Жашоо сабактары

jashoo sabagy

Ѳзүңѳ талапты кой!

Адамдарда пастык болсо, жашоо оордойт. Адам улам-улам жүктүү болот. Тереңине жетпей туруп чечим кылса, башкага залакасы тийет.

Жашоону бил, баркын бил. Ыйга чѳгѳрүлүп сен жатпагының. Күчтүү бол, бийик болгун, ченди бил. Акыйкат ак сѳздү сен какпагын. Акылдуу адамдарды сен барктагын. Мээнетти бил, анын баасын бил. Эмгекти сыйла, эмгекти жебе, ниетиңди кара, ниетиңди сакта, ниетиңди бак, туурала.

Ѳлбѳс адам болбойт, аны билгин. Ѳлбѳстүккѳ жеткизчү – бул, эмгегиң. Ошол эмгегиңе талапты кой. Жакшыга талапты кой. Сен жаманга жашынба, ачууланба, сабырдуу бол, сабырды тут, сабырдуулукка чакыр, үйрѳт. Ашкере мактанба, жѳнү жок ыйлаба. Ыраазы бол Кудайга. Милдетти бил, аны аткар, үйрѳн, талыкпа. Багытты тап, аны сама, бурулба. Акыл кыска, нуска. Бирок буга жетиш үчүн чоң күч, кубат, эмгек талап кылынат. Канчалык адам бийиктеген сайын анын азабы, түйшүгү кѳбѳйѳт, бирок да анын жашоосу нускалуу, ѳрнѳктүү, даңктуу, баалуу болот.

 

Ар бир адам мамилеге муктаж

Эң туруктуу, күчтүү мамиле – бул адам менен адамдын мамилеси. Бул мамиле эч үзүлбѳйт, унутулбайт, адамдарды сүйүнтѳт, кубаттантат, алсыратат, күчтѳнтѳт ж.б.у.с.

Адамдардын адамдарга болгон мамилесинен жашоо негизи түзүлѳт. Жашоо ыргагы башталат, жашоо ѳзү толукталат. Адам бул мамилеге муктаж. Бул мамиле жоголсо адам чѳгѳт, ѳлѳт (ѳзүнүн күчүнѳ жараша). Мамиле кубаттуу, күчтүү, назик болуш үчүн мамилени багуу зарыл. Ѳсүмдүктѳргѳ суу кандай керек болсо, мамилеге дагы кѳңүл, кубат зарыл.

Адамдардын ортосундагы терс мамилелерге ѳтѳ кылдаттык менен байкоо жүргүзүп кѳрүп, терстикке себепкер болгон нерсени тапса болот. Ошол себепти иликтеген адам алыстан сүйлѳшпѳй туруп эле ортодогу терс мамилени оңдосо болот. Кантип? Тѳмѳнкүгѳ кѳз жүгүртѳлү:
1. Сизге терс мамиле кылган адамдардын жаман (терс) жагын унутканга аракет кылуу керек.
2. Эгер күч жетсе, кечиргенге аракет кылышыңыз керек.
3. Ал адамдын жакшы жагын иликтеп таап, тапкандан кийин улам эстеп туруш керек.

Адамдардын эрк-күчүнѳ жараша ушул үч нерсе бат-баттан аткарылган сайын адамдардын ортосундагы терс күч ѳз кубатын жоё баштайт. Ошол күчтѳр жоюла баштагандан кийин мамиле оңолот.

Мамиле менен адам агарат дагы, адам карарат дагы. Жашоонун негизин түзүп аткан мамиле дайым нурдуу болсун, ошондо адамдардын кѳңүлү жайдары, жашоосу жарык болот.

 

Үмүттүн зарылдыгы

Келечек адамга кѳп үмүттү тартуулайт. Келечекке адамдын ою кубаттуу болушу зарыл.  Келечекке үмүттүү караган адам кѳп жеңишке ээ болот. Келечектен корккон адамдын жетишкендиктери аз.

Үмүт ар дайым адамдын кѳңүлүндѳ болгону зарыл. Же болбосо адам келечектеги иш максатын, жакшы тилегин дайыма кѳңүлдүү эңсеп, ал үмүттү кубаттап туруш керек. Эгер адамдын үмүтү азайса, адамдын кѳңүлү кирдейт, кабагына кар түшѳт. Үмүтсүз жашоо адамды ийгиликке жеткизбейт. Ошондуктан адам үмүттүү, максаттуу сезимдерди улам ойготуп туруу зарыл. Үмүт адамга канат байлайт.

 

Ѳмүр жана анын баалуулугу

Адамдын ѳмүрү ченелүү болот. Ченелүү ѳмүр ѳзүнүн жетишкендиктери менен баалуу.

Ченелүү ѳмүр – башкага берген таасир менен күчтүү.

Ченелүү ѳмүр – аркасында калтырган изи менен баалуу.

Кээ бир адам узун ѳмүр жашайт, бирок из калтырбайт.

Кээ бир адамга кыска мѳѳнѳт берилет, бирок анын кылган иши укум-тукумуна жарыгын берет.

Кээ бир адамдын ѳмүрү ак-карага тең болот. Кылган ак ишин – кылган кара иши жууп кетиши мүмкүн. Ал адамдын изи бирде жок, бирде бар болот. Себеби из – бул, адамга кылган жакшы кызматы.  Жаман кызмат кѳп учурда унутулат. Ошол себептен, ак-карага тең болгон адамдын изи бирде бар, бирде жок.
Ѳмүрдүн баалуулугун жашоодо сезген адам аз. Кѳп адам ѳмүрүн баалабай жашап кетет. Ѳмүрдѳ из калтырган ѳтѳ баалуу.

Абдан чоң иш (кызмат*) кылган адамдын ѳмүрү кыска болот.

Кээ бир адамдар Кудайдын буйругу менен из калтырыш үчүн жаралат.

Ар бир адам из калтырганда ѳзүнүн артынан тукумун же башка адамды ѳзүнүн ишин улап кетчүдѳй кылып туура тарбия берип ѳстүрүп кетиш керек. Эң күчтүү, эң оор кызмат – бул ѳзүнүн аркасынан калган ишти өз тукуму улантып кетиши.

Кѳкүрѳктѳгү казынаны, баалуулукту, ата мурасын ѳзүнүн баласына таштап кетүү – бул дагы чоң кызмат.

 

Максат адамды күчтѳйт, күүлѳйт

Адам ѳмүрүндѳ максат койсун. Ал максат улам-улам чоңоюп турсун. Максатка адам жетем деп улам-улам иштеп турсун. Максаттын түрү болот, максаттын сүрү болот. Сүрдѳнбѳй максат койгун. Максаттын түрүн танда, максаттын күнүн сыйла.

Максатты тастыктап турмайынча максат болбой калат. Ал каалоо эле болуп калат.

Адамдардын жашоосунда максат кѳп, бирок максаттардын баарына адам жете бербейт. Максатты адам эмне үчүн коет? Адам ѳзүнүн күчүнѳ, ишенимине, каалоосуна таянып, эңсеген, кѳздѳгѳн нерсесине жетүү үчүн коет. Эгерде кѳздѳгѳн нерсеме жетем дебесе, ал эңсѳѳ, каалоо-тилек гана болуп калат.

Адамдын кубаты күнүмдүк максатка жетүү менен чыңалат, эрки бышыкталат. Ошондуктан, алдыга максат коюуда баштапкы тепкич кылып ар бирѳѳңѳр оюңар менен ѳтѳ чукул мѳѳнѳттү, бир  күндүк максатты койгула жана аны аткарганга аракет кылгыла. Мисалы: бул күнү мен жаман ойду ойлобойм, кѳп тамак жебейм жана башка ушул сыяктуу. Максатты так, туура аткарганды үйрѳнгүлѳ. Максаттарды так, туура аткарсаңар жашоодо ѳзгѳрүү болот. Күнүмдүк максатка жетиш үчүн адамдын күч-кубаты иштеши зарыл. Ойду ѳзѳккѳ салган оң.

Максат койгондон кийинки эң биринчи аракет – бир айлык жетишкендикти талдап кѳрүү.

Биринчи айда жеке ѳзүңѳрдүн аброюңарга иштѳѳ зарыл: тамактанганда санаага батпай, тамактын даамынан ырахат алып, Кудайга ыраазы болуп, шашпай чайнап жеш керек. Эртең менен турганда ѳзүңѳргѳ 2 мүнѳт кѳңүл буруп койгула. Кѳнүгүү жасагыла. Жуунганда Кудайга ыраазычылык сезим менен жуунуш керек. «Ушул суу мени тазаласын, кубаттасын» деп.  Ушуну бир ай бою дайыма жасап, Кудай берген ырыскыга ыраазы болуп жашасаңар, аброюңар кѳтѳрүлѳ баштайт жана сѳѳлѳт күтѳ баштайсыңар. Күндѳн күнгѳ турпатты оңдогонго аракет кылгыла. Ѳзүңѳрдү баалап карагыла. «Мен турмуштун кыйынчылыгына моюн сунбайын, мага Кудай ѳзү жардам берет», деп турпатты оңдоп жүрүш керек. Ѳсүү, ѳзгѳрүү чоңдон эмес, ѳтѳ майдадан башталат. Дароо чоңдон баштаган адамдар кубатсыз болуп калат. Майдадан баштаса туруктуу, кубаттуу болот.

Адамдардын кең жолунда максаттары ѳтѳ кѳп болот. Максатка жетем деген адамдар күчтүү болот. Максатты туура койгула. Туура экенин кайдан билем деген суроого жооп мындай:
Туура максат адамды ѳйдѳлѳтѳт, күчтѳйт, күүлѳйт.
Туура эмес максат адамдарды алсыратат, кубандырбайт, артка тартат.

 

Жашооңду иликте

Багыттуу сѳз, багыттуу тапшырма, багыттуу иш – адамды ѳстүрѳт, ѳркүндѳтѳт, эгер тууралыкта болсо.

Ар бир адамдын ѳзүнүн багыттуу иши боло бербейт. Багыттуу ишин тапкан адам – күүлүү адам. Багыттуу иштеги адам демдүү адам.

Ар бир адамдын кѳксѳгѳнү, эңсегени туурада болсо, анын жарыгы жана илеби башкаларга да жугат.

Адам оңолоюн деген ой-толгоодо болуп, ар кандай учурда жакшыны баалап, каалап, жүрүм-турумду оңдоп, туура сүйлѳп, ирээттүү болгонго, кечиримдүү болгонго аракеттениш керек.

Ар бир күндѳн эмне таптым, эмнеге жеттим деген иликтѳѳ болуп турса абдан жакшы. Кудайдан сураганда да так, даана айтып сурануу керек, жазып коюу керек (эмне керек, эмне үчүн, кандай ж.б.у.с.).

Оңолоюн деген адамдарга Кудайдын мээрими жана колдоосу болот!

 

*кызмат – бул учурда, адамдын орду, милдети, вазыйпасы, бул жашоодо аткара турган иши.

8 thoughts on “Жашоо сабактары

Leave a Reply to Charlessoups Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *