Гүлнара АЙТПАЕВА, «Айгине» маданий-изилдѳѳ борборунун жетекчиси, филология илимдеринин доктору, Кыргыз мамлекеттик университетинин профессорунун м.а:
Баардык жагынан каржалып турган ѳлкѳбүздүн баардык эле мекеме-уюмдары сыяктуу, биздеги ЮНЕСКО иштери (ЮНЕСКО – илим, билим, маданият боюнча бириккен улуттардын уюму) боюнча Улуттук комиссиясынын катчылыгы да ѳп-чап жашоо кечирип келет. Бул жерде расмий түрдѳ 2 гана адам иштеп, аз айлыкка кайыл болуп, кыргыздын материалдык эмес маданий мурастары жана Кыргызстандын намысы үчүн ѳз күчтѳрүн мекенчилдик дымакта жүргүзүшѳт.