Тарыхый туубуз кандай болгон?

Тарых жана маданият жылына карата: мамлекеттик баш белги

1-туу

 

Тарыхыбызды тактоого, улуттук баалуулуктарыбызды жандантууга, жарандарыбыздын маданий деңгээлин жогорулатып, аң-сезимин арттырууга зарылдык жаралып турган маалда КР Президенти “2016-жылды Тарых жана маданият жылы” деп бекитип, өзүнүн көрөгөчтүгүн айгинеледи.

Ушул жарлыкка ылайык өлкөбүздө тарых жана маданиятка тиешелүү түрдүү иш-чаралар, изилдөөлөр жана тактоолор, элибиздин тарыхый ордун тастыктоолор жүргүзүлүүдө. Бул багытты башынан негиз тутуп келген “Көк асаба” гезити “Тарых жана маданият” жылында эң алды менен мамлекеттүүлүгүбүздүн башкы белгиси болгон туу маселесин көтөрүп, бул тууралуу ой-пикирлерди чагылдырууну максат кылууда. Анткени, туу – элдин намысын, сыймыгын, эркиндигин, ордун жана багытын аныктоочу баш белги болуусу керек.

Албетте, баарыбызга белгилүү болгондой, тууга карата коомдо кайчы пикирлер айтылып келет, бирок, туу маселесине – туу тууралуу ойду туу тутуп жашагандар гана кайрылышаары турган иш. Ошондуктан, сын пикирди эмес, элди бириктирген чың пикирди жаратуу чакырыгын  “Көк асаба” жалпы журтчулукка коюуда.

Элибиздин тарыхый туусу кандай болгон, ыйык мурасыбыз болгон “Манас” дастанында мамлекеттик тууга байланыштуу кандай сүрөттөмө же сыпаттамалар кездешет ж.б.у.с. суроолорго алынган алгачкы жоопторду окурмандардын назарына сунуудабыз. Туу тууралуу маанилүү ойлор бүгүнкү саныбыз менен гана чектелбей, гезитибиздин беттеринен чагылдырылып турмакчы.

Чолпонбек КАПАРБЕК уулу

Туу деген эмне? Асаба деген эмне?

Акыркы убакта коомчулукта туу боюнча талаш маселе барган сайын күчөп, аныгын айтуу кыйын болуп баратат. Ошондуктан, туу эмне, асаба эмне деген суроолорго так жооп издөө зарылдыгы келип чыгууда. Бул маселеге кайрылган кезде биз кыргыздын бүтүндөй жашоосун камтыган, мамлекеттүүлүктүн белгилерин да сүрөттөп турган “Манаска” токтолобуз. Тактап айтканда. туу жөнүндө кеңири баянды улуу сөз казынасы болгон улуу дастаныбыздан издегенге аракет кылабыз.

“Туу – асаба, байрак, желек; мамлекеттик аскер бөлүгүнүн ж.б. символу. Ал ар кандай кездемеден жасалып, каскакка (жумуру ичке узун жыгачка) бекитилет”, – деп айтылат “Манас” энциклопедиясында. (Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, “Манас” энциклопедиясы, 2-том, Бишкек, 1995., 298-бет.).

Саякбай Каралаевдин “Манасында”:

“Асаба – туунун чүпүрөгү, кээде туу, желек маанисинде”, – деп, түшүндүрмөлөр жана комментарийлеринде жазылып турат. (Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институту, “Манас”. С.Каралаевдин варианты боюнча, Бишкек, “Турар”, 2010., 997-бет).

“Манас” энциклопедиясында:

“Асаба (туу, байрак) – эпосто колдун жүрүшүндө, согушка кирүү учурунда көп айтылат”, – деп эле кыскача баяндалат. (Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, “Манас” энциклопедиясы, 1-том, Бишкек, 1995., 100-бет.).

Сагымбайдын “Манасында”:

“…Мубакул найза солкулдап

Буудан аттар болкулдап

Ак болот кылыч шаркылдап

Асабалар жалпылдап

Кемерлер белде жаркылдап

Кең багелек балкылдап…” – деп айтылат. (Адабият жана искусство институту, “Манас”, С. Орозбаковдун варианты боюнча, 4-китеп, Бишкек, “Кыргызстан” басмасы, 1995., 127-бет, 5395 – 5400 саптар).

Дагы бир жерде:

“…Керней тартты бапылдап

Сурнай үнү такылдап

Туу көтөрдү калкылдап

Асабасы жалпылдап…” – деп айтылат. (Адабият жана искусство институту, “Манас”, С. Орозбаковдун варианты боюнча, 1-китеп, Бишкек, “Кыргызстан” басмасы, 1995., 376-бет, 10030  – 10033 саптар).

Ал эми, ата-бабасынын мекени болгон Нааманды кытайлардан бошотуу үчүн Манастын айткан сөзүнө көңүл бурсак:

“…Эрлердин жолун кубамын,

Эски жерим албасам

Эс алып кантип субамын?!

Алтын айчык кызыл туу

Асмандата көтөрүп,

Аягын жерге сайбасам,

Асабасын жайбасам,

Атым өчүп калбайбы

Атамдан калган Нааманды

Алты айга койбой албасам.

Түркстан барган кытайды

Түгүн койбой кырбасам…” (Адабият жана искусство институту, “Манас”, С. Орозбаковдун варианты боюнча, 3-китеп, Бишкек, “Кыргызстан” басмасы, 1995., 52-бет, 2079 – 2090 саптар).

Сагымбайдын айтуусунда дастандын 25 жеринде асабага карата айтылган сөздөр желекке же болбосо кездемеге карата айтылганы анык көрүнүп турат. Мисалы: асабасы жалпылдап, асабасы жайылып, асабасын жайбасам, асабасын жайылтып, асабасы жайылды, асабалар калкылдап, асабасы дыркырап, асабасын жайышып ж.б. Саякбайдын айтуусунда деле асабалар калкылдап деген сөздөр 5 жерде кездешет.

Бул үзүндүлөрдө айтылып жаткан “асаба” – эч кандай тууну же желекти асчу таяк эмес экенине ынанбаганга арга барбы? Демек, асаба – бул “Манас” энциклопедиясында айтылгандай туу, желек, байрак менен бир катар турган белги.

“Манаста” асаба менен туу бир сап кылып айтылган сөздөр абдан көп кездешет: “Ак асаба кызыл туу, көк асаба кызыл туу”, – деген. Бирок бул айтылган сөздөн биз асаба менен туунун маанисин  так ажырата биле албайбыз. Ошондуктан “Манаста” айтылган “туу” деген түшүнүктү талдап көрөлү.

Сагымбайдын айтуусунда жалпы эле туу жөнүндө 150дөн ашык жерде айтылат, анын ичинен 32 жеринде тууга карата айтылган сөздөрдөн биз жыгачка же найзага карата айтылганын түшүнсөк болот.

Мисалы: тууну жыкканы, туусун жыкты, туусу жыгылды, тууну тууга урдуруп, тууну аштады, туу аштап, тууну такандап, туу орнотуп, (ошол жерге) туу тиккен, туусу сайылып; бир жерде: «…Тула боюн карасаң, Тууну жасап койгондой…» (С.О., 2-к., 11436-11441-саптар, 260-бет), дагы бир жерде «…Туу такандап урушуп, колтуктун баары чоюлуп, колдун баары жоюлуп…» (С.О., 2-к., 14770-14774-саптар, 330-331-бет), анан да «…Туунун башы жаркылдап, Асабасы жалпылдап…» (С.О., 2-к., 14206-14209-саптар, 318-бет), деп айтылган сөздөр көп кездешет.

Саякбайдын айтуусунда асабага караганда туу жөнүндө абдан көп айтылат, туу жөнүндө 200дөн ашык жерде кездешет. Алардын ичинен: туусу ийилип, туу уучтап, туусун кулаттык, туу орнотуп, туум сындыбы деген сөздөр кенен кездешет.

Бул жерде айтылып жаткан “туу” деген сөздөр желекти же кездемени түшүндүрбөстөн, тескерисинче желектин жыгачы же каскагы жөнүндө жана ошол жыгачка карата салыштырууларды түшүндүрүп жатканы айдан ачык көрүнүп турат.

Мындан башка, эки вариантта тең туу жөнүндө жалпылап айтылган сөздөрдө: туу көтөрүп, туу кармап, туусун алып, туу түбүндө, туу алдында ж.б. жалпы түшүнүктөр абдан көп кездешет. Бул жерде “туу” деген сөзгө “асаба” деген сөздү кошпой айтылганы, “туу” деген сөздүн дагы бир мааниси, мүмкүн негизги мааниси – кездеме менен каскактын биригип бүтүн бир буюмду түшүндүргөн мааниде айтылганын түшүнсө болот.

Мисалы:

“…Ногой дүйнө салыптыр

Кенжеси экен бай Жакып

Туу колуна калыптыр

Атасынан бул тууну

Арстан Манас алыптыр…”

(С.О., 3-к., 2688-2696-саптар, 61-бет).

Бул жерде айтылган сөздүн мааниси – атасынан жөн эле жыгач же каскакты албастан, бүтүн бир буюмду – тууну алганы.

Буга чейинки талаш болгон түшүнүк боюнча, тууну кездеме деп алсак, дастанда өтө көп жерде айтылган тууну орнотту, туу көтөрүү, туу түбүндө, туу жыгуу, туу аштап, туу такандап, туу уучтап, ж.б. түшүнүктөргө сыйбай калат же келишпей калат.

Туу – бул жалпы бүтүн буюм катары, ал эми ошол буюмду чечмелей келгенде: кездемеси – асаба, жыгачы – туу экенин дастандагы айныксыз жүйөөлөр далил болуп турбайбы.

Туунун жалпы бүтүн түшүнүк экенине дагы бир мисал:

«…Желпилдеген туу менен

Жер айрылган чуу менен

Каптап кирди талаасын

Камап түштү көпчүлүк

Кара-Кыштын калаасын…»

(С.О., 2-к., 13153-13159-саптар, 296-бет).

Бул саптардан туу деген түшүнүктү талдасак, чабуулдагы туу жөн эле кездеме эмес, албетте ал кездемеси (асабасы) каскакка (тууга) бекитилген бүтүн буюм. Баса белгилеп кетчү нерсе – «желпилдеген туу» деген сөз Сагымбайда бир эле жерде айтылат. Бул мисалдан башка, тууга кездемеге карата айтылгандай бир да мисал, сөз кездешпейт.

Саякбайдын айтуусунда эки гана жерде тууга карата айтылган сөз кездемеге айтылгандай, бирок ал сөздөр дагы жалпы бүтүн тууну туюнткан сөздөр экени көрүнүп турат:

“…Жер жайнаган кол кытай

Желпилдеген туу менен,

Жер жайнаган кол менен

Жердин бети толду эми…” (Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институту, “Манас” С. Каралаевдин варианты боюнча, Бишкек, “Турар”, 2010., 693-бет).

“…Туусу колдо делбиреп,

Көргөн менде таң калып,

Көлдөй болуп калың кол,

Жүрүп кетти шаңданып…” (Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институту, “Манас” С. Каралаевдин варианты боюнча, Бишкек, “Турар”, 2010., 737-бет). Бул мисалдарда да туу жөн эле кездеме эмес, чабуулдагы туу – бүтүн буюм катары айтылганы көрүнүп турат.

Демек, туу деген сөз эки маанини камтыйт. Бир мааниси: туу – бул асабаны өзүнө бекитип турган каскак же жыгач. Экинчи мааниси: туу – бул асабасы тууга бекитилген жалпы бүтүн буюм. Эки нерсе, так айтканда, асаба менен туу бириккенде, бүтүндүк жана ыйыктык болот. Туунун негизги мааниси ыйыктыгында, бүтүндүгүндө. Ошондуктан дастанда ыйыктыкты, бүтүндүктү баса белгилеп айтышкан.

“…Атасынын кызыл туу

Угуз кандын нускасын

Аягын жерге сайылтып

Асабасын бу туунун

Асман жакка жайылтып…”

(С.О., 3-к., 2773-2782-саптар, 62-63-бет).

Бул жерде ыйык мурас болгон туу жөнүндө жана асаба туунун бир бөлүгү катары айтылган сөз экени даана көрүнүп турат.

Ал эми,

«…Желек туудан бөлүнбөй,

Жердин жүзү көрүнбөй,

Асаба туудан бөлүнбөй,

Ааламдын жүзү көрүнбөй…»

(С.О., 2-к., 5521-5526-саптар, 133-134бет), деп айтылган сөздө салыштыруу иретинде желек да, асаба да туунун ажырагыс бөлүгү сыяктуу аскерлердин же колдун ажырабай биригип толуп турганы сүрөттөлүп жатат.

Ал эми Манаска карата айтылган сөздөрдөн:

“…Кабылан Манас шеримсиң,

Белиме таңуу эримсиң.

Медер кылып отурган

Каргылуу тоодой белимсиң!

Туулбастан алты жыл,

Тууларың билгемин,

Азган-тозгон аз элге

Туу болот деп жүргөмүн…” (С.К. 185-бет), деп айткан Кошойдун сөзү элдин багына келген кут катары Манасты туу тутканы да.

Кытайлардын сөзү да:

“…Бурутка бүткөн туу экен,

Каканчылуу Бээжинге

Башына түшкөн чуу экен!..” (С.К. 261-бет), деп айтканы Манастын ыйыктыгына баа бергени.

Демек, туу – бул кут, туу – ыйык, туу – бүтүндүк.

Ушундан улам биз бир түшүнүккө келдик:

Асаба – бул кездемеден жасалган желек. Туу – бир маанисинде асабаны бекиткен каскак, негизги маанисинде туу – асаба менен каскактын бириккен маанидеги бүтүн буюм.

Манастын туусунун же асабасынын өңү кандай болгон?

Асаба менен тууну так ажырата түшүнүп билгенден кийин, эми биз жалпы жонунан туунун, тактап айтканда асабанын өң-түстөрүн талдап көрсөк.

“Манас” дастанында туулардын (асабалардын) өң-түстөрү жөнүндө ар кандай, көп түрдүү айтылып келет. Сагымбайдын айтуусунда негизиненкыргызга таандык туулар тууралуу мындай саптар айтылат:

“…Ак асаба кызыл туу,

Көк асаба кызыл туу…”, – деп 15 жерде; “Ногойдун (Жакыптын) кызыл туусу” деп 8 жерде; “Алтын туу” деп Манастын колуна жана жалпы түрк колуна да таандык деп 9 жерде; бир канча жерде “Айчыктуу туу”, “Ак асаба сур желек”, “Алтын айчык кызыл туу” деп Манастын колуна таандык болуп; дагы бир жерде “Кызыл айчык туу” Бакай кол баштаганда көтөрүлгөн деп; ал эми “Кызыл туу” деп Текес канга, Камбарканга (казак), Манастын колуна, Акун шаага, таандык деп 7 жерде айтылат. Мындан сырткары, бир жерде “Кара туу”  деп Кайып канга таандык болуп; “Ак асаба туу” Кыпчак Үрбүгө таандык деп бир жерде жана уйгурдун колуна таандык деп дагы бир жерде; “Карала байрак туу” деп Кан Айдарканга таандык болуп; “Көк туу” деп Алтайлык кыргыздар, Ала-Тоолук кыргыздар жана тектеш тууган уруулар биригип, “Баш кошту баары түрк”  деп, Ала-Тоону мекендеген Көкөтөйдүн көк туусун көтөрүшөт деп бир жерде айтылат. 3 жерде “Алтын айчык туу” деп Кошойго, кытайдын Коңгур бек менен Бейшекел баатырына, анан маңгул-кытайга таандык деп айтылат.

Эми Саякбайдын айтуусундагы кыргызга таандык туулардын сүрөттөлүшүнө көңүл бурсак:

“Айчыгы алтын туу” – Айкожого, Музбурчакка, кырк чорого, Бакайга жана Манаска таандык деп 6 жерде; “Айчыгы алтын кызыл туу” – Кошойго, Айкожого, Музбурчакка жана жалпы эле Манастын колуна тийиштүү деп 6 жерде; “Алтын туу” – Бакайга таандык болуп бир жерде айтылат. Ал эми “Көк ала желек туу” – Ала-Тоону Алоокеден бошоткондо Бакай көтөргөн жалпы кыргыздарга таандык туу катары айтылат.

Эми эки вариантта тең бирден эле жолу айтылган, бирок мааниси жагынан төп келген туулардын кызыл менен көк түстөрүнө өзгөчө көңүл буралык.

“…Эпосто кызыл туу Манастын ата-бабасынан бери туткан кандык туусу катары жана кыргыздардын жалпы уруу биримдигинин (мамлекетинин) туусу катары көк эскерилет…” – деп, Сагымбай Орозбаковдун варианты менен жазылган “Манаста” түшүндүрмөлөр жана комментарийлеринде так жазылып турат (Адабият жана искусство институту, “Манас”, С. Орозбаковдун варианты боюнча, 2-китеп, Бишкек, “Кыргызстан” басмасы, 1995., 746-бет.).

Бул сөздүн аныгына жетиш үчүн талдоо кылып көрөлү. Кандык туу деген эмне? Такта отуруп бийлик жүргүзгөн кандарга эле тийиштүү болуп, жалпы элдик эмес, тектүү кандардан келаткан бийликтин же тактын белгисин көрсөткөн туу.

Ошондуктан “Манаста” эки вариантта тең “кызыл туу” кандарга тиешелүү деп көп айтылат. Мисалы: Кошой кан, Ажыбай кан, Текес кан, Камбаркан, Акун шаа, атүгүл Коңурбай да кан катары көтөргөн туулары кызыл деп бир канча ирет кездешет.

Эмне себептен кандык туу кызыл болгонунун түшүндүрмөсү жөнөкөй. Тектеш жана кандаш болгон элдердин арасында бир гана кыргыз элинде “кан” деп айтылат, бөлөк элде “хан” дешет. Буга далил издөөнүн кереги жок, анткени кыргыздын макалдарынан баштап, “Манасына“ чейин, баардык жерде “кан” деп айтылат.

Кыргыздын салтында курмандыкка ак-боз чалып, кан чыгарып, ак кийизге көтөрүп, “кан” шайлашат же “кан” көтөрөт деп айтылат. Тирүү адамдын денесинде бутунун учунан баштап, башына чейин, баарына тегиз кызмат кылган зат – кан болуп эсептелет. Денеге керектелүүчү бардык азыктар кан аркылуу бүт дене мүчөлөрүнө тегиз жеткирилип турат, бул табигый мыйзам. Кан чуркабаса дене өлөт. Денедеги кандын аткара турган милдеттин маанисин баалап, эл бир денедей бүтүн болуп, башчысы дене мүчөлөрүнө тегиз кызмат кылган кандай болсун деп,  кыргыздар өз башчысын “кан” деп аташкан.

Ошондон улам, бийликтин ээси кан болсо, ал бийликтин белгиси болгон кандык туу кандын өңүндөй кызыл болгону түшүнүктүү.

Эми мындай суроо: кандык туу элдин же мамлекеттин туусу боло алабы? Же тактап айтканда, Манастын кандык “кызыл туусу” жалпы кыргыздардын мамлекеттик туусу катары эсептелди беле?

Бул суроого жоопту “Манастан” табабыз. Жогоруда “көк туу” жана “көк ала желек туу” деп айтылган туу кыргыздын уруулары бириккендеги көтөргөн туу, демек мамлекеттик туу болуп эсептелген. Түшүндүрөлү: Сагымбайдын айтуусунда, байыркы ата-бабалардан калган мекенин – Ала-Тоосун кытайлардан бошотуу үчүн алтайлык кыргыздар ала-тоолук кыргыздар менен биригип, бир эл, бир кол болуп, Көкөтөй “көк тууну” көтөрөт. Саякбайдын “Манасында” Ала-Тоону бошотууда кыргыздар Алоокени чаап, ал ээлеген жеринен кууп, Бакай “көк ала желек тууну” көтөрөт. Эки вариантта айтылган көк жана көк ала же көгүш туу кандык туу катары эмес, мекенге таандык туу катары айтылганы даана көрүнүп турат.

Демек, кыргызда Манастын кызыл туусу да, мамлекеттик туусу да болгон.

Элдик туу менен кандык туунун орду кандай?

Көк туу мамлекеттик же жалпы кыргыз элинин туусу болгон. Ал эми Манастын кандык кызыл туусу – бүгүнкү түшүнүк менен айтканда, президенттик штандарт болуп эсептелген. Салыштырып айтылгандын себеби, бүгүнкү жогорку бийлик болгон президенттин белгиси же туусу – президенттик штандарт.

Эми жалпы жыйынтык чыгаралы. Азыркы Мамлекеттик туубуздун өңү – бийликтин, кандын өңү, туудагы түндүк – бийликтин белгиси. Бул туубуз толугу менен кандык тууну, же бүгүнкү түшүнүк менен айтканда президенттик штандартты туюнтуп турат жана кандык туу же президенттик штандарт жаман, туура эмес деп эч кимибиз айта албайбыз.

Ал эми, бүгүнкү Мамлекеттик тууну өзгөртүү маселесинин талабы – чыныгы Мамлекеттик тууну кабыл алууда. Кыргыздын тарыхында элибиздин, мамлекетибиздин туусу, асабасы көк болгон. Көк болгонунун түшүндүрмөсү да эң жөнөкөй.

Кыргыздын дүйнөтаанымында – адам бийлиги жер бетине толук болбосо да, күч-кубатына жараша белгилүү аймакка үстөмдүгүн орното алат. Ал эми адамдын колу жеткис, атүгүл адамдын өзүн башкарган зор бийлик бар экенин кыргыздар жакшы билип, ал бийликтин ээси жараткан өзү, Кудай, Теңир деп таанып келген. Элибиз жаратканды түбү жок, чексиз, адамга таанылгыс асман менен салыштырып, аны Көк-Теңир деп, же болбосо тергеп Көктүн ээси деп айтып келген.

“Манаста” бир эмес, көп эле жерде “Төбөсү ачык Көк урсун” деп, жараткан алдында эл-журту үчүн кызмат кылууга ант берген учурлар кездешет. Белгилүү бир жерди мекендеп, ал жерге толук кандуу ээлик жүргүзгөн күндө да, баарыбыздын: жалпы элибиздин, мекенибиздин эгеси бир жараткан деп билип, жараткандын колдоосу менен гана, ачык асман алдында гана биз бир эл, бир журт боло алабыз деп, башчыларыбыз жараткандын бийлигинин алдында гана өз ордун, өз бийлигин таанып келишкен. Ошондон улам, эл-журттун ээси жана колдоочусу жараткан Кудай өзү болуп, азаттыктын белгиси деп, ачык асман түстөгү “Көк” асабаны ар дайым желбиретип келишкен.

Көк асаба – кандык туудан ар дайым жогору турган.

Көк асаба – элдин, мекендин туусу, азаттыгы.

Кандык туу (кызыл туу) – бийликтин белгиси жана күчү.

Сагымбайдын  “Манасында” айтылган “Көк асаба, кызыл туу” деген саптын чечмелениши: мамлекеттик туу (көк асаба) менен президенттик штандарттын (кызыл туу), эл менен бийликтин, бүтүн дене менен кандын ажырагыс биримдиги жана бүтүндүгү – биздин каныбызга сиңирип, жадыбызга жаттатып турчу сыр сөз ар бирибиздин кулагыбызга сырга болчу осуят, насаат жана мурас сөз. Башчыбыз денеге тегиз кызмат кылган кан сыяктуу болсо, элибиздин асманы ачык болот.

Көк түс жөнүндө илим окумуштуулары эмне дейт?

“Авторский курс лекций Нелюбова М.В. Психология цвета, значение цвета” деген эмгегинде көк түскө карата айтылган сөзгө көңүл буралы.

“…Синий цвет.

Характеристики – Организованность, Непреклонность, Идеализм, Сила духа.

У этого цвета “нет дна”, он никогда не кончается, он затягивает в себя. При этом сила цвета недооценивается. Он создает предпосылку для глубокого размышления над жизнью; зовет к нахождению смысла, истины. Вызывает не чувственные, а духовные впечатления.

Синий цвет – это постоянство, упорство, настойчивость, преданность, самоотверженность, серьезность, строгость.

В мифах – синий цвет – это божественное проявление, цвет загадочности и ценности.

Синий цвет у многих народов символизирует небо и вечность. Он также может символизировать доброту, верность, постоянство, расположение, а в геральдике обозначает целомудрие, честность, добрую славу и верность.

Синий цвет во флагахсвобода, объединение, принадлежность к большому целому.

Синий цвет обычно ассоциируется c божественной мудростью, верностью, мыслью, вселенной”.

Демек, психологияда да көк түстүн ыйыктыгы, кереметтүүлүгү баса белгиленип, белги жана тууга да кандай мааниде колдоноору даана айтылат.

Мындан сырткары, көк түс – асмандын түсү экенин жана көктүн керемет касиеттерин тааныган бүгүнкү илимдин да, байыркы кыргыз дүйнөтаанымынын да түшүнүктөрүнүн төп келиши кыргыздар  жашоосунда илгертен эле таанып, билип, аны бийик көрүп, туу тутканы чындык.

Демек, кыргыздын көк асабасы же көк туусу Мамлекеттик туу болуусу абзел!

Мелис МУРАТАЛИЕВ, “Бакдөөлөт” коомдук фондунун президенти 

 

                                                                 Көк түстү – түпкүлүктү билгендер гана түшүнөт

5-Аалы Молдоканов

Аалы МОЛДОКАНОВ, Улуттук тил комиссиясынын котормо-жарнама терминологиялык бөлүмүнүн башчысы

Азыркы туубуз убагында бир топ талкууларды жаратып, ар кандай кайчы пикирлер болуп, бирок бир ой, бир сөзгө токтоло алышкан эмес. Акыры аягы туу маселесин чечүү кыйындай баштаганда, легендарлуу парламент азыркы ушул тууну кабыл ала беришкен. Мага бул туу анчейин жага бербейт. Кыргыздардын тарыхый туусу кандай болгон эле – буга кызыккан киши болсо сөздүн жөнүн түшүнөт.

Бирок азыркы шартта мамлекеттин туусун өзгөртүү маселеси орунсуз деп ойлойм. Буга азыркы учурда  байланып калуу туура эмеспи дейм. Бир жагынан, түшүнүшүү дагы деле болбойт, көктүн тарыхый маанисин учурдагылар деле терең түшүнөбү-түшүнбөйбү  деген суроо жаралат. Бир жагынан, азыркы системанын шартында тууну өзгөртө турган болсок, бир топ комплекстүү кыйынчылыктар менен коштолот.

А эгер эл башына кыргыз түпкүлүгүн билген чыныгы лидер, башкача айтканда, журт атасындай боло турган адам келсе, жаңылануу багытына ылайык туубузду дагы көк түскө өзгөртсөк, мына ошондо кыргыз эли өзүнүн нагыз улуттук тарыхый өнүгүү жолуна түшкөндүн белгиси катары болот  эле.

                                                                Туура белги – бизди туура жолго салат

5-Шайыпбек Барманбеков

Шайыпбек БАРМАНБЕКОВ, аскер пенсионери                                                     

– Биздин мамлекеттин гералдикалык белгилери кыргыз элинин рух дүйнөсүнөн жаралган белгилердин негизинде түзүлүшү керек эле. Туура белги – жол белгиси сыяктуу эле туура жолду көрсөтөөрү, туура идеологиялык багытка жол ачаары, бизди тарыхый туура жолго салаары турулуу иш.

Гералдикалык илим таануучулар, негизинен кызыл түс – бул кандуу кармашууга үндөгөн, аскердик жеңиштин, авторитардык бийликтин белгиси деп таанып келе жаткандыгы бекеринен эместир. Өлкөбүздүн өнүгүү жолу тынчтык, эл аралык ынтымакты чыңдоо жана кыйшаюусуз элдик демократия, ал эми аскердик доктринабыз өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу болсо, демек, желегибиздин кызыл түстө болушу өлкөбүздүн идеологиялык  маңызына төп келбегенин ачык эле көрсөтүп турат.

Кыргыз элинин байыркы дүйнө таанымы жер эне, асман ата, күн кудай деп, жаратылыштын касиетин сезе билип, сырын үйрөнүп, аны күнүмдүк турмушуна колдоно билүүнү өздөштүрүп, жер, сууга, отко, деги эле жаратылышка аяр мамиле жасап,  Жаратканга терең ыраазычылыгын билдирүү менен дүйнө түзүлүшүнүн тең салмактуулугун кармаган эгебиз көк асмандагы Көкө Теңир экендигин таанып, көк түстү ыйык тутуп, жаратылыштын мыйзам ченемин сыйлоо менен кыргыз эли ушул күнгө чейин «улуу өмүр көчүн» улап келгенин ким тана алат. Ошондуктан, кыргыздар көк туусун түндүгүнөн түшүрбөй, ошол туунун алдында «бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып», эл-жерин ишенимдүү коргоп, душмандарга тайманбастык менен сокку берип, улуттун уюткусун бек сактап  келишкен.

Бизден кийин эркиндикке чыккан кошуна Казакстан болсо “Көк тууну” желбиретип алды. Айтайын дегеним, биздин тийиштүү мамлекеттик кызматкерлер, интеллигенция, окумуштуу жана депутаттардын шалаакылыгынан, өткөн тарыхыбызды жетиштүү деңгээлде билишпегендигинен улам, улуттук-тарыхый кырдаалга жараша практикалык чечим кабыл алууда чечкиндүү чара көрүүнү кечеңдетишти.

                                                                 Туубуз – руханий багытыбызды көргөзүп туруусу зарыл

5-Cавет Абдрасулов

Саветбек АБДРАСУЛОВ, Философия илимдеринин кандидаты

– Карапайым элдин көрүүсү үстүртөдөн болуп, тууну баалоодо көркөмдүү-кооз же көркөмдүү эмес деп туунун сырткы көрүнүшүнө гана маани берет. Кыргыз желеги сыртынан кооз, а демек аны алмаштыруунун кажети жок деген ой-жорум пайда болот. Эгер ушул маселени кыргыз маданиятын жакшы түшүнгөн киши карай турган болсо, албетте ал кыргыз желегинин символдук маанисин кыргыздын салттык негизине таянып туруп, адистик деңгээлде чечмелеп айтып берүүгө кудурети жетмек. Биздин азыркы желек элдин руханий багытын бүдөмүктөтүп койгондой. Так, анык мааниси билинбейт. Толук кандуулукка жеткен эмес.

Символ мамлекеттик масштабда болгондуктан, ал сөзсүз түрдө элдин руханий өнүгүүсүн ырааттап, бир нукка түздөй турган кубаттуу белги болушу оң. Ансыз, анын мааниси канча. Демек, биздин желек кандай болушу керек? Менимче, кыргыз желеги элди сактап жана коргогондон бөлөк,  туура руханий багытты  көргөзүп туруусу зарыл. Ал үчүн  желегибиз кыргыздардын негизги маданий үч түсүн камтыш керек – ак, көк жана кызыл же алтын түс. Көк түс – бул акыйкатты, асмандай тунуктукту жана айкөлдүктү берсе, ак түс – калыстыкты, түшүнүшүүнү, тынчтыкты, биримдикти жана руханий тазалыкты билдирип турат. Ал эми алтын түс же кызыл – жашоонун булагын, түшүмдүүлүктү жана бакубатчылыкты берет.

                                                                  Көк түс – көкүрөктү Кудайга бурган түс

5-Кутман Борончу

Кутман БОРОНЧУ, манасчы

– Мен айтып жүргөн “Манаста” Кошой ата менен Бакай атанын баарлашуусунда Кошой атанын айтканы бар. Анда, жер каймактаган мезгилде жер бети былкылдап гана тургандыгы жана эч кандай жашоо болгон эместиги, Кудай жер бетине эң биринчи көк нур жаратып, андан соң ак нур жараткандыгы, ошондон кийин жерде жашоо башталгандыгы айтылат. Элибиздин Көкө Теңир, көк асман, көкүрөк, жана башка деп көк түскө ыйыктап мамиле жасап, башынан эле көк бийиктикке көкүрөгүн койгонунун себеби дагы байыркы бабаларыбыздын жерге алгач көк нурдун жаралгандыгын билгенинде. Бул тууралуу Жеңижок атабыздын да: “Он сегиз миң ааламды бир жараткан эмеспи, Эң биринчи дүйнөгө нур жараткан эмеспи” деп айтканы бар.

Негизи эле кыргызда көк менен акка өзгөчө мамиле бар. Манас дастанынан мисал ала турган болсок, Манас атабыздын колунда “Ак келте”, “Ак бараң”, “Ак тинте”, мингени “Аккула”, ал эми Бакай атабыздын мингени “Көк Чолок”, Чубак атабыздыкы “Көкала”, Сыргак атаныкы “Көк Теке”, кийгендери көк ырапс тон деп айтылат. Ошол эле учурда кытай жоону Нескара, Коңурбайдын мингенин “Алгара”, Жолойдукун “Ачбуудан” дейт. Бул жерде өңдөргө маани бере турган болсок, Кудайдын ыйык түстөрү менен анын карама-каршысынын кармашы жүрүп жатканын көрө алабыз.

Элибиз ыйыктык, акыйкаттык түсү деп тынч, байгер заманда Көк асаба көтөрсө, Кызыл тууну согушка, чоң казатка аттанганда көтөрүшкөн. Мисалы, “Айкөл Манаста” чоң казатка аттанып жаткандагы көрүнүш мындай саптар менен сүрөттөлөт эмеспи:

“Чукталып аскерлердин кам-кашеги,

Чукулдап аттануучу күн да келди.

Айкөл Шер айчыгы алтын кызыл тууну

Алуусун аскерлерге буйрук кылды.

……………………………………………………..

Көгүш түс – Аалам түсү мунарыктуу,

Көңүлдү Көк Теңирге жакын тутуу.

Кызыл түс – аккан кандын түсү экенин,

Ким билбейт – кол башчынын күчү экенин?

Кызыл туу желбиресе желге ыргалып,

Кыпкызыл канга окшойт жаткан агып.

Калк көрсүн жоонун дагы, биздин дагын,

Каныбыз дарыядай агылаарын…”

Жыйынтыктап айтканда, кызыл туу кандын, согуштун, бийликтин белгиси болсо, көк асаба тынчтыктын белгиси болуу менен, көкүрөгүбүздү Кудайга жакындаткан, дилибизди Кудайга бурган керемет түс.

One thought on “Тарыхый туубуз кандай болгон?

  1. Негизи мамлекеттик тууну же кандайдыр бир мамлекеттик маанилуу чечимдерди кабыл алууда тарыхчыларды \тарыхыбызга байланышса\талкууга катыштырып, элдин элегинен откоруп анан чечим чыгарса.Депутаттардын \при всех уважении деп койчу беле\ чечими элдики эмес да!!! Депутаттарыбыздын баары эле \озгочо акыркы чакырылыштагылар\ тарыхыбызды билет дей албайм.Ошол учурдагы туштуктук мен сыйлаган эле \азыр арабызда жок\ депутаттар баш болуп Кок тусту Аза кутуу тусу деп чыгышкан.Кочмондордо кок эмес кара тус аза кутуунун тусу болгон!!! Ошондуктан Кыргыз Мамлекетинин Асабасы да Кок тусто желбиреп тураар кун келээр!!!!!!!!

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *