Башмыйзамдын башы – таразанын ташы. Улутка зыян келтире турган вирустар…  

1-1

Кыргызда бир керемет сөз бар:

Алтын ээр атка чак, атыңа тынчы жок болсо, алтынын алып отко жак,

Күмүш ээр атка чак, күлүккө тынчы жок болсо, күмүшүн алып отко жак, – дейт.

Мааниси терең бул сөз Башмыйзамдын тегерегиндеги азыркы талаш-тартыштарга толугу менен туура келет.

Бүгүнкү тирешүүдө саясый максаты жагынан бири-бирине каршы турган негизги эки тарап бар. Бирок экөөнүн тең артында калдайган кыргыз эли ЖОК. Адегенде бул тараптардын саясый кызыкчылыктарын жана карама-каршылыктарын сүрөттөп келип, анан жалпы кыргыз элинин мүдөөсү булардын кармашында эмне үчүн четте калганына ошондон кийин кайрылалы.

5-Жыргалбек Касаболотов

Саясый тирешүүдөгү биринчи тарап

Биринчи тарап – президент А.Атамбаев жана анын чөйрөсү. Бул тараптын негизги идеологу катары көбүнчө президенттик администрация башчысы Фарид Ниязов түшүндүрмө берип жүрөт. Демек, Конституцияга киргизиле турган алымча-кошумчалардын негизги демилгечиси – президенттик администрация экенин бийлик өзү деле жашыра албай калгандагысы. Учурдагы Башмыйзамга ылайык президент мыйзам чыгаруу демилгесине эч кандай укугу жок экенин эске салып, молдокелер айтмакчы «шариятка тууралап», администрация башчысын «кой, сен көрүнбөй эле кой, бул боюнча сүйлөбө, башкалар айтсын» деп тыйып койгон деле эч ким болбоду.

Булардын максаты – азыркы Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, аны кыска мөөнөт ичинде референдум аркылуу алып өтүү. Президент тарап сунуш кылып жаткан негизги алымча-кошумчаларга токтолсок, анын өзөгүн парламенттин эсебинен өкмөттүн ыйгарым укуктарын күчөтүү идеясы түзөт. Өкмөттөгү орчундуу кызматка шайланып кеткен депутаттар мандатын сактап кала берет, кадимкидей эле добуш берүү укугуна ээ болот. Кызматынан түшүп калса кайра депутат катары иш жүргүзө берет. Ал эми өкмөттү кызматынан кетирүүнүн жол-жобосу алда канча татаалдашат, ал тургай дээрлик жеңилгис бөгөттөр коюлган. Конституциялык кеңешме «Парламент жана президент менен кеңешмеге» айланат. Демек, азыркы парламент кийинки элита үчүн тепкич болуп берет да, мандатын сактап калыш үчүн өзү анын барымтасында калат. Анткени алардын кызыкчылыгын эске алып, бийлик өкүлдөрү «азыркы парламент таратылбайт» деп чыкты. Азыркы парламентте КСДП эң күчтүү позицияда экенин, ал эми калган 2-3 партия анын айтканынан чыкпай турганын эске алсак, бул демилгелердин баары учурдагы элита өз бийлигин сактап калып, президенттикке ким келсе да өз саясый коопсуздугун камсыз кылууга багытталганы даана көрүнөт. Бул – бийлик чөйрөсүнө жакынкы жылдары эч ким сырттан кире албай калат деген эле сөз.

Бул тараптагылардын жүйөсү эмнеси менен негизсиз? Башмыйзамды «улуттук кызыкчылыкка туура келбей калды, өзгөртүш керек» деп жарандык коом өкүлдөрү айтса жарашат эле. Андай талаптар башынан бери коюлуп да келген. Бийлик өкүлдөрү айтса – жарашпайт. Анткени президенти баш болуп, парламенти төш болуп өздөрү ушул Башмыйзамдын негизинде бийликке келишкен. Аны өзгөртөбүз деп келишкен эмес, аткарабыз деп келишкен. Бийликке келип жатканда, анын мыйзамдуулугун толук таанышкан. Азыркы бийлигин да ошого таянып сактап отурушат. Азыркы кылганы – футбол командасына кирип алып, кайра «мен футбол ойнобойм, мага күрөш жагат» деп белден өйдө чечине калып, дарбазаларды алып ыргыткандай эле кеп.

Саясый тирешүүдөгү экинчи тарап

Экинчи тарапта – мурдагы бийликтин өкүлдөрүнөн тартып Убактылуу өкмөттүн дээрлик толук курамына чейин бар. Арасына өкмөттөн эркин уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер, укук коргоочулар, жарандык активист Мавлян Аскарбеков айтмакчы, «башка учурда бир дасторкондо чогуу отурбай турган» адамдар бириккен.

Булардын расмий максаты – азыркы Башмыйзамды сактап калуу. Расмий жүйөлөрү:

1) «Башмыйзамды өзгөртүүгө болбойт, анткени ага 2020-жылга чейин мыйзамдуу жол жок». Өңчөй юридикалык жактан алганда анысы туура.

2) «Башмыйзамды бийлик сунуш кылгандай өзгөртүү бийликтин бир колго топтолушуна алып келет». Бул жүйөсү туура, бирок анын артында алда канча меркантилдүү башка негиз жатат. Анткени бийлик бир колго топтолуп калса, булар мыйзамдуу жол менен бийликке келишине көпкө чейин бөгөт коюлат. Булардын ойлогону көбүнчө ошол.

3) «2010-жылдын Башмыйзамы үчүн 90дон ашуун жараныбыздын өмүрү кыйылган, ал жалпы элдин мүдөөсүн билдирет». Бул жүйөсү формалдуу туура болгон менен, чындыкка түп-тамырынан бери каршы келет. Ушуга кененирээк токтололу.

Эмне үчүн? Анткени биринчиден, 2010-жылы Конституциялык кеңешменин курамына ошол эбегейсиз өзгөрүүнү камсыз кылган элдин калың катмары кирген жок. Аянттагылар аянтта калып, кийин аларга бийлик квартира ж.б. түрүндө сөөк ыргытты дагы, кеңешменин курамына молдо-кожосунан тартып бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү баш болгон ар кошкон адамдар баш бакты. Ыңкылапты чындап жасагандар Өкмөт Үйүнүн сыртында же Ата-Бейиттин түбүндө калды. Демек, азыркы Башмыйзам апрель ыңкылабынын негизги мүдөөсүн эмес, андан кийинки чогулган саясый топтун максатын ишке ашырды. Экинчиден, негизинен укук коргоочулар жана саясатчылар тарабынан иштелип чыккан Башмыйзам түпкүлүгүндө кыргыз элинин кызыкчылыгына, анын жашоо философиясына, тарыхый тажрыйбасына эмес, Ош менен аштын айырмасын билбеген Венеция комиссиясынын кабак-кашына карай түздөлдү. Үчүнчүдөн, иштелип чыккан документ кыйчалыш саясый кырдаалда, «жоктон көрө жогору» принцибинде, альтернативасыз негизде сунуш кылынып, аргасыздан эл тарабынан шашылыш кабыл алынды.

Жалпысынан экинчи топтогулар – азыркы Башмыйзамдын коргоочулары – жаңы долбоордогу жоболордун ичинен бийлик бөлүштүрүү принциптерине гана көңүл буруп, дегеле Конституция ким үчүн жазылат, анын негизги концепциясы эмне деген сыяктуу башка фундаменталдуу жактарын көз жаздымда калтырышууда.

Демек, бул эки тараптын негизги талашкан нерсесин түшүндүк – ал баягы эле бийлик.

Бийлик жана Бийик

Бирок сөзүбүздүн башында айтылгандай, жамы кыргыздын мүдөөсүн эске алсак, бийликтен бийик турган, алда канча маанилүү маселелер бар. Ал маселелердин алкагында азыркы иштеп жаткан Башмыйзам да, анын бийлик өзгөртүп иштеп чыгып элге сунуш кылган варианты да кыргыз элинин улуттук кызыкчылыгына түп-тамырынан бери каршы келет. Болгон айырмасы – мурдагы вариантына салыштырмалуу кийинки долбоордо улутка зыян келтире турган вирустар ого бетер аксиомага айланган. Ал кайсы вирустар?

№ 1-вирус. «Адам укуктары»

Азыркы иштеп жаткан Башмыйзамда адам укуктары ансыз деле жарандардын укуктарынан мурдараак, негизги принцип катары берилсе, кийинки долбоордо ал эгемендик менен мамлекеттик кызыкчылыктан ачык эле жогору турат. Ушундай абсурдга чейин жеттик, бирок баарынан кызыгы, – аны байкаган адам аз эле болду. Эми жөнөкөй логикалык түшүндүрмө бере кетели. «Адам» деген ким? «Адам» – Африкада деле, Америкада деле адам. Дүйнөдөгү мамлекеттердин баарынын жарандары, ал тургай жарандыгы жок кишилер деле – башы кара, буту айры адам баласына кирет. Ушундан улам суроо туулат: Кыргызстандын Башмыйзамы ошолордун баары үчүн жазылып жатабы? Жок! Биздин Башмыйзам Кыргызстандын эли үчүн гана жазылышы керек. Ал эми Кыргызстандын элин кимдер түзөт? Кыргызстанда жүргөн кытайлар түзбөйт, мисалы. Кыргызстандын жарандары гана өлкөнүн элин түзөт. Жөн эле «адамдын» милдети болбойт. Ал эми жарандын өз өлкөсүнө карата милдети да бар, Мамлекет менен ырааттуу мамилеси да бар. Жарандыгы болбогон, аты-жыты белгисиз адамдын андай мамилеси да жок, Кыргызстанга тиешеси да жок. Кыргыздын менталитетине, улуттук кызыкчылыгына каршы келген нормалардын баары дүйнөлүк көмүскө күчтөр бетке кармаган «адам укуктары» аттуу ууру норма аркылуу жасалып жатканы бүгүн эч кимге деле жашыруун эмес. Колго түшкөн кылмышкерлер өзүнө курорттогудай шарттарды талап кылса, белгилүү бандиттин онтоп койгон оорусуна элден айрыкча көңүл буруп, кызыл килем менен узатышса, гейлер гей-парад өткөрөбүз дешсе, маңкурттар өлкөнүн, улуттун ыйык нерселерине акаарат келтирип, бирок анысы үчүн эч кандай жооп бербесе – ошонун баары «адам укуктарын» коргоо талабы менен жасалат. Демек, бул өзгөрүүлөр кимдердин кызыкчылыгында жылып кирип келе жатканы түшүнүктүү чыгар?

№ 2-вирус. Орус тилинин расмий статусу

Орус улутундагы калк Кыргызстан элинин үлүшүндө экинчи орундан үчүнчү орунга жылганына көп жыл болду. Анын ордун басып экинчи баскычка чыккан улуттун өкүлдөрү, өз тилине расмий статус сурай коебуз деп улут аралык согуш чыкканы жамы журттун эсиндедир… Ошого карабастан, орус тили расмий статусуна таянып да, таянбай да кыргыз тилин башынан эле жөөлөп келатат. Анткени мамлекеттик тил тууралуу мыйзам иштебейт, ага себеп – анын иштешин талап кылсаң эле орус тилинин расмий статусуна таянышат. Орус тили ушул турган турпатында эч кандай расмий статуска муктаж эмес, эч кандай статусу жок болсо деле көптөгөн жылдар бою пайдалуу маалымат булагы бойдон кала бермек. Болгону анын азыркы мыйзамдык абалы кыргыз тилин өнүктүргүсү келбеген күчтөргө ого бетер шылтоо таап келе жатат. Аны да эл менен кеңешип, айылдан келген, өз өлкөсүндө жүрүп өз тилинде сүйлөгөндөн корунган кыргыздардын укугун ойлогон эч ким боло элек.

№ 3-вирус. Кош жарандуулук нормалары

Азыркы Башмыйзам да, кийинки долбоор да жарандарга башка өлкөнүн жарандыгын алууга жана анда жүрө берүүгө уруксат берет. Жарандыкка кабыл алуунун шарттары ансыз деле өтө либералдашып, жарандардын мамлекет алдындагы милдети мыйзамдарды аткаруу, салык төлөө жана армияга баруу менен гана чектелип калды. Диний талаптарын бетке кармап, гимн ойнолуп жатканда ордунан туруудан баш тарткан медресенин окуучу кыздары коомчулук үчүн абдан кооптуу сигнал болгон. Эмнегедир өз жарандыгын унутуп, капкайдагы атасы тааныбаган Украинада жикчилдер тарабында согушуп жүргөн жигиттер да коопсуздук органдарынын назарына илинбей, Сирияга кеткендер гана көңүл борборунда болуп калды. Ал эми чындыгында экөөнүн укуктук баасы бирдей болушу керек эле. Кыргыз жараны болуп туруп Кыргызстан үчүн эмес, башка мамлекет үчүн согуштубу – ошол жакка кетсин! Улутунан, жарандыгынан диний нормасын жогору койдубу – Кыргызстанда жашабай, ошол зыярат кылган жерине түбөлүк жатып алсын, эч ким кой дебейт. Жарандыктын белгилери формалдуу мүнөз күтүп, элдин биримдигин ансыз деле таптакыр чоочун геосаясый борборлор ыдыратып жаткан азыркы учурда кош жарандуулук нормасына уруксат бермек тургай, тескерисинче жарандык берүүнүн шарттарын катаалдатуу заман талабы болуп келатат.

№ 4-вирус. Жерге карата жеке менчик

Бул норма Аскар Акаев бийликте турганда киргизилген. Андан бери ушул ууру норма бир эсе айыл чарбасынын табигый ыраатын талкалап, экинчиден чек арага жакын жайгашкан айылдардын абалын арабөк калтырып жылма миграцияга шарт түзүп, үчүнчүдөн чет өлкөлүктөргө жер саткысы келгендиктен тиешелүү чечимди алты амалга салып өкмөттүн токтому менен өткөрө коюуга жанталашкан чыккынчы либералдарга кеңири жол ачты. Ошондуктан жерди пайдалануу укугу жарандарга бекер берилсе да, анын менчик укугу мамлекетте кала бериши керек. Чек ара маселеси чечилбеген, жарандарыбыздын далайы чет өлкөгө эмгек миграциясына кетип, ордун башкалар басып жаткан учурда жердин жеке менчикте болушу стратегиялык өтө чоң коркунучтарга кириптер кылаары бышык.

№ 5-вирус. Өлүм жазасынын жоктугу

«Асаба» гезитинде иштеп жүргөн 1990-жылдары мен өзүм «Мээге мээленген дүрмөт» деген макала жазып, башка өлкөлөрдүн мисалындагы тенденцияга таянуу менен өлүм жазасына каршы чыккандардын бири болчумун. Ачык айтайын, ашкере гуманист болуп ошондо катуу жаңылганымды азыр толук мойнума алам. Анткени, андан бери үч уктаса түшкө кирбеген кылмыштардын түрлөрү пайда болуп, кылмыштуулуктун масштабы болуп көрбөгөндөй арбыды. Ал эми 2010-жылы Конституциялык кеңешмеде өлүм жазасын киргизүүнү сунуш кылган Дүйшөн ажыга (мен ага жан тарта турган эч кандай жөнүм жок) кыргыйдай тийген кыйкырчаак кыздар өлүм жазасын алып салыш үчүн чет өлкөдөн грант жеген өкмөттөн эркин уюмдарга өтө эле тыгыз тиешеси бар эле… Жыйынтыгында эмне болду? Өлүм жазасына каршы чыккандардын эч кимиси жабыркаган жок. Жабыркаса башкача сүйлөшмөк… Бирок карапайым эл ичинде далай балдар-кыздар зордукталды, нечен киши өлтүрүлдү, ал эми кылмыш кылгандар соттолсо соттолуп, соттолбосо ар кандай амал-айла менен кутулуп кетти. Соттолгондору эмгиче ошондой эле амал менен түрмөдөн эчак чыгып, кайра ошол жабыркагандардын намысын тебелеп, бетине карап ырсайып күлүп отурушат. Башкасын кой, Ала-Тоо аянтында кийиктей терилип атылган жигиттер өлүп кете берди, ал эми аларды аткандарды биз так өзүндөй кылып ит аткандай атып сала албайт экенбиз. Анткени өлүм жазасы жок. Ашып кетсе түрмөгө отурат, бирок ал жерден да жөн отурбай, жогоруда кеп болгон «адам укуктарына» таянып, көрүнгөн гезитке интервью берип, акты кара, караны ак деп сайраса да биз эч нерсе кыла албайбыз. Бул – калыстыкты туу туткан, илгери бир кылган тескери кылыгы үчүн эч ким кайра баш көтөрүп сүйлөй албай калган кыргыздын Жолуна жарашпаган жорук.

№ 6-вирус. Курултай институтунун жоктугу

Тарыхый кырдаалды карасак, чоң Курултай кыргыз элинде өтө орчундуу жагдайларды чечиш үчүн чакырылган. Анын арасында согуш-тынчтык маселеси, кайсы бир келишимге кошулуу же андан баш тартуу, айрым өтө маанилүү нормаларды киргизүү ж.б. болгон. Тилекке каршы, бизде Курултай институту өз ордун эмгиче таба элек. Ушул азыр кеп болуп жаткан эки Башмыйзамдын бирөөнө да кирбей калды. Бир чети ар ким өз курултайын өткөрө берип жакшынакай салттуу институттун ишпалдасын чыгарышты. Башкасын кой, Евразия экономикалык биримдигине деле эч ким менен кеңешпей-этпей эле Жогорку Кеңеш бир добуш менен өткөрүп койду. Же ошого жараша анекдоттогудай: «Биз асынып өлө турган сыйыртмакты өзүбүз ала келелиби же профком береби?» деп сураган киши деле болгон жок. Азабын азыр далай ишкерлер тартып атышат. Жоокерчилигинчи?

Азыркы Башмыйзамды деле президенттик администрация беш фракциянын башчысына кол койдура калып эле референдумга сүйрөп кетип баратат. Эгерде Курултай институту толук иштеген болсо, анда «Эй, токто! Бул жакта кыргыз деген эл бар, унута элек болсоңор. Анын мындай мүдөөсү бар, референдумга коюлаардан мурда ушулар талкууланып, анан кирсин» деп айтышса, бийлик аргасыздан эсептешмек. Ошондуктан, Курултай институту кыргыздын саясый турмушунда өзүнүн татыктуу ордун таап, кадимкидей ишке киришмейинче, “Эл – Мамлекеттин ээси” дегенибиз дайыма формалдуу аныктама бойдон кала берет.

Тыянак

Чоң энелер айтмакчы, Кыргызстан “бала болуп башына жүн чыкканы” Башмыйзамдын долбоорун бийлик өкүлдөрү гана алып чыгып, элге таңуулап келатат. Азыркы жоругу деле ошондон принципиалдуу айырмасы жок. Альтернативалар жок болсо бир жөн эле. Бар, ал тургай арбын! Башкасын айтпасак дагы, белгилүү аалым Чоюн Өмүралиевдин Конституция үчүн атайын жазып чыккан концепциясы эле эмне деген фундаменталдуу эмгек?! Тилекке каршы, анын терең философиясы тургай сүйлөмүн түшүнүүгө жарабагандар азыр улуттук кызыкчылык тууралуу акыл үйрөтүп бийликте отурушпайбы.

Жогоруда кеп болгон жагдайлар – Башмыйзамга байланышкан баш оорутмалардын көзгө урунган эле кичинекей өңүтү. Чындыгында иш юридикалык-саясый алкактан небак чыгып, Кыргызстандын элинин өзөгүн түзгөн кыргыз элинин улуттук кызыкчылыгы тууралуу ойлоно турган мезгил жеткенине көп болду. Мурда Башмыйзам маселеси «Ыйгарым жана бийлик» проблемасынын деңгээлинде болсо, азыр «Улут жана Укук» деген алда канча кеңири масштабда талкуу жүргүзүү зарылдыгы бышып жетилди. Андыктан дал ушундай өңүттө, аруу тилекте чоң иш башталып, анын көч башында «Көк асаба» турганы кубандырат. Айтыла турган сөз алдыда деп түшүнөлү.

Жыргалбек Касаболотов, саясат таануучу

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *