Айылчы САРЫБАЕВ, Экономика илимдеринин доктору, профессор, Экономика жана финансы институтунун ректору: “Өз да, өзгө да өлкөдө иштей турган мыкты экономисттерди даярдайбыз”

Күчтүү ЖОЖ  – күчтүү адистер, күчтүү келечек

4-фото1

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жашоо – тынбаган кыймыл, өсүү, өзгөрүү жана өнүгүп туруу эмеспи. Бирок, баардык эле адамдар эл-жерине кызмат кылууда улам өсүүнү, дайыма өнүгүүнү, жарыгын берген жаңыланууну талбастан көздөп жүрүп олтурбайт. Иштеген жылдарын санабай, кылган кызматын жар салбай, жаманынан чарчадым дебеген, жакшысынын баркына жеткен, кийинки муунду тарбиялоону уланта берген адамдарыбыз саналуу. 

Ошондой мекенчилдерибиздин бири – нечен жылдан бери кыргыз экономикасына зор салымын кошуп келаткан, билимди, илимди, тартип менен эрежени туу туткан агайыбыз – профессор Айылчы Сарыбаев.

4-Сарыбаев

Мына, быйыл ал жаңы түптөлгөн, өзүн кошкондо үч адам негиздеген “Экономика жана финансы” институтунун ректору болуп, өмүр бою топтогон тажрыйбасын: Америкага, Италияга, Түркияга, Кытайга, Россияга, Казакстанга жана башка өлкөлөрдөгү  дүйнөлүк деңгээлдеги жогорку окуу жайларына барып көрүп-билип келген, алмашып келген тажрыйбасын колдонуп, мыкты экономисттерди жана башка адистерди чыгарган жогорку окуу жайын түзүп олтурат.  Бүгүнкү маегибиздин өзөгү ушул жаңы жогорку окуу жайы тууралуу болмокчу.

– Агай, сизди Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин Экономика жана финансы институтунун директорлугунан алып салышкан соң жана университеттин карамагындагы институт жоюлгандан кийин, “тынч эле жашайынчы” мезгилине өтүп кетти деп ойлошту эле айрымдар.  Бирок, сиз минтип жаңы институт негиздеп, жетекчиси болуп, чоң ишке киришиптирсиз?

– Оптимизация деген коррупциялык схема менен жасалган программаны ишке ашырабыз деген шылтоо менен, Улуттук университеттин карамагындагы 7 мыкты институтту бир-эки киши эле таптакыр талкалап салганы албетте өкүнүчтүү. Ал 7 институт дүйнөлүк деңгээлдеги башка  университеттер, институттар менен байланышты түзүп,  – дүйнөлүк техника, технология, дүйнөлүк методиканы пайдалануу менен жаңыдан өнүгүп келатканда жок кылышты. Бул деген, кассаны бир колго топтойбуз, же болбосо, коррупцияны бир колго топтойбуз деген адамдардын саясаты аркылуу болду.  Оптимизация деген шылтоо – бул, Кыргызстандын илим-билимин өз колубуз менен талкалоо деген нерсе.

Тигилер жоюп жибергенден кийин, биз алар менен кажылдашып олтурбай, өзүбүз топтогон тажрыйба менен, өзүбүздү саясый, моралдык, материалдык жактан колдогон адамдарды негиздөөчү кылуу менен, жаңы институтту түздүк. Кол куушуруп олтуруп калууга акыбыз жок жана андай нерсе биздин оюбузга да келбейт.

– Институттарды жоюу менен, алардын уттурганы эмне болду?

– Өнүгүп келаткан күчтүү институттардын баардыгын жок кылуу менен, алар Улуттук университетти өткөн кылымдын 60-жылдарындагы майда факультеттердин деңгээлине кайрадан алпарып ташташты. Кыргыз Улуттук университети эми бул жүрүшү менен жогорку деңгээлдеги адистерди даярдай албайт, чет өлкөдөгү жогорку окуу жайлар менен тең ата болуп байланыш түзө албайт, Кыргыз-Россия Славян университетине, Кыргыз-Түрк Манас университетине жана башка жогорку окуу жайларга конкурент боло албайт. Себеби, институттардын жоюлушу менен кошо, улуттук университеттен күчтүү окутуучулар жана материалдык мүмкүнчүлүктөрү да кошо кетти.

– Демек, ошол 7  институттун бирине, өзүңүз иштеген окуу жайга кайрадан “өмүр берип” жатыпсыздар да?

– Биздеги мугалимдерибиздин 80-90 пайызы доктор, кандидат даражасындагылар, эң мыкты окутуучулар. Андыктан, убагында иштеп келаткан Экономика жана финансы институту ошол калыбында, ошол эле имидж менен, ошол составы менен, ошол методикасы менен, ошол эле чет өлкөдөгү болгон байланыштарын үзбөй туруп, өз алдынча менчик институт болуп калды. Мунун алдында экономикалык колледж да бар.

– Окуу жайыңыздардын өзгөчөлүктөрү  жана эмнеге басым коюп жатканыңыздар боюнча айтсаңыз?

– Биз быйылкы биринчи жылдан, биринчи курстан баштап эле, эл аралык аккредитациядан өтө турган баардык механизмдерди ишке ашырабыз.

Окутуудагы негизги басым үч нерсеге коюлган. Биринчиси – тил. Студенттердин бир тобу – кытай тилинде гана окуйт, окууну баштагандан бүтүргөнгө чейин. Аларды атайы даярдоо курсунан даярдап, кытай тилин бир жыл үйрөтөбүз. Экинчи топ – англис тилинде окуйт. Үчүнчү топ – албетте, орус тилинде болот. Тилге басым жасаганыбыздын себеби, алардын кийин чет өлкөлөрдөгү фирмалдарда эркин иштеп кетүүсүнө алдын ала кам көрүүбүз, келечегине жол ачуубуз деп түшүнсөңөр болот. Демек, бизден чыккан адистер Кыргызстандагы баардык тармактарда гана эмес, дүйнөлүк компаниялардан да иштей алышат.

Экинчи өзгөчөлүк – институттагы окуунун бүт баардыгы электрондук-компьютердик системага байланыштуу болот. Окуган балдар-кыздардын баары компьютерди, электрондук байланыштарды, электрондук китепканаларды кеңири пайдаланышат жана онлайн режиминде байланышта болушат.

Үчүнчү өзгөчөлүгүбүз – бизден алган адистикти терең, кеңири пайдаланып, студенттерибиз чет өлкөдөгү окуу жайларына барып тажрыйба алмаша алышат. Ал жактан бизге да студенттер келишет. Ошондой эле, өзүбүздүн республикадагы чоң-чоң компаниялардагы билими, интеллектиси жогору адамдарды лекция окуганга, практикалык сабактарды өткөнгө тартууну аракет кылабыз. Ал эми, биздин институттун дипломун эл аралык шартка жооп бере ала турган деңгээлге жеткиребиз. Биз, өз да, өзгө да өлкөдө иштей турган мыкты экономисттерди даярдайбыз.

– Абитуриенттерди кабыл алуу убактынын мөөнөтү кандай жана сиздердин окуу имаратыңыздар кайда жайгашкан?

– Абитуриенттерди кабыл алуу башталды жана ал сентябрга чейин уланат. Окуу имаратыбыз Бишкектин чок ортосунда жайгашкан. Үч кабаттуу жана баардык шарттары менен. Ал эми кабыл алуу комиссиясы абитуриенттерди учурда Токтогул көчөсүндөгү 212/1 дарегинде кабыл алып жатат.

– Акыркы бир нече жылдардан бери экономисттер, финансисттер, юристтер көбөйүп кетти деген сөзгө эмне дейсиз?

– Бир нерсени түшүнүш керек, экономисттер, юристтер өтө көбөйүп кетип, алар иш таппай калды деген түшүнүк туура эмес. Бизде миңдеген фирмалар, компаниялар бар. Ошолордун баардыгына бирден-экиден бухгалтер, финансист, юрист керек. Негизи, адам өзү ишке орношкудай болуп, ал ишти эмес, аны иш издегидей болуп татыктуу билим алып, мыкты адис болушу зарыл. Анан дагы, бир нерсени эске алыш керек, эл айткан ошол экономисттердин, юристтердин баары карыйт. Бир адам о дүйнөгө узаса, бири төрөлөт дегендей, карыгандарынын, кеткендеринин ордуна жаңылары керек болот, талап кылынат. Экономист, юристтер карыбай, өлбөй жашай бербейт да. Эл аларды көбөйүп кетти десе эле, көбөйүп кете бербейт да.

– Сиз дайыма өлкөбүздүн экономикасынын көтөрүлүшүнө күйүп-бышып келаткан адамсыз. Айтсаңыз, канткенде Кыргызстандын экономикасы күчтөнө алат жана биздин коңшубуз Кытай өлкөсүнүн тез өнүгүп күчтөнгөнүнүн себеби эмнеде?   

– Ооба, Кытай, дүйнөдөгү номур биринчи-экинчи өлкө болуп турат. Акыркы 30 жыл ичинде Кытай илим, билим, техника боюнча өтө тез өнүктү. Анын негизги себеби, эң биринчиси, өлкөдөгү экономиканы демократташтыруу, либералдаштыруу эле эмес, бул, экономика  жана юридикалык билимдерге да катуу басым жасаганы.  Кытайдагы илим-билимдин, жогорку окуу жайлардын өнүгүшү, кытай элинин билим деңгээлинин өнүгүшү акыркы 30 жылда өзүнүн экономикасы канча өссө, ошончолук өстү. Демек, кытай элинин илим-билимге болгон мамилеси – экономикасынын өсүшүнө зор салым кошту.

Аларда, 80-жылдары “экономикалык жана юридикалык билим жалпы массага” деген демилге болгон. Ошол демилгенин негизинде булар рыноктук системага өтө башташты. Эми, өзүбүздү карайлы, юридикалык, экономикалык билим болбосо, рыноктук системага өтүү өтө татаал экенин, коррупциялашып кетээрин, кризиске батаарын, элдин жашоо деңгээли төмөндөп кетээрин Кыргызстаныбыздын мисалында көрүп атабыз. Рынокко өтүү аркылуу илим-билим деңгээлин көтөрүүнүн ордуна – биз кайра билим системасын, саламаттык сактоо системасын талкалай баштадык. Бир жагынан биз рынокко өтүп атабыз, экинчи жагынан аталган системаларга көңүл бурбай талкалап жатабыз. Ошондуктан, эгер биз алган билимди ишке айкалыштырып кетсек, Кытайдай болуп өнүгүп кетебиз. Айкалыштырбасак, өнүгө албайбыз.

– Бизде билимдүүлөр барктуубу  же байлар барктуубу?

– Ушундай мезгилде жашап калдык: билимдүү адамдарды биз жек көрүү менен карайбыз, ал эми бай адамды кол чаап кубаттап, урматтап турабыз. Ал кантип байыган, эмненин негизинде байыган – аны ойлонбойбуз. Азыркы заманда  байлар күчтүү адам деп саналып калды. Чөнтөгүндө акча болсо эле өзүн зор, күчтүү адам катары сезүү, бул, экономисттердин тили менен айтканда, акчаны Кудай катары көрүп сыйынып, акчага кул болуп жашап жаткандары. 14-15-кылымдарда байлык жыйноонун эң бир аеосуз, мыйзамсыз көрүнүштөрү азыркы учурда биздин республикада болуп жатат. Эптеп байып алса эле, “мен акылдуумун, мен эч кимдин сөзүн укпайм, өзүмдү акылым менен гана жашайм жана бийликке келсем өзүмдүн акылым менен башкарып кетем” деген сокур түшүнүктөрү бар.

Кыргыздын эң жакшы сөзү бар, “Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат” деген. Ушул принципти унуттук. Экинчи дагы бир айта турганым, бул: “Өзүң билбе, бирок билген адамдын сөзүн укпа” деген чоң каргыш сөздүн жашап жатканы. Башкача айтканда, өзүң акылдуу болбо, башканын акылын да укпа деген каргыш.

– Эмне үчүн бизде “билими күчтүүлөр миңди жыга” албай калды?

– Мезгилдин талабы деп коет эмеспи, мунун себеби, рыноктун талабы менен элдин аң-сезиминин талабы айкалышпай калды. Илимдин жана демократиянын деңгээли менен элдин аң-сезиминин деңгээли айкалышпай калды. Бул деген, демократиялашкан өлкөнүн мезгилине туура келе турган билим жана элдин интеллектиси артта калып калды деген сөз. Байлык жыйноо, рыноктун шартына өтүп кетүү биринчи орунга чыкты дагы, ошого шайкеш келе турган аң-сезим, илим-билим процесси артта калды.

А биз азыркы анархияны, өлкөнүн экономикалык жактан башкарылбай калышын демократия деп түшүнүп алдык. Бул демократия эмес. Бул – эң коркунучтуу анархиянын түрүнүн пайда болгону.

Ошондуктан, биз башка өлкөлөрдүн, башка элдердин илим, билим деңгээлдерин көтөрүү тажрыйбаларын, саясаттарын өзүбүзгө үлгү кылып, мындан ары өнүгүүгө аракет кылышыбыз керек.

– Маектешүүбүздүн мазмуну экономика тууралуу сөз жүрүп жаткандан соң, өткөн жумада өлкөбүзгө расмий сапар менен келип кеткен ФРГ канцлери Ангела Меркель тууралуу сөз кылбасаңыз болбос…

– Ангела Меркельдин Кыргызстанга келиши – саясый-экономикалык жактан өлкөбүз үчүн чоң реклама. Анын келиши менен мамлекетибиздин кадыр-баркы көтөрүлдү. Себеби,  Меркель – бул Европа өлкөлөрүнүн ичиндеги азыркы мезгилде экономикасы дагы, социалдык-маданий, илим, билим техникасы дагы аябагандай өнүккөн өлкөнүн саясый ишмери. Меркель аркылуу бизди тааныганга, бу эмне болгон өлкө болду экен деген чет өлкөлүктөр болду.

Дүйнөлүк эң зор өлкөлөрдүн жетекчилери, Россиянын президенти, Кытайдын председатели, Япониянын премьер-министри, эми болсо, дүйнө боюнча экономика боюнча үчүнчү номурда болуп эсептелген Германиянын  канцлеринин бизге келиши – бул деген, Кыргызстандын саясый орду дүйнөлүк мамлекеттер арасында бир топ эле жогору экенин көрсөтүп турат. Андыктан, биз Меркельдин келишин туура түшүнүп, калбааттык менен мамиле кылып, бизди сыйлап келип жаткан чоң өлкөлөрдүн жетекчилери менен аралашып байланышып жаткан Президент, Өкмөт, парламент менен жүргүзүп жаткан иштер жакшы экенин пайдалана билишибиз керек. Анүстүнө, кийинки мезгилде Россия дагы, Кытай дагы, Европа өлкөлөрү дагы биздин Кыргызстандан көптөгөн жаштарыбызды өздөрүнүн жогорку окуу жайларына ар кайсы деңгээлдеги: бакалавр, магистр, докторлук стажировкалар, магистратураларга бекер окутуп, квоталарды берип жатышат. Мунун баары тең – биздин өлкө дүйнөлүк деңгээлде ШОСтун мүчөсү катары, Жибек Жолунун кап ортосунда турган өлкө катары, Евразия экономикалык биримдигинде мүчө катары дүйнөлүк мааниси бар экенин көрсөтүп турат.

– Акыркы суроом: экономист катары экономика боюнча “лирикалык чегинүү” кыла кетсеңиз…

– Адам туулгандан баштап, аркы дүйнөгө кеткиче экономика менен жашайт. Өмүр бою. Курсагын тойгузуш керек, кийим кийиш керек, үй-бүлө күтүш керек, үй салыш керек, машина алыш керек жана башка. Бүт баардыгы экономикалык көйгөй менен байланыштуу. Эгерде экономикалык билимиң же түшүнүгүң жок болсо (баштапкы деңгээлдеби, орточо деңгээлдеби, жогорку деңгээлдеби), сен баарыбир рыноктун мезгилинде өз ордуңду таба албайсың, өзүңдү өзүң бага албайсың.

Дагы бир маселе, рыноктун, демократиянын шартында укук боюнча да сенин билимиң жок болсо, коомдо өз ордуңду таба албайсың, өзүңдүн укугуңду коргой албайсың, такай тебеленип, тепселип кала бересиң. Ошондуктан, экономист жана юрист деген түшүнүктү тыгыз байланыштырыш керек.

Жашоодо сөзсүз эле жогорку билимдүү экономист болуш абзел эмес, бирок, баарыбир, экономикалык түшүнүк болуш керек.

– Маегиңиз үчүн чоң ырахмат!

Салтанат КЫДЫРМАЕВА

 

 

 

 

 

 

 

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *