Aug 29

Кыргыздын күйөө баласы. Ито сан ХИРОНОРИ, доктор, профессор, БГУнун ректорунун кеңешчиси жана Орус-кыргыз билим берүү академиясынын ректорунун жардамчысы: «Жапондордо да кудалашуу, калың берүү, тушоо кесүү салты бар».

1-Ито сан

         сүрөттө 25 жылдан бери кыргыз жергесинде жашап жаткан Ито жубайы Айзада менен

Жапондордун бизге жакканы – алардын тактыгы жана жоопкерчиликтүүлүгү, аны менен кошо сыпайыгерлиги жана жөнөкөйлүгү. Мен байкагандан ушул сапаттар аларга мүнөздүү. Айтор, үлгү алып, үйрөнө турган жагы көп.

Жапониядан алгачкылардан болуп келген Ито сан Хироноринин Кыргызстанда жашаганына  25 жылдын жүзү болду. Ито сан менен бир топ убакыттан бери тааныш болсок да,  кенен отуруп сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү эми гана болуп, гезит үчүн атайы баарлашуу маегин уюштурдук. Анын үстүнө, 25 жашында кыргыз жергесине келген бир кездеги студент жигит быйыл 50 жашка чыгып жаткандыктан, бул мезгил ичинде кыргыз кызына үйлөнүп , үч уулдуу  болгон атанын айтаар сөзү аз эмес деп ойлодук.   Continue reading

Aug 13

“ӨМҮР КӨЧҮ” – 100

Үркүн. 1916-2016DSC_8441

5-6-августта Улуттук боштондук көтөрүлөштө жана Үркүн окуясында курман болгондорду эскерүүгө, аларга куран окутууга арналган “Өмүр көчү-100” жүрүшү болуп өттү. Бул жүрүштү Үркүндүн 100 жылдыгын татыктуу өткөрүүнү максат кылган “Ашар” козголушу, “Асаба” партиясы, Кыргыз архитекторлор союзу жана “Ак Шумкар КУТ” жаштар коомдук бирикмеси тарабынан биргелешип түзүлгөн “Өмүр көчү-100” тобу демилгелеп, Президенттик аппараттын колдоосу жана каржылоосу менен ишке ашты. Бишкек – Асылбаш – Ак-Суу – Токмок – Кошой-Бешик (Боом) – Кырк-Шейит (Тоң) – Барскоон – Каракол – Кара-Баткак (Түп) – Чолпон-Ата – Балыкчы – Бишкек каттамында жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар болуп, шейит кеткендерге куран окутулду. “Өмүр көчү-100” жүрүшүнүн катышуучулары Улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн маанисин, Үркүндүн себептерин атоо менен бирге жүрүштүн жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгилеп айтышты.

-Толугу менен>