Байтик баатырдын Керкашка күлүгүнүн чабылышы

10-Керкашка2

(Даректүү баян)

Байтик баатырдын мезгилинде Ала-Тоо боорунда Керкашкадан ашкан күлүк болбоптур. Кайсы жерге, кайсы элге барса да, биринчи Керкашка чыгып, байгенин ээси аталчу экен. Мен бул даректүү окуяны Нарын облусунун Ат-Башы районундагы  Ак-Муз айылында жашоочу 80 жаштагы кудам Жаманкул Оболбековдон 2013-жылдын декабрь айында угуп, жазып алган элем.

Күрдөөлдүү күздүн берекеге толгон мезгилинде Ат-Башы, Нарын тарапта айтылуу баатыр Карачанын ашы өтүп, аны уулу Матай башкарды. Ала-Тоонун ар тарабынан мансаптуу бийлер, бай-манаптар кошумчага деп күтүрөтүп мал айдашып, күлүктөрүн таптап даярдашып, шаан-шөкөт менен келип жатышты.

Коноктор тээ Алайдагы адигинелер, Таластан кушчу, саруу, кыйтайлар, накайлар, Ысык-Көлдөн бугулар, моңолдор, Каркыра менен Кочкордон сарбагыштар, Жумгалдан саяктар чогулуп, Сары Өзөн Чүйдөн болсо солтонун манаптары ашкан күлүк “Керкашка” менен айтылуу ашка келишти.

Тигилген үйлөргө кадырлуу меймандарды жайгаштырышып, табак-табак эт тартылып, бал кымыздан куюлуп, дасторкон толо дүйүм тамак-аш жайнады.

Болжошкон күн да келип, күлүк чапмай оюну башталды. Ар тараптан келген күлүктөр чубамадан өтүп даярдала баштады. Ат-Башынын билермандары  Керкашканын дайынын эбактан билишкендиктен айла издешип, бирок Керкашканын келген-келбегенин так биле алышкан жок. Себеби, ал кезде, чабылчу аттардын көзү гана көрүнүп, калган жагы бүт үртүктөлө жабылчу.

Эгер Керкашка келсе, анда аны кандайча жарыштан алып салуунун амалын таппай күймөнгөндөр болду. Аламан байгеге чабылуучу күлүктөрдүн кимиси байгени алаары жөнүндө эл ичинде уу-дуу кеп жүрүп жатты.

– Карагерге бул ат чабышта тең тайлашаар күлүк жок. Бир кадик казак-кыргызга таанымал Байтиктин Керкашкасы менен Карагер. “Ат чуркабайт, ак чуркайт”, байге чабышта эрегиш Карагер менен Керкашканын ортосунда болот, экөөнүн бири баш байгени алат. Керкашканын саяпкери күлүктүн көзүнөн башка жагын жабуулап, жашырып олтурат, жарыктык тулпардын көзүнөн от жанып турат, – деп шыпшынып отурушту сынчылар.

Керкашканын дайынын айта турган болсок, мындай: Байтиктин казак элинде Токсонбай султан деген аккан досу болгон. Күндөрдүн бир күнүндө Байтик тартууга тогуздап төө баштаган мал-мүлкү, жан-жөкөр жигиттери менен досунукуна түшүп барат.

Экөө кучакташып көрүшүп, ал-жай сурашып амандашып, Токсонбай дароо ай сарала жылкы сойдуруп, он эки канат үйүнө Байтикти жигиттери менен төргө олтургузуп, домбрачы, ырчы, чоорчусун чакырып, урматтуу мейманына жогорку деңгээлде сый көрсөтүп жатты. Токсонбайдын жаш токолу өзү ийиле кымыз сунуп турду.

Ырчысы домбрасын черткенде  казактын кең далаасында учуп бараткан көп күлүктүн шарпындай кенен, шаңдуу, угумдуу обон көңүлдү көтөрүп, жүрөктү эргитет. Казак ырчы Байтиктин даңазалуу ата-тегинен баштап, аяк ченинде өзүн коштоп мактап жиберди:

Байыркы кыргыз элинден,

Кең Чүй аттуу жеринде,

Ордолуу Солто эл жашайт

Аскалуу бийик зоо менен.

Чүй жериндей жер барбы,

Солтодой зор эл барбы?

Атабыз Абылай хан жеңбеген,

Ар-намыска ширелген,

Капкалуу шаар Чүй деген.

Теңтайлашкан “чет” менен,

Баатыр Байтик аманбы,

Казак эл айтат саламды.

Байтик бир жума Токсонбай Султандын сыйын көрдү, акыры кеткенге кам урду.

– Кыргызда макал бар досум, “Кел демек бар, кет демек жок”, сапар арыды, жол карыды, эми жерибизге кайталы, баатыр.

– Ие, баатыр, энди амандык болса дагы далай кездесермиз. Энди казак-кыргыз салты боюнша алдыңа күлүк тартуу этемин, баатыр. Бул, шенде жок күлүк эди гой. Керкаска деген айгырым еди досым, улуу достыктын касиетин курметтеп, өзүңе жаным тартуу, малым тартуу.

Мына ошол Токсонбай султандын Керкашка айгырынын биринчи тукуму дал ушул күлүк тулпар Керкашка эле.

…Аштагы күлүктөрдүн жарышы да башталып, 40-50 кез жолго айдалмак болду. Даекчилер чабылуучу күлүктөрдүн санын тактап, жылкыларды айдамак болду. Керкашканын үртүгү алынып, топко кошулду. “Селт” эте түштү Карагердин саяпкери, бул адамдын ат сууткандан тышкары жылкыга  сынчылыгы да бар эле, супсуну сууй түштү, баш байгеден күдөрүн үздү.

Карагер менен теңтайлашкан күлүктөрдү “жыкканга” үч жерден тосот коюлганы белгилүү эле бул саяпкерге. Мындай тосоттор өтө опурталдуу.  Күлүктү жыгуунун ишенимдүү эки жолу тандалган. Бири ат чабышта катуу күү менен келаткан күлүктү деми-күчүн сактап турган айгыр менен капталдан койдуруп өтүү. Мында чуркап келаткан тулпар да, күлүктү чапкан чабандес да оңбойт, аман калгандар сейрек. Экинчиси, күлүктөр өтчү жолго аркан ташталып, “таман тузак” тартылат. Белгиленген жерге күлүк жакын келгенде “тушар тушка”, болбосо омуроонун алдына болжолдонуп, аркан кере тартылат. Катуу күү менен келе жаткан күлүк  мүргүп барып оңолот, же жыгылып түшөт. Чабандес ат башынан алыс кетет. Эгер күлүк күчтүү, кубаттуу болсо, омуроого тартылган арканды сүйрөп кетет. Ошентсе да, күүсүн жоготкон күлүк кайра калыбына келгенче калган күлүктөр бир кыйла узап кетет.

Керкашканын саяпкери чабандес Жанбагышка  мерчемдүү жерлерди мурдатан белгилеп көргөзүп, алдыңкы топтогу 50-60 күлүктүн алдына чыкпоого, кош тизгин тагып, анын бирин олоңгор кылып түйүп, белгилүү чекке жеткенде гана бошотууга көргөзмө берди. Тизгинге “сүйөнгөн” күлүк бир калыпта арыш керип, күч-кубатын сактап келээрин эскертти. Шектүү нерсени сезсе, жолдон четтеп чыгууга, атчандар жол тоссо, капталынан “дыр” бергизе четтеп чыгып кетүүгө бар билген кеңешинин баарын берген.

Ошентип, күлүктөр чабылуучу чекке айдалып жөнөлдү. Баш даекчи бир да күлүктү алдыга чыгарбай, минген атын шайбарлата бастырып жол баштаса, арттагы даекчилер күлүктөрдү  алдыга сала айдап жөнөштү.

Белгиленген чекке келгенде күлүктөрдүн оозу бурулду. Жанбагыш Керкашканы сүрмө топко салбай четтеп турду. Белги берилип, күлүктөр арышын керди. Табында жоктой көрүнгөн Керкашка алтымыш аттын четинде чуркады. Жарыш жолдун ортосуна жеткенде ондун артында чуркады. Мына эми күчүнө, демине келген, чуркаган сайын күүлөнгөн Керкашканын арааны ачылып, аккан тери булоолоп, сапырылган жалы желектей желбирейт. Тулпар үстүндөгү Байтиктин агасы Байсейиттин тестиер уулу Жанбагыш өбөктөй башын созуп, кабатыр тартып, көзү жүлжүйүп, ичинен тызылдап келет. Тосчулар, маарага 10 чакырым калганда тосушту.

Биринчи тосчулардын астынан кыйгап, оңду көздөй арыш таштады Керкашка. Мына, 100дөй тосчулардын 5-6 гана атчаны калды. Ана, аларды да артка калтырып, тулпардын оозу кайра маарага түздөлүп арышын керет. Экинчи тосчулар да таң калыша ондун артында келе жаткан Керкашканы тосушту. Керкашка бул жолу солду көздөй кыйгады. Тосчулар ойдуң жерлерден тосуп, элге көрүнбөгөндөй кылып тосуп жатышты.  Мына азыр да 100дөй тосчулар тороп чаап келишти. Керкашка ооздугун оңго-солго буруп, алардан качып, маарага түздөндү. Эми гана арааны ачылгандай, эми гана күчү ташыгандай Керкашка көл-шал тердеп арышын чойду. Арттагы аттардын шайы ооп, таскактары жайланды.

Ана, үчүнчү тосчулар Керкашканын жолун тосууга ат коюшту. Четтеп келаткан Керкашка аларды кайгый чуркады. Тосмочулар дагы эле биринен бири өтө тосо чаап келишет, алдынан чыгышат. Керкашка солго чуркаса, алар да солго тартышат, оңго чуркаса, тосмочулар да оңго чуркашат. Ошентип, кайран күлүктү жан алакетке салып, жанын кейитет тосчулар. Мына, арттагы Карагер алдыга чыкты, тоскон эч икм жок. Ал таскагын арытат, арттагы жылкылар да дүбүртүн жакындатат. Кыйкырык, ызы-чуу салган тосчулар дагы эле Керкашканы тороп жатышты.

Кайран жаныбар мойнун аккуудай созо арышын кемитпей, тосмочулардан кайгып өтүүдө. Мына, алдыга он чакты күлүк өтүп кетти. Ачуу кыйкырык салып, Керкашка ошондо дагы чамына тосмочулардан оңго, солго качып, алдыга арыштай берди.

Чабандес баланын бетине чачыраган кум, таш, баткак толуп, көзү эле жылтырайт. Бала ызасына чыдабай ыйлап да жиберди. Бир катуу бакырып, алгачкы жолу Керкашканын как такымына камчы салды. Жаны ачыган, ызага бууккан жарыктык Керкашка аргымак куш сымал учуп, шамал менен жарыша жөнөдү. Бала Жанбагыш анда-мында үзүл-кесил: “Канай, Канай” деп бакырып коет. Ызасынан чыккан жаштар тамчы-тамчы болуп ылдый куюлат.

Мынакей, маарага эки чакырымдай эле калды. Жылкы кулагына ойноп көнгөн Жанбагыш олоңгор байланган тизгинди акырындык менен бошото баштаганы менен, күлүктү сүйөй, тарта чаап келе жатты. Калың эл тээ алыстан көрүнүп турду. Элге жакындаганда тосчулар четке чыга беришти.

Көл-шал, салаа-салаа тер кеткен Керкашка жанын сабап, жата кала жүгүрдү. Мына, бештин артында, үчтүн артында, маарага бир чакырым калганда  бирдин артында арыш керди. Кайран гана малдын шери! Ана, маарага биринчи жетерине 200 кездей эле калды. Тосчулардан бошогон, жаны ачыган, касиеттүү кайыптан туулган, намыска жаралган көйкашка жаныбар уламдан-улам жан үрөйт. Кайран Керкашка биринчи жылкыга моюндаш теңеле маарага жетти. Эл таңдана карап: “Күлүк болбосоң кое кал, айланайын жаныбар” дешип, шыпшынып турушту. Кайраным, кырааным, асыл тулпар жаныбарым!

Биринчи келген Карагер сайылган тууну айланып өтүп жатканда, адилетсиздиктен жаны ачыган, мал болсо да адамдан артык Керкашка ачуу үн сала тиги күлүктүн куйругун тиштей силкти. Томурайып куйруксуз калган Карагер да ачуу үн салды. Мултуйган куйругунан аккан кан туяк ылдый куюлду.

Эл деген эл. Бул чабыштагы теңсиздикти көрүп калгандыктан, Керкашканы колдоп, коргоп дуулдашып, мактап да жиберишти. Эл калыс, эл сот дегендей, тиги Карагер күлүктүн ээси эч нерсе дей албай томсорду.

Керкашкага тосот коюлганы жарданган элдин баарына шардана болгондуктан, бул кабар Байтик баатырга да жетти. Каары келсе да, сабыр кылды. Аш ээлери баатырдан кечирим сурап, биринчи, экинчи байгелер эки күлүккө тең бөлүнүп берилди.

Бүбүйра БЕКТЕНОВА

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *