Максатыбыз

ГЕЗИТТИН КООМЧУЛУКТАГЫ ЖАНА ЖУРНАЛИСТИКАДАГЫ МАКСАТЫ

“Кѳк асаба” гезити Кыргызстандын баардык аймактарына кыргыз таануу жана руханий багыттагы гезит катары тарап, элдин руханий жан дүйнѳсүн байытып жана улуттук дѳѳлѳт мурастарын жайылтууну, коомчулуктагы терс кѳз караштарды адилеттүү чагылдырууну кѳздѳйт. Жалпыбызга белгилүү болгондой, элдин руханияты акчага бааланбайт жана аны сатып алууга да мүмкүн эмес. Ошол себептен, гезиттин башкы максаты эл менен түздѳн-түз иштешүү, элдин рух байлыгын кѳтѳрүү жана улуттук биримдикти чыңдоо, ошондой эле социалдык кѳйгѳйлѳрүн чагылдырып туруу болгондуктан, коммерциялык кызыкчылыкты кѳздѳбѳйт.

Баардык учурда бакубат ѳнүгүүнүн пайдубалы анын руханий негизине кѳз каранды эмеспи. Мындан улам гезиттин алган багыты мезгилдин чакырыктарына жооп берет. Элибиздин аң-сезимин, улуттук маданиятын жалпы коомчулук менен биргеликте кѳтѳрүү мамлекетибиздин чыңдалышы үчүн чоң натыйжа берет деп ишенебиз.

Качандыр бир кезде  «Журналисттер – данакерлер» деп айтылып, алардын ичинде  мурунку менен азыркыны байланыштырган, ак менен караны айырмалаган, улуу муун менен кичүү муунга кѳпүрѳ болгондор кѳп болчу. Азыр данакер болмок тургай, бул сѳздүн тѳркүнүн түшүнбѳгѳн журналисттер да бар. 21-кылым жаңыргандан бери, башкача айтканда акыркы жылдары элибиздин аң-сезими кандайдыр бир деңгээлде солгундап, маданияты тѳмѳндѳп кеткени чындык. Буга күнѳѳ мамлекеттеги чачырандылыктын ѳзү. Мына ошол коомдук аң-сезимди тарбиялоодо негизги роль массалык маалымат каражаттарынын колунда эле. Айрым гезиттер элдин тѳмѳн аң-сезимин пайдалануу менен гезиттерин тѳмѳнкү деңгээлге жеткирип, мындан акча жасап атышат да, араң турган элди жеңил ойлуу маалыматтарга ого бетер түртүүдѳ. Чындыгында,  гезит элди ээрчибей, эл гезитти ээрчиш керек эле. Ооба, адам моралдык бийиктиктен тышкары материалдык байлыктан да ажырабашы керек, бирок, кыргыз журналисттеринин басымдуу кѳпчүлүгү байлыгы, бийлиги бар адамдарга чектен чыга кѳз каранды болуп, акчасы барларга ѳз кѳз карашын, уятын, абийирин сатуу менен ызы-чуулуу материалдарды жаратып, кошоматчылыктын сазына батып кетишти. Алардын макаласынын артында коомду ойгото турган, ар-намысына келтире турган, оң жолго баштай турган эмес, этегин кармап келаткан кайсы бир акчалуу адамынын оппонентин жыга чаба турган, абийирин кетире турган кызуу кандуулук, сабырсыздык, эки жүздүүлүк эмоциялары жатат. «Сѳзү жаман элди булгайт, буту жаман тѳрдү булгайт», «Сѳзүң ѳлгүчѳ ѳзүң ѳл», «Сѳздү билген таап айтат, сѳз билбеген каап айтат»  дейт кыргызда, биздин журналистикада булгап айтуу, каап айтуу менен коомчулукка зыян келтирип атышат. Муну демократияга, сѳз эркиндигине шылташат.

Биз, ушул учурда кыргыз руханий гезитинин кыргызга керек экенинен, зарыл экенинен шек санабайбыз. Кийинки муунга, дээри күчтүү мекенчил  жаштарга сѳзсүз басым жасашыбыз керек. Азыр муун алмашуу процесси жүрүп жатат, жакынкы жылдардын ичинде мамлекеттик башкаруу жаштарга, жаңы муунга келет деп ишенгибиз келет. Жаштардын, жаңы муундун миссиясы – жаңыча иштѳѳ методун кѳргѳзүү менен системалык жаңыланууну алып келүүдѳ жатат. Эң башкысы, аң-сезимдин ѳзгѳрүшүнѳ, алдым-жуттумдук эмес камкордук кѳз караштын келишин камсыз кылуулары керек. Жаштардын жаңы толкуну элге шыктанууну жаратып, ар бир адамдын ѳзгѳрүүсүнүн жана ѳсүүсүнүн үстүндѳ иштеш керек. Анткени, кубаттуу мамлекет болуш үчүн элдин аң-сезими, ички маданияты, руханий кѳрѳңгѳсү чоң роль ойнойт. Саясаттын сасык оюндарын тынбай жүргүзгѳн азыркы саясатчылардын артында ѳздѳрүнүн «клон» жаштары, фанаттары бар экенин билебиз, бирок алар учурда түптѳлүп калган бир нече мекенчил уюмдардын, коомдордун жаңычыл жаштарына туруштук бере алышпайт. Кыргыз журналистикасы коомдун мына ушул сыяктуу жаңыланышын кѳздѳп, ишбилги мекенчил жаштарга МААЛЫМАТТЫК МАЙДАН түзүп берүү менен элге ачык-айкын, адилет кызмат кылуулары керек. Эл улам бир ушакты куубай, оңолуу жолуна ээрчиткен, кыргыздын кыргыздыгын тааныткан сабаттуу гезиттер менен алака-катышта болуш керек. Анүчүн журналисттер ѳздѳрү кыргыз таанууга киришүүлѳрү керек, себеби, айрымдары дале ѳз элин жалкоо, маңкурт, саткынчы катары карап, түпкүлүктүү кыргыз кандай болгонунан кабары жок. Элдин духунун кѳтѳрүлүшү «Манаста», ал эми аны элге жеткирүү, жайылтуу жалгыз мугалимдердин, маданиятчылардын колунан келүүсү кыйын. Андыктан биз, журналисттер «Манасты» элге таанытуу менен бирге андагы камтылган бекем каада-салтты (каада-салт деген – айрымдар түшүнгѳндѳй ырым-жырым, жѳрѳлгѳ гана эмес, – элдеги жогорку маданиятты, бекем тартиптин жобосун кармап турган ЭРЕЖЕ), күчтүү духту, эркек-аялдын коомдогу ордун, тарбия алууну, мекенди сүйүүнү, табиятты сактоону элге жайылтуубуз керек жана ошону менен бирге ѳзгѳ улуттарга болгон кѳз карандылыкты жоюуга салым кошушубуз зарыл. Биздин «Кѳк асаба» гезитинин идеялык багыты мына ушунда.

One thought on “Максатыбыз

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *