ишенем.

  3. Темирбек Токтогазиев чын журогунон кыргызды суйгон,кыргызга куйгон анык патриот мекенчил инсан. Ал систамалуу турдо тынбай кыргыз тарыхын изилдеп,айрыкча Манас эпосунун тарийхий чындыктан жаралганын тастыктап, биздин Манас бабабыз молдолор айткандай ойдон чыгарылган жомок эмес,кыргыз элин жок болуп жойулуп кетуудон сактап калган улуу тарихий инсан экендигин далилдеп, кыргыздын улуттук ан-сезимин талкалап манкуртка айлантып кыргызстанды ээлеп калабыз деген ар кандай исламистерге,глобалистерге, алланын атын жамынган чыккынчы саткындарга каршы тынбай курошуп келе жатат. Темирбек кыргыз жаштарын Манас аркалуу оздорунун кыргыз экендиги менен сыймыктанып кыргыз улутунун патриот уул-кыздары болууга тарбиялап жатат. Сага чон рахмат Темике, Манас атан колдоп кыргыз элинен озундой болгон патриот жаштар коп чыксын!

Leave a Reply to Абдыкерим Чолпокулов Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *