Эл-журтубуздун кызыкчылыгына иштейли!

“Кыргыз таануу” коомдук уюмдар тилектештиги

Илгерки ата-бабаларыбыз кызыл кырман убагында кырк кадактан бир кадак деп чогултуп, кап-кап эгин түшүмүнөн каралашары жок кары-картаңдарга, оокаттан кыйналып тургандарга, мал сойсо, этти казанга салбай туруп, мына муну баланчага берип келегал, ал бечара шорпо-шилең ичсин деп бирөөлөрдү жөнөтүп турушкан. Кыргыз  элдик  бул пейил, ниет, салт, нарк өчүп калган жок. Бара-бара тамыры дагы тереңдеп, кенен жайылып, элибиздин элдик дөөлөтү учтан түпкө уланар.

Кыргыз менен жапан элинде салт-нарктын окшоштук жактары көп. Айырмасы, алар оокаттуу, биз кыргыздар азырынча андай эмеспиз. Жапонияда калктын 90 пайызынын оокаты жетиштүү. 10 пайызы – миллионерлер. Ошол он пайыздагылардын “Бир пайызчылар” деген бириктештиги бар. Кайдан  киреше түшсө да, ошонун бир пайызын жыл бою чогултуп, өзү каалаган, мисалы спорт, мектеп, саламаттык сактоо сыяктуу стратегиялык маанидеги тармактарга: “эли-журтумдун өсүп-өнүгүшүнө менин кошкон атуулдук салымым” деп нечен миллиондогон долларчалык акча каражатты алпарып берип турушат. Бул аларда салтка айланган, биздеги “кырк кадактан бир кадак” сыяктуу.

Жеке бирөөлөрдүн муктаждыгына же кандайдыр бир маараке салтанаттарга жана башка ушулар сыяктууларга каражат берип, колдоого алуу жакшы иштердин өзүнчө бир жагы. Ал эми бүт эл-журт кызыкчылыгына, келечегине, өсүп-өнүгүшүнө деп акча каражаттык салым кошуунун мааниси алда канча терең.

Мисалы бүгүнкү күндө “Кыргыз таануу” Коомдук Уюмдар Тилектештиги деп 25 коомчулук күчтөр биригип, Кыргыз Эл Ынтымагын уютуу, элдүүлүктү сактоо, өлкөбүздүн өнүгүшүнүн социалдык өзөгүн күчтөө максатын көздөп иш башташты, негизинен жаштар. Акча каражаттуу атуулдарыбыздын арасынан колдоо көрсөтүүгө ниеттенгендер мекенчилдердин  Тилектештик уюму менен байланышууну ниет кылышса, бул телефон номери аркылуу чыгышса болот: 0558728778.

Бирге бололук, чогуу бололук, баарыбыз тагдырлашбыз!

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *