“Жаңы муундун коалициясы”: “МАМЛЕКЕТ ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАРАНДАРГА КӨЗӨМӨЛДҮ КҮЧӨТҮҮСҮ ЗАРЫЛ”

Жакшылык ЫНТЫМАК уулу

Кыргыз Республикасынын “Тышкы миграциясы жөнүндөгү” Мыйзамдарына өзгөртүү-толуктоо киргизүү зарылдыгы келип чыкты көрүнөт. Анткени, акыркы учурда сырттан келген мигранттарга квоталардын мыйзамсыз берилип жатышынын айынан биздин өлкөдө алардын так саны билинбей, башаламандыктарды жаратууда. Ушул маселени коомчулукка көтөрүп чыгып жаткан “Жаңы муундун коалициясы” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү менен биздин редакция маек курду.

– Чет өлкөлөрдөн келип иштеп жаткан жарандардын санынын көбөйүшү биздин өлкө үчүн кандай көйгөй жаратышы мүмкүн?

Тимур САРАЛАЕВ, “Жаңы муундун коалициясы” коомдук бирикмесинин төрагасы:
– Кыргызстандык бир окумуштуу айткандай: “Эгер бул маселе өкмөт тарабынан катуу көзөмөлгө алынбаса, анда келе жаткан жыйырма жылдын аралыгында чет өлкөлүктөрдүн саны өсүп отуруп жарым миллионго жетиши мүмкүн.Өзүбүздүн миллиондон ашык жараныбыз чет өлкөдө иштеп жүргөн чакта бул көрсөткүч өтө эле көп. Ал нерсе Кыргызстанга көптөгөн социалдык жана саясый көйгөйлөрдү жаратат. Чет өлкөлүктөрдүн аз гана пайызын студенттер жана ар кандай эл аралык долбоорлордун негизинде иштөө үчүн келгендер түзөт. Көпчүлүгү ишкердик, тейлөө, соода, курулуш тармагында иштеп жатышат. Демек, ички улуттук эмгек рыногун чет өлкөлүктөр ээлеп, биздин жарандарга иш орундары жетишпей атат. Бул деген биздин ата-мекендик ишкердиктин өсүшүнө терс таасирин тийгизет. Кыргызстанды гастербайтерлердин өлкөсү деп атап жатышат, анткени Кыргызстандагы ички жана тышкы миграция күч алды. Жумушсуздуктун айынан чет өлкөгө кеткен Кыргызстандын жарандары барган мамлекетинин жарандыгын алууга аргасыз болуп жатышат. Буга Россиянын тейлөө жана соода тармагында Россия Федерациясынын гана атуулдары иштеши керек деген жаңы мыйзамы түрткү болуп жатат десек болот.

– Чет элдик мигранттардын улуттук коопсуздук үчүн кандай коркунучу бар?

Аркарбек МАМЫТОВ, “Жаңы муундун коалициясы” коомдук бирикмесинин мүчөсү:
– Чет өлкөлүктөрдүн санынын көбөйүп кетүүсү жана алардын биздин мыйзамдарды талаптагыдай аткарбай жатышы титулдук улуттун нааразычылык маанайын туудуруп жатат. Соңку убактарда чет өлкөлүк жарандар менен жергиликтүү элдин ортосундагы чыр-чатактар көбөйүп баратканын угуп-көрүп жатабыз. Ошондуктан, чет элдик жарандар биздин өлкөгө кайсы себеп менен келип жаткандыгына жана эмне ишмердик менен алек болуп жаткандыгына мамлекет тарабынан көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Антпесе, азыркыдай болуп чет өлкөлүктөрдү биздин өлкөгө эсепсиз киргизе берсек, мамлекеттүүлүгүбүздүн жоголуп кетишине да коркунуч жаратышы ыктымал.

– Ошол чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартып жаткан ишканалар айтып келишет биздин ишканада көпчүлүк жумушчулар Кыргызстандын жарандары деп. Буга кошуласызбы?

Тимур Саралаев: – Тажрыйбалар көрсөтүп жатат андай эместигин, тескерисинче чет өлкөлүктөр көп. Мунун себебин алар “биздин жумушчуларга коюлуучу талаптарга Кыргызстандын жарандарынын билим деңгээли жана квалификациялары жооп бербейт” деп түшүндүрүшүүдө. Бул актанууга жатпайт. Себеп дегенде, Кыргызстанда көптөгөн ЖОЖдор жана көптөгөн техникалык окуу жайлар бар. Ал жерлерде жогорку билимдүү жана техникалык билими бар адистерди даярдашат. Башкача айтканда, кесиптик билими бар жаштар толтура. Бул жерде геосаясат болуп жатат. Ар бир чет өлкөлүк атуул өз улутунун, мамлекетинин кызыкчылыгын көздөйт жана алар бизге канчалык инвестиция салса аны эки эсе чыгарып кетүүгө арекеттенет. Ошол себептен, өз өлкөсүнүн жарандарын жумушка тартып жатышат. Бул жерде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктары утулууда.

– Анда квотанын санын азайтыш керекпи?

Аркарбек МАМЫТОВ: – Квотанын санын азайтсак Кыргызстан эл аралык чөйрөдө катуу сынга кабылат. Бул жерде квоталардын мыйзамсыз берилип жатышы туура эмес болуп жатат. Өкмөттүн токтомунда көрсөтүлгөн нормадан ашык квоталар берилип жаткандан кийин чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө уруксат берүүчү мамлекеттик төлөмдөрдүн суммасын да көбөйтүш керек деп ойлойм.

– Кыргыз Республикасына акыркы убакта эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн канча чет өлкөлүк жаран кирген, алар квотанын өлчөмүнөн ашпайбы?

Бектур АБДЫКАДЫР уулу, “Жаны муундун коалициясы” коомдук бирикмесинин мүчөсү: – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ар жыл сайын чет өлкөлүк жарандарга 10 миң квота берет. Бул боюнча өкмөт токтом кабыл алат, ал токтомдо негизинен экономика тармагында иштөөчүлөр үчүн деп көрсөтүлгөн. Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагына 2012-жылдын 11 айында чет өлкөдөн 101,890 адам кирген болсо, анын ичинен 15,713 адам ишкердик виза менен, 7730 адам жумушчу визасы менен кирген. 2012-жылдын 11 айында эле биздин мамлекетке 23,423 адам ишкердик жүргүзүүгө жана ар кандай жумуштарда иштөөгө келген. Демек, берилген квотадан 13,423 адам ашып кеткен, бул Кыргыз Республикасынын “Тышкы миграция жөнүндөгү” жана “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндөгү” Мыйзамдарынын, ошондой эле Өкмөттүн квота бөлүштүрүү боюнча токтомдорунун бузулушуна алып келүүдө. Мамлекеттик органдардын бул мыйзамдардын так аткарылышын толук көзөмөлгө албай жатышы чет өлкөлүк жарандардын биздин мыйзамдарды сыйлабай, аны тийиштүү деңгээлде аткарбай жатканына түрткү болуп жатат.

– Алардын санынын нормадан ашып кетүүсүнө ким жооп берет, ким күнөөлүү?

– Квотаны өкмөт берип жаткандыктан, өкмөттүн ушул тармакты көзөмөлдөөчү социалдык маселелер боюнча вице-премьер министри, тышкы иштер, ички иштер жана эмгек, миграция министрликтери жоопкерчиликти алышы керек.

Ал эми мыйзамдын аткарылышын прокуратура органдары, Жогорку Кеңештин мыйзамдуулук комитети, өкмөттүн аппаратынын токтомдордун аткарылышын көзөмөлгө алуучу бөлүмдөрү катуу көзөмөлгө алып, укуктук баа берүүлөрү керек эле.

– Чет өлкөлүк мигранттар тарабынан көбүнчө кандай мыйзамсыз иштер болуп кетүүдө?

– Чет өлкөлүк жарандар виза ачтыргандан кийин жумушка иштөөгө уруксат берүүчү кагаздарды алышат.Ушул өңүттөн алганда бул тартипти көпчүлүгү эле аткарбай атканын байкоого болот. Демек, чет өлкөлүк жарандардын көпчүлүгү мыйзамсыз ишкердик жүргүзүп жатышат, бул үчүн алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары алдында жооп берүүлөрү тийиш. Эгер мыйзамдарды одоно түрдө бузса, аларды административдик жол менен өлкөдөн чыгарып салуу керек.

– Мыйзамдарды чет өлкөлүк жарандар талаптагыдай аткарышы үчүн кандай арекеттер көрүлүшү керек эле?

– Эмгек миграциясын жөнгө салуучу мыйзамдык базабызды чыңдап, эл аралык нормаларга ыңгайлаштырып өзгөртүү, толуктоолорду киргизүүгө мезгил келди. Себеп дегенде, биздин мыйзамдардын жумшактыгы алардын мыйзам бузууларына жана талаптагыдай аткарбай жатышына себеп болууда. Чет өлкөлүк жарандардын мыйзамдарды бузгандыгы үчүн салынуучу административдик айып пулдун өлчөмүн да жогорулатышыбыз керек.

– Бизге маалым болгондой, Европа мамлекеттеринде жана башка мамлекеттерде чет өлкөлүк жумушчу күчтөрүн тартса атайын талаптар коюлат, бизде ошондой талаптар барбы?

Аркарбек Мамытов:
– Биздин мыйзамдарда чет өлкөлүктөр үчүн өзгөчө талаптар коюлбайт, болгону алардын жаш курагы18 жашка толгон болсо болду, келип иштей берсе болот экен. Бул болбогон нерсе, негизинен бизде дагы чет өлкөлүк жумушчуларга атайын бир катар талаптар коюлушу керек. Мисалы, алар биздин өлкөгө келип иштээрден мурда, бул жакта иштей турган жумушуна тиешелүү деңгээлде кесиптик билими тууралуу документи болушу керек, мурда өз өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган болушу керек, эң негизгиси биздин өлкөнүн мамлекеттик же расмий тилин билиши керек. Эгер өкмөт тарабынан ушундай талаптар коюлса, чет өлкөлүк жумушчулар арасында атаандаштык күч алып, чыныгы адистердин келишине мүмкүнчүлүк түзүлмөк.

– Тил маселесин айтып өттүңүз, анын зарылчылыгы канчалык?

– Чет өлкөлүк жумушчулар мамлекеттик же расмий тилди билүүсү керек, себеп дегенде алар биздин мамлекетте ишмердүүлүк жүргүзүп жаткандыктан ар кандай иш кагаздарын колдонушат жана жергиликтүү эл менен алака түзүп, сүйлөшүшөт да. Мисалы, базарда соода кылган кытай жараны же кыргызча билбесе, же орусча билбесе, анда ал кантип соодасын жүргүзө алат. Бул талап коюлса, мамлекеттик тилдин конституциялык макамынын жогорулашына да салым болмок.

– Маегиңиздерге чоң рахмат!

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *