Жашоо сабактары

8-5

Туурада, иликтѳѳдѳ бол

Багыттуу сѳз, багыттуу тапшырма, багыттуу иш – адамды ѳстүрѳт, ѳркүндѳтѳт эгер тууралыкта болсо. Ар бир адамдын ѳзүнүн багыттуу иши боло бербейт. Багыттуу ишин тапкан адам – күүлүү адам. Багыттуу иштеги адам – демдүү адам.

Ар бир адамдын кѳксѳгѳнү, эңсегени туурада болсо, анын жарыгы жана илеби башкаларга да жугат.

Адам оңолоюн деген ой-толгоодо болуп, ар кандай учурда жакшыны баалап, каалап, жүрүм-турумду оңдоп, туура сүйлѳп, ирээттүү болгонго, кечиримдүү болгонго аракеттениш керек.

Ар бир күндѳн эмне таптым, эмнеге жеттим деген иликтѳѳ болуп турса абдан жакшы. Кудайдан сураганда да так, даана айтып сурануу керек, жазыш керек (эмне керек, эмне үчүн, кандай ж.б.у.с.).

Оңолоюн деген адамдарга Кудайдын мээрими жана колдоосу болот.

Жашоонун ыргагы

Жашоонун ыргагы заманга жараша ѳзгѳрүлүп турат. Адамдын кѳңүлү ток, кѳксѳѳсү жок маалда замандын ыргагы жай болот.

Эгерде адамдын муктаждыгы кѳбѳйсѳ, адамда кыжырлануу сезими күч алат. Адамдын санаасы бир орунда турбаса, адамдын кѳксѳгѳнү кѳп болот, убарасы топтолуп,  натыйжасы аз болот. Эгерде адамдын ой-толгоосу, санаасы бир нукта болсо, адам тездик менен бийиктейт же тѳмѳндѳйт, ой-толгоосуна жараша.

Ой-толгоо, иш кызматы, санаа бир нукта (жакшы жакта) болсо – иштин үзүрү тез берилет, моокумга толот. Сезим менен жасалган иш натыйжалуу жана пайдалуу, эгер жакшы сезим болсо.

Кыжырлануу кѳп болсо, санаа бир орунда болбосо – ыргак тездейт. Түйшүктүн, ой-санаанын кѳптүгүнѳн адамдардын ырахаты ченелүү болот.  Сезими тѳмѳн жакка оойт, адам ачуулуу, кѳтѳрүмсүз болот. Акылдын тереңине жетпестен, акылды үстүртѳдѳн кабыл алат.

Эң пайдалуу билим – ЖАН ДҮЙНѲ билими

Ар бир билимдин ѳз орду, салмагы, деңгээли бар. Билимдин тереңи адамга жарык жана кубат берет. Билимдин кенени жашоого ѳбѳлгѳ. Билимди ачып берүү кѳп адамдын колунан келбейт. Билимди жеткизгенди кѳп адам билет.

Билимдүү адамдын убарасы аз болот, жетишкендиги кѳп болот. Ар кыл билим адамга пайдалуу. Билимдин кубаты менен ийгиликтер болот. Жашоого эң пайдалуу билим – бул ЖАН ДҮЙНѲ билими.

Акылдын тереңдиги менен жеткен билим ѳтѳ пайдалуу, бирок жан дүйнѳ билими андан жогору.

Жан дүйнѳнүн акылы

Жан дүйнѳнүн акылы кѳп нерселерди каалаттырбайт. Мисалы: майда сѳзгѳ аралашпайт, тыңсынып, терс кѳрүнүштѳргѳ аралашпайт (жан дүйнѳсү бай адамдар).

Мындай адам кыйынчылыкка туш келгенде жан дүйнѳнүн кубаты менен тѳмѳн түшпѳйт, сынбайт экен.

Жан дүйнѳнүн байлыгы тарамдап кетет: жан дүйнѳ акылы, сезими, кѳкүрѳктүн ачыктыгы.

Жан дүйнѳгѳ керектүү – бул, мээрим, сүйүү, сезим ж.б.

Денеге керектүү – бул, кийим, үй, машине, чиримдүү байлык.

Акылдын тунуктугу – байлыктын башаты.

 

Сезим оту

Адамда негизи 2 дүйнѳ бар. Бири акыл дүйнѳ, бири жан дүйнѳ. Бул экѳѳнүн ортосундагы ортомчу дүйнѳ – сезим дүйнѳсү.

Сезим кайсы убакта күчтүү болот? Адам баласына жан киргенден баштап сезим ойгонот. Сезимдин оту улам күчтѳнүп жыл ѳткѳн сайын кубат алып, адамдын 40-50 жашка чейинки курагында туу чокусуна жетет. Эгер адам сезимди бакса, машыктырса, анын кубаты жѳн адамдардыкына салыштырмалуу эки эсе курч болот.

Жашоо-шартка байланыштуу сезим кубаты ѳнүгѳт. Бийикте жашаган адам менен нымдуу, токойлуу жерде жашаган адамдын сезим кубаты айырмаланып турат.

Ѳткѳн замандардагы чалгынчылардын сезим кубаты катардагы жоокерлерден айырмаланып турат.

Сезимди курчутуп, машыктырганда адам негизги 5 сезимден (кѳрүү, жыттоо, угуу, даамдоо, туюу)  тышкары – жону менен сезгенди ѳнүктүрѳ алат. Башкача айтканда, нерв клеткалары менен сезет.

Адамдын жашы улгайганда, 50 жаштан ѳткѳндѳн кийин сезимдин курчу кете баштайт.

Сезгичтиктин 2 түрү болот:

1.Дене сезгичтиги.
2. Кѳкүрѳк (кѳѳдѳн) сезгичтиги.
Күчтүүсү – кѳѳдѳн сезгичтиги. Кѳѳдѳн сезгичтигин ѳмүрүнүн акырына чейин сактаса болот. 50 жаштан кийин дене сезгичтиги тѳмѳндѳй баштайт.

Кѳкүрѳгү менен сезген адамдардын сезим оту кайсы убакта ѳчѳт? Чоң адашуу (туура эместик) болгондо жоготушу мүмкүн.

Акыл дүйнѳсү ѳнүгѳ электе, уктап жатканда сезим иштей баштайт.

Сезимди кантип машыктырыш керек? Дене сезимин машыктыруу оңой, тажрыйба менен келет. Кѳѳдѳн сезимин машыктырганга болбойт, бул тубаса сезим. Бул сезимди багып, ѳрчүтүп алса болот.

Табиятка суктанып, Кудайдын бергенин баалай алса сезим курчуйт. Сезимтал адамдар табияттын сулуулугун сезе билишет, кѳрѳ билишет.  Жан дүйнѳсү, сезим дүйнѳсү табият менен шайкеш болбосо сезим дүйнѳсү ѳспѳйт.

Кыргыздын кѳѳдѳн сезими азыркы учурда баштагыга караганда пастап кеткен. Сынчылар кичинекей баланы кѳрүп эле кандай дараметке ээ экенин билишчү.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *