Кыргызча окуган окуучуну ЖОЖдо орусчага мажбурлоо – акылсыздык!

Кыргызча окуган окуучуну ЖОЖдо орусчага мажбурлоо – акылсыздык!

Салмоорбек Дыйканов, «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын төрагасы

Тил – аны сандыкка сактап коюп, кайра пайдалана бергендей буюм эмес. Тилди колдонулбаса жоголот. Эне тил пайдаланылбай турса – өлөт!

Тилди пайдаланганда, аны менен сүйлөгөндө гана ал жашайт, өнүгөт. Муну илимий чөйрөдө жакшы билишет. Орус окумуштуусу, тилчи Д.Н.Ушаков бул жөнүндө: «Сүйлөгөн адамдар болбосо, тил өлөт. Бирок, сүйлөгөндөр жок болгондо гана эмес, башка тил басымдуулук кылып, адамдар өз эне тилин чанып, же кандайдыр бир себептер менен башка тилге өтүп, башка тилде сүйлөй баштаганда – тил жоголот» деп, көп жылдык илимий изилдөөсүнүн жыйынтыгын чыгарган.

Азыркы кыргыз тилинин абалы ушул айтылган абалга жакын. Аны сактап өнүктүрүү үчүн, алгачкы иретте, жогорку окуу жайларда сабак кыргыз тилинде өтүлүшү зарыл. Кайсы жогорку окуу жайга кирбе, лекциялык аудиториядагы студенттердин басымдуу көпчүлүгү кыргыздар. Окутуучу дагы кыргыз. Бирок, алар өз студенттерине орусча сабак өтүп, орусча сүйлөшөт.

Мындай учурда айылдан келген кыргыз студенттердин абалы кандай болот? Ар бир күнү алар 6 саат бою лекциялардын курсунда отуруп, айлап-жылдап окуу семестрде: математика, философия, психология ж.б. сабактар кыргыз студенттер түшүнбөгөн же чала билген тилде өтүлөт. Эч даярдыгы жок адамга ѳзү түшүнбѳгѳн тилде окута берсе  ал жарытылуу билим ала алабы? Бир нерсе түшүнөбү? Жок! Бир жылдын ичинде эле мындай шартта адамдын психикасы деформация болот. Сабак башталаар замат, адамдын көңүлү башка жакка бурулат. Себеби, адамдын жаратылышы, мээнин иштеши ушундай. Түшүнүксүз, чоочун нерседен адам алыстагысы, алаксыгысы келет. Ошондуктан, орусчадан алыс ѳскѳн айылдык студенттердин көпчүлүгү орусча окулган лекцияларда эмне сөз болуп жатканын биле беришпейт. Жыйынтыгында, алар төрт жыл бою жалдырап отуруп берген жанга айланат. Өксүктүк комплекси пайда болот. Окутуучунун суроосуна жооп берсе дагы, чоочун сөздөрдү так сүйлөй албастан, сүйлөгөнүмдү кандай кабыл алаар экен деген ой менен кыжаалат жашоосу өтөт.

Бир-эки жылда орус тилин азыраак өздөштүргѳндѳр болсо өз тилин жерий баштайт. Ал эми төрт-беш жыл окуп бир кесипке ээ болуп чыккандар ишке орношкондо, өз тилинде жѳндүү иш жүргүзө албай калат. Ошентип алар же эне тилинде, же орус тилинде эркин ой жүгүртѳ албаган абалда калышат.

Жогорку окуу жайларынын окуу процессине мамлекеттик тилде окутууну киргизүүгө каршы болгон кыргыз тилинин душмандары (демек, кыргыз элинин душмандары), мүмкүн, дагы эле баягыдай бир себепти таап, же мурдагыдай: кыргыз тилинде окуу китептери жок, окута турган каражат, акча жок деп ызуу-чуу салаар. А бирок, мындай тантык-демагогия суу кечпейт.

Окуу китептерин, атайын методикалык окуу каражаттарды даярдоо үчүн  эмне кылуу керек? Бул суроого жооп берүү үчүн, мен мындай суроо койор элем: «Сууга сүзүү үчүн эмне кылыш керек?». Жооп: «Сууга кириш керек. Суудан корккон – сүзгөндү үйрөнө албайт». Ошондуктан, кыргыз тилинде окуп, сүйлөп, иштебесек, анда эч качан эне тилибиз өнүкпөйт! Азыркыдай шартта жүрѳ берсек эч качан кыргыз тилинде окуу китептери жаралбайт. Кыргыз тилинде сабак өтүлүп, окутуучу кыргыз тилинде сүйлѳп иштей баштаса, алгач бир нече ай кыйналаар. Бирок, анан барып калыпка түшүп  үйрөнөт. Окуган курстун негизинде окуу китептери жаралат. Бир нече жылдын ичинде кыргыз тилинде эң жакшы деген окуу китептери, илимий эмгектер пайда боло баштайт.

Азыр ЖОЖду орусча окуп  бүтүп иштеген кыргыздар өз адистигинде кыргыз тилин чала билишет. Экономист, юрист, врач, аскер адамы, инженер, куруучу  адистигиндегилер орус тилинде гана иш жүргүзө алышат. Орто жашка барып калганда ал адамдар үчүн нукура кыргыз тилинде эркин сүйлөѳ, жазуу албетте абдан кыйын болот. Андыктан, ар нерсенин өз убагы бар дегендей, жаштайынан тартып өз тилинде сүйлөө зарылдыгын эске алсак, мектепте жана жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилде окутуубуз керек. 11 жыл бою кыргыз тилинде мектепти окуган окуучуларды өз мекенинде, ѳз мамлекетинде студент кезинен тартып орусча окууга мажбурлоо – бул намыссыздык жана акылсыздык! Мындай жагдай эне тилди жоготууга алып келет!

Жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилде окутуунун башкы максаты – бул кыргыз тилин билбегендерди кемсинтүү же дискриминация кылуу эмес. Мунун башкы максаты – кыргыз тилин сактап калуу жана өнүктүрүү! Эне тилсиз – эл болбойт!

Эгер кандайдыр бир адистикте кыргызча термин же сөз жок болсо, анда сырттан келген терминдерди колдонсо болот. Эгер машинебиздин бир тетиги жок болсо, башкасын пайдалансак болот. Башкысы, машине биздики. Мисалы, орус тилиндегилер «пилот», «шофер» деген англис тилинин сөздөрүн колдонуп келишсе, кийин өз тилин өстүрүп-ѳнүктүрүп, орус тилиндеги «летчик», «водитель» деген сөздөргө өтүштү. Биз үчүн барынан жакшысы, керектүү сөздөрдү байыркы кыргыз же байыркы түрк сөздөрүнөн издеп тапсак болот.

Жыйырма жыл өттү. Ушул убакытта мамлекеттик статусу бар кыргыз тили билимдин, илимдин, техниканын, мамлекеттин тили болдубу? Жок!

Азыркыдай абал сакталып кала берсе, кырк жылдан соң деле кыргыз тили өнүгүп кетпейт. Тескерисинче талкаланып жок болот. Себеби, ушинтип колдонуудан чыгып олтура берсе, анда, алыскы айылдарда гана пайдаланган кыска тилге айланат.

Айрымдар, кыргыз тилин мамлекеттик мекемелерде, уюмдарда, жана башка ушул сыяктуу жерлерде пайдаланууга болбойт, мындай деңгээлде болуп көргөн эмеспиз, жете да элекпиз дешет. Бул таптакыр  туура эмес көз караш. Согушка чейин эле кыргыз тили мамлекеттик мекемелерде кеңири колдонулган.

Менин атам – филология илиминин профессору Карбоз Дыйкановдун (экинчи дүйнөлүк согуштун ветераны, авиабомбадан жараат алып, бир нече жолу ок жеген адам) минтип жазганы бар: «Биз согушка, фронтко Кыргызстандан кетсек, кайра келгенде Россияга келдик» деген. Тагыраак айтканда, согуш убагында Кыргызстанга Россиядан жана Украинадан жүз миңдеген адамдар көчүрүлүп келип, бардык мекемелердеги иш кагаздары орус тилинде жүргүзүлө баштаган. Ал эми согушка чейин Кыргызстанда бардык иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлчү.

Конституцияга «Кыргыз тили – мамлекеттик тил» деп он жолу жазылса да, ал өнүгүп кетпейт. Тил – жандуу, тирүү нерсе. Аны дарак менен салыштыра келсек, дарак өсүш үчүн күндүн нуру, жылуулук, суу керек болгондой эле, тилдин өнүгүшү үчүн да атайын шарт  түзүлүшү керек. Мамлекеттик кызматкер, чиновник дегендер мамлекеттик тилде эркин сүйлөшү, жаза билиши – башкы шарттардын бири. Албетте бул өзүнөн өзү эле болуп кетпейт. Бул үчүн, жогоруда айткандай, адистерди даярдоодо жогорку окуу жайда кыргызча окутуу зарыл.

«Жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилде окутуу керек» дегенибизге орус тилинде сүйлөгөн окутуучулар, орус тилдүү кыргыздар жана кыргыз эместер каршы болору белгилүү. Анткени, аларга кыргыз тилинде сүйлөгөндү, жазганды үйрөнүүгѳ туура келет. Бирок, эмне үчүн алардын жалкоолугу жана ушундай көз карашы үчүн жүз миңдеген кыргыз студенттери кор болушу керек? Анүстүнѳ, азыр кыргыз тилинде жогорку окуу жайларда сабак бере турган окутуучулар, мугалимдер аларсыз деле жетишээрлик…

Кыргыз тили – бул биздин кутубуз, ата-бабаларыбыздын мурасы, бизден кийинки муундардын ырыскысы, биздин тагдырыбыз!

«Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын жогорку окуу жайлардын ректорлоруна, колледж, лицей, атайын орто окуу жайларынын директорлоруна

КАЙРЫЛУУСУ

Биздин бар байлыгыбыз – эне тилибиз болгон  кыргыз тилин сактоо жана өнүктүрүү максатында, жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамын аткаруу, иш жүзүнө ашыруу үчүн:

1. 2013-жылдын 1-сентябрынан тартып окуу сабактары мамлекеттик тилге өткөрүү башталсын.
2. 2013-2014 -жылдардагы окуу жылында 50%дан кем эмес окуу сабактары кыргыз тилинде жүргүзүлсүн.
3. Жыл сайын  ушул багытта иш жүргүзүлсүн жана 5 жылдын ичинде 100%га жеткирилсин.
4. Көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигине, Мамлекеттик тил комиссиясына тапшырылсын.

 

One thought on “Кыргызча окуган окуучуну ЖОЖдо орусчага мажбурлоо – акылсыздык!

  1. Эң туура айтылган сөз мен толугу менен кошулам. Башка өлкөлорду карайлычы болгон окуу жайларда, мектептерде, балабакчаларда баардыгы мамлекеттик тилде жүргүзүлөт. калган чет тилди каалаган керек болгондор үйронүп алат. Бизде орусча билбөө уяткатары кабыл алынат. Муну эртээрек колго алыш керек жогоку жактагылар. Документацияны толугу менен кыргызча жүргузуш керек

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *