Гүлмира КУТУЕВА, кол ѳнѳрчү: «Бала кезде сыйкырчы болгум келчү…»

8-3Кыргыз эли негизинен иштүү, колунан кɵɵрү тɵгүлгɵн ɵнɵрлүү эл,  билгенин аздектеп, кастарлап, кийинки урпакка калтырып келаткан калк. Ал эми аны улап кетүү, сактап калуу, кийинки муунга ɵткɵрүп  берүү баарынын эле колунан келе бербейт… Биздин каарманыбыз – ошол баалуулуктардын укканын да, кɵргɵнүн да топтоп, тизмектеп жазып, ɵзү да жасап, азыркы кол ɵнɵрчүлүктɵ болуп жаткан кайра жандандырууда  чоң салымын кошуп келаткан айтылуу чеберлердин бири – Гулмира Кутуева.

8-Кутуева– Гүлмира эже, чыгармачылыктабы, башка жааттабы, бардык нерсенин башталышына бир себеп болот. Сиз ушул жолдо келатканыңыздын  башатынан баштасак…

– Ата–эне баланын бул жашоодо ɵз жолун таап кетишине абдан эле чоң таасирин тийгизет экен. Менин сүрɵтчү болушума алардын берген багыты жɵлɵк болду десем болот. Келечекте чыгармачыл боло турган бала кичинесинен эле билинет. Башка балдар кɵрбɵгɵндү кɵрɵт, укпаганды угат, байкабаганды байкайт. Жаратылышка жакын болот, бардык нерседен сулуулукту кɵрɵ алат. Мисалы күндүн жаркырап чыкканын, суунун шырылдап акканын, кɵпɵлɵктүн гүлдɵргɵ конгонун… ушул сыяктуу кээ бир балдар маани бербеген нерсенин баарын башкача кабыл алат. Ошону ата-эне убагында байкап, кɵзɵмɵлдɵп, туура багыт эле берип койсо, бала ɵз жолун таап кетет.  Баланын кийинки калыптануусуна бул нерсе ɵтɵ чоң роль ойнойт. Мен да кичинекей кезимде жомок жаза койчумун, тɵрт сап болгон баланын кɵз карашы менен жазылган ырларым бар болчу, сүрɵт тартчумун. Эмнегедир сыйкырчы болгум келчү. “Каалаган нерсеңди жасап алсаң, каалаган  жагыңа барып келсең ээ” деп эңсечүмүн. Ошол нерселер мага кол жеткиздей туюлчу. Аны сыйкырчы гана кыла алат деп түшүнчүмүн… Эсимде, «Сыйкырдуу калем» аттуу телеберүү бар эле. Барскоондогу шаркыратманы биринчи жолу кɵрүп, баео сезим менен  тарткан сүрɵтүмдү ошол кɵрсɵтүүгɵ атам экɵɵбүз  жибергенбиз да, атам, апам болуп аябай толкунданганбыз. Бул менин биринчи ийгилигим болсо, а ата энемдин менин чыгармачылык чыйырга тъшкɵн биринчи кадамыма кɵрсɵткɵн ɵбɵгү болчу…Ошентип эле уланып кетти. Мектепти аяктагандан кийин А.Чуйков атындагы сүрɵт  окуу жайын, андан кийин Караколдогу К.Тыныстанов атындагы университеттин кɵркɵм сүрɵт бɵлүмүн аяктадым.  Эми азыр ушул ɵнɵрдү аркалап иштеп келатам. Тилегим орундалды десем да болот. Себеби, адамдын колунан келбеген эч нерсе жок, колуңда ɵнɵрүң болсо ɵлбɵйсүң. Каалаганымды жасап алам, дүйнɵнү бүт болбосо да жарымын кыдырдым. Эли-жериң тынч болсо, жакындарың аман болсо баарын жасасаң болот…

8-5– Өзүңүз айтып калдыңыз, ата-эненин  баланын калыптануусунда ээлеген орду чоң  деп, ɵзүңүздүн балдарыңызды кандай багытта тарбияладыңыз?

– Өмүрлүк жолдошум Жыргал Сыдыков экɵɵбъз окуп жүргɵндɵ таанышып баш кошконбуз. Ал да сүрɵтчү, живопистен тышкары батик, мончок, бисер, кийиз ɵɵндɵрүн  аралаштырып, кɵп тармактуу иштейт. Ата-энесинин мындай чөйрөсүндө  ɵскɵн  балдар билинбей отуруп чоңойгондо даяр адис болуп калышат экен. Кызым дизайн тармагында окуйт, уулум туризм жаатын бүткɵнү менен, баары бир биздин чɵйрɵдɵн кете албады. Азыр менин оң колум. 2005-жылы үй-бүлɵбүз менен дизайн студиясын ачканбыз. Менин турмуш жолумда  дайыма тирек болуп келген атамдын урматына ишканабыздын атын «Кеңеш» деп атаганбыз.  Биз азыр үй-бүлɵ гана эмес, чакан чыгармачыл топ болуп калдык десем жаңылышпайм.  Балдарыбызга бул же тигил болосуң деп  талап койгон жокпуз, ɵздɵрү биздин жолду улоону чечишти. Кызым Алина Сыдыкова  «Курманжан Датка» тасмасын тартууда костюм боюнча башкы сүрɵтчүнүн жардамчысы болуп иштеп жатат. Балдардын чыгармачылыкта изденүүсүнɵ боштондук бериш керек. Жаш кезде изденгени жакшы, эгер башка тармактан ɵздɵрүн сынап кɵргүлɵрү  келишсе, ага да эч каршылыгыбыз жок, биз колдоп гана беребиз.

– Кыргыздын кɵрɵңгɵ ɵнɵрлɵрүн сактап калууда, жайылтууда жана чет ɵлкɵлɵрдɵ таанылтууда кɵп эмгек кылып келатасыз. Айырмачылыктар же ал жактан үйрɵнɵ турган ɵнɵрлɵр бар бекен?

– Искусство – бул улуттун жүзү. Манасты кандай сактап келатсак, кыргыз кол ɵнɵрчүлүгүн да ошондой сакташыбыз керек. Кийинки муундун алдында жүзүбүз жарык болсун десек, ага бүт тараптан, бийлик баш болуп жапа тырмак кɵмөктөшүүбүз керек. Эч кандай колдоо жок дегенден алысмын, акырындап мамлекетибиз бутуна туруп атат, көбүрөөк көңүл бөлүнө турган убак да алыс эместир. Чыгармачылыгыбызга байланыштуу чет элге көп чыгабыз, ошондо даана билинүүдө кандай гана өнөргө бай эл экенибиз. Кийизди биздей жасаган эл жок болсо керек. Ар бир элдин өзүнүн салттуулугу, жасоо ыкмалары, иштеткен шаймандары ар башка. Алардан да алчу нерселер бар, бирок биз өзүбүздүн өзөгүбүзгө сиңген өнөрлөрдү жайылтсак, жакшыртсак, шарт түзсөк – дүйнөнү таң калтырган буюмдарды жасасак болот.  Кувейт өлкөсү мусулман мамлекеттерин чакырып фестиваль өткөрүшөт.  Ошол жерге барганда кийиздин калдыктарынан  айымдарга арналган баш кийим жасап мастер класс өткөрдүм. Бул ыкма «экинчи жердик» деп аталат. Калдыктарды ыргытып жибербей, кайра жакшынакай буюм жасап койсоң болот. Мен муну бардык кыз-келиндерге сунуштайт элем.

8-2– Көп жылдар бою кол өнөрчүлүктү өркүндөтүү тармагында жүрсөңүз дагы ишке ашпай жаткан, көңүл өйүткөн маселелер барбы?

– Азыр баарыбызга эле байкалып атса керек, улуттук кийимге болгон кызыгуу басым жасап атат. Бул албетте кубанарлык нерсе. Калпак кийгенге жаштарыбыз көнө баштады. Ал эми илгери ата-бабаларыбыз колдонуп келген үй ичинде колдонулуучу буюмдар дагы деле байкаларлык деңгээлге көтөрүлө элек. А түгүл шырдак, шырымал, ала кийиздерибиз да илгерки ыкмалар менен жасалбай, кытайдын синтетика аралашкан кошулмалары менен жасалып кетип атат. Ала кийиз, шырдактарды туура ыкма менен жасалышын билген энелерибиз арабыздан акырындап азайып баратат. Кыл жутуп, биздин күнгө чейин  сактап келген апалардан сабак алып, үйрөнүп калсак, ар бир үйдө жок дегенде бирден шырдак же ала кийиз салынып турса, өзүбүздүн эле ден соолугубузга кам көргөн болор элек. Илгери «сайма шырдак» деген шырдагыбыз болчу экен, азыр  дээрлик баардык жерде эле унутта калыптыр. Ошол ыкманы кайра жандандырам деп, бир иш жасап көрдүм. 2012-жылы ошол ишиме ЮНЕСКОнун «Сапат белгисин» алдым. Мен айткан сайма шырдак, бул, бир жагы эле. Колдонулбай, сактап калынбай дагы канча буюмдарыбыз калып атат. Колубуздан келишинче аракет кылуудабыз. Чындыгында, бул маселе жалгыз гана биздин кол өнөрчүлөрдү түйшөлткөн маселе болбош керек, буга ар бир кыргыз жан дили менен күйсө, үйлөрүндө чоң ата, чоң энелеринен калып калган буюмдар болсо, бизге окшогон адистерге алып келип, биргеликте кайра жасалып иштетилишине көмөк кылышса, өткөн муун менен келерки муундун алдында башыбызды бийигирээк көтөрүп жүрөт белек деген эле көйгөй.

– Эски ыкманы колдонуп, бирок аны жаңыча нук менен жаңыча түс менен берүүдө эмнелердин үстүндө иштеп атасыз же азыркы суроо-талапка жооп бергидей кызыктуу буюмдарыңыз барбы?

8-6– Деги азыр сүрөтчүлөргө, дизайнерлерге, чеберлерге иштейм эле десе толтура мүмкүнчүлүктөр бар. Мен азыр үй-бүлөм менен, бир аябай заманбап десем да болот, илгерки ыкманы жаңыча нук менен колдонуп «Белек Тумардын» үстүндө иштеп атабыз. Кыргызда байыртан эле тумарга көп маани берилип келген. Азыр той-топурларга белегибизди салафан баштыкка салып алып же бир жерден жалтырактарга орото коюп жөнөп калабыз. Билинбегени менен биздин жашообузда салафан баштык алмаштыргыс бир буюмга айланып баратканын өзүбүз да сезбей калдык. Тойдон кийин додо болуп үйүлгөн ал баштыктар ыргытылат да, айлана-чөйрөбүзгө кандай зыян алып келип атат. Таштандылар төгүлгөн жерде ары-бери учуп, экологиялык жактан жабыр тартып келатабыз. Муну менен күрөшүүдө кичинеден болсо да колубуздан келгенди кылалы деп белек баштыкты элге сунуштап көрөлү дедик. Кадимки эле табигый кездемеден же кийиздин чарчысынан үч бурч болгон тумардын  калыбы менен баштык жасап, анын бетине жети топчу тигип, анын жабылчу жерине колдо эшилген жипти тигип, аны айлантып келип тигилген жети топчуга  жети ороп жаап койсоң болот. Ал баштыктын ичине берчү белегиңди да салып,  кошумча кичинекей тумарчанын ичине кошумчаңды да, каалоо-тилек жазылган баракчаңды да салып берип койсоң, бул башкалардан өзгөчө да, эсте каларлык да болот. Белегиңди алгандан кийин баштыкчаны үйдүн бир жерине илип койсоң  кооз да болот. Дайыма эстеп жүрөсүң.  Эмнеге жети топчу деген суроо  туулушу  мүмкүн. Жети деген сан кыргызды дайыма жакшылыкта коштоп келген, “жетинин бири кыдыр”, “жети өлчөп бир кес”, “жети атаңды билип жүр” деген сыяктуу… Бул бир жагынан тойдогу жаңы үйлөнүп аткан жаштарга таалим-тарбия маанисинде болсо, экинчи жагынан  тумарды кыргыздар  жаман сөздөн, жаман көздөн сактасын деп колдонгон. Ушул сыяктуу өзөгүн жоготпогон салттуулуктарыбызды, баалуулуктарыбызды жаңы көз караш менен күнүмдүк колдонгон буюмдарыбызга колдоно берсек, каныбызга сиңген нерсе бат эле кабыл алынып кетет. Ошондуктан, айтайын дегеним, колубузда бар нерсени кадырлап сактап калалы, балдарыбызга үйрөтөлү, ар бирибиз милдет катары мамиле жасайлы.

– Маегиңизден улам элибиз кичине болсо да таалим-тарбиялык азык алат го деген үмүттөмүн. Сиздин үй-бүлөңүзгө чыгармачылык ийгилик каалайбыз! Жана, дагы жаңы жаңылыктарды күтөбүз.

Маектешкен Гүлжан ИРЕШ

Фотолор Бакытбек АБДИВАЛИЕВДИКИ

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *