Асылбек НАСИРДИНОВ: “Салттуу музыканы тааныштыруу бакчадан башталыш керек”

«Саамал» этнографиялык-фольклордук ансамблин мындан 10 жыл мурун Кыргыз эл артисти Арсен Ѳмүралиев Бишкек шаардык театрынын алдында түптѳп, ѳзү жетектеген. Азыркы убакта ансамблди таланттуу музыкант, кыргыз аспаптарынын баарында чеберчилик менен ойногон Асылбек НАСИРДИНОВ жетектейт. Бул топто жашы 19дан 35ке чейинки профессионал жети адам эмгектенет. Алар нукура кыргыздын аспаптарында ойношуп,  кыргыз күүлѳрүн бурмалабай, нукуралыгын жоготпой элге тартуулап келишет.

– Чопо чоор, сыбызгы, чогойно чоор, жыгач ооз комуз жасайт экенсиң. Мындай кол ѳнѳрчүлүктү кайдан үйрѳндүң?

– Кол ѳнѳрчүлүк менин тукумумда бар экен. Таятам ээр чапчу, жүгѳн ѳрчү, багбанчылык жайы бар болчу. Мисалы, биздин айылда алма, ѳрүк менен эч кимдин иши жокто таятамдын чоң алма багы бар болчу. Таякемдер азыркыга чейин ал бактын үзүрүн кѳрүшѳт. Чоң атамды кѳрбѳй калдым, бирок мени кѳбүнчѳ ошо кишиге окшоштурушат. Комуз чертчү экен. Радиодон күүлѳрдү берип калса, ичип аткан чайын таштап, угуп, андан соң комузун алып, кыңгыратып отуруп, ошол күүнү таап алчу деп айтышат. Чоң апам мыкты саймачы, чоң апамдын эжеси темир комузчу болчу. Ѳзүмдүн атам Тѳлѳн Насирдинов  комузчу, тарыхты изилдеген журналист эле. Атам мени ар тараптуу болуп чоңоюшума кѳңүл бѳлчү. Кѳп маалымат алсын деп казак, ѳзбек каналдарын кошо кѳрсѳтчү. Түшүнбѳгѳн кѳп нерселеримди атамдан сурап билчүмүн. Ошо кезде Алтайда «Алтай шолпаны» деген гезит чыкчу. Аны атам почта аркылуу алып, мага да окутчу.

Колуңа алган биринчи комузуң кайсы эле?

– Менден сегиз жаш улуу Таалайбек деген агам бар эле. Каза болуп калган. 3-класс кезимде «Айчүрѳк» ЦУМуна ээрчитип барып биринчи комузумду сатып берген. Бирок, алгач ал мага гитарада ойногонду үйрѳттү. Ѳзү болсо гитараны  китептерден окуп жүрүп эле ѳз алдынча үйрѳнгѳн. Сүрѳт да тартчу. Мен да сүрѳтчүлүккѳ кызыгып, 11-класска чейин ал ѳнѳр менен алектендим. Бир жолу айылга барсам, чоң энемдер кийиз жасап жатышыптыр. Карап отуруп, кызыгып кеттим. Анан 1,5 метрлик чийди алып, ѳзүмчѳ жасап кѳрѳйүнчү дедим да, чоң энемен ыраатын сурап алып, каалаган сүрѳтүмдү салып, бир кийиз жасадым. Кийин аны шаарга апкелип, ѳзүмдүн бѳлмѳмѳ коюп койгом.

– Мурунку комуздар менен азыркы комуздардын айырмасы эмнеде?

– Азыр музыкалык аспаптар мурункуга караганда ѳзгѳрдү. Эгер байкасаңар, илгери комуздар кичирээк келип, формасы жагынан да башкача болчу. Жашоо шартка, ат үстүндѳ жүрүүгѳ ыңгайлашкан эле. Азыркы комуздардын эни аларга салыштырмалуу чоң, узунураак, анан тууралжын келет. Жип кылдуу комуздар кѳп кездешүүдѳ. Ичегиден жасалган кылга караганда, жип чымыр келип, кѳпкѳ чыдайт. Улам-улам эле кыл алмаштыра берүүгѳ мүмкүнчүлүк жок. Анын үстүнѳ жиптин деле термелүүсү, тембри ичеги кылдыкына окшош. Мындай жип кылдарды алгач Нурак Абдрахманов абабыз жаңылык кылып киргизген. Ичеги кылдуу комузду эч бир аспап кошпой черткен жакшы болсо, эстрада менен айкалыштырууда жип кылдуу комуз жакшы. Негизи азыркы аспаптардын үнүнүн сапаты мурункуга караганда бир топ жогору. Себеби, азыр техникалык мүмкүнчүлүктѳр кеңири, математикалык эсеп-кысап менен тигил же бул аспаптын калыңдыгы, узундугу эске алынат.  Учурда Намазбек Уралиев чапкан комуздар эски комуздарга караганда алда канча ѳйдѳ. Эгер биздин кѳзү ѳтүп кеткен атактуу комузчуларыбыз ушу киши чапкан комуз менен чертишсе, баалуулугу дагы жогору болмок. Бул менин жеке оюм.

Устаттарың ким?

– Эң биринчи устатым, Шубин атындагы балдар музыкалык мектебиндеги окутуучум Эмил  Эсеналиев  болгон. Ошо киши мени ушундай туура жолго салып, негизги багытты берди. Балким, башка мугалимге туш болсом, жолум башкача болмок. Эң башкысы, агай мени иштегенге үйрѳттү. Бир бѳлмѳгѳ камап кетчү. Мугалим келгенче берген тапшырмасын аткарып отурчумун. Кетип баратканда бул күүнү канча жолу чертейин деп сурачумун. «Чекеңен тер чыккыча» деп кетип калчу. Отурчумун анан качан тер чыгат деп. Андан кийин мектепте Ашыралы Айталиев агайдан таалим алдым. Ошо кезде мен «Мѳлмѳлүмдү», «Таласым», «Курманбекти» ырдачу элем. Андан кийин, 5-6-классымда Асанкан Жумакматов оркестрге солист кылып алды. Кичине кезимен ушундай улуу адамдар менен иштешип, таалим-тарбиясын алып калганым мен үчүн сыймык.

Негизги ѳнѳрүңдүн арты менен канча мамлекетти кѳрүп чыктың?

– Он беш мамлекетке бардым. Мага баарынан жакканы Норвегия болду. Калкы да меймандос, жери да биздин Ысык-Кѳлгѳ окшош экен. Ушул жерден Америкадан кѳрүп келген кыргыз музейи боюнча айта кетейин. 2002-жылы ал жакка фестивалга бардык. Вайоминг штатында Жексен Холл деген, коруктун ичиндеги аябай кымбат, дүкѳн, ресторандардан бѳлѳк ичинде эч кандай ѳндүрүш, мекемеси жок,  жалаң байлар жашаган шаар экен. Ошол жерде Кыргызстанга арналган музейди кѳрдүк. Ал жерде жашагандардын кѳбү биздин ѳлкѳгѳ келип кетишиптир. Мен алардан Кыргызстандын эмнеси жакканын сурасам, Кыргызстандагы элдин меймандостугу, жѳнѳкѳйлүгү, табияты жакты дешти. Эмне жаккан жок десем, аракты кѳп ичишет экен, аракка аябай шыкашат экен, ошонусу жаккан жок деп жооп беришти.

Музейди ким негиздептир?

– Кандра Дей деген 70ке чыгып калган американка аял бай спонсорлорду таап уюштуруптур. Музейде Кыргызстандын картасы, айыл жашоосун, чабандардын жашоосун, жаратылышын чагылдырган сүрѳттѳр, кол ѳнѳрчүлѳрдүн эмгегинен жаралган камчы, ээр жүгѳн, шырдак, кичинекей боз үй ж.б. коюлуптур. Бизди атайы ошону кѳргүлѳ деп алпарышты. Алыс жактагы америкалыктардын Кыргызстанды баалап-барктап аткандарын кѳрүп, ичиң жылыбай койбойт. Табият менен жуурулушуп жашаганды сүйгѳн алар кыргыздын боз үйүн пластиктен жасап, чакан айыл кылышып, үйдүн ичин заманбапташтырып алышыптыр. Айылдын ѳзүнѳ барган жокпуз, бирок, автобус менен кетип баратып кѳрдүк, апапак болуп тигилип турат.

Кыргыз музыкасынын, аспаптарынын баалуулугун жаштарга жеткириш үчүн, өз концерттериңерге аларды тартыш үчүн аракет жасайсыңарбы?

– Ар бир музыканын ѳз угуучусу бар. Фольклор музыканттарынын милдети – жаш муунду ушул музыканын угуучусу кылып тарбиялоо. Концерттерибизге кѳп эле жаштар келет. Концерттен кийин бизге жолугуп, «кыргызда ушундай аспап бар экенин билбептирбиз» деп айткандары бар. Негизи салттуу музыка менен, кыргыз аспаптары, ырлары менен тааныштырууну бала бакчадан, мектептеги музыка сабагынан башташ керек деп эсептейм. Бала бакчаларда балдардын тамактарына кыргыздын тамак-ашын аралаштырыш керек. Кыргыздын наркына башынан кѳп кѳңүл бурулса, балада кичине кезинен тартап кыргызмын деген түшүнүк, патриоттуулук сезим калыптанат. Бул, албетте, мамлекет тарабынан колдоого алыныш керек. Дагы бир айтаарым, жаштарга тарбия бериш үчүн социалдык кѳйгѳйлѳр, балдар үйүндѳгү ж.б. терс кѳрүнүштѳрдү чагылдырган клиптер  тартылып турушу керек. Мисалы, «13 жашар баланын арманын» ырдап чыккан Султан Садыралиев аздыр-кѳптүр ушул кѳйгѳйдү элге, ѳзгѳчѳ жаштарга жеткире алды. Анча-мынча болсо дагы айрым адамдардын жандүйнѳсүндѳ ѳзгѳрүү болду го деп ойлойм.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *