Кыргыз мамлекетин түптөгөндөр жана күчтөгөндөр
Азыркы биздин өз алдынча эгемендүү мамлекет болгонубузга салым кошууда, ушул эгемендүүлүктүн негизин түптөп берүүдө – өткөн кылымдагы Совет бийлиги келген учурдагы эл билгилеринин эмгеги зор жана баалуу.
Ошол учурдагы кыргыз эли чачырап турганда, бир ойду, бир максатты көздөгөн билгилер биримдикте болуп, бир баалуулуктун негизинде иш жүргүзүп, элибиздин келечегине кайдыгер болбой элдин биригүүсүнө кам көрүп, оор жагдайга карабастан күжүрмөндүктө иштешкен. (сүрөттө Кыргыз АССРинин Кеңешинин биринчи уюштуруу съездине арналган салтанаттуу митинги. 1927-жыл, март айы, Фрунзе шаары.) Continue reading