May 10

Сѳзгѳ жыгуу

“Күрѳштѳн жыгылган турат, сѳздѳн жыгылган турбайт”, “Эр жигиттин сѳзү ѳлгүчѳ, ѳзү ѳлсүн”. Бул – адептүүлүктүн, ички маданияттуулуктун бир белгиси. Кеп-сѳз кунун адамча баалай билүү.  Акыйкаттуулуктун эр даңазасын айра таанып, ага адилет мамиле кылуу. Ак сѳзгѳ жыгылып калуу парзыбыз. Муну “сѳзгѳ сынуунун” окшоштугу менен таптакыр айырбаштай албайбыз. Анткени менен тереңинде кеп-сѳз кунун баалоо бар.

Сѳзгѳ сынуу – болгон чындык окуяны моюнга кое билүүсү.  Албетте, булар бири-бирин толуктайт. Мындай сапаттар илгеркилерге бѳтѳнчѳ таандык эле. Кийин сѳзгѳ моюн бербей, “ажылдаша айтышуу, кеп ызаатын, сѳз кунун баалабай, маңызсыз талаш-тартыш ѳнѳкѳтүнѳ айлантуулар арбын. Андайлар “кеп жебестер” деп аталат.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

May 08

Ашар

Биргелешип бир жумуштун аягына чыгуу. Мисалы, үй салууда, дубалын кѳтѳрүүдѳ, кышын куюуда, аны кыноодо, үйдүн үстүн жабууда, шыбоодо, актоодо, сырдоодо, мал кыркууда, кош айдоодо, чѳп чабууда, эгин оруп-жыюуда элибиз жапа тырмак жардамга келишкен. Ал эми элдик кѳркѳм кол ѳнѳрчүлүктѳ: килем токууда, чий чырмоодо, ѳрмѳк согууда, кереге кѳктѳѳдѳ чебер адамдардын биргелешип, бир асыл буюмду жапа бүтүрүү салты. Ал мүмкүнчүлүгүнѳ карата бардык убакта чакырылат да, бул биргелешип уздануунун – узануунун, жардам берүүнүн сонун үлгүлѳрүнѳн болот.

Ашар иштин арымын аябай тездеткен. Мында устаттар, нускоочулар, байбичелер, куттуу карыялар – үйрѳнгүчтѳргѳ жол, таалим-тарбия кѳрсѳтүп турушат. Ашарга келгендерди үй ээси мал союп, жаңы дасторкон менен жакшынакай күтүнүп алат.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

May 06

Бертик суроо

Бул – бели нооказдап (мертинип) калган адамды эмдѳѳ аракети. Илгери элибиз кѳбүнчѳ боз үйдѳ тургандыктан юала-бакыра ѳзү кѳрүнбѳй туруп, сузгуну эшиктен үйгѳ сунчу. /йдүн адамдары аны дароо түшүнѳт, ѳзүлѳрүн кѳргѳзбѳй сузгуга колунда барын салуу. Кѳбүнчѳ ага ун, май, эгин, туз, эт, сүт ѳңдүүлѳр түшѳт. Бели мертинген аны ошол турушу боюнча бышырып ичет, жейт. Мындан ооруга дабаа болгон. Азыр деле айрымдарды – тигинден-мындан бирдеме суроочуларды “бертик сурагансып” деген ѳтмѳ мааниде сѳз айтылып жүрѳт.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

May 04

Баштаң

Ата-энелери жок кездерде айыл ичиндеги кыз-келиндердин биригип, тамак-аш жасап жеши. Мында бирѳѳсү унун, экинчиси этин, башкасы майын, тузун, айтор, эмне жасамакчы болушса, ар кими алына жараша чыгарып, самаганын жасоо. Баштаңып жатканда кирген адамды “саламчы” деп, ага да тамак беришет. Бул жѳрѳлгѳ “Байдын жалгыз кызысың, баштаң, байдын эрке келинисиң, баштаңбайсыңбы” ѳңдүү оюн-чынынан ушундай айтылганда аларга үлүш кѳбүрѳѳк ыйгарылган. Бардар адамдар алардын илебин суутпай, кымызы менен козу-улак союп, бозосу менен согум этин салып, коноктой турган.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

May 04

Таза абалга алып чыгар күч керек

 

Кенжалы Сарымсаков,
КРнын Аксакалдар Кеңешинин мүчөсү, журналист


Уйку да жаш куракка жараша болот тура. Эрте ойгоном. Балконго чыгам. Мечит тараптан азан чакырык. Жолдун аркы четинде жаңы эле көчөгө чыга баштаган алагүү, болгондо да кыргыз балдардын, кыргыз кыздардын оозго алынгыз богооз сөздөрдү оозанып орусчалап сөгүшкөн, жакалашкан ызы-чуусу. Көбүнчө жума, ишемби, жекшемби күндөрү дайыма ушундай. Жаштарга делинген жайларда түнү бою жан дүйнөсү уулуккан уул-кыздарыбыз келечекте өңү кыргыз бойдон калганы менен адеп, ыйман-ызаат жагынан кыргыз деп айтарлык касиети болор бекен?

Толугу менен

May 02

Аксарбашыл айтуу

Жүрѳк сезген кырсыкты алдын ала болтурбай коюуга жасалган далбас. Кудайдан шыбага күтүү үчүн айтылган ѳтүнүч. “Ээ, кудай аксарбашыл” деген сѳздүн артында, ушул кырсыктан аман калса, кой соем, кан чыгарам, түлѳѳ ѳткѳрѳм (аксарбашыл – башы сары ак кой соем) деген маанини билдирет. Албетте, “сактансаң сактайм” деген Кудайдын шерти бар.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

Apr 30

Садага чабуу

Бул – адамдын алтын башынын алыстан, кан майдандан, кандайдыр бир кырсыктан кудай жолунан аман келгенин, эл-журтун кѳргѳнүнүн шарттуу белгиси катары улакты мууздап, ѳпкѳ-жүрѳгүн дароо сууруп, башынан ырымдап тегеретүү, кудайга жалынуу, үйдѳгү сүйүнүч, ыраазылык, адамды урматтоочулук. Бул үрп-адаттын мааниси терең.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

Apr 27

Түлѳѳ берүү

Бул – ар кандай кырсыктардан аман калганы же алыска аман-эсен барып келгени үчүн жаратканга ыраазы болуп мал союп, этин бышырып, элге таратуу, бата алуу. Түлѳѳ кбүнчѳ катуу ооруп айыкканда, кыйналып аман-эсен кѳз жарып алганда, бийик жерден жыгылганда, оор кырсыктан башы кутулганда берилет. Түлѳѳгѳ, адатта, кой-эчки, козу-улак, тай-торпок ѳңдүүлѳр союлуп жүрѳт.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

Apr 24

Эл-журтубуздун кызыкчылыгына иштейли!

“Кыргыз таануу” коомдук уюмдар тилектештиги

Илгерки ата-бабаларыбыз кызыл кырман убагында кырк кадактан бир кадак деп чогултуп, кап-кап эгин түшүмүнөн каралашары жок кары-картаңдарга, оокаттан кыйналып тургандарга, мал сойсо, этти казанга салбай туруп, мына муну баланчага берип келегал, ал бечара шорпо-шилең ичсин деп бирөөлөрдү жөнөтүп турушкан. Кыргыз  элдик  бул пейил, ниет, салт, нарк өчүп калган жок. Бара-бара тамыры дагы тереңдеп, кенен жайылып, элибиздин элдик дөөлөтү учтан түпкө уланар.

Толугу менен

Apr 24

Жүгүнүү

Жүгүнүү – салам берүү, улууларга жаштардын ызааты. Жаш келиндердин кайнагаларына, кайын аталарына, деле сакалдууларга кашкайып барып, кол берип,  колун кысууга караганда эки колун бооруна алып, ийилип коюу эмне деген сылыктык, назиктик! Ушинтип жүгүнүүнү эл ѳзү шайлаган. Уяң, жаш колуктулар үчүн ушунун ѳзү даана, так, тѳп жобо юолуп, улам кийинкилерге ѳткѳн. Жүгүнгѳн келиндерге берилген улуулардын баталары ѳзүнчѳ керемет болчу. Алардын баталары “кыдыр даарыгандай” келип, келин келген жеринен орун-очок алып кала турган.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби