Кыргыз эли негизинен иштүү, колунан кɵɵрү тɵгүлгɵн ɵнɵрлүү эл, билгенин аздектеп, кастарлап, кийинки урпакка калтырып келаткан калк. Ал эми аны улап кетүү, сактап калуу, кийинки муунга ɵткɵрүп берүү баарынын эле колунан келе бербейт… Биздин каарманыбыз – ошол баалуулуктардын укканын да, кɵргɵнүн да топтоп, тизмектеп жазып, ɵзү да жасап, азыркы кол ɵнɵрчүлүктɵ болуп жаткан кайра жандандырууда чоң салымын кошуп келаткан айтылуу чеберлердин бири – Гулмира Кутуева.
Category Archives: Көрөңгө
Кѳзү азиз балдардын комуз үйрѳнүү чеберчилиги таңгалдырууда
Филология илиминин доктору Гульнара Айтпаева жетектеген «Айгине» маданий-изилдѳѳ борбору учурда «Жаштар кѳйгѳйүн чыгармачыл карым-катыш аркылуу чечүү» долбоору менен иштеп жатышат.
1-ноябрдан 4-ноябрга чейин «Айгиненин» кеңсесинде долбоордун экинчи сессиясы болуп ѳттү. Бул сессияда кѳрүүсү начар жана азиз кѳздүү балдардын мектеп-интернатынан окуучулар жана борбор шаардын жогорку окуу жайларынан студенттер катышып, Нурак Абдрахмановдун «Эн белги» системасы боюнча комуз үйрѳнүү техникасы менен бирге ар бир катышуучунун жеке инсан катары ѳсүп-ѳркүндѳшүнѳ басым жасалды. Комуз үйрѳнүү сабагына кѳзү азиз музыканттар Данияр Жунус жана Бакыт Жакыпов чакырылып, алар музыка жаатындагы чеберчиликке кантип жетишкендиктери, чыгармачылык жолдору, турмуштук тажрыйбалары тууралуу айтып беришти. Эң негизгиси, алар ден соолук жактан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар ѳз жашоосунда туш боло турган тоскоолдуктарды жеңип ѳтүү маселесине токтолушуп, кѳзү азиз балдарга күч-кубат, дем беришти.
Арстанбек МЫРЗАЕВ, «Саймалуу Таш» кɵркɵм галереясынын жетекчиси: «Биз жараткан чыгармалар биз үчүн сүйлɵйт»
Адам эмнегедир жеринен алыста жүргɵндɵ ɵз жеринин кадыр-баркын, баалуулуктарын, тарыхын сыйлап кастарлай баштайт, а эгер ошол четте жүргɵн киши чыгармачыл чɵйрɵдɵн болсо, анда бул сезим эки эсе күчтүү болот. Менин маектешим ошол алыста жүрүп, ɵз мекенине гана эмес, анын баалуулуктарына да сырттан карап, салыштырып, таразалап кɵргɵн инсандардын бири. Анда эмесе сɵзүбүз айтылуу тарыхы бар Ош шаарында жайгашкан «Саймалуу Таш» кɵркɵм галереясынын жетекчиси Арстанбек МЫРЗАЕВ тууралуу болмокчу…
Нурак Абдрахманов, Аман Тѳрѳгелдиева: “Аппак сүйүү” – биздин жан дүйнѳбүз”
Акыркы күндѳрдѳ теледен да, сыналгыдан да ырчы Юлия Руцкаянын аткаруусундагы “Аппак сүйүү” аттуу ырдын жаңы клиби угуучулар тарабынан суктануу менен жылуу кабыл алынып, байма-бай кайталанып, интернеттен да эл ичине тез тарап, жакшы ой-пикирин билдиргендер күндѳн-күнгѳ кѳбѳйүүдѳ. Кыргыз эл артисти, күүчү, комузчу Нурак Абдрахмановдун бул ыры бир кезде чет элдиктерди да багынткан, тамшанткан жайы бар. Биз бүгүн ушул ырдын тегерегинде кеп куруу үчүн автордун ѳзүнѳ жолугуп, ырдын тарыхы тууралуу айтып берүүсүн ѳтүндүк.
Каныкей: “Жашоонун боекторун чыгарып жашайлы”
Батма СУЛТАНОВА, ырчы: «Кыргыздын жарык жан мырзасына түгѳй болоорума ишенем»
Кѳптѳн бери сахнадан, теле-радиодон кѳрүнбѳй-угулбай кеткен Батма Султанованын азыркы учурдагы обондорунда, үнүндѳ кыргыздын байыркы кайрыктары коштолуп, «Күн балдары» жана «Жан түбѳлүк» аттуу авторлук чыгармалары белгилүү режиссёр Эрнис Абдыжапаровдун документалдуу тасмаларына саундтрек болду жана бул эки ырына тең жана клип тартылууда. Буйруса, жакынкы күндѳрү керемет үндүү ырчы кызыбыздын чыгармалары күйѳрмандары үчүн чоң белек болуп, угармандардын жан дүйнѳ кылдарын күүгѳ келтирет деген үмүттѳбүз.
Гүлзада РЫСКУЛОВА, ырчы: «Калп күлүү, калп сүйлѳшүү, калп эле катташуу кѳбѳйдү»
Маектешкен Салтанат КЫДЫРМАЕВА
Гулзада Рыскулова алгачкы эле ырдап чыккан «Мен кыргыздын кызымын» аттуу ыры менен элдин эсинен, жүрѳктѳрүнүн түпкүрүнѳн орун алган. Анүстүнѳ, так ошол учурда Ош коогалаңы болуп ѳтүп, эл санаасы тынчыбай, мекенчилдик сезим курчуп турган кез эле. Бул ырдын жарыкка чыгышы ѳлкѳдѳгү ошол оор кырдаалга туш келип, кыргыздар улуттук духту кѳтѳрѳ турган ырларды талап кылып жатканда тартууланып, элге тез эле алынып кетти. Андан берки аз убакытта Гүлзада Рыскулова «Курманжан датка», «Курманбек», «Жер эне» жана башка мазмуну олуттуу ырлары менен чыгып, ѳзѳгү терең саптары менен угармандарынын кандагы кыргыз касиетин козгоп келет. Учурда Гүлзада Рыскулова кыргыздын нукура күү, дастандарын дүйнѳгѳ тааныткан «Ордо сахна» фольклордук-этнографиялык тобунда эмгектенет.