May 14

Аскат БУКАБАЕВ: «Фирма ачып, жаштарга жумуш берсем дейм»

Азыркы учурда биз өлкөбүздүн келечеги аталган жаштарбыз. Туура, келечек биздин колубузда. Бирок, бизди өкүндүрө турган нерселер көп. Арабызда өлкөнүн келечеги үчүн жан дилинен күйгөн жаштар, ошол эле учурда кайдыгер караган жаштар да көп. Мисалы, ичимдик ичип, колунан келсе да жумуш жасабай, көчө таптап убактысын текке кетирген жаштарыбыз арбын. Бул албетте өкүнүчтүү, ошол эле учурда бизди кубандырган нерсе, мүмкүнчүлүгү чектелсе да, күн сайын ооруп, кыйналып, каалаган жерине басып бара албай, каалаган нерсесин жасай албай жатып да жашоо үчүн күрөшүп, келечектен үмүт үзбөй жөн адамдын колунан келбеген иштерди жасап жүрүшөт. Ушундай жаштарыбыздын бири – Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын 24 жаштагы тургуну – Аскат Букабаев. Ал гемофилия деп аталган кан оорусу менен ооруйт. 11 жыл бою майыптардын арабасында күн кечирип, эки жылдан бери балдакка сүйѳнүп басууга далалаттанууда. Ушундай акыбалына карабай, кол өнөрчүлүктү өзүнүн аракети менен үйрөнүп, жакындарына кубаныч тартуулап келет.

Толугу менен

Apr 24

Аялзатына тамеки бѳтѳнчѳ зыян

Айпери СЫРАЖИДИН кызы

Тамеки чегүү эркектерге караганда аялдарга көбүрөөк зыян алып келет. Ал эми жетиле элек жаш кыздардыкы андан да жаман: алардын боюнун өсүшү жайлап, жай жетилишет  жана бронхит оорусу менен көбүрөөк оорушат. Тамеки чегүүнүн терс таасиринен тери бат чүрүшүп, тез карыйт, ошону менен бирге булчуӊдардын азыктануусун убактынча токтотот. Адамдын жүзү саргарып, ден соолугун жоготуп, чүрүшүү пайда болот, мындай беттерди «никатиндүү бет» деп коюшат. Никотин менен углевод окиси нерв нерв системасына дагы зыян. Ал мээ ткандарынын кислород менен камсыз болушуна тоскоол кылып, кислород кемчилдигине өтө сезгичтикти пайда кылат. Ооба, адегенде никотин мээ кан тамырларын кеӊейтет, бирок, бара-бара кайра тарыта баштайт. Ал эми көп чеккендердин денесин катырат. Ошон үчүн айта кетчү сөз, тамеки чегүү башында гана чарчоону жана уйкуну тараткансып көрүнгөнү менен, бара-бара мээдеги ойлоо процессин начарлатат. Тамекинин албетте, мындан башка да көптөгөн зыяны бар.

Apr 23

Улуттук оюндарды ѳнүктүрүү борборуна бир жыл толду

Айпери СЫРАЖИДИН кызы

Былтыр, 2012-жылдын 15-февралда ѳкмѳттүн токтому менен Кыргыз Республикасында кыргыз улуттук оюндарын ѳнүктүрүү боюнча республикалык борбор ачылганын гезит бетинде жазып келгенбиз. Быйыл бул борборго туура 1 жыл толуп, коомчулук алдында ѳздѳрүнүн бир жылдык ишинин жыйынтыгын маалымат иретинде билдиришти. Биз борбордун жетекчиси Алмазбек КАСЕНОВго кайрылып, улуттук оюндардын ѳнүгүшүндѳ кандай ѳзгѳрүүлѳр болгондугуна кызыгып, пикирин уктук.

Толугу менен

Apr 23

Кайнене жана келин

Айпери СЫРАЖИДИН кызы

(Икая)

Байыркы Кытайда, бир кыз  турмушка чыккандан кийин кайын энеси менен чогуу жашап калат. Убакыт өткөн сайын ал келин кайын энесинин кажый берген мүнөзүн көтөрө албай, аягында жаны кашайганда андан арылууну көздөйт. Атасынын досу ар кыл  чөптѳрдү сатып оокат кылгандыктан, кыз аяш атасына келет:

– Менин чыдамым бүттү, кайын энем менен мындан ары жашай албайм, ал мени жинди кылып бүтүрмѳк болду. Мага жардам бербесеңиз болбойт, акчасын жакшы төлөп берем, – дейт.

Толугу менен

Mar 29

«Уялганыбыздан үйлөнүп алганбыз»

Айпери СЫРАЖИДИН кызы

Кемин тарапка бирге окуган кызымдын үйүнѳ барып калып, анын ата-энесинин ынтымагына, бири-бирине болгон мамилесине кѳзүм түшүп, анан алар кандайча түтүн булатып калгандары кызык болду. Ошентип, Жумагазы Дөөлөтбаков менен Жайнагүл Саякбаева менен болгон маегим окурмандарды кайдыгер калтырбайт деген ойдо гезит бетине бердим.

Толугу менен

Mar 29

Ар бир аял жан түгѳйүн тапсын

Айпери СЫРАЖИДИН кызы

Кудай жараткан бу дүйнѳдѳгү баардык нерселер сыяктуу эле, Аял да ѳзгѳчѳ жана кайталангыс. Анын жаш курагы канчада болбосун, дене-келбети кандай болбосун, ѳң-териси, кѳз-чачтары кандай болбосун – ар биринде суктана турган ѳздѳрүнүн ѳзгѳчѳлүгү бар.

Ар бир аял үчүн, аны жактыра турган эркек сѳзсүз чыгат. Ар бир аял – ѳзүнѳ ылайыктуу деп эсептеген мырзасына жага да алат, эгерде ошого каалоосу бар болсо.

Бирок, эмне үчүн анда жалгыздыкта күн кечирген айымдар бар? Эмне үчүн айрымдары тез эле турмушка чыгып кетип очор-бачар болсо, айрымдары үй-бүлѳ күтүүнү самаса да жалгыз баш калышат?

Толугу менен

Mar 29

«Спецназ болууну бала кезден тилечүмүн»

Айпери СЫРАЖИДИН кызы

Азыркы учурда Кыргызстанда спорттун жаӊыдан жанданып келе жаткан мезгили. Бул албетте адамды кубандырат, бир чети өкүндүрөт. Себеби, эмне үчүн бул убакка чейин ѳнүккѳн эмес, башка коӊшу өлкөлөрдөй эле бизде да 10-15 жыл мурда өнүксө, азыр спортубуз гүлдөп калбайт беле деген собол оюӊа келет. Бирок, кандай болгон күндѳ да, жаштарыбыздын спортко болгон кызыгуусу ушул учурда күчүнѳ кирип жатат. Мына ушундай жаш спортчубуздун бири АБДЫМАНАП кызы Бүбүсара менен маек курдук. 22 жаштагы спортчу кыз Кыргызстандагы спорттун өсүшүнө ѳзүнүн салымын кошуп, жөн эле көчө таптап жүргөн балдар-кыздарыбызды спорт менен машыгууга үндѳп келет.

Жакында эле, 13-мартта, Кожомкул атындагы спорт сарайында ѳткѳрүлгѳн эркин күрѳш боюнча мелдешке катышып, Бүбүсара 2-орунга ээ болду. Биз аны бул ийгилиги менен куттуктап, гезит окурмандары үчүн спорттогу жетишкендиктери, спорт дүйнѳсү жана ѳзү тууралуу айтып берүүсүн ѳтүнүп маек курдук.

Толугу менен

Mar 29

Улустун улуу майрамы жана «Кыргыз Таануу» кыймылынын тушоо кесүүсү

Кубатбек ОСМОНОВ, фотожурналист, кыргыз чоросу

Бишкектеги «Манас Айылы» этнографиялык комплексинде 20-март күнү жети боз үй тигилип,  25 уюм, коом, фонддордон турган мекенчилдердин «Кыргыз Таануу» коомдук уюмдар тилектештигинин тушоосу Улустун улуу күнүн белгилѳѳ менен бирге кесилди.

Салттык баалуулуктун  негизинде адегенде малга бата кылынып, токтогулдук Токторбай ага байыркы кыргыз элинин бакшылык-шаманчылык өнөрүнүн  негизинде зикир чалды. Умай энелер Жаңылкан Короолу кызы жана Гүлжамила Шакирова элибизге аруу тилектерди каалап Нооруз  майрамына келгендерди аластаса, Жапаркул Раимбеков Кыдыр Атанын батасын ыроолоду. Ак таңдай акындар  жар салып,  манасчылар рухий баалуулукту  ааламга таратты.  Ырчылар,  комузчулар,  жаңы жаш таланттар, ыр-күүнү  сүйгөн элибиздин шыктуулары да өнөрлөрүн элге тартуу кылды.  Нурак Абдрахманов, Бакыт Мамаев, Токтобек Асаналиев, Фатима Султанова, «Достор» тобу, өспүрүмдөрдүн «Жаз» бийчилер тобу, ошондой эле  бул майрамда өздөрүнүн да  тушоосун кесишкен Рая Нурказиева жетекчилик кылган  №86 орто мектептин жаш окуучуларынан түзүлгөн “Насыйкат” тобунун комузчулары майрам шаңын чыгарды. Удаасы менен үч бѳбѳктүн тушоосу да кесилип, жел тамандар жарышка түштү. Ал эми Кубанычбек Тезекбаевдин «Тай тебиш» боюнча шакирттери  жана Актан Ажымамбетов жетектеген «Таймаш спорт» федерациясынын балбан билек  шамдагай жигиттери бабаларыбыз басып өткөн  тарыхыбызды  эске салып, Кошой ата менен  Жолойдун  таймашын көрсөтүштү…

Толугу менен