Мырзалардын этно-саркеч кийимдери

13-МирахимМирахим ТОКТОГУЛОВ, “Ак Шумкар КУТ” жаштар коомдук бирикмесинин мүчѳсү: “Жигит-мырзалар үчүн улуттук кийимдердин толкунун баштадык”

Мирахим Токтогуловдун  кесиби философ. Анын ичинде кыргыздардагы “кайып кубулушу”. Изилдөөсү да, кесиби да кыргыздардын  салттуу билимдерине байланышкандыктан, улуттук кийимдерди алып чыгууда билими ага чоң өбөлгө болду. “Кыргыз элинин философиялык билими, көрөңгөсү биз ойлогондон да алда канча терең, кенен экендигине күн сайын ынанып келе жатам” деген Мирахим мырза ушул темада кандидаттык ишин баштоо алдында турат. Бүгүнкү маегибиз жакында эле коомчулук алдына алып чыккан улуттук кийимдери тууралуу болду.

– Мирахим, сенин идеяңан жаралган эркектердин кѳйнѳк коллекциясына күбѳ болдук. Бул идеяң качан жана кантип пайда болду?

 

1-1– Бала кезибизден апам бизге улуттук нукта кийим кийгизип,  башыбыздан калпак түшүрбөй көндүрүп койгондуктанбы, айтор, ал нерсе аң-сезимден орун алып калгандай. Кийин өзүм үчүн улуттук ыкмада түрлүү, саркеч кылып кийимдерди  тиктирип кийе баштадым. Ошондо анан бир топ тааныш агалар, эжелер “бул кийимдериңди элге алып чыкпайсыңбы” деп сунуш кылышты. Мен да өз кезинде бул ойго уюп, коомчулукка алып чыгууну чечтим. Август айында Эл аралык “Оймо” фестивалында бет ачаары болуп, жигиттер үч түрлүү көрүнүш менен: көйнөктүн өзүн, кемсели менен, анан куру менен кийип чыгышты. Кѳйнѳктѳгү тумарчалар эки түрдө берилди. Биринчиси чырашталып тигилген, экинчиси кийизден даярдалып, аппликация катары көйнөккө басылган.

– Кийимдердин бет ачаарын “Ак Шумкар КУТ” жаштар коомдук бирикмесинин атынан алып чыгыптырсың…

13-4– Ооба. Себеби, аталган уюм көп жылдан бери салттуу маданиятты көтөрүү багытында иш жүргүзүп келет. Азыркы замандын агымы жашоонун бардык жагынан, жүрүм-турум, кийим-кече ж.б. жагынан ирилештирүүгө, окшоштурууга алып бараткансыйт. Мына ушул замандын закымынан чыгуу иретинде эркектерге арнап ушундай улуттук кийимдердин толкунун баштап,  быйылкы жылдан тартып улуттук кийим-кечелерди заманбап көрк менен коомчулукка сунуштоого белсендик.

– Кѳңүлгѳ жагымдуу мындай кийимдерди алып чыгуу менен ѳзүңѳргѳ кандайдыр бир максат койдуңарбы?

1-2 – Негизги максаты ушул – материалдык нерсе аркылуу, улуттук кийим аркылуу кыргыздардагы уктап жаткан касиетин, заманга зарыл нерселерин ойготуу. Ушуга жараша ар бир көйнөктө, кийимде кыргыздын ата-бабаларынан бери келаткан шөкөттү, оюм-чийимди колдондук. Мына мисалы, ар бир көйнөктүн так көкүрөк тушунда байыркы эн белгилер тумарча калыбында түшүрүлдү. Ар бир белгини терең изилдеп туруп, ушул көйнөктөрдү кийген ар бир жигитти суук көздөн, суук сөздөн сактап турсун деген өңүттө койдук. Саймасы дагы “кыргыз жигитинин элге-жерге болгон сүйүүсү артсын, мекенчил болсун” деген тилек менен колго сайылган.  Ал эми кѳйнѳктүн бычылыштарында да маани катылган. Мисалы, анын тик жака болушу жөн эмес. Анткени, тик жака мырзалык сапаттын белгиси, мырзалык касиеттин сактоочусу. Ошондуктан, дагы бир жолу баса белгилеп айта кетейин, бул кийимдерди чыгаруунун негизги максаты элдин аң-сезимине таасир этүү.

– Кийимдерди жаштар арасында модага айлантууну кѳздѳп жатасыңарбы?

1-5– Албетте, сѳзсүз. Калпак же болбосо сайма кийимдер аш-тойлордо, той-тамашаларда гана кийилет деп, же болбосо алар жалаң гана артисттердин кийимдери деген көз караш коомубузда калыптанып калган. Мына ушундай тар түшүнүктѳрдѳн  улам улуттук кийимдер биздин күнүмдүк жашообузга сиңип кете албай жатпайбы. Эмне себептен биз аны көчөгө, жумушка, окууга, эс алууга кийбешибиз керек? Дал ушул ойлорду жойуу максатында ушул кийимдерди жаратуу идеясы пайда болгон.

– Жогоруда “кийимдердин саймалары колго сайылды” дедиң, бул үчүн саймачы ишмерлерге кайрылдыңарбы?

– Жок, ушул жерден сыймыктануу менен айтып кетейин, бул кийимдердин баарын даярдоодо  ѳзүмдүн апам жардам берип, иштин 80 пайызын ѳзү бүтүрдү.  Ал эми Чолпон деген эжем, Жылдызай аттуу кесиптешим чоң жардамдарын аяшкан жок. Мен аларга терең ыраазылык билдирем.

1-4– Улуттук кийимди жайылтуудагы кадамыңарда дагы кандай ѳзгѳчѳлүктѳрдү күтсѳк болот?

– Буйурса, кийимдердин тизмегин: эркектерге ылайыкталган күрмө, чапан, шымдарды чыгарабыз. Анан аларга сөзсүз түрдө кошумча шөкөт (аксессуар) даярдалат.

– Кийимдердин сапаты, кездемеси тууралуу билсек болобу?

– Кездемелер Индиядан алынып келинген жана ѳзүбүздѳн чыккан   экологиялык таза өнүмдөрдөн жасалды. Ошондуктан орто катмарга бир аз кымбатыраак болууда. Бирок, кийинки айлампаларда бардык адамдарга  ыңгайлуу баада чыгара баштайбыз.

– Чоң рахмат! Ишиңерге ийгилик каалайбыз!

 Назгүл ЖОРОБАЕВА

4 thoughts on “Мырзалардын этно-саркеч кийимдери

    • ВАХАХАХ УМНЫЙ ЧЕЛОВЕК НАШЕЛСЯ! КЫРГЫЗЧАБЫ ОРУСЧАБЫ ДАРЕГИНБИ АДРЕСИНБИ БИЛИП АЛСАМ ЖАКШЫ БОЛОТ ЭЛЕ! =)

Leave a Reply to Ботя Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *