«Багытынан тайбаган, туруктуу идеялык көз карашка бекиген таза жаңы муундун бийликке келер убагы болуп калды» деп бир канча жылдан бери сѳз кылып келебиз. Системалык ѳзгѳрүү убакыт саатын созуп туруп алган азыркы бийлик түзүлүшү бүгүн замандын жаңы чакырыктарына туруштук бере албастыгын эл жакшы түшүнүп турат. Адамдын сѳзүнѳн эмес ишинен бил демекчи, ошол дымакты алып жүргѳн, эл күтүп жаткан жаңы муун – эл кызматына бел байлаган жигиттерибиз аз эмес. Айбек мырза ошол жаңы муундун татыктуу ѳкүлү катары айрым кѳйгѳй жараткан суроонун айланасындагы ой толгоолору менен бѳлүштү.
Sep
11