Dec 24

Cүйүү баяны

Уламыш

Кутман БОРОНЧУ

Кайсыл бир өткөн замандарда, жүзүнөн күндүн нуру төгүлгөн, асмандагы ай нурундай көрүнгөн Аруунай деген сулуу кыз жашап өткөн экен.

13-2

Аруунайдын сулуулугу бул ааламда айтса сөздүн күчү жетпеген, көрсө көздүн кумары канбаган, ажары ай-ааламды суктандырган керемет нурга бөлөнгөн адам кейпин кийип түшкөн асмандагы периштенин кызындай көрүнчү экен. Кыздын ата-энеси кадимки Ысык-Көлдүн жээгиндеги Көк-Жайлак деген жерде жашаган.

Колунан көрү төгүлгөн узчулугу Аруунай сулуунун атагын алыска, учугун узун элге жеткирет. Кыскасы, кыздын секелек курагынан тартып эле ата-энесинин үйүнөн жуучулар үзүлбөйт. Убакыт зымырап куштай учуп өтүп, Аруунайдын жашы он үчкө чыгып келет. Эмнегедир бой тартып чоңое баштагандан бери кыздын көңүлүнө эч нерсе жакпай, жалгыздыкты гана самай баштайт. Continue reading