Apr 26

Баш кошкон жубайларга

Алтындан болсун жакаң,
Күмүштөн болсун такаң.
Ташка таруу өнгөнчө,
Тарчылык көрбөй өткүлө.
Музга буудай өнгөнчө
Муңчулук көрбөй өткүлө.
Жүзүңөр жайнап, келиштүү болгула.
Толгон айдай өрүштүү болгула.
Катарыңардан озгула,
Козгогон чоктой козгула.
Эң алды берекечил болгула.
Чамгарагыңар бийик болсун,
Босогоңор берик болсун.
Боо бакчаларың
Алма менен өрүк болсун.
Башыңда дайым,
Кулпунган кундуз бөрк болсун.
Ак жүзүңдө жарыңдын,
Ак элечек көрк болсун.
Оомийин…

Apr 24

Колго суу куйгандагы бата

Булактай тунук бол,
Кичүүгө өрнөк бол.
Жаман көздөн алыс бол,
Каптап кирсе калың жоо
Баш кайтараар сеси бол,
Акыл-ойдун кени бол
Арстандай айбаттуу бол,
Чалкар болуп көлдөй тол.
Чалкыган узак өмүрлүү бол,
Өмүрдүн баркын бил.
Жакшынын кадырын бил.
Адамдын адалын бил.
Жарыңдын көңүлүн бил,
Эне сүтүн актай бил,
Кудайдын амирин бил!
Оомийин!

Apr 21

Тескери бата

«Жашыңда жайрап кал,
Гүлгүндө күбүлүп кал.
Сууга ыргыткан таштай бол,
Караңгыда тараган чачтай бол.
Муздаган таштай бол,
Мүлжүгөн баштай бол!
Күйгөн көмүрдөй бол,
Керткен дүмүрдөй бол!
Кончо конгон чечтей бол,
Туман баскан кечтей бол!
Аарчыган пияздай бол,
Куйкаланган шыйрактай бол,
Билеги жок чырактай бол!
Ичкенинен ирим болсун,
Жегенинен желим болсун!»

Apr 12

Оомат-дөөлөт, бакыт тилегендеги бата

«Оомийин, олуя колдо,
Кызыр жөлө!
Өлбөс өмүр берсин!
Кетпес кең дөөлөт берсин!
Пайгамбар батасын берсин!
Бак-дөөлөтүн берсин!
Шыбагалуу баш берсин!
Берекелүү аш берсин,
Узун өмүр жаш берсин.
Уучуң узарсын,
Жаның жайылсын,
Өмүрүң узун болсун,
Өрүшүң жайык болсун!
Ынтымак берсин,ырыс берсин!
Кудай куру калтырбасын,
Теңирим өзү жалгасын! Оомийин!»

Apr 09

Эр жигитке бата

«Жүзүң нурлуу болсун,
Жүрөгүң сырлуу болсун,
Тилиң ырлуу болсун.
Жигиттин сырттаны атанын,
Өнөрүң сегиз кырлуу болсун.
Бир үйдүн баласы болбо,
Миң үйдүн санасы бол!
Бир элдин атасы болбо.
Миң элдин атасы бол!
Бир тонго жака болбо,
Көп көлдүн агасы бол!
Акты ак деп баала,
Караны кара деп сана.
Өзөгүң талса өзөн боюн жала,
Башыңа иш түшсө көпчүлүктү сагала.
Белге таңуу кемер бол,
Өзүңө-өзүң кемел бол.
Досуңа эдил бол,
Элиңе адил бол!»

Apr 05

Жаңы тигилген өргөөгө бата

Жаңы өргөөнүүн
Жакканы арча болсун,
Жайылып короосу малга толсун,
Түндүгүн түнөрбөсүн,
Кемегең кемибесин,
Уугуң учтуу болсун,
Керегең кептүү болсун,
Келиңиң эптүү болсун!

Apr 03

Ай жаңыргандагы бата

Ай көрдүм, аман көрдүм,
Айдын мунарынан,
Жердин кучагынан,
Жегилик дан,
Бир кыштык саман көрдүм.
Жесирге жемиш,
Жетимге жеңиш,
Жөөгө – улоо,
Жалкоого – мээнет,
Жалгызга – эрмек,
Иштерманга – кут,
Сараңга – жут,
Ушакчыга – уу,
Ак ниетке – туу,
Баарыга кайыл заман көрдүм.
Айдан аман, жылдан эсен бололу.
Келерки ушу күнгөчө
Өсүп-өнүп тололу.
Бакалга – тар,
Букарга – бай Ай бол!
Оомийин!..