Жусуп БАЛАСАГЫН Өзүнө аялды кантип тандоо керектиги тууралуу

13-Жусуп Баласагын

 

 

 

 

 

 

Аял алуу кааласаң эгер өзүң,

Жакшы танда, өтө өткүр болсун көзүң.

 

Теги дурус, абийирдүү болсун ак кыз,

Уяттуу, таза, эстүү жана айыпсыз…

Ал болсун сенден башка жан көрбөгөн,

Көрсө көрсүн бир сени эркектерден.

Өзүңө чын берилип, так да болсун,

Күнөө кылбай ар дайым ак да болсун.

Ата-теги өзүңдөн болсун төмөн,

Атактууга күч-күйөө болосуң сен!

Не дегенин угуп ал сынчы киши,

Сынчынын дайым бышык кылган иши:

“Аял алсаң, алгының теги төмөн,

Өмүр өтөт түйшүксүз, жыргал менен.

Өңү эмес, көңүлү сулуу болсун,

Сени дагы тазартат пейли кенен!”

Өзүң теңдүү жердин да алба кызын,

Качыра көр аялдын акылдуусун.

Жүзү эмес – көңүлү болсун сулуу,

Ак болсо аял пейли – артык сыны!

Сулууну эңсегендер шашылбагын,

Кызыл жүзүң кубарып саргаярсың!

Аласыңбы аялды – билгин анда,

Төрт түрүн эске тутуп, анан карма.

Бири жүрөт бай кызга үйлөнсөм деп,

Да биринин сулуудан көзү өтөт!

Үчүнчүсү – тектүүнү самап келет,

Кекирейме адаты болуп себеп!

Төртүнчүсү – эстүүнү издеп жүрөт,

Таптыбы – түбөлүккө кошот тилек.

Булардын кимиси артык – кеңеш берем,

Аласыңбы аялды, уккунуң сен.

Кулак сал – бай аялды көксөгөнүм,

Кул болуп байлык-мүлккө калба өзүң!

Андайлар ачкөз болот – алкымы ачык,

Тойгузуу кыйын болор байлык ташып!

А силер, азгырылган сулууларга,

Элге күлкү, шакаба болуп калба!

Сулууларга түшөт да көптүн көзү,

Теңир колдоп напсисин тыйса дечи!..

Тектүү кызды самаган кекиреймем,

Тек астына тепселип калбагын сен!

Тектүү жердин кызынын тили узун,

Катыныңа кул болуп калба өзүң.

Акылдуу тапсаң карап турба,

Төрт сапаттын бардыгы болот анда!

Таптыңбы акылдууну, шашыл дароо,

Үйлөнүп ал, табылгыс бакыт ошо.

Тилегиң байлык болсо – аял жыят,

Байлык артып, бакытка үйүң тунат.

Абийирдүүбү аялың – сулуу ошо,

Аял сулуу – акылдуу, билги болсо.

Акылдуу, таза бекен – демек асыл,

Үч сапатты чогултуп баккан ушул.

Аялдын акылдуусун тапсаң эгер,

Төрт тарабы сапаттын болот түгөл!

А эгер, акылдуунун тапсаң бирин,

Эч токтолбой, кутманым, үйлөнгүнүң!

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *