May 28

Залкар күүчү, кайталангыс комузчу Нурак  агабыздан айрылганыбызга  26-май күнү эки жыл болот. Ал кечээ эле комузун колунан түшүрбөй арабызда жүргөн…

1-Нурак аба

Залкарды эскерүү

Жаны тынбаган эмгекчил мүнөзү менен күү аткаруунун, ыр ырдоодонун үстүндө  талыкпай изденип жашаган агабыз тамак ичүүнү унутушу мүмкүн эле, бирок комуздун кылдарын кылдыратып күү издегенди саамга да унутчу эмес. Күүлөрүн чыгаруу, обондорун жаратуу  менен гана чектелип калбай, күүлөрдүн уламыш тарыхын чечмелеп жазып, кыргыздын санжырасын кагазга түшүрүүдө да алтындай убакытын коротуп, андан сырткары комуз чаап, уста болуп, чыгармачылыктын албуут дайрасында күн-түн дебей сүңгүп жүрчү. Дүйнөлүк деңгээлдеги канча күүлөрдү жаратса да, аларды жогорку чеберчиликте аткарса да, “дагы эле марага жетпей жатам” деп токтоно албай, өзүнө катуу талап кое билген инсан эмес беле. Нурак Абдрахманов талбаган изденүүсүнүн, толгонуусунун аркасы менен комуздун ичеги кылын жибек жипке алмаштырганды таап берип, азыркы комузчуларды ичегиге окшош коңур үндүү кылга ээ кылып кетти. Continue reading

May 28

Аттокур ЖАПАНОВ, КРСУнун профессору: “Бизге булчуӊдары буркуйган аскерлер эмес,  акылы жетик жоокерлер керек”

29-май – КР Куралдуу күчтөрүнүн күнү!

adb2f2f5ff61bf10026e12843adb5c29

Улуу жердин кутун урпактарым уласын деп, ушул жерде жаратман жашоо курасын деп, Айкөл атабыз аруу канын төккөн, баатырларыбыз жүрөгүн берген жер – Кыргыз жери.

Ала-Тоону сактоо – актыкты, Теӊир-Тоону сактоо – теӊдикти, Пергананы сактоо – пейилди, кыргызды сактоо – кылымды сактоо деп кабылдап, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн 24 жылдыгын утурлай армиябыздын, коопсуздугубуздун абалына, кыргыз жоокерлерине байланыштуу суроолорго жооп алуу үчүн КРСУнун профессору Аттокур ЖАПАНОВ агай менен маек курдук.

Continue reading

May 27

Гүлбү ОРОСКУЛ кызы, ырчы, “Сармерден” теле оюнунун алып баруучусу: “Сармерденге көп жаңылануулар киргизилет”  

000

Ар бир адам эл-жеринин өсүшүнө, гүлдөшүнө, өнүгүшүнө өз иши, өнөрү, таланты менен салымын кошот эмеспи.Ырчылык да, алып баруучулук да өнөрү менен Гүлбү айым элге жакшы маанай, эргүү, ички байлык тартуулап, кыргыздын сөз казынасынан терип сүйлөп, элдин көңүл канатын күүлөп, сулуу чырайына төп келген жарык дүйнөсү менен элине  жан дүйнөнүн жарык учурларын арнап келет.

Кыргыз тамак-аштарын таптап жасаган, узчулук өнөрдү да аркалаган, мөгдүрөгөн адамга жаркын маанайы менен үмүт бере алган, жакшынын кадырын барктай алган Гүлбү Орозкул кызы менен бүгүнкү маегибизде “Сармерден” оюнунун тегерегинде сөз кылдык. Continue reading

May 27

Өлкөбүздөгү эл аралык уюмдарга сөзүбүз өтпөсө, улуттук таламды талаша албасак, анда бизде ар-намыс деген барбы?

2-фотоЭгемендүүлүк жылдардан бери Кыргызстан эли насыянын үстөк пайызына илинип, жипсиз сыйыртмакка түшкөн кулдардан бешбетер тапкан оокатын үйнө жыйбастан, сырттан башкарылган банктардын эничисине жыйып берип келе жатат. Өкмөт болсо кайдыгер, эл жоош. Жашоо кыйын. Келечек туӊгуюктуу. Ушундай ортозаар учурду башынан кечирип келаткан элдин таламын талашаар, укугун коргоор, кызыкчылыгын жактаар насыячылардын кыймылы пайда болуп, бир топ жылдан бери акыйкатсыздык менен алышууда.

Ал эми бүгүн биз «Кыргызстандагы насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылынын» төрайымы Акылай КЕНЕКЕЕВА, теңтөрагасы Кубат ТОКСОБАЕВ жана экономист Кубан ЧОРОЕВ менен маектешип, май айынын соңунда насыячылардын Кыймылы өткөрө турган тынч жүрүш акциясы тууралуу сөз козгодук.

Continue reading

May 04

Үркүнгө – 100 жыл. “Өмүр көчүнүн” көч иши уланууда!

1015720040Ок менен дем беттешкен Үркүн  окуяларында канчалаган кандаштарыбыз шейит кетти. Ошол азаттык үчүн ажалга каршы аттанган аталардын урпактары өлкөбүз эгемендик алган жылдан тарта Үркүндө шейит кеткендерге куран окутуп, алардын жандары жай алсын үчүн бар аракеттерди көрүп, эскерүү менен катар эстеликтерди орнотуу иштерин аткарып келишүүдө. Дал ушул иштерди аткарууну алгачкылардан болуп тайманбай баштаган “Өмүр Көчү” тобу 25 жылдан берки аткарган ишин улай алдыда дагы “Үркүндүн 100” жылдыгына карата кандай иш-чараларды аткара тургандыгына кызыгып, топ жетекчиси Дөөлөт НУСУПОВ жана топ мүчөсү, архитектор Кайрат НАЗАРБАЕВ менен маек курдук.

Continue reading

May 04

Жусуп  Баласагынга – 1000 жыл

Эрке өстүбү балдарың – жаман адат

Өмүр бою кайгыда жашың агат

1-Жусуп Баласагын

Өзүм педагог болуп 40 жылдан бери балдарды тарбиялап, өстүрүп, ушул ишти аркалап  келе жаткандыктан Жусуп Баласагындын «Кут Билим» китебиндеги таалим-тарбия  саптары мага абдан жагып, окурмандар менен ошол ойлорумду бөлүшсөм дедим. Continue reading

May 03

Биз, Кыргызстандын эли, мындан ары унчукпай отура бербейбиз! Дүйнөгө чындыкты жеткиребиз!

“Кыргызстандагы насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылы”

“Эч ким күнѳѳлүү эмес, рынок экономикасы баарын башкарып жатат. Бирок жакшылап ойлонуп кѳрсѳк, күнѳѳлүүбүз. Күнѳѳнүн баары ѳзүбүздѳ, баш кѳтѳрбѳй, унчукпай жүргѳнүбүздѳ… баарыбыз күнѳѳлүүбүз”.

Чыңгыз Айтматов, «Тоолор кулаганда» (Кызкайып)

2-фото

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Continue reading