Dec 14

Жашоо сабактары

full1372797581

АКЫЛ

Акыл – бул адамдын дүйнѳ таанымына, жашоо ыңгайына жараша жашоо негизин  түзүп турган эбегейсиз зор, кубаттуу алкак.

Акыл – адамга жашоо түркүгү.

Акыл – адамдын жашоо кыймылы.

Акыл – адамдын жашоо негизи.

Акыл жараланса жашоо бузулат.

Акыл жараланса кубат кетет.

Акыл жараланса багыт кетет.

Жашоо кыймылы нуктан таят.

Толугу менен

Nov 23

Жашоо сабактары

sabakЖашоодо эки түрдүү сабак болот.

Биринчи сабак – адамга адам үйрѳткѳн сабак. Бул: тарбия, окуу, сѳз, жашоо (ата-эненин жашоосу, сѳзү, мамилеси, чѳйрѳ, маданият, мурас, таалим, д.у.с.)

Экинчи сабак – адамдын ѳмүрүндѳ чоң таасир берген окуя (сырдуу окуя, ѳлүп-тирилүү окуясы да болушу мүмкүн). Ошондон улам адамдын жашоосу ѳзгѳрѳт (ой-толгоосу, багыты, баасы).

Толугу менен

Nov 17

Жашоо сабактары

7-Жашоо сабагы

Адамдын ѳсүү жолу

1. Эң биринчиден, адам өсүш үчүн ал өзүн баалоо керек. Башка адамдардын чектөөсүнөн чыгып, өзүнүн кубатына, акылына, жөндөмүнө, ишкердүүлүгүнө ишенип иш баштоосу зарыл. Чектөөлөрдөн чыгыш үчүн “Мен күчтүүмүн, кубаттуумун, ойлогон оюма жете алам, Кудай мага жардам берет!” деп көп айтыш керек. Сөз менен көп айта баштаганда ал адамга кубат берип, көкүрөгүндө ишеним толук отурганга чейин кайталай бериш керек. Чектөө көп болсо бул сөздү көп айтыш керек.

Толугу менен

Oct 02

Жашоо сабактары

7-жашоо сабагы1Жашоо сабактары – адамга түркүк
Жашоо сабактары – адамга багыт
Жашоо сабагы менен адам калыптанат
Жашоо сабагы менен адам уланат.

Толугу менен

Sep 11

Жашоо сабактары

7-сабак

Жашоонун кубатын алган адам – бактылуу
Жашоонун сабагын алган адам – акылдуу
Жашоонун белгисин билген адам – олуя.

Жашоонун негизин кармаган адам – барктуу
Жашоонун азабын тарткан адам – муңдуу
Жашоодо адашкан адам – аянычтуу.

Толугу менен

Apr 23

Кулактан – жан дүйнөгө

К.КОШАЛИЕВ, «Аруулук ааламды сактайт»

* * *
Адам өзүнөн кыянатчылыкты бөлүп чыгарганда пейили оӊолот. Пейили оӊолгон кишинин иши оӊолот. Иши оӊолгон кишинин эки дүйнөсү тегиз болот.

* * *
Айткан сөзү менен жасаган иши төп келбей калганда, адамдан касиет качат.

* * *
Бар балээнин баары да, жакшылык да бийлик менен байлыктан чыгат. Бул экөө бычак сыяктуу -оӊго колдонсоӊ жумушун берет, солго колдонсоӊ адам өлтүрөт.

* * *
Адамдын алга өсүүсүндө шыктануу, эмгек, тилек-максатты туура коё билүүсүнүн мааниси зор.

* * *
Адамзатын аруулук сактайт. Аруулук – бул жан дүйнөнүн тазалыгы, акыл-ойдун тунуктугу, айкөлдүктүн туу чокусу.

* * *
Чыныгы сүйүү, достук сезимдерин кастарлоо – адамдын ким экендигин аныктайт.

* * *
Кайгы – күчтүү адамды оӊдойт, орто адамды ойлондурат, алсыз адамды жок кылат.

Mar 14

Асыл ой саптары

ЖУМАКАДЫР уулу Молдомуса

Пендени алдаса болот, Кудай менен тарыхты алдай албайсың.

***
Кылган жакшылык-жамандык жети муундан бир кайрылат.

***
Жакын адамдарыңдын жаңылыштыгын кечире бил.

***
Бечараны сыйлай жүр, кайрымы өзүңө тиет.

***
Өз катачылыгыңды балаңа кайталатпа.

***
Арманын күүгө сала билгендин жүрөгү бат сакаят.

***
Бирөөгө кыйынсынганың – өзүңдүн пастыгың.

***
Ак көңүлдү дардес дебе, дилинде арамдык жок болсо.

***
Бул жарыкчылыкта баарына тобо кыла жүргөн оң.

***
Чыныгы тарыхты жазыш – бул өтө оор иш, чындык бардыгына жага бербейт.

***
Эң негизгиси – жандүйнөңдүн оту өчпөсүн, анда жашооңдун токтогону.

***
Элинин салт-санаасын унутуу ата-бабалардын каргышына калганга тете.

***
Теңирди асман-жерден издебе, көкүрөк-көөдөндөн тап.

***
Чачымды бубак аралай баштаганда маркум ата-энемди көп эстечү болдум.

***
Кур намыс – бул чабалдыктын белгиси.

***
Ар бир адам жамандык менен жакшылыкты өз пейилинен табат.

***
Жарк этип күйүп, жалп этип өчпө, кумурскадай из калтыр, ал – түбөлүктүү.

***
Учурунда бардык жакшы нерселерди барктай бил.

***
Оорунун башаты – бул санаа.

***
Руханий дөөлөтү пас адамдарга сырыңды ачпай жүр.

***
Колуңдагы бактыңды байкабай чачып алба, чогулта албай кыйналасың.

***
Оттун жылуулугу табы өчкөндө, суунун баалуулугу чаңкаганда, жаштын баалуулугу улгайганда билинет.

***
Ар бир адамдын өз деңгээлине жараша сүйүнүч, кайгысы болот, бул тагдыр.

***
Жакшы адамдар менен пикир алышсаң, чаңкаганда тунук булактан моокум кандыргандай.

***
Ички руханий байлыгың сүйлөгөн сөзүңөн, кылган аракетиңден байкалат.

***
Турмуштун бороон-чапкынын башыңдан өткөрбөсөң, жашоонун баркын билбейсиң.

***
Итче ырылдабай, бөрүдөй көк, айткан сөзгө бек бол.

***
Шумкардын баары кыраан эмес, чогулуштун баары жыйын эмес, майнап чыкпаса.

***
Өтө боорукерчилик чекеңе аттын такасындай тийбесин.

***
Бирөөнүн жакшылыгына сугуңду артпай жүр.

***
Кеңешчиси жок жигит түйшүктү көп тартат.

***
Аракет сенден, берекет Теңирден.

***
Бийикке чыгыш өтө оор, түшүш андан да кыйын.

***
Эл менен ойнобо, агымында каласың.

***
Бирөөлөрдүн ички дүйнөсүнө анын каалоосу жок кирбе.

***
Жасалма акча менен жалган абийирдин айырмасы жок.

***
Булбулдун сайраганын чаташтырба, кээде баканын үнү да керемет.

***
Жер асылы кыртышында, адам асылы руханий дөөлөтүндө.

«Көк асаба» (№15(15) 04.08.2009)