Конституциясын тааныбаган эл – тагдырын тааныбайт

4-баш мыйзамТегерек стол: Баш мыйзам жана биз

Баш мыйзам деген эмне?

Акыркы кездери коомчулукта, өзгөчө маалымат айдыӊында Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө байланышкан оӊ-терс маанайдагы сындар, колдоп-колдобогон ой-пикирлер актуалдуу болууда.

Ал гана эмес, өз максатына жетүүнү көздөгөн эки ири интеллигенциялык топтун ортосунда ачык кармаш жүрүп, ар ким өз тууралыгын элге жеткирүүгө далбас урууда. Чындап байкаган кишиге бул кармаш бир ууч топтун ортосунда эле жүрүп жатканы белгилүү. Дал ушул чакан топ элдин тагдырын калчап, келечегин аныктаганга бел байлоодо. Ал эми калктын калыӊ катмары күнүмдүк турмушу менен алектенип, имиш-имиштер менен жашоо кечирип жатканы жана алардын дээрлик басымдуусу Баш мыйзамды эч качан толук окуп көрбөгөнү турган иш.

Мындан улам, өз конституциясын билбеген эл, өз жолун Баш мыйзамга ылайык тандабайт жана тагдырын аныктай албайт дешке болот. Ошондуктан, туура Конституцияны кабыл алуу коомго, мекенге канчалык зарыл болсо, аны элге түшүндүрүп жеткирүү ошончолук маанилүү экендигин билүүбүз керек. Бул максатта биздин редакция буга чейин Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселелерин бир жактуу жактабаган, калыс жана айкын талдоо маанисиндеги бир канча макалаларды чагылдырып берди. Мындан ары да Конституциянын негизин, түзүмүн, функциясын, зарылдыгын жана маанисин коомчулукка жеткирип берүүнү максат кылууда. Ал үчүн атайын рубрика ачып, адистер, эксперттер, талдоочулар жана юристтер менен маек куруп турууну туура таптык.

Эмесе, ардактуу окурмандар, юридикалык илимдердин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев, коомдук ишмер Жумагазы Садыр уулу жана журналист, аналитик, саясат таануучу Жыргалбек Касаболотов менен болгон бул алгачкы тегерек столубуз – рубрикага киришүүбүз болсун. Маегибиздин уландысын кийинки сандарыбызда берип турмакчыбыз.

Чолпонбек КАПАРБЕК уулу, “Көк асабанын” баш редакторунун орун басары: – Тегерек столубуздун максатына ылайык, окурмандарыбыздын айрым бир катмарына таанып-билүү иретинде болсун деп, “Баш мыйзам деген эмне?” деген суроомду узатайын …

Б.БӨРҮБАШЕВ, Юридикалык илимдеринин доктору: – Баш мыйзам – бул, мамлекеттин башкы мыйзамдык, укуктук-ченемдик актысы. Баш мыйзам – бул, юридикалык, саясый, идеологиялык, маалыматтык жана уюштуруучу документ. Анткени, конституция – коомдун багытын аныктоо, мамилелерди уюштуруу, мамлекетке кызыкдар тараптарга маалымат берүү булагы катары дагы кызмат аткарат.

Ж.КАСАБОЛОТОВ, журналист, аналитик, саясат таануучу: – Баш мыйзамга аныктама берүүдө биз алгач “базис” (негиз) жана “надстройка” (кондурма) деген эки түпкүлүктүү түшүнүккө кайтуубуз зарыл. Базис – коомдун талабы, конкреттүү тарыхый учурга карата көз-карашы. Ал эми конституция жана мыйзамдар надстройка болуп саналат жана коомдун мындан ары өнүгүшүн камсыздоого багытталат. Биздин надстройкабыз башынан эле базиске негизделген эмес. Кандай гана маанилүү документ жазылбасын, алгач анын концепциясы жазылышы керек. Себеби, аны талап кылып аткан коомдун өзүнүн тарыхый тажрыйбасы, талаптары бар. Мыйзамдарды ошол коомдук баалуулуктарга, талаптарга, керек болсо рефлекстерге дагы ылайыктап жазып чыкса гана мыйзам туруктуу болот.

– Баш мыйзам кандай функцияларды аткарат?

Б.БӨРҮБАШЕВ: – Баш мыйзам коомдо төрт негизги функцияны аткарат: 1) Коомдук, мамлекеттик түзүлүштү аныктайт; 2) мамлекеттик органдардын түзүлүү тартибин жана принциптерин аныктайт; 3) саясый процесстин кыр аркасы шайлоо болгондуктан, дал ушул шайлоо системасын аныктайт; 4) жарандын жана мамлекеттин укуктарын-милдеттерин тактап, алардын ортосундагы мамилени бекемдейт.

– Конституциясыз жашоого болобу?

Б.БӨРҮБАШЕВ: – Болот. Мисалы, еврейлерди же Израиль мамлекетин алсак, алар тарыхый өзөгүнөн, түптүү түшүнүктөрүнөн тайышкан эмес. Алар “тооратын” негиз кылып жашашат. Ал эми Англия болсо 12-13-кк. бери келаткан негизги мыйзамдарына таянып, конституциясы жок эле жашап, өнүгүп келүүдө. Бирок буларда конституция жок болгону менен, мыйзамдуулук жакшы сакталат. Биз баш мыйзамыбыз бар туруп эмнеликтен мындай туӊгуюкка кептелип калдык? Себеби, эки чоӊ ката кетирип алганбыз: 1) Ата-бабаларыбыздан келаткан жашоо принциптерин сактап кала албадык; 2) Батыштын либералдык баалуулуктарын биринчи орунга коюп туруп алдык. Натыйжада ары же бери боло албай, эки ортодо калдык. Ал эми, учурда биз колдонуп жаткан баш мыйзам дүйнөлүк конституционализмдин өнүгүшүнүн үчүнчү муунуна туура келет. Т.а. экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки мезгилде талкаланган мамлекеттерди бутуна тургузуу үчүн күчтүү бийликке ыӊгайлаштырылып курулган. Башка элдер бутуна туруп алышты, биз болсо ошол тейден эле келатабыз.

– Конституциялык реформа жүргүзүүнүн кандай жолдору бар?

Б.БӨРҮБАШЕВ: – Конституциялык реформа дүйнөлүк тажрыйбада үч жол менен өтөт: 1) баш мыйзамга алымча-кошумчаны парламент киргизет; 2) конституциялык жыйын (бийликтин, коомчулуктун, саясий партиялардын ж.б. өкүлдөрүнөн түзүлөт) киргизет; 3) референдум жолу, баш мыйзам эӊ маанилүү документ болгондуктан жалпы элдин тандоосуна коюлуп чечилет. Биз дал ушул үчүнчү же демократиялык жол менен конституциялык реформа жүргүзүүнүн астында турабыз. Бирок, 1993-жылы 5-майда кабыл алган баш мыйзамдын айланасында эле айланып, аны жамаачылап келатабыз. Мунун себеби, ошол баш мыйзам саясий элитанын, олигархтардын кызыкчылыгына толук жооп бергендигинде. Анткени, алар канчалык уурдаса да, жаӊылса да жоопко тартылбайт. Ошондуктан саясий элита ушунун негизинде гана өз маселелерин чечип жатат.

Ж.КАСАБОЛОТОВ: – Биринчиден, конституция бизге керекпи же кереги жокпу деген суроону чечип алышыбыз керек. Ушуну чечкенден кийин гана калган маселелерди деталдуу карай берсе туура болот. Эгерде баш мыйзам керек болсо, анда ага кандай тарыхый тажрыйбабызды алып киребиз, элге кандай башкаруу формасы керек, эл катары бизге эмне керек, кандай жашоого муктажбыз сындуу кадимки жөнөкөй суроолорду коюп, анан конституцияга киргизиле турган нормаларды өтө чоӊ жана ачык түрдө коомдук талкуудан өткөрүп, андан кийин элден чыккан идеяларды эксперттердин деӊгээлинде системалаштырып, анан гана маанилүү бир документ иштеп чыгуу туура болот. Ал эми азыркы кылынып аткан иш-аракеттер бийликтин өзүнүн гана кызыкчылыгын көздөйт жана муну менен катар ууру нормалар киргизилип келүүдө.

– Биздин баш мыйзамдын өзгөчө көӊүл бурууну талап кылган жактары кайсылар?

Б.БӨРҮБАШЕВ: – Эгемендүүлүктүн 25 жыл аралыгында онунчу ирет конституциялык реформага баратабыз. Мында негизинен борбордук бийликти бекемдөө маселеси гана каралат. Же бир адамдын башкарышы (президент), же коллективдик башкаруу (парламент), же болбосо орток башкаруунун шарты каралат. Айрым конституциялык реформаны жактагандар элге чыгып “Баш мыйзам башкаруунун гана формасын аныктайт деп жатышат”. Бул туура эмес. Мындай пикир башкарууда отурган “жүз” кишиге гана керек. Ал эми коргоо, коопсуздук, экономика ж.б. толгон маселелерге маани берилбей калууда.

Дагы бир чоӊ маселе жоопкерчиликсиздикте жатат. Мисалы, мен мугалим катары окуучуга туура эмес баа койсом – жазаланам. А эмне үчүн коомду терс нукка салып, сазга тыккан адамдар жоопко тартылбашы керек? Буларга жок дегенде укуктук болбосо да саясый жаза зарыл!

– Биздин баш мыйзамдын өзгөчө көӊүл бурууну талап кылган жактары кайсылар?

Ж.КАСАБОЛОТОВ: – Бул жерде фундаменталдуу өтө чоӊ маселе бар. Мыйзамдардын негизин түптөгөн өтө көп мамлекеттер- отурукташкан мамлекеттер болуп саналат. Отурукташкан коом менен көчмөн коомдун ортосундагы ажырым адам жерди ченеп, бөлө баштаган доорго чейин барып такалат. Отурук коомдо туруктуу статикалык мыйзам, көз-караштар калыптанган.

Көчмөн коом болсо андай эмес, ал ажыдаар. Ал дайыма кыймылда болуп турат. Көчмөн коомдун көптөгөн белгилери шартка жараша өзгөрүп, жандуу жашаган. Ошондуктан, биздин коомго карата айтылып жаткан диктатура, демократия сындуу пикирлер шарттуу гана нерсе болуп саналат. Анткени, эгер согуштук кырдаал жаралса, анда сөзсүз түрдө диктатура кириши керек. Жай убакта болсо демократиялык жол менен же эл менен көбүрөөк кеӊешип чечим чыгаруу деӊгээлинде башкарууга болот. Биздин шартта көчмөн коомдун өзгөчөлүгүн, тарыхый тажрыйбабызды дагы эске алуу керек. Албетте, азыр биз отурукташкан коомго өттүк жана анын көптөгөн талаптарын кабыл алдык. Бирок, бизди биз кылып кармап турган маанилүү механизмдерибизди да сактап калдык. Муну менен катар бизди биз кылбай коё турган дагы өтө зыяндуу нерселер бар.

Чындыгында, мындай бир тенденция бар, канчалык жаӊы баш мыйзам жазылган сайын улам улуттун кызыкчылыгына карама-каршы келе турган ууру нормалар талаш-тартыштын ортосунда кирип кете берет. Мисалы, 1993-жылдагы баш мыйзамдан бери карай турган болсок, анда бийликтин демилгеси менен орус тилинин расмий статусун киргизип кетишти, андан кийин жерге карата жеке менчик нормасын киргизишти. Жерге карата жеке менчикти керек болсо бизден өткөн дыйкан деп эсептелген Кытай дагы киргизген жок, Батыш дүйнө таанымынын өзөгүн түзүп берген эл болгон еврейлердин Израиль мамлекетинин өзүндө жерге карата жеке менчик жок. Биз болсо либералдык маанайдагы “жеке менчик баарын башкарсын” деп рынок фундаментализмине кирип кеткен адамдардын жетегинде калып, ушундай нормаларды киргиздик. Эгерде мамлекетибиз, коомубуз, экономикалык мамилелерибиз буга даяр болсо, анда макул эле. Бирок биздин чек арабыз да толук такталган эмес.

Жеке менчикти жамынып алып даяр турган механизмдерди өлтүрүп, жиликтеп туруп анан аны этке таратып ийгендей кылып өндүрүшүбүздү таратып жибердик. Ошонун азабын эмгичекти тартып келүүдөбүз. Анысы аз келгенсип айыл чарба жерлеринин табигый ырааттуу түзүмү бузулду. Аймактык өзгөчөлүккө карабай эле ар ким өз билгенин кылууда. Айдоо жерлеринин көбүнө үй салынып кетти. Албетте, жеке менчиктин жакшы жактары да бар, бирок мен аларга токтолгон жокмун.

Б.БӨРҮБАШЕВ: – Баш мыйзамды кабылдоодон мурда коомдун шартын караш керек. Азырынча бизде бул эске алынбай жатат. Андан соӊ баардык улутта улуттук идеология болгондуктан ага маани берип, баш мыйзамга киргизүү керек. Анткени, улуттук идеологиясы жок эл өнүкпөйт, өспөйт.

Мындан сырткары, баш мыйзамда көӊүл бурууну талап кылган бир канча маанилүү маселе бар:

1) Шайлоо системасы. Бир мандаттуу шайлоодо шайланган депутат элге жакын болуп турган. Ортодогу байланыш сакталган. Азыр болсо партиялык системанын негизинде элдин добушун сатып алуулар күч алып, жыйынтыгында депутаттар, парламентибиз элден алыстап кетти. Шайлоо эркин эмес. КР баш мыйзамынын 2-беренесинин 4-пункту бузулууда. Анткени ал жерде шайлоо эркин деп жазылып турат. Бирок, талапкерди тандоо элдин эрки эмес, партиянын жетекчисинин эрки болуп калууда. Ким депутат болоорун дагы эл эмес, партиялык жетекчилик чечип калды. Алардын ортосунда кадимкидей эле соода жүрүп жатат. Шайлоо саясый процесстеги бизнеске айланды. Ошондуктан шайлоо жана саясый партиялар тууралуу берене, мыйзамдардын негизин кайрадан карап чыгуу керек.

2) Люстрация мыйзамын киргизүү зарыл. Ошондо гана бийликти тазалоого болот.

3) Элдик курултай мыйзамын киргизүү. Мамлекеттик бийлик баш бербей калган маалда аны коомдук көзөмөлгө баш ийгизүү үчүн жыл сайын жок дегенде бир-эки ирет миӊ кишиден болсо да чогулуп абалды, аткарылып жаткан иштердин күӊгөй-тескейин так айтып туруу зарыл. Ошондо бийликтегилер аз да болсо элден айбыгып тураар эле.

Баш мыйзамга мындан башка дагы адам укугу, диндин саясатка аралашып кетүүсү, жеке менчик маселеси сындуу бир канча концептуалдык чоӊ миналар аралашып кеткен. Булар дагы өзгөчө көӊүл бөлүүнү талап кылат. Анткени, биздин коомду алсыратып, талкалаган ушулар.

Ж.КАСАБОЛОТОВ: – Бекбосун агай айткан адам укугу маселеси мурдатан эле баш мыйзамга киргизилип келген. Бирок, азыркы көрүнүшүндө, бийлик сунуштап жаткан вариантта адам укугу Кыргызстандын эмегендүүлүгүнөн да жогору коюлуп турат.  Чынында адам деген ким? Адам Африкадан, Чукоткадан келсе деле адам. Башкача айтканда, таптакыр жарандыгы жок болсо деле адам. Ушул жерден Кыргызстандын конституциясы ким үчүн жазылып жатат деген суроого жооп беришибиз керек. Кыргызстандын конституциясы Кыргызстандын жарандары үчүн жазылат жана Кыргызстандын жарандары тарабынан кабыл алынат. Демек, бул жерде адамдын укугу жөнүндө эмес, жарандарыбыздын укук-милдеттери жана мамлекет менен болгон өз ара мамилелери жөнүндө жазылышы керек.

– Бизде баш мыйзамга болгон мамиле кандай?

Б.БӨРҮБАШЕВ: – Мыйзамды иштеп чыккан адамдардын мыйзам жана коомдун өнүгүшү тууралуу кеӊири түшүнүгү болушу керек. Коомдун өнүгүшүнө шарт түзгөн механизмдердин бири – мыйзам. Бизде жыйырма беш жыл ичинде баш мыйзамды онунчу ирет алмаштырып жатабыз. Бул биздин мыйзамга болгон мамилебиздин күзгүсү. Бул көрсөткүч менен Гиннестин китебине кирсек болот. Эмне үчүн ар бир эки-үч жылда баш мыйзамды алмаштыруудабыз? Анткени, баш мыйзамыбыз мыйзамдык документ болбой эле, саясый документ болуп калган. Коомдун кызыкчылыгы үчүн эмес, бир ууч адамдын кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат. Башкача айтканда, бийликке ким келсе, ал баш мыйзамды өзүнө ылайыктап жазат. Ошондуктан, баш мыйзамга болгон мамилени, көз-карашты өзгөртүү зарыл. Аны саясй эмес, юридикалык, идеологиялык документ кылуу керек.

– Конституцияга коомдун көпчүлүгү эмнеге кайдыгер болуп жатат?

Б.БӨРҮБАШЕВ: – Анткени, конституция элден бөлүнүп калган, коомдук кызыкчылыкка жооп бербейт жана элдин өзөгүнөн чыккан эмес. Өз ара таасир жок. Негизи, конституция канчалык жакшы жазылбасын, аны ишке ашыруучулар терс нукка кетсе, анда конституция терс иштейт. Ошондуктан, эл менен мыйзамды айкалыштырып, аткаруучулардын нугун туура кармоо зарыл. Ар бир мыйзам элдин духуна жооп бергидей жазылышы керек. Азыркы баш мыйзам болсо элдин духуна жооп бербейт. Ошондуктан иштебейт, кагаз боюнча тура берет.

Ж.КАСАБОЛОТОВ: – Кайсыл баш мыйзам же ага өзгөртүү жазылбасын, ал алгач орусча жазылат же көчүрүлөт. Андан кийин ал кыргызчага которулат. Мыйзамдар дагы ошондой. Эл менен бийликтин ортосундагы ажырым да ушундан келип чыгууда. Бийлик, мамлекет өз эли менен өз тилинде сүйлөшө албаса, анда башка эмне жөнүндө сөз кылууга болот. Чын-чынына келгенде, Кыргызстандагы мыйзамдын баары кыргызча жазылышы керек. Татаал терминдер болбосо дагы, эл түшүнгүдөй болуп жазылуусу шарт. Мисалы, мен дыйкан болсом, анан бир мыйзамды пайдалангым келсе, бирок аны окуп-түшүнө албагыдай тилде жазылса, анда ал мыйзамдын кимге кереги бар?  Бул, элди мыйзамдан, мамлекеттик түзүмдөн алыстатат. Кыргызстанда туруп кыргызча суроомо кыргызча жооп алууга, кыргызча окуп-түшүнүүгө адамдык, жарандык укугум барбы? Ошондуктан эл менен бийликти, мамлекетти жакындатуу үчүн баш мыйзамдын, башка мыйзамдардын түп нускасын мамлекеттик тилде жазып, аны элге жеткирүүнүн аракеттерин көрүү зарыл.

– Учурда чоң маселеге айланып жаткан референдумга баруу керекпи?

Б.БӨРҮБАШЕВ: – Коомдук түзүлүштү реформага алып баруунун бирден бир жолу – баш мыйзам. Ал үчүн менин оюмча бир нече иштерди аткарууга туура келет. Мисалы, улуттук идеологияны кайрадан карап чыгуубуз жана азыркы абалыбызга так баа берүүбүз керек. Чынында биздин коом азыр ооруп турат. Анын диагнозун туура коюшубуз зарыл. Анан анын эмне себептен ооруп атканын, аны айыктыруунун дарысы эмне экендигин табуу кажет. Азыр Кыргызстанда өтө чоӊ саясый жана укуктук процесс башталды. Коомубуз референдумга баруу керек же барбоо керек деп эки топко бөлүнүп турат. Ошол жерде да так орду жок, оомолор көп жүрөт. Ушундай кырдаалда мен билерманмын, даанышманмын, интеллигентмин деген аксакалдардын көбүнүн үнү чыкпай турат. Элибиз, “Жоо кеткен соӊ кылычыӊды ташка чап” дейт. Ошондуктан учурунда акыйкат сөздү айта албагандардын кийин үн катканынын эч мааниси жок. Ал эми конституциялык реформанын аягы шайлоого алып барат. Саясый процесстер эч качан бүтпөйт. Бирок, буга эл, коом даяр болушу керек.

(Уландысы кийинки сандарда)

“Тегерек столду” уюштурган Чолпонбек КАПАРБЕК уулу

One thought on “Конституциясын тааныбаган эл – тагдырын тааныбайт

  1. Сладострастные рассказы проституток на нашем сайте волшебным образом раскрасят ваши будни восхитительными красками и подарят неимоверное наслаждение. Здесь дешевые проститутки не только полностью удовлетворят ваш интерес, но и оправдают любые даже самые откровенные ожидания и фантазии. Истории проституток, которые вы здесь встретите помогут ощутить себя настоящим мачо в сексе. А фото проституток только дополнят ваше удовольствие. На сайте Girls Room проститутки Новгорода и проститутки Винницы откроют для вас дверь в мир сладострастных удовольствий, проститутки Воронежа и проститутки Харькова помогут Вам ощутить себя любимым и непременно желанным мужчиной, проститутки Запорожья и проститутки Ростова расскажут самые откровенные истории из своей жизни, проститутки Красноярска и проститутки Николаева откроют для вас науку получения и доставления удовольствия от секса.
    Комната проситуток – проститутки харькова

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *