Кыргыздын күйөө баласы. Ито сан ХИРОНОРИ, доктор, профессор, БГУнун ректорунун кеңешчиси жана Орус-кыргыз билим берүү академиясынын ректорунун жардамчысы: «Жапондордо да кудалашуу, калың берүү, тушоо кесүү салты бар».

1-Ито сан

         сүрөттө 25 жылдан бери кыргыз жергесинде жашап жаткан Ито жубайы Айзада менен

Жапондордун бизге жакканы – алардын тактыгы жана жоопкерчиликтүүлүгү, аны менен кошо сыпайыгерлиги жана жөнөкөйлүгү. Мен байкагандан ушул сапаттар аларга мүнөздүү. Айтор, үлгү алып, үйрөнө турган жагы көп.

Жапониядан алгачкылардан болуп келген Ито сан Хироноринин Кыргызстанда жашаганына  25 жылдын жүзү болду. Ито сан менен бир топ убакыттан бери тааныш болсок да,  кенен отуруп сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү эми гана болуп, гезит үчүн атайы баарлашуу маегин уюштурдук. Анын үстүнө, 25 жашында кыргыз жергесине келген бир кездеги студент жигит быйыл 50 жашка чыгып жаткандыктан, бул мезгил ичинде кыргыз кызына үйлөнүп , үч уулдуу  болгон атанын айтаар сөзү аз эмес деп ойлодук.  

11-Ито сан 25 жашында +

– Кыргызстанга качан, кантип келип жашап калганыңыз көптөрдү кызыктырса керек, ушул боюнча сөз баштасаңыз?

– Жапонияда студент болуп окуп жүргөн кезимде, 1988-жылы Москвага барып бир жыл окуп калдым. Ошол жылы жапон достурум айтып калышты, Чыңгыз Айтматов деген кыргызстандык белгилүү жазуучу Жапонияга барып, биздин агай менен баарлашыптыр деп.

Ошондон кийин негедир Айтматовго кызыгуум артып, анын чыгармаларын таап, акырындап окуп баштаган элем. Албетте, буга менин Москвадагы кыргыз досторум дагы таасир берген. Ал жылдары мен Борбордук Азиядан келген студенттер менен көбүрөөк тааныш болгум келип, жакшы досторду күттүм. Кээде балдар менен отурганда «мен Кыргызстанга барып жапон тилинен сабак берем» деп тамашага салып айтып коер элем. Чынында ал убакта бул жакка келгенге шарт  деле жок болчу, кийин барам деген ой деле келген эмес. Жыл айланып Москвадагы окуум дагы бүттү. Жапониядагы университетиме кайттым. Көп өтпөй эле окуумду улантуу максатында бул жолкусун Владивостокко барып түштүм. Бактыма дагы бир кыргыз менен таанышып калдым, ошол жердеги окуу жайда окуган жалгыз кыргыз экен.  Сүйлөшүп отуруп, Москвада жалпы тааныштарыбыз бар экени аныкталды. Ортодон убакыт өтүп, ал кыргыз досум үйүнө кетип, анан Кыргызстанды көрүп таанышып кетпейсиңби деп чакыруу кылды. Буга чейин тамашалап айтып жүргөнүм менен, досумдун чакырыгы чындап эле кыргыз жерине барууга түрткү болду. Ошентип, 1991-жылы турист катары Владивостоктон Кыргызстанга келгенимде алгач  катуу таасирлендим. Анткени, Владивосток бир жагынан суук, абасы анчейин эмес эле.  Кыргызстанга келгенимде баардыгы жакты.  Айтматов чыгармаларында жазганындай эле бар экен дедим эле ошондо. Жери абдан кооз, абасы таза, суусу тунук, эли кеңпейил, меймандос жана тамак аштарынан эт-сүт азыктарынын даамдуулугу, жашылча-жемиштердин берекеси көңүлүмдү көтөрүп, таң калтырды.

– Бул жакта калып калууга эмне себеп болду?

– Чакырган досум мени аэропорттон тосуп алып, жолдон баратканда «улуттук университтетин окуу ректору сен жөнүндө угуп, университетке мугалим болуп иштегенге чакыруу кылды» деген сунушун айтты. Барып жолугуп сүйлөшсөм, ректор мырза чындап эле ушул жакка калып университетке жапон тили боюнча мугалим болуп иштөө сунушун айтты. Алгачкы жолу келип катуу таасир алганыман уламбы, айтор, үйдөгү ата-энеме, жоро-жолдошторума кеңешпей туруп, дароо бул жакта калып иштөөгө макулдугумду берип, келишим түздүк.

– Сиз анда эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында жапондордон биринчи болуп келген турбайсызбы?

– Мен дагы башында ошентип ойлогом. Көрсө, менден мурун бир жапон кыз кыргызга турмушка чыгып келген экен. Бирок алар көп турбай эле, Жапонияга барып жашап калышты окшойт. Эгер ушуну эске албаганда, алгачкы келген жапондордун биримин десем болот. Анан мен артымдан дагы эки жапон студентти Жапониядан ээрчитип келдим. Ошондон бери мына, Кыргызстанга келип жашаганыма 2016-жылдын август айында туура 25 жыл толот экен.

               сүрөттө  Ито жана Айзада үч уулу менен

11-үйбүлөсү менен++2

– 25 жыл оңой жыл эмес, бул арада Кыргызстанды жакшы таанып, эл-жерибиз тууралуу көптү билип калган чыгарсыз?

– Ооба, 25 жыл мен үчүн тагдырымдын өзгөчө жылдары болду. Бул жактагы кыргыз досторум, тааныштарым мени кубаттап жардам кылганы жана жылуу мамилеси бөтөн элде, бөтөн жерде өзүмдүн үйүмдөгүдөй көрүп жашаганга себепчи болду. Мен ошого ыраазымын. Ал ортодо бул жактан сүйүүмдү дагы таап, кыргыз кызына үйлөнгөм. Азыр кудайга шүгүр, очор-бачар болуп, ынтымактуу, бактылуу үй-бүлөлөрдөнбүз. Үч эркек балабыз бар. Үйдө кыргызча, жапончо тилде аралаш сүйлөшөбүз. Чоң уулум жапончо жакшы билет, бир нече жолу Жапонияда жүрүп келген. Ортончу уулубуз жапончо үйрөнгөнгө аракет кылып жатат. Ал эми үчүнчүсү азыр кичине, апасы кыргыз экенин али түшүнө элек, жапон деп ойлоп жүрөт.

– Бизде азыр кыргыз жигиттерине турмушка чыккан жапон кыздары көбөйүп жатканын байкап жатабыз…

– Ооба, мындай мисалдар көп. Бирок, атайын тигил же бул улуттун өкүлүнө турмушка чыгайын же үйлөнөйүн деген деле максат болбосо керек. Негизгиси бул жерде, менин оюмча, сүйүү башкы фактор. Бирок айтып коюш керек, кыргыз жигиттери эр жүрөк, ишенимдүү, аларда  чечкиндүүлүк, камкордук сапаттары жакшы өнүккөн. Бул куру мактагандык эмес, дал ушул жакшы сапаттарды кыргыздардан көп байкадым. Мүмкүн биздин жапон кыздардын кыргыздарга турмушка чыгып жатканын себептеринин бири ушунда болсо керек.

– Кыргыздар менен жапондор тектеш экени тарыхтаайтылып келет. Сиз эми биздин жашоо-турмушту жакшы түшүнгөн адам катары айтсаңыз, эки элдин салттарынын ортосунда окшоштуктар барбы?

– Албетте бар. Мисалы, кудалашуу салты жапондордо дагы бар. Эки жаш бири-бирине ылайыктуу келсе, кыргыздын салтындай эле балдар жаш кезинде ата-энелери сүйлөшүп, кудалашып коймой салты бар. Кызга калың төлөмөй дагы бар, аны азыр эки жак кеңешип чечип калышты, шартка жараша. Маселен, калың аз боло турган болсо, анда тойду чоң кылып өткөрөлү же тескерисинче дегендей. Айтмакчы, кыздын себи деген бизде дагы бар. Бирок баардык  Жапонияда эмес, өзгөчө менин туулган жеримде ушул салттар сакталып калган. Мен төрөлүп өскөн Нагоя шаарында кызга септи абдан чоң беришет. Эгер үч кызы болсо, алардын себин даярдоо абдан чыгымдуу деген тамаша кеп да бар. Дагы бир окшоштук жагы – келин келгенде чачыла чачуу салты. Бизде дагы  таттууларды чачыла кылып чачышат да, аны анан жерден ырым кылып тилек менен терип алышат. Ошондой эле, Жапониянын кээ бир жерлеринде тушоо кесүү салты сакталган. Бүгүнкү күнгө чейин ушул салтты багып келишет. Кадимкидей эле жаңы басып баштаган баланын бутуна жип байлап, тушоосун кесишет. Бул салттын аталышы жапончо «аюми домески».

Окшоштуктар жагынан дагы бир мени таң калтырган кызыктуу жагдай, силерде тай жана кой деген үй жаныбарларына тийиштүү аталыштар бар эмеспи. Бизде дагы тай, кой деген аталыш-түшүнүктөр бар. Бирок анын жөнү мындай: бизде «тай» деген – балыктын аты, чоң тойлордо тай деген балык сөзсүз коюлат. Эгер дасторконго тай деген балык коюлбаса, уят болот. Дасторкон кандай бай, түркүн тамакка толбосун, бирок тайы болбосо, бизде аксакалдар кадимкидей сөз кылышат. «Кой» деген дагы бизде баалуу балыктын аталышы. Сыйлуу конокторго кыргызда тай же кой союлса, жапондордо тай жана кой деген балыктар даярдалып, дасторкондун сыйлуу ашы болуп эсептелет.

Жапонияда көптөгөн салттар бар, анын баардыгы эле улуттук салт катары карала бербейт. Ал көрүнүштү жергиликтүү регионалдык маданий өзгөчөлүктөр десе болот.

– Эмне себептен?

– Анткени географиялык шартка ылайык тоолуу болуп, жана аралдар көп болгондуктан, аймактар ортосундагы байланыш жакшы өнүккөн эмес, ошондуктан ар бир жергиликтүү аймак өз алдынча салттык маданий өзгөчөлүктөрүн сактап калган десе болот. Анын үстүнө Жапония 260 жыл бою жабык мамлекет болгон. Дүйнө менен иши жок жашаган. Чет элдиктерди киргизишчү эмес. Ошондуктан бүгүнкү күндө Жапонияда диалектилер жана маданий өзгөчөлүктөр абдан көп.

– Жапониянын билим берүүсү дүйнөдө сапаттуу деп эсептелет, ал эми Кыргызстандын билим берүү системасы эмнеден аксап келет деп ойлойсуз?

– Билим берүү тармагында иштеп келе жаткан адам катары бул боюнча көп ойлонууга туура келди. Маселе чынында көп. Билим берүүдө төмөнкү тепкичтерден баштап сапаттуу деңгээлге чыгуу маанилүү. Анткени, эгер мектеп күчтүү болбосо, кийин окуучулардын өсүүсүнө мүмкүнчүлүктөр азайып калат. Анан, эң негизгиси, кадр маселеси деп ойлойм. Сапаттуу мугалим болсо, сөзсүз түрдө сапаттуу окуучу дагы болот. Билим берүүнү жакшыртуу жалпы мамлекеттик системага дагы байланыштуу.  Мамлекет баардык тармак боюнча коррупцияга малынган болсо, билим берүүнүн деңгээлин көтөрүү абдан кыйын. Жапонияда коррупцияга тиешеси болгон адамды эч бир жумушка алышпайт. Бир жолу коррупцияга малынган адам экинчи ирет жакшы жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнөн толук ажырайт. Башкача айтканда, ал коомдон четтеп чыгып калат деген сөз. Бул жагынан Жапонияда тартип аябагандай күчтүү жана коом-мамлекет тарабынан катуу көзөмөлгө алынат. Жалпы коом өзүн-өзү жапа тырмак киришип тазалабаса, өнүгүү болбойт.

– Кыргызстанда сизге жакпаган кандай көрүнүштөр бар?

– Айтыш кыйын экен… Башында келгенде көп болчу, азыр болсо билинбей калды. Же балким көнүп калдымбы, айтор, ушунча жылдан бери жашап жүрүп кыргыздашып калдым. Башында өөн учураган нерселер азыр көнүмүш мага. Бир белгилеп кетчү жагдай, Жапонияда эгер адам жумушун жакшы аткара албай калса, келечегине дароо балта чабылат. Бир жолу жумуштан чыгып калган киши кайра ошондой деңгээлдеги жумушка кириши мүмкүн болбой калат. Ошондуктан адамдардын өмүрү жумушуна түздөн-түз байланышкан. Өмүр бою бир компанияда кызмат кылып картайышат. Жашоо кайталанма жана бир калыпка түшкөн. Ал эми Кыргызстанда тандоо мүмкүнчүлүгү көбүрөөк.

– Эки жактын кызматташуу алакасын сиз жакшы түшүнсөңүз керек, кандай кыйынчылыктар болууда?

– Негизинен жакшы. Кыргызстан менен Жапониянын ортосунда билим, маданият, экономика тармагында натыйжалуу кызматташуу мүмкүнчүлүгү бар.  Кызматташуу чегин кеңейтип тереңдетсе, эки жакка тең пайдалуу болмок. Азыр маданият-билим тармагында Кыргыз-Жапон борбору көп жылдан бери жакшы иштеп келе жатат. Бул кубанычтуу, бирок, Жапониядан инвестиция тартып кел

үү маселеси ыңгайлуу шарттардын жоктугунан бир аз оор болуп жаткандай. Ошентсе да, мен ишенем, келечекте баардыгы ойдогудай болот. Анкени, Кыргызстандын эли азыр болгон аракетин жумшап, өнүгүүнүн жолуна түшүүгө далалат кылышууда. Ошондуктан, Кыргызстан күчтүү, өнүккөн мамлекетке айланарына шек жок. Силердин эң башкы байлыгыңар – бул элиңер жана жериңер. Ал эми бул экөөнөн тең силерде жетиштүү артыкчылыктар болгондуктан, Кыргызстан сөзсүз түрдө өзгөчө өнүккөн өлкө болот.

Ушул учурдан пайдаланып, мен Кыргызстанда жашаган алгачкы жылдардан бери мага жардам берген, көмөк көргөзгөн жана мени менен иштеген баардык досторума, тааныштарыма, дегеле жалпы кыргыз элине гезит бетинен ыраазычылыгымды билдирем.

Айбек БАЙЫМБЕТОВ

2 thoughts on “Кыргыздын күйөө баласы. Ито сан ХИРОНОРИ, доктор, профессор, БГУнун ректорунун кеңешчиси жана Орус-кыргыз билим берүү академиясынын ректорунун жардамчысы: «Жапондордо да кудалашуу, калың берүү, тушоо кесүү салты бар».

  1. Ито сан абдан туура айтат, биздин негизги байлыгыбыз: кыргыз элибиз жана жерибиз. Биз “осор озун сыйлайт” деген ата-бабаларыбыздын накыл созун бекем эске тутуп, улуттук намысыбызды ойготуп, билимибизди,талантыбызды,кучубузду элибизге жерибизге арнап эр Эшим бабабыздын “малым жаныма курман, жаным элиме курман”,-деген принциби менен жашоого отушубуз керек.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *