Элчи Доктор Умай эне

Арыбаңыздар, ардактуу кыргыз элим, Кѳкѳ Теңир деп сыйынган байыркы касиеттүү ата-бабаларыбыздын урпактары!

Мен, Таалайбүбү Сулайманова, касиеттүү элчи Доктор Умай эне катары кѳп адамдардын сообуна калууга аракет кылып келем. Улуу Кудай берген улуу дарыгерлик касиетти жашырганга акым жок. Улуу Кѳкѳ Теңирдин берген дарыгерлик касиети, бул мага эле эмес, Кыргыз элине жана да жалпы эле жер бетинде ооруп жүргѳн адамдарга берилген ыйык Галактикалык айыктыруу терапия курсу.

Ардактуу, касиеттүү кыргыз элим! Мен мединститутту эмес медициналык окуу жайды да окуган эмесмин. Бирок, 2006-жылдан бери Галактикалык Жогорку медициналык академиясынын хирург-доктор-врачтары медициналык диагноздорду жаздырышып, акыркы жылдарда жалаң орусча медициналык терминдерди кабыл алып жазып жатам. Ушул диагноздор менен оорулуу адамдар ооруларын ѳтүштүрбѳй кайрылса, галактикалык хирург-врачтар оор жана жеңил операцияларды кан чыгарбай, дарылап жасашат. Галактикалык, медициналык касиет 21-кылымда тартууланган чындык. Ортодо элчилик докторлук (врачтык) касиетти аркалап адамдарга кызмат кылганыма тогуз жыл толду. Буга чейин ден соолуктарын оңоп, ар кандай оор жана жеңил операцияларды баштарынан ѳткѳргѳн пациенттерибиз бар. Алардын пикирлери да гезит бетинен жарыяланганда кандай оорулардан сакайгандарын окуйсуздар. Сиздерден ѳтүнүч, ден соолукка убагында кам кѳрүп, ооруну ѳтүштүрбѳй, ѳмүрүңүздѳрдү сактаңыздар. Улуу Кѳкѳ Теңирибиз баардыгыңыздарга ѳмүр берип жалгасын, ден соолук берип сактасын!

Ааламдан алынып жаткан маалыматтардын ичинде дарылоо курсуна жаткан адам балдарын дарылоо үчүн учуп келишкен касиеттүү дарыгерлердин даражалары да берилген (орусча маалыматтар кандай келсе ошондой берилип жатат). Алар тѳмѳнкүлѳр:

Врачи-хирурги, врачи-терапевты, врачи-окулисты, врачи-невропатологи, врачи-лор, врачи-кардиологи, врачи-анестезиологи, врачи-гинекологи, врачи кожного заболевания, врачи рентгенологи, врачи томографии, хирург-врачи нейрохирургии, хирурги-врачи микронейрохирургии, хирург-врачи в общем виде, операционные медсестры, старшие медсестры, медсестры (жана башкалар).

Ал эми Улуу Галактика ааламынан учуп келип дарылаган Жогорку Медициналык Академиясынын хирург доктор-врачтар жана баардык касиеттүү дарыгерлердин кандай ооруларды дарылоо боюнча сигнал-маалымат берүүсү тѳмѳнкүдѳй:

Омуртка, омуртка-жүлүн кан-тамыры, омуртканын жылышып ѳсүүсү, ийрейүүсү, омуртка чел кабыгы.

Орусча келген маалыматында: ущемление в тазовом позвоночнике, повреждение колено-чашек, герпес, артериальное давление, низкое давление, низкий гемоглобин, малокровие, сосуды, микрососуды, расширение вен, варикоз, появление тромбов, микротромбы, мелкие синие капилляры, кровь на сахар, сужение в крови, сухожилия, миома, узловая миома, эндостазы, эндометрия, эрозия, кисты в шейке матки, ущемление трубы в шейке, спайки трубы, киста на трубе, загиб матки, опущенная матка, вирусные палочки в шейке матке, эмбрионы, гайморит в сухом виде носовых дыхательных путей, хронический отит, неврозы, узловой внутренний зоб на щитовидной железе, нарушение гормональной железы, нарушение молочной железы, сердечная астма, митральный клапан (жана башка оорулар).

Оо, Улуу Кѳкѳ Теңир! Ѳзүң жараткан уулдарыңды, кыздарыңды ар-намыстуу, абийирдүү кыла гѳр, ар бир адам баласынын жүрѳгү таза болуп, бири-бирибизге сылык мамиле жасайлы. Кѳралбастык сезимдерден алыс кыл, биздин жүрѳктѳргѳ толтура сүйүү бер. Эң биринчиден ѳзүңдү гана сүйѳлү жан дилибиз менен. Ѳзүңдүн буйругуң менен касиеттүү кыргыз эли күн нурундай арууланып, тазалансын. Ар бир баскан изибизден аруулуктун, сулуулуктун, ден соолуктун нуру тѳгүлсүн. Оомийин!

Ардактуу касиеттүү кыргыз элим! Эң биринчиден ыйманда, ден соолукта бакубат ѳмүр сүрѳлү!

Кѳкѳ Теңирим жалгасын,
Ден соолук берип сактасын.
Теңирим кѳзү түз болуп,
Кырсыктан, оорудан сактасын,
Теңир кѳздүү, Теңир үндүү
Касиеттүү кыргыз элин
Теңир Ата колдосун!
«Күндѳй» тийип жаркыган
«Чагылган» сымал жалт эткен
«Асман» ѳңдүү кѳк беттүү
«Ууз» сымал нур жүздүү
Жоо чыкса «Сактанып»
«Түмѳндѳгѳн» кыргызым
«Булут» болуп калкыган
«Манас» болуп чалкыган
«Жылдыз» болуп жылтылдап
Бара-бара дүйнѳ таанып барктаган
Касиети күчтүү кыргыз эл
Күн менен куттан ширелген
«Күн» атанын балдары!

Касиеттүү Күн Ата, Ууз Ата, Сак Ата, Жылдыз Ата, Түмѳн Ата, Асман Ата, Булут Ата, Чагылган Ата, Жети Баба, Жети Чоң Эне, Манас Ата, Кыргыз Ата, Кыргыз Эне, Умай Эне, Каныкей Эне, Чоң Энелер колдосун! Оомийин!

Доктор Умай энеге
Арыбаңыз, сиз дагы арыбаңыз,
Аалам менен байланышты жаңылаңыз.
Элчи болуп Көкө Теңир энчилеген,
Элимдин кызматында карыбаңыз.

Элге сиңип көрсөткөн эмгегиңиз,
Эч качан эскирбесин мээнетиңиз.
Айдын кызы аймалап жүзүңүздөн,
Айдай жаркып турсун келбетиңиз.

Ай-жылдыздын арасынан жерге келип.
Ар бир дартка өзүнчө даба берип.
Айыктырып жатышат хирург-врачтар,
Аспаптарын асмандан ала келип.

Жортуул жасап жомоктун дүйнөсүнө,
Жомок дешет уккандар адегенде.
Жаны сыздап келген адам бат түшүнөт,
Жан киргенде анын оору денесине.

Кыйнаса да кыйыр жолдо шар болуңуз,
Кымбат болгон өмүрлөргө жар болуңуз.
Көкө Теңир адаштырбай аппак жолдон,
Кыргызымдын кызматында бар болуңуз!

Эсенаман Кеңеш, Бишкек шары

 

Урматтуу окурмандар! Элчи Доктор Умай эне азыркы учурда борборубуз Бишкекте бейтаптарын кабыл алып дарылоодо. Кайрылам десеңиздер, тѳмѳнкү телефон номерине байланышыңыздар:

0773 33-93-29; 0773 11-99-46.

One thought on “Элчи Доктор Умай эне

Leave a Reply to ЖЫЛДЫЗ Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *