«Манастын» ЮНЕСКОго карай баскан жолу жана утушу

4-2Гүлнара АЙТПАЕВА, «Айгине» маданий-изилдѳѳ борборунун жетекчиси, филология илимдеринин доктору, Кыргыз мамлекеттик университетинин профессорунун м.а:

Баардык жагынан каржалып турган ѳлкѳбүздүн баардык эле мекеме-уюмдары сыяктуу, биздеги ЮНЕСКО иштери (ЮНЕСКО – илим, билим, маданият боюнча бириккен улуттардын уюму) боюнча Улуттук комиссиясынын катчылыгы да ѳп-чап жашоо кечирип келет. Бул жерде расмий түрдѳ 2 гана адам иштеп, аз айлыкка кайыл болуп, кыргыздын материалдык эмес маданий мурастары жана Кыргызстандын намысы үчүн ѳз күчтѳрүн мекенчилдик дымакта жүргүзүшѳт.  

Биздин бүгүнкү маектешибиз, филология илимдеринин доктору Гүлнара Айтпаева –  «Айгине» маданий-изилдѳѳ борборун жетектейт. Бирок, ал  Кыргызстандагы ЮНЕСКОнун Улуттук комиссиясынын катчылыгы менен 2011-жылдан бери адис (эксперт) катары иштешип, ѳзүнүн мүмкүнчүлүгүнүн, убактысынын жетишинче иштеп берип, расмий эмес кызмат аткарып келет. Иштеген иши үчүн ал жерден кандайдыр бир сыйлык же айлык акы албайт. Жакында Баку шаарына үчилтикти каттатуу үчүн барган адамдардын тобунда Гүлнара айым да бар болчу. Анын «Манас.Семетей.Сейтек» үчилтигин ЮНЕСКОнун дүйнѳлүк мурастар тизмесине  катталышына кандай зор салымын кошконун, албан эмгегинин канчалык экенин тѳмѳнкү маегибизден билсеңиз болот.

 – Биздин, кыргыздардын «Манас» деп катуу ойгонуубуз 2009-жылы декабрда, Кытай мамлекети «Манасты» ЮНЕСКОго каттатып алганда болбодубу. Сѳздү ошол учурдан баштасак…

– Ооба, ошондо бир топ ызы-чуулар чыкпадыбы мурасыбызды сактоо жана коргоого багытталган. Биздин «Айгине» борбору ошондо карап кѳрүп, «Манас» боюнча колго алаарлык эч нерсе таппадык: же бир хрестоматия, же бир балдарга арналган атайын булактар жок. Чет жерге чыгып «Манас» боюнча бир нерсе ала баралы десек, же ушул ѳзүбүздѳгү эле айылдардагы балдарга берели десек эч нерсебиз жок экен. Манастап ураан чакыргандар, даңазалагандар ага чейин кѳп болгону менен, иш жүзүндѳ ѳтѳ аз иштер  жасалыптыр. Биз ошондо дароо эле олуттуу бир иш жасаш керек экенин баамдап,  азыркы манасчылардын айтуусундагы дисктерди чыгаруу ойу пайда болуп, атайын долбоор жаздык. Ошентип, алгач «Манастын» 25 сааттык айтуусундагы видео дисктерин чыгардык, бул жерде атагы чыккан азыркы манасчыларыбыздын баары катышышкан. Эң улуусу Сапарбек Касмамбетов, анан Кубан Алмабеков, Салимбай Турсунбаев  баштаган, баардыгы 12 манасчынын дастан айтуусу кирди. Сапаттуу, кѳркѳмдүү эки беттен турган калың мукабага тиркелген үч дискте Жакып хандын бала тилеген арманынан, Манастын тѳрѳлүшүнѳн тартып, жалпысынан ѳзѳктүү 50 окуя камтылган. Диск менен кошо чакан китепче да тиркелип, анда  манасчылардын кантип Манас ааламына кирип калгандары, жеке окуялары, түш кѳргѳндѳрү жана Манас тууралуу айткандары кирди.

 

Андан кийин биз «Семетейдин» дисктерин чыгардык. Азыркы учурда болсо «Сейтек» бѳлүгү басмаканада даярдалууда. Дисктер чыгаары менен манасчылардын катышуусундагы атайын ачылышын «Сейтек» жаштар борборунда ѳткѳрүп, мамлекеттик мектептерге жана мамлекеттик жогорку окуу жайларына даректүү түрдѳ таратуудабыз. Азыркы учурда аз санда гана калды, Баткен, Жалал-Абаддын гана айрым мектептерине бериле элек, калган жерлерге жакшы таратылды.

 – Диск элдин колуна жеткенден кийин кандай пикирлер айтылды?

– Дисктердин элге абдан пайдалуу жана таасирлүү экени таратылгандан кийин даана билинди. Ыраазылыктарын билдиргендер ушул убакка чейин абдан кѳп болууда. Ушул дисктерди чыгаруудагы эң негизги утушубуздун бири – дисктер сатыкта дээрлик жок болгондуктан, биз аларды интернетке ачык, акысыз жайгаштырганбыз, мындан улам кѳптѳгѳн  чет элдиктер дастаныбызды интернеттен кѳрүп, угуп, дисктер аркылуу «Манас» баяны дүйнѳгѳ таанылды десек болот. Минтип ишенимдүү айтканымдын да себеби бар. Анткени, интернеттеги Манас айтууларына Кыргызстандагы ЮНЕСКОнун катчылыгы да кѳңүл буруп калса керек, кийинчерээк, 2011-жылы ар кайсы ѳлкѳлѳрдүн ѳкүлдѳрүнѳн турган  чоң делегациясы Бишкекке келгенде, алар  бизге байланышып: «Сиздерге барып, кыргыз маданияты тууралуу жасаган иштериңиздер менен тааныштыралы дедик эле.  Кандай жардам бере аласыздар?» деп сурашкандарынан, алардын акча каражаты тартыш акыбалын, шартын түшүнүү менен кабыл алып, макул болуп, ЮНЕСКОнун чет элдик ѳкүлдѳрүн ѳз кеңсебизде меймандап тосуп алдык.  Ал күнү манасчыларды чакырып тааныштырып, Манас уктурдук.  Ошондон тартып, биздеги ЮНЕСКОнун Улуттук комиссиясынын катчылыгы менен болгон иштешүүм  башталган.

 – «Манас.Семетей.Сейтек» үчилтигинин ийгиликтүү катталышы тууралуу маселеге сѳз бурсак.  Материалдык эмес маданий мурасты ЮНЕСКОго каттатууда алгач арыз тапшырылаарын баарыбыз билебиз. Аны атайын топ даярдайт. Бул ишке кандайча катышып калдыңыз?

– Ооба, арызды атайын иш тобу даярдайт. Ѳз убагында «Манас» номинациясын ЮНЕСКОго жазуу боюнча да жумушчу  тобу түзүлүп иштеген. 2012-жылдын башында «Манас» үчилтиги боюнча номинациясы жазылып, ЮНЕСКОНун Секретариатына жиберилген. Номинацияны ЮНЕСКОдон алгач жардамчы топ карайт, анан секретариат карайт, андан кийин пикир жазышат. Мына ошол пикир почта аркылуу келгенде, Кыргызстан үчүн кубанарлык жооп болбогонун айтып, ЮНЕСКОнун Улуттук комиссиясынын катчылыгында материалдык эмес маданий мурас боюнча адис болуп иштеген Сабира Солтонгелдиева мага кабарлап, айрым маселелер боюнча кеңеш сурады (кат кайсы күнү, кайсы айда келгени боюнча маалымат Сабиранын ѳзүндѳ сакталуу). Ал ѳтѳ капа болуп тынчсызданганынан, колуман келген жардамымды берейин дедим. Анын үстүнѳ, кайрадан арыз тапшырууга ѳтѳ эле кыска  убакытыбыз бар экен. Ошентип, Манас номинациясы боюнча кайра башка арызды абдан тез  даярдап жазууга туура келди.

Бул кыска убакытта мен дастандын ѳзүнѳ түздѳн-түз байланыштуу бѳлүкчѳлѳрүн толугунан  кайра жазып чыктым. Бир бѳлүкчѳнү  “Айгинеде” иштеген Айбек Самаков деген бала дароо англис тилинде жазып бүтүрдү. Сабира болсо, мамлекетке тиешелүү – дастандын  сактоо,  ѳнүктүрүү, таратуу  боюнча  бѳлүкчѳлѳрүн  кылдаттык менен кайра  иштеп чыкты. Менин угушумда, Клара Исаковна Отунбаева номинацияны кайра иштеп чыгууга жана жалпысынан ишке ашырууга ѳзүнүн  бай тажрыйбасын жана акыл-кеңешин кошту. Бул тууралуу Сабира жакшыраак билет.

 – Мурунку иш тобу даярдаган арыз кандай жазылыптыр, жана сиз кандай ѳзгѳчѳлүк киргизип жаздыңыз?

– Сабира менен жолукканымда ЮНЕСКОдон келген сын пикирди гана карап чыктым. Ал эми мурунку арызды карап чыгууга, чынымды айтсам, убакытым болгон жок. Сын катты окуганда – жазылган номинация техникалык жагынан да күмѳндүү экенин түшүндүм. Мисалы, арыз бир нече бѳлүкчѳлѳрдѳн  турат. Ошол ар бир бѳлүкчѳнүн ичинде канча сѳз камтылышы керек, мазмундун багыты кандай болушу керек экени белгиленет. Эгер «200 сѳздѳн ашпоого тийиш» деген жерде 201 сѳз кетип калса эле болду, ЮНЕСКО комиссиясы аны ачып да карабанга акысы бар. Биринчи жазылган номинацияда мындай талаптар толук сакталбаптыр. Ошентип, тез арада кантип туура арыз жазуу керектиги боюнча гана ойлондум: «Манас» 2009-жылы Кытай тарабынан катталып калган, ал ЮНЕСКОдо бар, ошол үчүн биз «Манастын» башка жагын, анын кайталангыстыгын, ѳзгѳчѳлүгүн, Кытай тарап кѳрсѳтпѳгѳн жагын алып чыгышыбыз керек эле. Биздин максатыбыз, номинацияны шырдактай кылып талаш-тартышка түшүрбѳѳ эле. Анткени, шырдак беш кѳрсѳткүчтүн  бирѳѳсүнѳн ѳтѳ албай жатып, аз жерден калганбыз. Эреже боюнча бир нече талаптарга  камтылып жазылган номинация кемчилиги менен жазылган күндѳ деле карала  берет, бирок, добушка келгенде кыйын болот. Беш кѳрсѳткүчтѳн  эскертүүсүз түз ѳтүп кетүү – жазып жаткан «Манас» номинациясы үчүн башкы максатыбыз болду. Тѳртѳѳнѳн ѳтүп биринен суроо-жооп талашына түшсѳ эле Кытай же башка тарап ѳткѳзбѳй коюшу толук мүмкүн болчу.  Биз арыздын ар бир бѳлүгүн кынтыксыз жазууну, «Манасты» дароо «макул» кылып ѳткѳрүүнү кѳздѳдүк.  Мындай шартта ЮНЕСКОнун Улуттук комиссиясынын жетекчиси Элнура Корчуева менен Сабиранын эки жолу бар эле. Же макул болуп номинацияны мурунку боюнча калтырып талаш-тартышка салуу, же кыска мѳѳнѳттѳ  жаңысын жаздыртып, ЮНЕСКОго салып жиберүү. Жаңы арызды жаздыргандары – Улуттук комиссиянын мойнуна алган чоң жоопкерчилиги болду. Биз ошондо Сабира менен бирге Бишкектеги манасчыларды «Айгинеге» чакырып, иштин акыбалын түшүндүрдүк. Аларга айтып коюу биздин милдетибиз, парзыбыз эле. Бул күн 2013-жылдын 9-январы болчу.

Биз даярдаган  арызда  үчилтикке тиешелүү түздѳн-түз маселелер жазылды. Айкѳлдүн чачылганды чогултуп кыргыз элин кураган адам экени баса белгиленди; экология боюнча маселесинде жайчылыкты, андагы адам менен табияттын ортосундагы зор байланышты ачып бердик; кытай элинен келген Алманбет менен Манастын, тажик кызы Каныкей менен Манастын мамилесине токтолуп, эл аралык жагын белгиледик; манасчылыктын жана манастын ѳнүгүп турган жандуу, тирүү нерсе экенине, кыргыздарга гана эмес, башка элдерге да пайдасы тиерине кѳңүл бурдурдук; Манастын айкѳлдүгүн, ѳздѳрүнѳ жана башкаларга болгон кенен ой чабытын ачып бердик; руханий жана улуттук ѳзѳгүн кармап турган маданий кѳрүнүш экенин, Союз учурунда канчалык куугунтук жебесин ѳнүгүп-ѳсүп сакталып калганын, манасчылар болбой манас болбостугун, Жараткан берген касиетибиз экенин, кандай жолдор менен муундан муунга берилерин айттык.

 – Арызды жазып, ЮНЕСКОго салып жибергенден кийин ѳзүңүз кандай ишенимде болдуңуз? 

– Ѳзүм жазган бѳлүкчѳлѳр ЮНЕСКОнун талаптарына жооп берээрине толук ишенип турдум. Анткени, бир четинен, “Манас” үчилтиги менен эң аз дегенде үч жылга жакын иштеп жүрүп, кѳп байкоолор пайда болуп, иликтѳѳлѳр жүргүзүлдү. Башка жагынан, биз он жылга жакын эл аралык добоорлорду жазып, бир топ тажрыйба топтогонбуз. ЮНЕСКОнун арызы – бул эл аралык талаптарга ылайыктуу жазыла турган арыз болчу. 1-декабрда Азербайжанга баратканда беш кѳрсѳткүчтѳн тең ѳткѳнүбүздү бир-эки киши  билгенбиз. Бирок, саясый жактан ар кандай күтүлбѳс тоскоолдуктар болушу мүмкүн деген сак ойдо болуп, Бакуга ички даярдык менен барганмын. Жол сапарында тынчсызданбай койгон жокпуз. Тигил жакка жеткенде да баарыбыз түпѳйүл болуп жаттык. «Ѳтпѳй калсак эмне кылабыз» деп  улам бири менден сурап коюшат. Аларга «Бирдеме кылабыз» деп коюп, ѳзүм тынымсыз ойлоно баштайм кантип коргоп, жактаарыбыз тууралуу. Тилегибизге жараша үчилтигибиз үч мүнѳттѳ эле ѳтүп кетти.  Ал эми биздин алдыбыздагы Иран мамлекети ѳздѳрүнүн салттык, элдик медицинасын жактап, 40 мүнѳт кармалышты. Ошентсе да ѳтпѳй калышты. Бул албетте бизди сестентип койгон эле. Негизи, кыргыз журтчулугунун ЮНЕСКОДО кандайдыр бир жолу болуп турат деп айта алам.

 – Жолу болуп турат дегенди кандайча түшүнсѳк болот?

–  Муну түшүндүрүш үчүн сѳзүмдү алыстан баштайын. Биздин ала кийиз жана шырдак номинациясы 2012-жылдын декабрында каралып, ЮНЕСКОнун ѳкмѳттѳр аралык комитеттердин маданий мурастар боюнча ошол 7-жыйынына,  Парижге Карганбек Самаков, Динара Чочунбаева, Сабира Солтонгелдиева болуп барып калдык. Ал эми үчилтик ал убакта алгачкы тепкичтердин сынагында турган. Тѳртѳѳбүз барганда эле ЮНЕСКОнун секретариатын (ЮНЕСКОнун иштеринин баарын алып барган уюм) башкарган секретарь Сесиль Дюваль  айым бизге айтып калды «силерден адис катары 2 киши келген турбайбы, бирѳѳсү президиумга олтурсун» деп. Ал жерге олтурган адамдын милдети – президиумда олтуруп, талкууга алынган кагаздардын баарын текшерип, ар бир сѳздү ѳз ордуна койуу керек. Мындайча айтканда, иш кагаздарына жооп берчү адам. Мына ушундай жооптуу кызматка кыргызстандык ѳкүлдү, мени олтургузуп коюшту. Ушунун  ѳзү мен үчүн чоң тажрыйба, биздин кийинки жылдагы үчилтигибизди жактоого чоң сабак алуу болду. Анткени, жогору жакта олтуруп баардык иш жүрүшүн кѳз алдымда кѳрүп, түшүнүп, президиумдун ѳзүндѳгү ишти да жакшы түшүнүп алдым. Жолубуз болду дегенимдин ѳзү ушул. «Эмки жылы Манас каралганда барайын» дегениме карабай Сабиранын бир жыл мурун мени алып барганы, тажрыйбам болбогондон кийин президиумга олтурбайм деп тарткынчыктаганыма карабай  «Кыргызстан үчүн сиздин  президиумга катышканыңыз абдан маанилүү, макул боло бергениңиз туура болот» деп кѳндүргѳнү – жаш болсо да Сабиранын кыраакылыгын билгизет. Ал ошондо абдан туура кадам жасаптыр. 7 күн бою баардык ишти алаканга салгандай кѳрүп, 150дѳй ѳлкѳнүн ѳкүлдѳрүн, кимиси кандай иштегенин, саясат кандай жүрүп жатканын байкап турат экенсиң президиумдан. Минтип ички ишин билип алгандан кийин Манас номинациясы үчүн бир жыл мурда тынчсыздана баштадым, бир топ киши ѳтѳ кылдаттык менен карайт турбайбы, ар кандай маселелер чыгат экен, бир жылдан кийин эмне болобуз деп.

 

Ачык жолубуздун экинчиси шырдак маселесинде байкалды. Номинацияларды киргизүүдѳ  ЮНЕСКОнун бир канча тизмеси болот, мисалы, «Манас» репрезентативный деген тизмеге туш келди. Бул деген, ошол ѳлкѳгѳ таандык деген маанини билгизет. Ал эми шырдак менен алакийиздин байыркыдай жасоо технологиялары жоголуп бараткандыктан, «Шашылыш түрдѳ сактала турган маданий кѳрүнүштѳр» деген тизмеге тиркелген. Шырдагыбыз  добушка коюлгандан кийин беш кѳрсѳткүчтүн бир кѳрсѳткүчүнѳн ѳтпѳй коркунуч туулду. Ал кѳрсѳткүч – мамлекет тарабынан сунушталган сактоо планы дегенди жакташыбыз керек эле. (Бул эми баарыбызга белгилүү нерсе да, биздин мамлекет чындыгында эле алакийиз, шырдак жана ушул сыяктуу мурастарыбызды сактоого азыр  кѳңүл бура албаганы  белгилүү). Ошондо бизди башка ѳлкѳлѳрдүн күчтүү адистери – Бразилиядан Адам деген, Индонезиядан Гаура  дегендер куткарып кетти. Ошол экѳѳ, биздин суранычыбыз жок эле, бизди тааныбай туруп эле шырдагыбызды жерден алып кѳккѳ илип коюшту. Ошону менен шырдак, алакийизибиз ѳтүп кетти. Кѳрсѳ, жогоруда мен айтып кетпедимби ЮНЕСКОнун ѳкүлдѳрү Бишкекке келишкен деп, ошондо «Манас» жана башка кыргыз ѳнѳрчүлүктѳрү менен таанышып, абдан баа берип кетишиптир. Ошентип бул экѳѳ катуу туруп беришти Кыргызстан үчүн. Демек, номинацияларды коргоо ишинде эксперттин иши ѳтѳ чоң роль ойнойт экен. Күчтүү эксперттин номинациянын ѳзѳгүн чыгарып утуп берүүгѳ мүмкүнчүлүгү бар экен.  Кыргызстандын жолу болду дегендин экинчиси ушул. Ѳзүбүз биринчи жолу барып тажрыйбасыздык кылып турсак, күтүүсүздѳн эле коргошуп, бизди куткарып кетишти.

Жолубуздун ачыктыгын “Манас” үчилтигинин каралган күнү жана учуру дагы тастыктап турат. Ошол Бакуда бир чоң милдет Кыргызстанга туш келген. Мындагы жолубуздун ачык болгону туурасында дагы бир маектешкенде кененирээк айтып берейин.

– Үчилтикти ЮНЕСКОнун 196 мамлекети тааныганы, катталуудан ѳткѳнү учурда элибизди сыймыктантып, кубантып турат. Бул ийгиликке дилиңизди салып эмгектенгениңизге биздин гезиттин жамаатынын атынан терең ыраазылык билдиребиз. Маегибиздин соңунда ѳзүңүздүн ушул иш боюнча ой-пикириңизге эркиндик берсек…

– Бизде Манас дүйнѳсү үчүн кызмат кылып, Манас боюнча иш-чараларды ѳткѳргѳн, манасчыларга кам кѳргѳн коомдук уюмдар, мекемелер, ордолор, жеке инсандар кѳп. Алар «Манас» Кытай тарабынан катталып кеткен учурда ѳзүлѳрүнүн жигердүүлүгүн кѳргѳзүшкѳн жана ошондон бери айрымдары манасчылардын китептерин чыгарып, шарттарын түзүп жардам берип келатышса, айрымдары Манас таануу боюнча ар кандай кызматтарды аткарып келатышат. Мен алардын баарына ырахмат айткым келет. Ошондой эле, элибиздин намысын коргоодо чоң күч-кубат болуп берген Карганбек Самаковго канча ыраазылык айтсак да аздык кылбайт. Ал киши эки жылдын ичинде Манасыбызга ѳтѳ чоң кызмат кылды. 2010-жылдан берки 5-6 жолку иш сапарларынын баарын ѳз каражатына кѳтѳрдү. Чет элдиктерге шырдак баштаган далай кымбат-баалуу белектерди берип, сый кѳргѳзүп, дипломатиялык мамилени татыктуу кармады. “Манасты»  коргоого Бакуга баргандагы 30 адамдын жол киреси, ал жактагы мыкты мейманкаларга жайгаштыруусу, ЮНЕСКО ѳкүлдѳрүнѳ тапшырылган белектер эле эмне деген каражат. Карганбек Самаковдун үчилтик кабыл алынаардагы катуу түйшѳлгѳнүн, сарсанаа болгонун, манасчыларга жасаган камкор мамилесин кѳрүп, кыргыз баалуулуктарын барктаган, баасын билген, ѳзү билип-билбей кыргыз касиетин алып жүргѳн адам экенин түшүндүм.

 Маектешкен Салтанат КЫДЫРМАЕВА

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *