“ӨМҮР КӨЧҮ” – 100

Үркүн. 1916-2016DSC_8441

5-6-августта Улуттук боштондук көтөрүлөштө жана Үркүн окуясында курман болгондорду эскерүүгө, аларга куран окутууга арналган “Өмүр көчү-100” жүрүшү болуп өттү. Бул жүрүштү Үркүндүн 100 жылдыгын татыктуу өткөрүүнү максат кылган “Ашар” козголушу, “Асаба” партиясы, Кыргыз архитекторлор союзу жана “Ак Шумкар КУТ” жаштар коомдук бирикмеси тарабынан биргелешип түзүлгөн “Өмүр көчү-100” тобу демилгелеп, Президенттик аппараттын колдоосу жана каржылоосу менен ишке ашты. Бишкек – Асылбаш – Ак-Суу – Токмок – Кошой-Бешик (Боом) – Кырк-Шейит (Тоң) – Барскоон – Каракол – Кара-Баткак (Түп) – Чолпон-Ата – Балыкчы – Бишкек каттамында жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар болуп, шейит кеткендерге куран окутулду. “Өмүр көчү-100” жүрүшүнүн катышуучулары Улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн маанисин, Үркүндүн себептерин атоо менен бирге жүрүштүн жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгилеп айтышты.

DSC_9127Чапырашты БАЗАРБАЕВ, “Асаба” партиясын негиздөөчүлөрдүн бири

– “Өмүр көчү”-75 жылдыктан бери эле иш-чараларды уюштурууга катышып келе жатыптырсыз. Ошол мезгилден азыркы мезгилге чейинки “Өмүр көчүнүн” басып өткөн жолу тууралуу айтып берсеңиз.

– 1990-91-жылы Үркүндүн 75 жылдыгын даярдоо жана өткөрүүдө өз күчүбүз, өз аракетибиз менен уюштурганбыз, бизди эч ким колдогон эмес. Эми ал убакта союздун кези болгондуктан, орус эмне дейт, Москва эмне дейт деген сөздөр менен бизди коркутуп келишкен, орус элине каршы сөз айтып жатасыңар деп кысымга алышкан. Ал убакта мамлекеттик коопсуздук кызматтары сындуу атайын кызматтар колунан келген аракетин жасап, биздин баскан-турганыбызга чейин изилдеп, көз салып турушкан. Бирок, ага деле карабай жүрүштү өткөзгөнбүз. Ошондо элибиздин духу укмуштай ойгонгон. Элибизге карата айтылган “белгисиз Республика”, “Банановая республика”, “кыргыз эли малга тете” деген түшүнүктөрдү жокко чыгарып, элибиздин духун көтөрүш үчүн абдан бийик максаттарды астыга коюп алып жүрүшкө чыкканбыз. Кийин ошол максатыбыз бүт ишке ашты. 75 жылдыкта бир гана орундалбай калганы – Кытайдын чек арасына чейин барбай калганыбыз. Бирок, ал максатыбыз Үркүндүн 90 жылдыгында ишке ашты. 75 жылдыктан кийин 2-3 жыл катары менен “Асаба” партиясы  “Ашар” козголушу менен бирге Көлдү айланып, мурда орнотулган таштарды бойоп, куран окутуп жүрдүк. Андан соң бул аракетти “Асаба” партиясы 10 жылдай уладык. Ошондо шейиттердин жолдо, жондо, ашууда калган сөөктөрүн жыйнап, көмүп, куран окутканбыз. Андан кийинки чоң ишибиз мына азыркы 100 жылдык болуп жатат.

Асылбаш айылынын эли менен жолугушуу

– 75 жылдык менен азыркы 100 жылдыктын ортосунда кандай өзгөрүү байкалды?

Негизи, Президенттин Указ чыгарганы, бул оңой иш эмес. Президенттин Указын элдин баары каниеттенүү менен, чоң кубаныч менен кабыл алышты. Үркүн-100гө арналган жүрүштүн мамлекеттик деңгээлде толук колдоого алынганы, жер-жерлерде куран окутулуп эскерүү болуп жатканы тирүүлөр үчүн да, шейиттер үчүн да көңүл толтосун толтурган көрүнүш.

DSC_9150Шаазаада ТҮМӨНБАЕВ, Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын Этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти

– “Өмүр көчү-100” жүрүшүнө кандай баа берип жатасыз?

– Бул жүрүштүн негизги максаты – дагы бир жолу Улуттук боштондук көтөрүлүшүн, Үркүн окуясын эскерип, ошол окуянын мааниси зор экенин аң-сезимибизге сиңирип, жаштарга, келечек муунга эгемендүүлүктүн баасы канчалык бийик экендигин жеткирүү. Мындан сырткары, ошол мезгилде курман болгон боордошторубуздун, ата-бабаларыбыздын арбактарына таазим этип, курмандык чалып, куран окутуу максатыбыз бар эле. Бул жүрүш аң- сезимибизди дагы бир жолу ойготуп, эгемендүүлүгүбүз оңой келбегенин таанытып, ушундай оор жоготуулардан кийин гана өзүбүздүн мамлекетибизге ээ болгондугубузду эскертти десем болот. Ошондуктан, мамлекетибиздин баасын биле жүрөлү, сактай билели, мамлекеттүүлүктү түптөөгө, өркүндөткөнгө ар бир кыргыз жараны салым кошо билели деп чакырык таштайм.

DSC_8329

Ак-Суу айылында (Беловодск) шейит кеткендерге куран окутуу

– Үркүндүн 100 жылдыгына байланыштуу мамлекеттик деңгээлде кандай иш-чаралар жасалып жаткандыгы тууралуу маалымат берип кетсеңиз?

– 1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүштө биздин ата-бабаларыбыз адилетсиздикке жана өз эл-жериндеги ошол кездеги орус империясынын оторчул же болбосо колониалдык саясатына каршы туруп, боштондук күрөшүнө чыгышты эле. Албетте, ошондой күчтүү империяга туруштук берүүгө биздин элибиздин мүмкүнчүлүгү жок эле. Натыйжада көтөрүлүш трафареттүүбасылып, аягында империянын аскерлери тарабынан элибиз кыргынга кабылды. Бул окуяга эң алгач, 1931-жылы биздин ошол кездеги өтө кеменгер жол башчыларыбыз, эл башчыларыбыз Баялы Исакеев, Жусуп Абдрахманов аттуу улуу инсандарыбыз Үркүндүн 15 жылдыгын белгилешкен. Андан кийин көп жылдар бою бул маселе жабылып-жашырылып, кез-кези менен элдин аң-сезиминен чыгарып салуу аракеттери дагы көрүлгөн. Кийин гана, улуттук аң-сезимдин көтөрүлүүсү менен Үркүндүн 75 жылдыгына арналып жөө жүрүш, “Өмүр көчү” башталган. Андан кийин 2006-жылы сөөктөрдү койуу иш чаралары жүрүп, 90 жылдыкка карата Боомдо эстелик орнотулган. Эми ошонун баардыгы тең кандайдыр бир деңгээлде коомчулуктун атынан, же белгилүү бир уюмдардын атынан ишке ашкандай болгон.

DSC_8482

Боом капчыгайында курман болгондорду эскерип, куран окутуу

Ал эми 100 жылдыкта алгачкы ирет мамлекеттик деңгээлде Үркүн окуясына маани берилип, жогорку деңгээлде мындай иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Президентибиз Алмазбек Шаршенович Атамбаев былтыр жарлык чыгарып, анын негизинде, учурда бир топ комплекстүү иш-чаралар аткарылып атат. Мисалы, Маданият министрлигине китеп чыгаруу, изилдөөлөрдү өткөрүү, спектакль коюу, эстелик орнотуу ж.б. ушул сыяктуу иш-чараларды уюштуруу үчүн 5 миллион сом бөлүнгөн. Шейиттердин калган сөөктөрүн жашыруу үчүн Ысык-Көл облустук администрациясына 3 миллион сом каралган. Президенттин алдындагы “Мурас” фондуна тарыхый изилдөөлөрдү андан ары илгерилетип, архивдик материалдарды таап, кандайдыр бир деңгээлде тарыхый баа берүү үчүн 2 миллион сом бөлүнгөн. Учурда көптөгөн конференциялар өтүп жатат. Бишкекте Үркүнгө эстелик комплексин орнотуу үчүн 90-жылдары Түштүк дарбазада 4,6 гектар жер бөлүнгөн экен. Ал жерге таш эстелик коюлган бирок ошол жердин маселеси чечилбеген бойдон калган. Мына быйыл президентибиздин түздөн-түз буйругу менен Бишкек Мэриясы ошол жерди 10 гектар кылып бөлүп берди. Ал жерге Азаттыкка, Үркүнгө арналган комплекс жана сквер курулат. Андан сырткары, мамлекеттик деңгээлде 100 миллиондон ашык сом каражат сарпталып, “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде дагы эстелик курулуп жатат. “Өмүр көчү-100” жүрүшү дагы “Өмүр көчү” жумушчу тобу тарабынан демилгеленип, мамлекетибиздин колдоосунун негизинде биргеликте уюштурулуп жатат.

DSC_9026Нарынкүл ДҮЙШӨНАЛИЕВА, «Эрайым» аялдар коомдук бирикмесинин Түштүк региону боюнча координатору

Үркүн окуясы Кыргызстандын түштүк аймактарында болгон эмес, ошондуктан жалпы элдик алкакта эскерүү негизсиз деп санаган жарандарыбыз да болууда. Үркүнгө арналган кандай гана иш-чара болбосун, дээрлик баардыгына катышып жүргөн инсан катары Үркүндүн алкагына, элдин биримдигиндеги ордуна кандай баа бересиз?

– Кудайым насип кылып Үркүндүн 90 жылдыгында дагы, мына эми 100 жылдыгында дагы жүрүшкө катышып жатам. 90 жылдыкта шейиттерге куран окуп, алардын курман болгон жерлерине зыярат кылып, Ош элинен 3 адам келдик эле. Ал убакта улуу аксакалыбыз 72 жашта эле, мына эми азыр 82 жашында да 100 жылдык эскерүүсүнө келип олтурат. Он жыл мурда келгенде Беделде шейиттердин сөөгүн жашырышканга катышкан. Ал эми Үркүндүн 90 жылдыгында “Асаба” партиясынын мүчөлөрү Түштүк жергесинде болуп, каргашалуу күндөрдө болуп өткөн далилдүү окуяларды айтып берүү менен, шейит кеткендерди түндүк же түштүк дебей, жалпы элибиздин кайгысы катары эсептөө керек экендигин элге түшүндүрүп жеткирген. Мына ошондо марафон өткөргөнүбүздө элден 26000 сом акча топтолгон. Ошол акчаны мамлекеттен колдоо таппай турган маалда, аз да болсо каражатыңарга жарап калсын деп, “Асабага” жеткиргенбиз. Эл ошондон бери Үркүндү унутпайт. Быйыл 100 жылдыкта дагы мал союшуп, куран окутушуп, бизди жүрүшкө катышып келгиле деп узатышып, колдоолорун көрсөтүп жатышат. Чындыгында эл тагдырын акча же  башка нерсе чечпейт, эл тагдырын элдин биримдиги, элдин бири-бирин колдогону, элде айтылып жүргөн жакшы сөздөр жана элде камтылган тарых чечет.

DSC_8597

Тоң районунун Кырк-Шейит жергесинде шейит кеткендерге куран окутуу

Биз жүрүштүн жолунда келатканыбызда ашуулардан дүңгүрөгөн үндөр кулагыбызга жаңырып турду, «Алда кайран элим ай, алда кайран элим ай» деп онтоп ийип жаттык, көзүбүзгө жаш алып жаттык. Ошол жерде кыздардын, балдардын, колунда каруусу жок кары-картаңдардын, колунда мылтыгы барлардын  баардыгынын образдарын көрүп келдик, биз ыйлап келдик. Ушул элибиз аман болсо экен, ошол апааттарды кайрадан көрбөсө экен деп Кудайдан тилеп келдик. Эми ушунун баардыгын биз элибизге жеткирип барабыз. Элдин биримдигинен айланайын, элибизден айланайын. Жер жарылса элдин жүрөгүнөн өтөт. Ушуну биз ала жүрөлү. 100 жылдыкты улай, 110, 120 жылдыктарды урпактарга улантып берели. “Өмүр көчүнө” жаштардын кошулганын көрүп абдан сүйүндүк. Биз кек алуу максатында эмес, жаштарды тарбиялап, биздин Кыргызстан деген мамлекетибизди бекем кармап кетүү максатында, алдыңкы цивилизациялуу мамлекеттердин катарында жүрүү максатында элибиздин тарыхын жакшы билишибиз керек.

DSC_8830

Барскоон капчыгайында Үркүндө шейит кеткендерге арналып тургузулган эстеликти ачуу жана куран окутуу

DSC_8616Эркинбек ШЕЙШЕНБАЕВ, Кыргыз Улуттук университетинин юридикалык колледжинин окутуучусу, акын

– “Өмүр көчү-100” жүрүшүнө жаштардын катышуусунун мааниси канчалык?

– Бул иш-чарага уюштуруучулар тараптан, “Ак Шумкар КУТ” жаштар коомдук бирикмесинин атынан катышып жатам. Мен бул көчтү өз учурунда уюштурулган, атына заты жарашкан көч деп эсептейм. 100 жыл мурда кыргыздар кыргын таап, тукум курут болуп кала жаздаган. Эң бир коркунучтуу, каргашалуу, кырсыктуу тагдырды, татаал окуяны баштарынан кечиришкен. Бүгүн биз ошол учурда көзү өтүп кеткен ата-бабалардын арбагына куран окутуп, аларды эскерип, алардын артында кыргыздын тукуму өсүп, өнүгүп, уланып өз алдынча мамлекет катары сакталып келатканына сүйүнүп, келечегибиздин кең болоорунан үмүт кылып, бул кырсыктуу окуяны жакшылык жагына буруп, “Өмүр көчү” деп атап турабыз. Жүрүш мамлекеттик деңгээлде ишке ашып аткандыгы биз үчүн абдан бир маанилүү. Бул иш-чаранын дагы бир чоң мааниси, бүгүнкү Кыргызстандагы кыргыз жарандарына кылым тарыхын жакшылап жеткирүүдө жатат. Эгемендүүлүк, эркиндик, оңой-олтоң же СССР кулаганда эле келе калбагандыгын, эркиндик үчүн кыргыздар далай күрөшкөндүгүн, 1916-жылдагы Улуу Үркүн окуясы күбө, далил болуп тургандыгын таанытып, улам жаңы өсүп бараткан муундардын ушул иш чараны улантуусунун мааниси зор деп айтсак болот. Үркүндүн 75 жылдыгында өкмөт тараптан бут тосуулар болгонуна карабай, улуттук демдин күчү менен жүрүш ишке ашырылган. Бүгүн болсо эч ким бизге бут тоспой, керек болсо мамлекет жүрүштү колдоп, бүт шарттарды түзүп берип жатат. Бул “Өмүр көчүнүн” астында тоскоолдук жок, жолу шыдыр, жолдошу кыдыр экендигинин белгиси. Бул демилгеге катышып жаткан жаштардын орду – бул кыргыздын жаңы толкуну, жаңы күчү экендигин, кыргызчыл, кыргыз элинин келечегин ойлогон, башына ак калпак кийген кыргыздын ниети оң уулдары бар экендигин көрсөтүп турат деп баса белгилей алам.

DSC_8950

Каракол шаарында Үркүндө шейит кеткендерди эскерүү

Үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө аркылуу, ата-бабаларыбыздын башынан өткөн окуяларын эч качан унутпай турганыбызды далилдеп жатабыз. Бул жүрүш тарыхтан сабак алуубузга, келечегибиз кең, түбөлүгүбүз түз, элибиздин “Өмүр көчү” эч качан үзүлбөс, токтобос экендигин келечек муунга далил катары жеткирүүгө болгон аракетибиз, кыргыздын өлбөстүгүнүн демилгеси деп айтсак болот.

DSC_9101

Түп районунун Кара-Баткак аймагында Үркүндө курман болгондорду эскерип, куран окутуу

Айзада ЖУСУПОВА

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *