(Уландысы. Башы)
Жыпар ТУРДУКОЖОЕВА, ак табып
Ырайымдуу Кудайдын ысмы менен баштайм. Гезит бетинде бу жолку кездешүүнү, кадырлуу окурман, Сизге, үй-бүлѳ, туугандарыңызга, жалпы журтка аруулукту, актыкты, ыйманды алууга ѳбѳлгѳ түзүп, кулк-мүнѳз, адеп-ахлактын оңолушуна түрткү болсун деген ниетте сѳз учугун улайлы.
Алды менен, макалаларыма кайдыгер калбай ѳздѳрүнүн кѳйгѳйлѳрүн, ой-пикирин, суроо-талаптарын айтып кайрылган окурмандарга терең ыраазычылыкты билдиргим келет. Ар кандай оору-илдеттердин медицина жагынан жардам ала албай кыйналгандарын айткан пенделер басымдуулук кылууда. Телефон аркылуу диагноз коюлуп, оорунун себептери айтылгандан 3-4 күндѳн кийин ошол адамдар абалдары оңолуп калганын билдирип, дарек боюнча кабылдоого келишерин алдын ала айтышууда. Бардык кубулуш кудурети күчтүү Кудайдын буйругу менен болуп жаткандыктан, сѳзсүз түрдѳ оң натыйжа болоруна барган сайын ишенимим артып барат. Анткени, мен жѳн гана себепчимин. Кудайга ишенип ниет кылган пенденин суроо-талаптары, тилектери кабыл болбой койбойт.